СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Турмуш жонундо накыл создор

Нажмите, чтобы узнать подробности

ТУРМУШ ЖОНУНДО НАКЫЛ СОЗДОР

Просмотр содержимого документа
«Турмуш жонундо накыл создор»

Турмуш Жонундо Учкул Создор

Сылык тил – өмүр дарагы, Кайсар тил – жандын азабы. Акылсыз көзүнө илбейт Атасынын насаатын. Эстүү уул кулагын төшөйт Ачып берсең катасын. Адилеттүүнүн үйүндө Дүр-дүйнөнүн баары бар. Адилетсиздин тапканы Башын кырсыкка салар. Көсөмдөр билим таратар, Көөдөктөр нени таратар? Бузуку чалган курмандык Теңир үчүн макүрөө.



Такыбаанын дубасы Теңир үчүн жагымдуу. Адепсиздин жашоосу Эгебизди жийиркентет. Адилеттин жашоосу Көңүлүнө төп келет. Түз жолунан оогонго Катуу жаза туш болот. Айыбын айтсаң жек көрсө Акыры бир күнү кыйрайт. Жаханнанын ичи да Кудай үчүн белгилүү.



Пенденин ички ойлору Андан бетер белгилүү. Тезке салуучуларды Жамандын көңүлү сүйбөйт, Акылманга кайрылбайт. Жайдар болсо жүрөгүң Жүзүңдү ажарлуу кылат. Бук болуп турса жүрөгүң Маанайыңды пас кылат. Эстүү – билим издейт, Эси жок – акмактык кылууну эңсейт. Байкушсунган адамдын Ар бир күнү кайгылуу. Жайдары мүнөз адамдын Ар бир күнү шаңдуу.



Тынчыңды алган чоң кенчтен Жаратканды урматтап, Кембагал өткөнүң артык. Жек көрүүнүн алдында, Боордолгон бука жегенден, Мээрим менен сунулган Бир чыны атала өйдө. Кыялы чукул – чыр чыгарат, Сабырдуу – чатакты басат.



Сатылганова Г. - Эне жонундо баллада. Рахман Разыков - Кыргыздар жонундо МК. Жігіттер - Бар ма мекен. ЭлТР / Жумгал - Хокхейдин Мекени / Атайын репортаж /.. Ата Мекен: Жаңы конуштардагы эски турмуш(Бишкек,Ак - Ордо ). Исмадыяров - Кыргызыстан ата мекен. J-RО fead Муслим - Бұл менің мекенім. Кыргызча УЧКУЛ создор! Кыргыз тили-УЛУУ тил. Видео Кыргызча Накыл создор канала Uluk Saparov. Похожие видео. Накыл сөздөр Адамзаттын эң улуу ойлору Соссуз коргуло. Да, ойлоп сүйлө (КЫРГЫЗ МАКАЛ) Улуу акын Женижоктун ырларынан накыл кептер Суйуу жонундо ыр. Сколько Диспут “Жаштар ыйман жонундо”. Накыл сөздөр. Макал-лакаптар, учкул создор.



Жалкоону баскан жолунда Тикенек чырмооктор тосот. Адилеттердики тегиз. Эстүү бала атасын кубантат, Наадан өз энесин жек көрөт. Акылы кем акмактыкка кубанат.



Акылдуу түз жолдон чыкпайт. Кеңешсиз иштер кыйрайт. Кеңешчилер көп болсо, Ой тилектер ишке ашат. Кубанычың жообуңа жараша болот.



Кыябы келгенде айтылган сөз кандай сонун. Көсөм өр тарта басат. Анткени ылдый жактагы Тозокко баргысы келбейт.



Көпкөн ала көөдөндүн Үйүн, Теңир, кыйратат, Ал эми жетим-жесирдин Чек-арасын бекемдейт. Кара ниеттин ойлору Теңирди жийиркентет. Такыбаанын сөздөрү Көңүлүнө жагат. Паракор өз үйүн бүлгүнгө учуратат, Параны жек көргөн тынчтыкка жашайт. Адилет – ойлоп сүйлөйт, Адепсиз – оттоп сүйлөйт.



Жараткан Адепсиздерден алыс да, Адилдердин сыйынууларын угат. Жарык чачкан көз караш Жүрөк жылытат. Сүйүнүч апкелген кабар Сөөктү агартат. «Жакшы бол» деген насаатка Кулак салган адамдар Аалымдарга кошулат.



Насаатты жек көргөн Өз жанын жек көрөт. Катасын мойнуна алган Акылына акыл кошот. Акылмандыктын алды – Кудайдан коркуу. Урмат-сыйдын алды – Кудайга моюн сунуу. (16–бөлүм) 1Ойлоп коюу адамдан, Жооп кылуу Кудайдан.



(Ишке ашуусу Кудайдан.) Бардык кылган иштерин Пенде туура деп ойлойт, А бирок тараза – Кудай. Түйшүгүң Теңирге тапшыр, Ошондо оюң ишке ашат. Жараткан Эгебиз баарын даярдап койгон: Атүгүл адепсиз үчүн кырсык күндү да.



Кыйынсынган адамдар Жараткан Эгебизге жакпайт. Андайлар жазаланат деп кепилге өтсөң жазбайсың.



Мээрим менен ишеним күнөөдөн тазалайт. Кудайдан коркуу жамандыктан сактайт.



Пенденин жашоосу Кудайга жакса Ал касын да доско айлантат. Адилетсиз жол менен Мол киреше тапкандан Аз болсо да адалы артык. Пенденин ойлогону көп. Бирок ар бир кадамын Кудай башкарып турат. Падышанын оозунан Кудайдын өкүмү чыгат: жаңылбаш керек, сотто, ал. Тараза менен кадактын Так болушу Теңирден. Баштыктагы таштар да Ошонун кол алдында.



Мыйзамсыздык кылганды Падышалар жактырбайт. Анткени ак тактыны Адилеттик бекемдейт. Падышага чынчыл жагат, Ал ак сүйлөгөндү сүйөт.



Падышанын ачуусу Ажалдын кабарчысы. Бирок акылдуу адам Жүрөгүн жибите алат. Хандын жарык маанайы – Жакшы жөрөлгө. Ырайымы – күттүргөн жамгыр. Акылмандыкты изде, Ал алтындан да нарктуу. Түшүнүккө ээ болгун, Ал күмүштөн да баалуу. Адилеттердин жолу – Жамандыктан алыс болуу.



Өз жолун таза сактаган Өз жанын аман сактайт. Пенде жыгылаарда көөп кетет, Сынаарда менменсип кетет. Менменсигендер менен Олжолош болуудан көрө Момундардын арасында Сыпайы жашоо өйдө. Акыл менен иш кылган ийгиликке жетишет.



Теңирден үмүт кылган ак батага ээ болот. Ою тунук адам акылдуу атыгат. Сыпайы айтылган сөз көкүрөктө калат. Акылы бар адамга Акыл – өмүр булагы.



Нааданды жазалаган Өзүнүн кемпайлыгы Акылмандын оюу тилине чыгат да Оозун билимге суугарат. Жагымдуу сөз бал сыяктуу: Жанга жагат да сөөккө дабаа. Адамга түз көрүнгөн жолдор көп. А бирок алардын түбү Өлүмгө барып такалат. Мээнеттенсе өзү үчүн, Курсагы зордоп атпайбы.



Кытмырдын ниети жаман, Тили куйкалоочу. Кара ниет чыр чыгарат, Ушакчы араны бөлөт.



Ниети кара бузуку Жакынын бузуп, айнытып, Жакшы эмес жолго багыттайт. Көзүн ымдап, мылжыңдап, Бир айланы ойлоп таап, Кесе тиштеп эринин Арам оюн аткарат. Даңк таажысы – буурул чач, Ак жолдо жүрүп агарган. Эр көкүрөк жоокерден, Чыдамдуусу жакшыраак. Шаар каратып алчусунан, Сабырдуусу жакшыраак.



Келүү үчүн чечимге, Адамдар ашык өкчөшөт, А түшкөнү Теңирден. (17–бөлүм) 1Эт-ашка толгон, абдан бай, Бирок, жаңжалдуу үйдөн Тынчтыкта олтуруп жеген Бир туурам каткан нан өйдө.



Бузулган уулдун үстүнөн Эстүү кул бийлик жүргүзүп, Агайын менен бир катар Ортоктош болот мураска. Алтындын сыноочусу – меш, Жүрөктөрдүкү ­– Теңир. Карасанатай кесирди угат. Жалганчы келжиректи угат.



Жакырды шылдыңдаганың Жаратканын сөккөнүң. Кырсыкка батканга күлгөнүң Жазага баратканың.



Карылардын таажысы – неберелери, Балдарынын таажысы – ата-энелери. Маанилүү кеп акылсызга жарашпайт. Хан калп сүйлөсө андан бетер жарашпайт. Пара – тумар, бергенге, Кайда басса ийгилик. Катасын жашырып койсоң Досуңду жакындатасың. Улам чукулай берсең Достон кол жууп каласың. Түшүнүктүүгө бир сөгүш наадан жеген жүз камчыдан алда канча таасирдүү.



Чыр адам жамандыкка жакын, Андыктан ага таш боор периште жөнөтүлөт. Балдарынан айрылган Аюга туш болуу – жаман. Акмактыгына баткан Нааданга туш болуу – Андан беш бетер жаман. Жакшылык кылган кишиге Жамандык менен жооп кылсаң Үйүңдөн жамандык кетпейт. Чырдын башы тукту Жырган шар суудай. Ошондуктан чырды ырбай Электе калтыр. Бузукуну актаган бар, Адилетти каралаган бар – Экөөн тең Эгем жек көрөт.



Акылсызга акча берсең Андан майнап чыгабы? Алган соң аны, акылсыз, Акыл менен урунабы? Тууган кыйын кезде тирек болуу үчүн туулган. Дос болсо ар убак жаныңда. Акылы кем бирөө үчүн кепилдикке өтөт.



Чырды сүйгөн күнөөнү сүйөт. Өзүн көрсөткүсү келген жыгылуусуна шашып, акыры бир күнү кулайт. Арамза ойлуу адам Эч качан жакшылык көрбөйт.



Кытмыр тилдүү адамдын Балээден башы арылбайт. Акмакка ата болгондун Башынан кайгысы кетпес. Уулу акылсыз атанын Эч качан ичи жылыбас. Шыпаа болчу дарыдай Жайдары жүрөк жагымдуу. Маанайың дайым пас болсо Сөөктөрүң какшыйт. Колтугун ачып, пара алып, Ак сотту бузат, бузуку. Эстүү-баштуу адамдын Тутканы акылмандык.



Ал эми акылсыздын оюу Болсо асмандын башы. Уулу акылсыз болсо Атасы бармагын тиштейт, Энеси кайгыга батат. Ак кишини каралап, билерманды чындык үчүн жаакка чабуу – жакшы эмес. Эстүү адам тилин башкара билет. Акылдуу адам сабырдуу. Оозун жаап отурса Акмак деле көсөмдөй, наадан деле акылдуудай көрүнүшү ыктымал. (18–бөлүм) 1Кежир өз дегенин бербейт да жакшы нерсенин баарына каршы чыгат.



Наадан билимди сүйбөйт, бирок акылдуусуна берет. Бузуку келээри менен Жек көрүү кошо келет. Уят болуу менен Кордук кошо келет. Адамдардын сөздөрү Терең кудук сыяктуу. Ал эми акыл башаты Кайнар булак сыяктуу.



Сотто адилетти ак жерден Күйгүзүү үчүн адепсизге Жагынып, кошомат Кылуу – жакшы эмес. Акмак тилинин азабынан Жаңжалга кабылып, Сөзүнөн улам таяк жейт. Акылсыздын тили – Өзүнүн кырсыгы, Сөзү – жанына жайган тору. Ушакчынын сөздөрү Таттуу тамактай Адамдын ичине жылып кирет. Ишинде илээнди – ысырапчынын тууганы.



Теңирдин ысмы бекем чеп, Адилет качып кирет да жанын куткарып калат. Бай адамга байлыгы – анын капкалуу шаары, калкалоочу сепили. Жыгылаардын алды – көбүү. Урмат-сыйдын алды – жоошуу. Укпай жооп берген — акылсыз, Уят болот бир күнү.



Адамдын руху Анын алсыздыгын көтөрөт. А руху жаралуу болсо Ким ага жардам кыла алат? Эстүү – билим топтойт. Акылман – билим издейт. Белек-бечкек дегениң Адамдын жолун кең кылып, Чоңдорго чейин жеткизет. Атаандашы келип, Суроолорун бергиче, Биринчи келгендин кеби Жүйөөлүүдөй туюлат.



Алдуулар эгер талашса, Чечүүнүн эң мыкты жолу — Чүчү кулак кармашуу. Ачууланган бурадар кире алгыс чептүү калаа. Ачылгыс кулпудай болуп, жаңжал араны бөлөт. Айткан сөзүңдүн даамын татасың: Жакшы сөз айтсаң жакшылык көрөсүң, Жаман сөз айтсаң жамандык көрөсүң. Өлүм менен өмүр Тилдин колунда, Сөзмөрлөр сөзүнүн Мөмөсүнөн жешет. Жакшы жар тапкан жакшылык тапканы, Теңирден ырайым алганы.



Жарды сүйлөйт жалбарып, Бай жооп берет корсулдап. Достуу болом десең, Досчо мамиле кыл. Туугандан жакын дос бар. (19–бөлүм) 1Элдин башын айлантып, Наадан болгондон көрө Такыбаа өмүр сүргөн, Кембагал болуу жакшыраак. Билимсиздик жакшы эмес, Чалынасың, шашпагын! Адамдын жашоосун акылсыздыгы бузат. Бирок ал ичинен Теңирге кыжырланат.



Байлык досту көбөйтөт, Кедейди болсо Жакыны да карабайт. Жалган күбө жаза алат, Калпычы качып кутулбайт. Атактууга жакындап, Кошомат кылган көп болот. Белек-бечкек бергенге Баары эле жакын болсом дейт.



Туугандардын баары тең Кембагалды жек көрөт. Ал эми достору болсо Ого бетер качышат. Кембагал байкуш жалдырап, Ээрчисе сөзгө келишпейт. Акылга умтулган – өз жанын сүйөт. Билимди кадырлаган – жакшылыкка жолугат.



Жалганчы жазаланат, Калпычы куурайт. Акмакка сөөлөт жарашпайт. Төрөлөрдүн үстүнөн Кулдун бийлик кылышы Андан бетер жарашпайт. Сабырдуулук ачууга жай кылдырат. Мунапыстуулук адамдын кадырына кадыр кошот. Хандын каары арстандын айкырганындай жүрөктү титиретет да ырайымы сергитет.



Баланын акылсыздыгы – Атасынын азабы. Аялдын ажаандыгы – Жер ойгон тамчы.



Үй-мүлк ата-энеден, Акылдуу жар Теңирден. Жалкоолук уйкучул кылат, Кайдыгердик ач калтырат. Осуятты сактаган жанын сактайт, Өз жолуна кайдыгер куруйт. Кедейге кайрым кылганың Кудайга карыз бергениң. Жараткан сенин мунуңду Кайтарымсыз калтырбайт.



Үмүт барда уулуңду, Жазалап, тарбиялап кал, Чыңырса чочулабагын! Орой жазасын алсын! Аяп койсоң, эгерде, Кайра убара болосуң. Акылман болгуң келсе, Айткан кеңешти ук, Айбыңды айтса кабыл ал. Пенде көп нерсени ойлойт, А бирок Кудай буйруган нерсе Гана ишке ашат. Адамдын эңсегени – мээрбандык.



Калпычыдан кембагал артык. Жараткан Кудайдан коркуу Чын жашоого апкелет. Андан корккон кем болбойт, Жамандыкка кезикпейт. Жалкоо колун табакка салып, оозуна жеткиргенден эринет. Шылдыңкөйдү жазалап койсоң, Наадандар эсине келет. Акылдууга айбын айтсаң, Насаатыңды түшүнөт. Атасын бүлдүрүп, энесин кууп чыккан уул – бети жок, намызсыз уул.



«Насаатты укпа» дегенди, Укканды, балам, токтоткун! Митайымдар ак сотту мазакташат. Мыйзамсыздар Жалганды сүйүшөт.



Шылдыңкөйлөргө жаза, Акмактарга таяк белен. (20–бөлүм) 1Шарап менен арак, Адамды чоң сүйлөтүп, Бейбаштыкка апарат. Шарап менен аракка Акылсыздар алданат. Падышанын ачуусу – Арстандын ырылдаганы. Анын кыжырына тийген – Өзүнө зыян кылганы.



Адамдардын ойлору Тереңден аккан суу сымал. Акылман адам сузуп алып турат.



Көп адамдар инсанды «Кайрымдуу» деп макташат. А бирок ишенимдүүнү Көрсөтүп берүү абдан оор. Адилет адам ак жашайт, Артында калгандарына Эгемдин батасы тиет.



Падыша соттоо үчүн Такка олтурганда Жамандыктын баарын Көзү менен кубалайт. «Дилимди таза сактадым, Мен тазамын, күнөөм жок», Ким айта алат ушинтип? Так эмес тарткан тараза, Туура эмес ченеген кадак – Экөөн тең Эгем жек көрөт.



Турмуш Жонундо Учкул Создор

Атүгүл наристенин да Дээри кандай экенин Карап туруп ишинен Билип алууга болот. Угаар кулак, көрөр көз – Экөөн тең Эгем жараткан. Жакырланбайын десең Уйкуну, балам, сүйбөгүн. Курсагым ток болсун десең, Дайыма сергек жүргүнүн. Кардар: «жаман, жаман» – деп, сатып алгандан кийин башкаларга мактанат. Алтын-күмүш дегениң Бул дүйнөдө толтура. Алардан да чоң байлык Акылмандын сөзү да.



Башка үчүн кепил болдубу? Көйнөгүн анда чечип кал. Кепилге өткөнү үчүн Өзүнөн күрөө алып кал. Алдап тапкан нан ширин, А бирок жегенден кийин Тишиңе майда таш толот. Кеңешип кылган иштер бекем болот. Согушка кеңешип туруп кир.



Ушакчыга сыр айтпа, Маңыз менен баарлашпа. Ата-энесин сөккөндүн Караңгы түндө шамы өчөт. Башында шашкалактап, Тартып алган энчинин Арты кайырлуу болбойт, Акыбети кайтпайт.



«Кек алчумун» дебегин! Теңирдин колуна тапшыр, Ошондо коргот ал сени. Так эмес тараза ташы – Теңирдин жек көргөнү.



(Алдамчылык жакшы эмес). Пенденин ар бир кадамын Багыттап туруучу – Кудай. Андыктан адам баласы Өз жолун кайдан биле алат? Шашып убада берип, артынан башты катыруу адам үчүн тор болот.



Акылман падыша ээнбаштарды аныктап, анан жазага тартат. Адамдын руху – Эгедердин чырагы, Ал купуя сырларды ошол аркылуу билет. Мээрим менен адилеттүүлүк – Падышанын жөлөгү. Ырайым менен кайрым – Тактысынын тиреги.



Жаштардын сыймыгы – каруулуулугу. Карыялардын сулуулугу – ак баскан башы. Тенге баткан камчылар, Жан-дүйнөңдү аралайт. Таяктан калган жарааттар, Жамандыктан тазалайт. (21–бөлүм) 1Өкүмдардын жүрөгү Жараткандын колунда. Ал аны сууну жыккандай Каалаган жагына бурат.



Пенде бардык жолдорун Туура деп ойлойт ичинен. Бирок Жараткан Кудай Купуя сырларын билет. Курмандык чалгандан көрө Адилеттик, калыстык Теңирге көбүрөөк жагат. Бузукуларга мүнөздүү болгон: Кокураю менен эсирүү – күнөө. Мээнеткечтин ойлору Берекеге апарат. Шашкалактын ойлору Жоготууга апарат. Алдап жүрүп жыйган мүлк Бат тараган буу сымал, Заматта жоголот дагы Ажал торуна салат.



Адилеттикти Чангандыктарынан Бузукулардын Зордук зомбулуктары Өздөрүнүн башына тиет. Бузукунун жолу бузук, Ак көңүлдүн аракети түз. Заңгыраган сарайда Ажаан аял менен жашагандан көрө Үйдүн төбөсүндөгү бурчта жашаган жакшы. Бузукунун ниети арам, Досу да мээрим таба албайт.



Мазакчыл жазаланганда Акмактар эсине келет. Акылман насаат укканда Билгени дагы көбөйөт. Адилет бузукулардын үйлөрүнүн кыйраганына күбө болот. Кембагалдын муң-зарын Укпастан кулагын жапкан Өзү зарлайт бир күнү, Ошондо угаар табылбайт. Бирөө сага каарданса Тымызын белек берип кой 6. Ал белек каарын жандырат, Жаалданганын тынчытат. Өкүм сүрсө калыстык Адилет үчүн кубаныч, Бузуку үчүн коркунуч.



Ак жолдон адашып кеткен Өлүүлөрдүн жыйынына кошулат. Оюн-зоокту сүйгөн жакырланат, Тамаксоо менен аракеч жарыбайт. Адилеттин кунуна бузуку кетет.



Ак ниетин кунуна арамза кетет. Албуут, ажаан аял менен Бир үйдө жашоодон көрө Жалгыз гана соксоюп, Чөлдө жашаган өйдө. Түрлүү-түркүн оокат-аш Акылмандын үйүндө, Ал аны уруна билет. Акылсызга туш болсо Ысырап кылганды билет. Актык менен мээримдин Аркасынан ээрчиген Чыныгы өмүрдү табат, Адилеттикке кезигет, Урмат-сыйга ээ болот.



Билимдүү адам алдуулардын шаарына кирип, ишенген чебин талкалайт. Тилин башкара билген, Башын балээден сактайт. Ала көөдөн бузуку (Мазакчыл анын бир аты) Өпкөсү көөп турганда Арамзаа иштерин жасайт. Жалкоону суктук курутат. Анткени иштен жалтактап, Даярга тапка нысапсыз. Жалкоону кессең кан чыкпайт.



Адилет ар дайым жоомарт, Бергенине өкүнбөйт. Курмандыгын бузуктун Теңир абдан жек көрөт. Анткорлук менен апкелсе Андан бетер жийиркенет. Жалганчы күбө мертинет, Аны уккан да мерт болот. Бузукунун бети калың, Анткорлуктан чарчабайт. Ал эми адилет болсо Ала жипти аттабайт. Билимдин нукура чыны да, Кеңештин эң акылдуусу да Жараткан Эгеме каршы чыкпайт.



Адамдар согуш күнүнө Тулпарларын тапташат. Бирок жеңиш – Теңирден. (22–бөлүм) 1Байлыгың ашып тургандан Жакшы аттуу болгонуң артык. Алтын менен күмүштөн Сыйлуу болгонуң артык. Кембагал менен байдын Бир окшош жери бар: Экөөн тең Теңир жараткан.



Акылман кырсыкты көрүп, Андан жашынып калат. Акылсыз башын чулгуйт да Жулунуп барып урунат. Жараткан Эгеден коркуу менен Ага моюн сунуунун артынан Байлык, урмат-сый, чыныгы Өмүр ээрчий келет. Кара ниеттин жолунда Тикенек менен тор жатат. Жаныңды асырайм десең Алардан алыс болгунуң.



Жаштайынан баланы Туура жолго салып кой. Ошондо карыганда да Ал жолдон бурулуп кетпейт. Кедейдин башкаруучусу бай, Карыз алган бергенге малай. Жалганды сепкен адам, Жамандыкты орот. Кылган жамандыгы, Тирүүлөй сорот. Жеп отурган нанынан Жакырга бергени үчүн Кайрымдууга бата тиет. Кыйынсынганды кууп ий.



Ошондо бөлүнүү токтойт, Чыр-чатак да тыйылат. Адамдын ички оюнун тазалыгын сүйгөндүн сүйлөгөнү жагымдуу. Падыша дос андайга. Нукура таза билим Жараткандын колунда. Ал келжиректин сөзүн жокко чыгарат. Жалкоонун шылтоосу: «Сыртта арстан жатат!



Чыксам эле-өлгөнүм!» Сойкулардын оозу – Түшсө чыккыс туңгуюк. Теңирдин каарына калган Кулап түшөт ошого. Баланын көкүрөгүнө Акылсыздык жабышса Тезке салчу таягың Андан бошото алат. Байга кошомат кылып, Белек бергенди сүйгөн, Байлыгын арбытуу үчүн Кедейди кордоого барган, Жакырланат, жарыбайт.



17Даанышмандын сөздөрүн Сага айтып берейин Оо жан балам, кулак сал, Насааттарын кабыл ал. Көкүрөгүңө жазып, Көңүлүңө түйүп ал, Ошондо балам жыргайсың. Жаратканга ишенип, Жашаса экен уулум деп, Ушуну жазып олтурам.



Айланайын жан балам, Бир чети кеңеш болсун деп, Бир чети акыл кошсун деп Төмөнкү отуз насааты Сен үчүн атайын жаздым. Акыйкаттын сөзүнө Үйрөтөйүн деп жаздым. Жибергени сураса Жообу болсун деп жаздым.



— 1 — 22Кембагалды тонобо! Мусаапыр да, ал байкуш. Кысымга албагын сотто! Жараткан түшүп арага, Аларды тоногондордун Сазайын берет колуна.



— 2 — 24Ачуулуу менен достошпо, Орой менен баарлашпа! Мындай менен бир жүрсөң, Кылгандарын үйрөнүп, Бир күнү сен да кашайып, Каласың торго чырмалып. — 3 — 26Чөнтөктө акчаң жок туруп, Кол алышпа, карыз алып! Төлөөргө чамаң жетпесе Не керек азапка барып?



Астыңа салган көрпөңдү Кетсинби сууруп алып? — ^ 4 — 28Ата-бабаң орноткон Эзелки чекти жылдырба! (Эчаккы чырды козгобо) — 5 — 29Өз ишин чебер аткарган Көргөн белең адамды? Көрүнгөндүн алдында Бөйтөңдөп кул болбойт ал, Ханга кызмат кылат ал. (23–бөлүм) — 6 — 1Дасторконго чоң менен Маңдайлаш олтуруп калсаң Ким менен отурганыңды Эч качан эстен чыгарба! Дүр-дүйүм тамактарына Сугалактап, жулунба, Тамакка алданып калба! — 7 — 4Байлык топточумун деп Башыңа түйшүктү үйбө, Мындай оюңду ташта!



Байлык деген учкан куш. Канат жасап алат да Учуп кетет асманга, Бир паста таппай каласың. — 8 — 6Ичи тардын ашынан Ооз тийбе да даам сызба! Таттуу тамактарына Азгырылып, алданба! Анткени анын ниети Табиятына шайкеш: «Алыңыз, жеңиз» десе да Ичинен сени жактырбайт. