Просмотр содержимого документа
«Томирис – сактардын ханышасы»
Томирис – сактардын ханышасы
Тарыхта эр жүрөк, акылман жана өз эли үчүн курман болгон аял башкаруучулар саналуу гана. Алардын ичинен эң белгилүүсү жана баатырдыгы менен дүйнө элине таанылганы – бул Томирис, сактардын (массагеттердин) ханышасы. Анын ысымы тарыхта өзгөчө орун ээлеп, бүгүнкү күнгө чейин аял затына эрдиктин, мекенчилдиктин символу катары кызмат кылып келет.
Сактар – байыркы заманда Борбор Азия аймагын мекендеген көчмөн түрк тилдүү эл. Алар ар түрдүү уруулардан куралган, анын ичинде массагеттер, дайлар, тиграхауда жана башка уруу-уруктар болгон. Сактар тууралуу маалыматты байыркы грек жана перс жазуучулары калтырган. Алар сактарды эр жүрөк, согушчан, көз карандысыз эл катары сүрөттөшкөн.
Сактарда аялдар да эркектер менен тең укукта болушкан. Алар ат минип, согуш өнөрүн өздөштүрүшкөн, керек болсо эл башкарган. Мына ушул коомдо Томирис сыяктуу акылдуу жана чечкиндүү аял ханыша болушу табигый көрүнүш болгон.
Томирис массагеттердин падышасы Кембис (айрым булактарда Кумбар) каза болгондон кийин бийликке келген. Ал элдин колдоосуна ээ болуп, мамлекетти башкарган. Томирис – согуш өнөрүнө, дипломатияга жана саясий стратегияга мыкты ээ болгон аял. Ал массагеттердин өз алдынчалыгын сактап калуу үчүн ар дайым ишенимдүү, туруктуу саясат жүргүзгөн.
Падыша Кир II (Кир Улуу) – байыркы Персиянын эң күчтүү башкаруучуларынын бири. Ал көптөгөн элдерди баш ийдирип, чоң империя түзгөн. Анын көзүнө массагеттердин жери да түшүп, аларды өзүнө баш ийдирүү максатын койгон.
Адегенде Кир Томириске тынчтык жолу менен келишүүнү сунуштайт: ал Томириске үйлөнүүнү каалап, бул аркылуу массагеттерди калыс жол менен ээлеп алууну көздөгөн. Бирок Томирис бул максатты дароо түшүнүп, анын сунушун четке каккан.
Кир дипломатия ийгиликсиз болгондон кийин согуштук амалга өтөт. Ал массагеттердин бир бөлүгүн кыйындыксыз басып алуу үчүн курал-жарактан тышкары аракты да пайдаланган. Сактар аракка көнүкпөгөн эл болгондуктан, ал Кирдин армиясы тарабынан калтырылган байлыкты жана ичимдикти көрүп, аны колдонуп, мас болуп калышат. Жолбашчылардын бири болгон Спаргапис – Томиристин жалгыз уулу да ошол топто болгон. Кир алардын баарын колго түшүрүп, кийин Спаргапис туткундукта өзүнө-өзү кол салып каза болот.
Уулунун өлүмү Томириске чоң сокку болот. Бирок ал кайгыга берилбей, күчтүү армия чогултуп, Кирге каршы чоң согуш ачат. Бул салгылашуу – тарыхтагы эң улуу кармаштардын бири катары эсептелет. Тарыхчы Геродоттун жазышынча, бул урушта массагеттер Персиянын аскерлерин толук жеңип, Кирдин башын алып, аны канга толтурулган идишке салган. Ошондо Томирис:
«Сен канга тойбой өлгөнсүң, эми ошого той!» – деп айткан делет.
Бул окуя Персия падышалыгы үчүн оор сокку болуп, массагеттердин эркиндиги сакталып калган.
Томирис дүйнөлүк тарыхта өз элинин көз карандысыздыгын сактап калган күчтүү аял башкаруучу катары таанылган. Анын ысмы – мекенчилдиктин, эрдиктин жана акылмандыктын символу. Ал аял затынын эркектер менен тең курактуу жетекчи боло ала турганын далилдеген.
Бүгүнкү күндө Томирис тууралуу фильмдер тартылып, китептер жазылып келет. Анын образы көптөгөн элдердин маданиятында, анын ичинде кыргыз, казак жана түрк элдеринде да урмат менен эскерилет.
Томирис–бул жөн гана тарыхый фигура эмес. Ал – аялдын эр жүрөктүүлүгүнүн, баш ийбестигинин жана акылмандыгынын символу. Анын эрдиги бүгүнкү күндө да ар бир улуттун кызына жана уулуна үлгү боло алат. Биз, жаш муундар, Томиристин баатырдыгын унутпай, анын мекен үчүн күрөшкөн эрдигинен үлгү алышыбыз керек.