Просмотр содержимого документа
«Түр жана анын критерийлери»
Сабактын темасы :
Тур жана анын критерийлери
Сабактын максаты:
А) Тур жонундо кенири маалыматка ээ болуу
Б) Оз ойлорун эркин айтуу менен логикалык ой жугуртуусун калыптандыруу
В) Алган билимдерин турмушта колдоно билуу
Тур-таксаномиялык категория
Тур-биологиялык классификациянын негизги категориясы,таксаномиялык категория катарында тур,таксаномиялык бирдик болуп,уруучадан томон,бирок турчодон жогору турат.
Тур деген тушунукту биринчи жолу 17-кылымдын аягында англиялык ботаник Рей киргизген.Ал башка турлорго,турго караганда башкача болгон формаларды кийирген,алар озунун турдук табиятынын ар турдуулугун сактайт,алардан эч бири башка уруктан чыкпайт деген.
К.Линней болсо турду аныкташ учун кош(бинардык) номенклатураны киргизген.Бул боюнча адегенде тур кируучу урууну андан кийин турду койгон,аягында ошол турду биринчи аныктаган автордун кыскартылган аты жону жазылган.Ошондой эле К.Линней тур олуттуу озгорбойт,турдун саны дайыма туруктуу деп эсептеген.
Тур жөнүндө эволюциянын этабы катарындагы тушунук Ч.Дарвинден башталат,ал түр жөнүндөгү проблеманы эволюциялык окуунун борбордук проблемасы деп караган.Ал жаңы түрлөрдүн пайда болуу процесси түрдүн топторго бөлүнүшүнөн башталат деген,ал топторду түрчөлөр деп атаган .
Түрчө мене түрдүн ортосунда айырмачылык абдан чоң.Бир түрдүн түрчөлөру оз ара аргындашат да,тукум тукум берүүчү тукум калтырат.Тур үчүн мунөздүү болгон белгилнр менен касиеттери критерийлер деп аталат .
Түрлөр бири-биринен көп белгилери боюнча айырмаланат
1)Морфологиялык критерий
2)Географиялык критерий
3)Экологиялык критерий
4)Этологиялык критерий
5)Биохимиялык критерий
6)Генетикалык критерий
Морфологиялык критерий
Бир турдун особдорунун сырткы жана ички тузулушунун окшоштугу.Бир турдун ичиндеги особдор кээде көп сандаган өзгөрүүлөргө дуушар болгондуктан,алардын морфологиялык белгилерине карап аныктоого мумкун эмес.
Географиялык критерий
Ар бир тур белгилуу аймакты ээлейт.Ошондуктан турлөр кенен тараган жана жергиликтуу,бөлөк жана туташ болушу мумкун.Эволюциялык процесстин журушу,бир ареалда пайда болгон турлөрдүн аянтын кеңейтип өзгөртушу ыктымал.Географиялык критерийлер да турдун негизги белгиси боло албайт.
Экологиялык критерийлер
Мында,бир турдун особдору экинчи турдун особдорунан ,азыктануу жолу жана жашоо чөйрөсу менен айырмаланышат.Мисалы:тундрада жашаган карышкыр менен токой зонасында жашаган карышкыр экөө тең бир тургө киргенине карабастан жашоо шарты менен айырмаланат .
Биохимиялык критерий
Бир тургө кирген особдордун ДНК сы бирдей структурада болот,бир турдуу белокторду синтездөөгө жөндөмдуу болуп башка турдун белокторунан айырмаланат.Бирок,кээ бир бактериялардын,козу карындардын,гулдуу өсумдуктөрдун ДНК нын курамы бири-бирине өтө жакындашы белгилуу.
Генетикалык критерий
Турдун негизги касиети анын генетикалык бөтөнчулугундө.Эреже катары ар башка турлордун особдору бири бири менен аргындашпайт.Эки турдун ортосунда аргындашуу жургөн учурда дагы,толук жандуу гамета,эмбрион,зигота же тукум алышпайт.Ар кайсы турдун особдорунун хромосомаларынын жыйындысы да ар кандай,ошондуктан алар бири бири менен аргындашпайт жана табигый шартта бири биринен бөлунуп турат.
Көңүл бурганыңар учун чоң рахмат!