Мөөнөтү _________ Предмети ___________________________ Класс ________
Сабактын темасы: Толуктооч, анын грамматикалык түзүлүшү.
Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк: окуучулар сүйлөм мүчөлөрү боюнча түшүнүктөрүн тереңдетишет жана толуктооч жөнүндө маалымат алышат.
Өнүктүрүүчүлүк: сүйлөмдөн толуктоочту таба алышат.
Тарбия берүүчүлүк: бири-биринин оюн угуп, өз ара сыйлашууга тарбияланышат.
Жогорудагы максаттарга жетти деп эсептейбиз, эгерде окуучу ...
а) сүйлөм мүчөлөрү боюнча түшүнүктөрүн тереңдетип, толуктооч боюнча түшүнүк алса;
б) сүйлөмдөрдөн толуктоочту таба алса;
в) топтордо иштөөдө бири-биринин оюн угуп, өз ара сыйлаша алса.
Окуучулар ээ болуучу компетенттүүлүктөр:
Тилдик компетенттүүлүк:
- сүйлөмдө толуктоочтун кыймыл-аракет багытталган затты көрсөтөрүн билет;
- толуктоочтун кимге? эмнеге? кимди? эмнени? кимде? эмнеде? деген суроолорго жооп берерин өздөштүрөт.
Кептик компетенттүүлүктөр:
- сүйлөмдүн баш жана айкындооч мүчөлөрүн катыштырып сүйлөмдөр түзө алат;
- тексттен жана сүйлөмдөрдөн сүйлөмдүн баш мүчөлөрүн жана толуктоочту аныктай алат.
Маданий компетенттүүлүк:
- сөздүн маанисин түшүнүп, баалай билет;
- оозеки кепте туура сүйлөөгө калыптанат.
Сабактын тиби: жаңы билимди берүү сабагы.
Сабактын методу: айтып берүүчүлүк-түшүндүрүүчүлүк метод.
Сабактын жабдылышы: таблица, методикалык колдонмо, дидактикалык карточкалар, ватман, маркер, скотч ж. б
Сабактын жүрүшү:
1. Уюштуруу. Жагымдуу маанай. «Менин атым мен жөнүндө». Окуучулар өз аттарын чечмелешет.
Окуучунун өзүнө болгон ишеними артат.
Мисалы: А – акылдуу
Л – лидер
И – илимдүү
Х - хан
А – адептүү
Н – намыстуу.
2. Өтүлгөн теманы кайталоо. «Таза доска» - суроолорго жооп берүү.
Мугалимдин сөзү: Балдар, биздин доскабыз таза эмес экен, аныктооч боюнча бир нече суроолор илинип турат, эгерде силер суроолорго туура жооп берсенер, биздин доскабыз тазаланат, б.а. «Таза доскага» айланат.
1. Сүйлөмдөрдү окуп, сүйлөм мүчөлөрү боюнча талдоо жүргүзгүлө.
Ар сөздүн асыл орду бар.
Акылмандын акылынын пайдасын эл көрөт.
2. Сүйлөмдөгү белгиленген сөздөрдүн кандай милдет аткарарын аныктагыла.
Мугалимдик кесип – ардактуу, ыйык кесип.
Дасторкону берекелүү адамга ыраазычылыгыңды жашырбай айткың келет.
3. Аныктоочтун эрежесин айтып бер. Мисал келтир.
4. Жөнөкөй жана тутумдаш аныктоочко мисалдарды келтиргиле.
5. Аныктоочтун суроолору кайсылар?
6. Аныктооч түзүлүшүнө карай канчага бөлүнөт? Мисалдар менен далилиде.
7. Аныктооч менен аныкталгыч байланыштын кайсы жолдору аркылуу байланышат? Мисалы:
8. Жакшы ат камчы салдырбайт. Аныктооч менен аныкталгычты аныкта.
Акыл даярдыгы:
1. Толуктооч деген сөздү уӊгу мүчөгө ажыраткыла, морфологиялык талдоо жүргүзгүлө.
2. «Толуктооч» деген сөздүн маанисин түшүндүргүлө.
3. Ээ сүйлөмдө кандай кызмат аткарчу эле?
4. Бул жагынан алганда, ээ менен толуктоочтун ортосунда кандай айырмачылыктар бар деп ойлойсуӊ?
Окуучулар суроолорго жооп берүү менен өз ойлорунортого салышат, талкуулашат.
