Просмотр содержимого документа
«Тукум куучулук жөнүндө маалымат»
Тукум куугучтук (англ. heritability) — бардык организмдердин дене түзүлүш, жеке өөрчүү, зат алмашуу өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле ден соолугунун абалын жана көпчүлүк ооруларга жакындыгын укумдан-тукумга берүүчү касиети.
Укумдан-тукумга организмдин кадимки (соо) белгилери гана берилбестен, өзгөрүлгөн абалы да берилиши мүмкүн. Кишинин ден соолугу жана түрдүү ооруларга жакындыгы көп учурда тукум куугучтук менен байланыштуу.
Тукум куугучтуктун негизин организмдин өөрчүү процессинде белгилери менен касиеттерин мүнөздөөчү ген түзөт. Организмге гендер ата-энесинен жыныстык процессте же жыныссыз көбөйүүдө клетканын бөлүнүшүнүн натыйжасында өтөт. Жетилген организмдин денесинин клеткаларында ар бир ген экиден (бир жуптан) болот, аны аллель дейт. Ал эми жыныс жетилгенде (гаметаларда) гендердин аллелдери ажырап гаметаларга бирден өтөт. Ошондуктан ар бир гаметада жуптагы гендерден бирөө гана болот. Ушул закон ченемди Г. Мендель гаметалардын тазалык закону деп атаган. Уруктанууда аталык жана энелик жыныс клеткалары кошулуп, зиготаны пайда кылат, анда ар бир белгиге гендердин жуп саны (бирөө атасынан, экинчиси энесинен) калыптанат. Жаңы организмде ата-энесинен алынган жуп гендерден тукум куума белгилер келип чыгат. Бирок, баланын организминде ар бир ата-эненин белгилери бирдей болбойт. Мисалы, баланын сырткы көрүнүшү, мүнөзү ата-энесинин бирөөнө көбүрөөк окшойт. Бул организмде гендердин күчтүү (доминанттуу) жана алсыз (рецессивдүү) болушуна байланыштуу экендигин Г. Мендель аныктаган. Доминанттуу гендерге байланыштуу белгилер организмдин жеке өөрчүшүндө сөзсүз пайда болот, ал эми рецессивдүү гендерге байланыштуу белгилерди доминанттуу белгилер басаңдаткандыктан алар пайда болбойт. Г. Мендель доминанттуу факторлорду чоң тамгалар (А, В, С жана башкалар), ал эми рецессивдүү факторлорду кичине тамга (а, в, с жана башкалар) менен белгилөөнү сунуш кылган. Доминанттуу фактор А рецессивдүү фактордун а таасирине үстөмдүк кылгандыктан ушул зиготадан (аны Г. Мендель гетерозигота — Аа деп атаган) өөрчүгөн организмдердин сырткы көрүнүшүндө А факторунун белгиси гана болот. Ал эми рецессивдүү фактордун пайда болушу үчүн зиготада жуп гендердин экөө тең рецессивдүү (аа) болушу керек. Эгерде организмде жуп гендер бирдей болсо (экөө тең доминанттуу — АА же экөө тең рецессивдүү — аа) мындай организм гомозиготалуу деп аталат.
Гетерозиготалуу организмде (Аа) рецессивдүү гендердин байкалыш закон ченемин изилдөө теориялык жана практикалык чоң мааниге ээ. Мисалы, рецессивдүү генде (а) тукум куума оору болсо гетерозиготалуу организм (Аа) бул оорунун генин алып жүрөт да, өзү оорубайт, ал эми кийинки гомозиготалуу (аа) тукумунун фенотибинде оору байкалат. Кээде гетерозиготалуу организмде рецессивдүү гендин таасири бир аз билинет. Ушундай жол менен альбинизм тукум кууйт.
Бир түрдөгү организмдердин хромосомаларынын жыйындысы бирдей болот. Тукум куугучтук Морган дененин ар бир клеткасынын каротибинде организмдин жынысын аныктоочу жуп хромосомалар болорун далилдеген. Алар формасы боюнча узун жана таякча түрүндө (X — хромосома) жана кичирээк илмек сымал (У — хромосома) болот. Организмдердин ургаачысында (жаныбарлар, өсүмдүктөр, көпчүлүк курт-кумурскалар жана башкалар) экиден X хромосома (XX), эркегинде бир X, бир У хромосомалар (ХУ) болот. Бул эрежелердин ачылышы организмдердин ургаачысы менен эркек жыныстарынын саны эмне үчүн болжол менен бирдей болорун түшүнүүгө мүмкүндүк берди.
Клеткалардагы хромосомалардын санынын өзгөрүшү организмдин касиеттерине чоң таасир этет. Кишиде айрым хромосомалардын саны жетпесе же ашык болсо, тукум куума ооруларга алып келет. Жеке касиеттер көптөгөн гендердин өз ара аракетинин натыйжасында калыптанат. Организм өөрчүгөндө бир гендин таасирин башкасы басаңдатат же бир нече гендин биргелешип катышуусунан тукум куума белги келип чыгат.
Белгилердин укумдан тукумга берилишинин закон ченемин түшүнүүдө гендердин бир гомологиялык хромосомадан экинчисине өтүшүн табуу чоң мааниге ээ болду. Аны Т. Морган биринчи жолу изилдеп, жетилген жыныс клеткаларындагы гомологиялык хромосомалар бир-бирине абдан жакындап (конъюгация болуп) кайчылашат. Андан кийин хромосомалар ажырайт да, бөлүнүү процессинде — мейоздо ар башка клеткаларга кетет. Ошентип, ар бир хромосома конъюгация менен кайчылашуудан кийин анча-мынча жаңырып, ал өзүнө башка хромосоманын тукум куума материалынын бир бөлүгүн топтойт. Натыйжада түрдүү жетилген жыныс клеткалардын генетикалык жактан сапаты ар түрдүү болуп калат. Гендердин активдүүлүгүндө индивидуумдун жашоо шарты чоң мааниге ээ. Айлана-чөйрөнүн факторлору жеке организмдин генетикалык программасынын ишке ашуусуна чоң таасир тийгизет.
Тукум куугучтуктун материалдык негизи — дезоксирибонуклеин кислотасынын (ДНК) молекуласы экендиги аныкталган. ДНКнын молекуласы хромосоманын составына кирет, ошондой эле клетканын кээ бир органоиддеринде (митохондрия, пластидалар жана башкалар) да болот.
Колдонулган адабияттар:
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден – соолук» Медициналык энциклопедия. – Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8