Сабактын темасы: ТОЛУКТООЧ Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк: окуучулар сүйлөм мүчөлөрү боюнча түшүнүктөрүн тереңдетишет жана толуктооч жөнүндө маалымат алышат.
Өнүктүрүүчүлүк: сүйлөмдөн толуктоочту таба алышат.
Тарбия берүүчүлүк: бири-биринин оюн угуп, өз ара сыйлашууга тарбияланышат.
Жогорудагы максаттарга жетти деп эсептейбиз, эгерде окуучу ...
а) сүйлөм мүчөлөрү боюнча түшүнүктөрүн тереңдетип, толуктооч боюнча түшүнүк алса;
б) сүйлөмдөрдөн толуктоочту таба алса;
в) топтордо иштөөдө бири-биринин оюн угуп, өз ара сыйлаша алса.
Окуучулар ээ болуучу компетенттүүлүктөр:
Тилдик компетенттүүлүк:
сүйлөмдө толуктоочтун кыймыл-аракет багытталган затты көрсөтөрүн билет;
толуктоочтун кимге? эмнеге? кимди? эмнени? кимде? эмнеде? деген суроолорго жооп берерин өздөштүрөт.
Кептик компетенттүүлүктөр:
сүйлөмдүн баш жана айкындооч мүчөлөрүн катыштырып сүйлөмдөр түзө алат;
тексттен жана сүйлөмдөрдөн сүйлөмдүн баш мүчөлөрүн жана толуктоочту аныктай алат.
Маданий компетенттүүлүк:
сөздүн маанисин түшүнүп, баалай билет;
оозеки кепте туура сүйлөөгө калыптанат.
Сабактын тиби: жаңы билимди берүү сабагы.
Сабактын методу: айтып берүүчүлүк-түшүндүрүүчүлүк метод.
Сабактын жабдылышы: таблица, методикалык колдонмо, дидакти- калык карточкалар, ватман, маркер, скотч ж. б.
Сабактын жүрүшү: 1. Уюштуруу. 2. Өтүлгөн теманы кайталоо. Кайталоо учурунда окуучулар топторго бөлүнүп, ар бир топко өзүнчө тапшырмалар сунушталат.
1-топко: Сүйлөмдөрдү окуп, сүйлөм мүчөлөрү боюнча талдоо жүргүзгүлө. Ар сөздүн асыл орду бар.
Акылмандын акылынын пайдасын эл көрөт.
топко: Сүйлөмдөгү белгиленген сөздөрдүн кандай милдет аткара- рын аныктагыла.
Мугалимдик кесип – ардактуу, ыйык кесип.
Дасторкону берекелүү адамга ыраазычылыгыңды жашырбай айткың келет.
топко: Аныктооч деген сөзгө кластер түзгүлө.
Жөнөкөй жана тутумдаш аныктоочко мисалдарды келтиргиле.
Жаңы тема: Толуктооч дайыма кыймыл-аракет менен байланышат, б. а. кыймыл-аракет багытталган затты билдирет. Толуктоочко кимге? эм- неге? кимди? эмнени? кимден? эмнеден? кимде? эмнеде? деген суроолор берилет. Толуктооч жазууда үзүк-үзүк сызык менен белгиленет. Мисалы, Адам көңүлүнөн азат, тилинен жазат. Адам эмне кылат? – жазат, азат – сүйлөмдүн баяндоочу. Ким азат? – адам – сүйлөм ээси. Адам эмнеси ме- нен азат? – көңүлүнөн – толуктооч. Адам эмнесинен жазат? – тилинен – толуктооч. Жазуу жүзүндө: Адам көңүлүнөн азат, тилинен жазат. Айрым учурларда толуктоочко ким жөнүндө? эмне жөнүндө? ким тууралуу? ким менен? эмне менен? деген суроолор да берилет. Мисалы: Биз келечек жөнүндө сүйлөштүк.
Окуу китебиндеги 137–138–139-тапшырмалар топторго бөлүнүп атка- рылат. 1-топ 137-көнүгүүнү окуп, толуктоочторду таап, кайсы жөндөмөдө тургандыгын жана кандай суроого жооп берерин аныктайт. 2-топ 138-көнүгүүдөгү берилген суроолордун ордуна тиешелүү сөздөрдү таап, ошол сөздүн сүйлөмдөгү милдетин аныктайт. 3-топ 139-көнүгүүдө берил- ген «Бака менен чычкан» деген текстте белгиленген сөздөрдүн сүйлөмдөгү аткарган кызматын аныктап, кандай сөздөр менен байланышып турганды- гын аныктайт. 140-көнүгүү жазуу жүзүндө аткарылып, кайсы учурда кый- мыл-аракет багытталган зат көрсөтүлгөндүгүн жана ал кайсы жөндөмөдө турарын талкуулашат. Бул жерде сүйлөмдүн баш мүчөлөрүн жана аныктооч менен толуктоочту белгилөө ашыктык кылбайт.
Үлгү:
Дүйнө жарык. Өзүмчүл киши жакпайт. Тойгон мышык ойнобойт Жүрөк алдабайт. Койдун каргышы жетпейт. Көңүл көрөгөч. | Билимдүүгө дүйнө жарык Өзүмчүл киши өзгөгө жакпайт Тойгон мышык чычкан менен ойнобойт. Жүрөк ээсин алдабайт. Койдун каргышы карышкырга жетпейт Көздөн көңүл көрөгөч. |
Оозеки бышыктоо:
Айкындооч мүчөлөргө кайсылар кирет?
Толуктооч деген эмне? Ага кандай суроолор берилет? Мисал келтиргиле. 3.Толуктоочтун милдетин кайсыл сөз түркүмдөрү аткарат? Мисал келтиргиле.
4.Аныктооч менен толуктоочко Венндин диаграммасын түзгүлө.
Окуучулардын өздөштүрүүсүн баалоо:
эрежени билет;
сабакта үйрөнгөнүн колдоно алат;
көнүгүүлөрдү туура аткарат;
сабакта активдүүлүгүн көрсөтє алат;
суроолорго так жана туура жооп берет.
Үй тапшырма: 141-көнүгүү.