163 – көнүгүү. А дегенде окугула. Андан кийин сүйлөмдөрдүн мазмунуна ылйык кашаанын ичиндеги сөздөргө тиешелүү мүчөлөрдү улап, Сүйлөмдөрдү көчүрүп жазгыла да кайрадан окугула.Кайсы мүчөлөрдү уладыӊар? Ал сөздөр кандай суроолорго жооп берди жана кандай кызмат аткарды? Баш мүчөлөрдүн кайсы тобуна таандык болуп айтылды? Булар сүйлөмдүн кайсы мүчөсү жана аларга кандай аныктама берер элеӊер?
Мисалы: ……….колуна ороп жиберип, ……….салмоорлоп кармады.
Жүгөндү колуна ороп жиберип, ооздукту салмоорлоп кармады.
Жаңы тема: Толуктооч дайыма кыймыл-аракет менен байланышат, б. а. кыймыл-аракет багытталган затты билдирет. Толуктоочко кимге? эмнеге? кимди? эмнени? кимден? эмнеден? кимде? эмнеде? деген суроолор берилет. Толуктооч жазууда үзүк-үзүк сызык менен белгиленет. Мисалы:
Адам көңүлүнөн азат, тилинен жазат. Адам эмне кылат? – жазат, азат –
сүйлөмдүн баяндоочу. Ким азат? – адам – сүйлөм ээси. Адам эмнеси менен азат? – көңүлүнөн – толуктооч. Адам эмнесинен жазат? – тилинен – толуктооч. Жазуу жүзүндө: Адам көңүлүнөн азат, тилинен жазат. Айрым учурларда толуктоочко ким жөнүндө? эмне жөнүндө? ким тууралуу? ким
менен? эмне менен? деген суроолор да берилет. Мисалы: Биз келечек жөнүндө сүйлөштүк.
Эсиӊерге түйгүлө:
Толуктооч барыш, табыш, жатыш, чыгыш жөндөмөлөрүнүн биринде турат да өзүнүн багындыруучу түгөйү менен башкаруу жолу аркылуу байланышат. Демек, мында байланыштыруунун негизги каражаты – жөндөмө мүчөлөр.
Мисалы: Билимдүүгө дүйнө жарык. ( кимге дүйнө жарык? Билимдүүгө.барыш жөндөмөсүнүн суроосуна жооп берди)
Түзүлүшүнө карай жөнөкөй жанан тутумдаш толуктооч болуп экиге бөлүнөт. Жөнөкөй толуктооч бир сөздөн, тутумдаш толуктоочбир нече сөздөн,туруктуу сөз айкашынана турат.
Мисалы: Ичи тарды ит кабат. Кимди кабат? Ичи тарды – туруктуу сөз айкашы – толуктооч.
Толуктоочтун милдетин төмөнкүдөй сөздөр аткарат.
1. Зат атооч: Отту жаккан билет, малды баккан билет.
2. Ат атооч: Селерде кадимкидей күч кубат бар.
3. Заттык маанидеги сөз түркүмдөр:
А) сын атооч: Жакшыга айтсаӊ билет, жамнга айтсаӊ күлөт.
Б) сан атооч: Алтоону шаардыктар куттукташты.
В) атоочтук: Мен экскурсиядан келгендерге жолуктум.
Г) Кыймыл атооч: Азыр тоого барууга шарт жок.
Окуучулар ар бир түрүнө сүйлөмдөрдү түзүшөт.
Оозеки бышыктоо:
1. Айкындооч мүчөлөргө кайсылар кирет?
2. Толуктооч деген эмне? Ага кандай суроолор берилет? Мисал келтиргиле.
3. Толуктоочтун милдетин кайсыл сөз түркүмдөрү аткарат? Мисал келтиргиле.
4. Аныктооч менен толуктоочко Венндин диаграммасын түзгүлө.
Окуучулардын өздөштүрүүсүн баалоо:
- эрежени билет; - сабакта үйрөнгөнүн колдоно алат; - көнүгүүлөрдү туура аткарат;
- сабакта активдүүлүгүн көрсөтє алат;
- суроолорго так жана туура жооп берет.
Үй тапшырма: 164 – көнүгүү.
Колдонулган адабияттар: 8 – кл.окуу китеби,Өмүралиев кыргыз тили, мугалимдер үчүн методикалык колдонмо.