СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Турмуш сабактары

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Турмуш сабактары»

Ким бакыт издейт?

Улгайган бир кемпир акырын бөлмөсүнөн чыкты. Конок бөлмөсүнөн небереси менен келинин үндөрү: угулуп жатты:

-«Уулум, дасторкон даяр , сорпоңду куюп койдум, кел, муздап кала электе ичип ал». Муну уккан чоң эне бөлмөнүн бурчуна айылдан кошо көтөрө келген жер төшөктүн үстүнө отурду. Небереси, чоң энесин көрө калып:

-«Чоң эне, келиңиз чогуу ичели» - деди. Кемпир маанилүү үшкүрүнгөн соң; «Үйдүн эркеги келгиче кечки тамакка отурулбайт. Атаңар келсин, чогуу тамактанабыз, Кудай буюрса» - деди.

Келини: «Ай коюңузчу апаке, илгери ошондой экен го! Азыркылар ачка болгондо, дасторконго отура берет, атабыз келгенде жейт да. Кемпир: «Кызым, адамдардын кандай адеби бар болсо, үйлөрдүн да намысы жана адеби болот».

Небереси чыдабай, мазактагансып сөзгө кошулду: «Апеей да чоң апа, үйдүн намысы деген эмне экен? Айтып берчи, кана, кызык болуп атат» - деди. Кемпир сөздү баштады: биз кичине кезибизде апаларыбыздан мурун аталарыбыздын каршысында адептүү отурганды үйрөндүк. Үйдө, ата-энебиз барда бутту сунуп отурбай, улуулар сүйлөп жатканда сөз укугу берилмейинче сөзгө аралашчу эмеспиз. Улуулар бөлмөгө киргенде дароо тура калып орун берчүбүз. Эч качан атабыз дасторконго отуруп даам ооз тийгиче кол узатчу эмеспиз. Атабыз келип: «Бисмилла» деп, келгиле тамактан алгыла дечү ошондо гана жыргап тамак ичие баштачубуз. Тамак ичип бүткөн соң, бир туугандар менен кезектешип дасторкон дубасын окуур элек. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн толук отуруп жеген тамагына эч нерсе жетпейт го, чиркин. Бул дасторкон адеби болуп саналат балам.

Небереси: ушунчалык басым кылынса, деппресия болчу белеңер анан? Деп сурады.

«Жок балам, биздин учурда сый болгон үчүн сүйүү да түбөлүк болчу. Сүйүү бар болгон соң деппресияга кирген эч ким кездешчү эмес. Тамактар даамдуу, уйкулар таттуу, эс алдыруучу болчу. Билесиңби? Мен деппресия деген сөздү алгач ирет ушул жактан уктум, жадакалса айылда бир кем акыл адам бар эле, «жинди Ыбрайым» дешчү экен. Бирок ал деле ушундай бактылуу адам болчу дейсиң. Керели күнү кечки көчөдө балдар менен ойноп, ачка болгондо бар эшикти такылдатып: «Аба ачка болдум, аба суу берчи» дээр эле. Кайсы каалаганы такылдатса да, бош жөнөтүлчү эмес. Чач тарач анын чачтары өсүп кетсе кыскартып, мончочу киринтип, тазалап коер эле. Жума күндөрү соодагерлер колундан тутуп, намазга да жетелеп барышчу. Кыскасы эч ким аны жээричү эмес. Азыр болсо эч нерсеге сый-урмат калган жок. Мына, карачы үйлөрдө да сый жок бул шаарда. Кеч кирсе да, эч ким терезе пардаларын жаап койбойт, үйдүн ичи бүт көрүнүп турат, бирок эч ким уялбайт. Биз болсо, күүгүм кире электе калың, пардаларды жаап, үйдүн жарыгын күйгүзүп коер элек. Жада калса парда жабык болсо да, кийимибизди которгондо, жарыкты өчүрүп, жерге тизелеп отуруп анан алмаштырар элек. Көлөкөбүз дагы сыртка көрүнүп калса жүзүбүз кызарып, уялаар элек. Ошол убакта келини, отурган жеринен турду дагы, уялыңкы башын шылкыйта бөлмөнүн пардаларын жапты. «үйдүн адеби, пардалардын жабылып-жабылбаганынан билинет» дешчү улууларыбыз. Үйлөр, бийик-бийик дубалдар менен курчалса дагы эч ким ич кийимдерин көз көрүнө асчу эмес. Үй тургундарынан да уялышчу. Мен кичинемде кийип жүргөн шалварымды эң алдыңкы кермеге жайып койсом, апам келип: «Кокуй, бул эмне кылгаңын, атан короого чыгыптыр, сенн шалварын илинип турат, уялганымды кантейин, кирээрге тешик таппай калбадымбы. Экинчи кайталанбасын, ич кийиминди, эң аркадагы кермеге асып жүр! Үстүнө узун жоолук жаап, анын үстүнө башка кийим илип коюп жүр, ботом, эмне илинип турганы көрүнбөсүн! Намысыбыз, адебибиз жоголсо, ыйманыбыз да жоголот! Деди. Мен болсо ал кезде 12 жашар секелек кыз элем, апам буларды айтып жатканда жерге кирип кете жаздагам. Азыр ошондойбу? Өткөндө балконго чыга калсам, маңдайкы кошуна бардык кирин жайып коюптур, уялып кайра кирип кеттим. Азыркы заманда сыртта тамактанышчу болду. «көз акысы» болуп атат, эч ким мунун ойлонгон жок. Базардан алынган азыктар да ичи көрүнгөн баштыктарда үйгө алынып келинет: аларды алалган да бар, алалабаган да . көз акысы, кызганычты туудурат. Минтип желген азыктар аш болобу? Пайгамбарыбыз (с.а.в) тамагыңардын жыты менен кошунаңарды капалантпагыла» деп буйурган. Бүгүн жыт менен, мактануу менен чөйрөдөгүлөр капа кылынууда. Анан албетте, жегениңер аш болбой, депрессия болуп, дарыгерлерге көрүнөсүңөр. Үйдүн дагы бир адеби бар, эң маанилүүсү ушул менимче. Үйдүн ичинде болуп өткөн окуялар эч качан сыртта айтылбаш керек; жели-ичилгендер, уруш-талаштар, бактылуу учурлар. Бул да үйдүн намысы болуп эсептелинет жана эч кимге айтылбашы керек. Ошон үчүн илгери үй ичиндеги маселелер, оңой эле чечилчү. Анын үстүнө Пайгамбарыбыз да һзгөчө эрди-катындын ортосунда болуп өткөн окуялардын чөйрөгө жайылтылуусун эң чоң күнөө экендигин хадистеринде дайым айтып келген.

«Туурабы Лейла» - деди келинине.

Лейла уялып: «ооба», апаке» дей алды жөн гана. Небереси: «Чоң эне, азыр фэйсбуук деген бар; адамдар барган ресторандарынан баштап, жеген тамактарына чейин сүрөткө тартып миңдеген адамдарга көрсөтүшөт»! ий, кокуй, уят ... адам жегенин кантип көрсөтсүң?

(Ах апаке, майда-чүйдөсүнө чейин бөлүшүшөт. Кыдырган жерлерин, жеген тама-аштарын, алган буюмдарын, кийим-кечесин, жадакалса аялдар күйөөлөрүнүн алган гүлдөрүн жана жазган каттарына чейин көрсөтүшөт».

«Ой, балам, сен эмне деп жатасың? Кыямат күнүн келди дечи. Үйлөр жылаңач болду дечи..» деп көз жашын көлдөтүп сөзүн улантты: «биз күйөөлөрүбүз менен жанаша баскандан да арданчубуз; жесир калгандар бар, турмушка чыга албагандар бар. Алардын көңүлүндөгү жараларга түз баса көрбөйлү деп, күйөөлөрүбүздөн бир кадам артта бассчубуз ... азыр болсо уруш-талаш ортодо, сүйүүлөр ортодо... албетте жеке жашоо калбаган соң, чың жүрөктөн жасалган иштер да жоголот. Үйдүн берекети, улууларды сыйлоодо жатат. Үйдүн намысы – жашыруун болууда. Көздүн намысы – сурмаларда. Дененин намысы – жабынууда. Уялуу ыймандын бир бөлүгү. Силерге апам айтып берген бир окуяны баяндап берейин. Окуя дегеним менен аты эле окуя, негизи бир хадис. Башкача айтканда Алла-Тааланын пайгамбарыбызга кабар бергендей, Пайгамбарыбыздын болсо өз сөзү менен хадис кылып айтып берген окуясы: алла-таала Азирети Адам алейхисаламды жаратып жаткан учурда Жабраил алейхисалам ага үч белек алып келет: Илим, уят, акыл. Адамга кайрылып: Эй Адам, ушулардын ичинен каалаганынды танда! .. Адам (ас) акылды тандап алат. Жабраил (ас) уят менен илимге кайрылып өз кызматтарына кайтууларын буюрат. Анда уят менен илим: «биз рухтар ааламында дайым бирге жүргөнбүз, бири-бирибизден ажырай албайбыз. Рухтар өлүктөргө киргенде да ошондой болшушу керек. Акыл кайда болсо биз ошол жактабыз» - дешет. Жабраил (ас): андай болсо өз ордуңарга баргыла деген буйрук берет. Ошентип акыл-дымакта, илим- жүрөктө, уят – көздө жайгашат. Мына ушул хадисте айтылгандай уяттын макамы (орду) көз. Ошол үчүн көзүбүздү да коргошубуз зарыл. Көзгө урунган нерселердин баарын контролдой билүү керек».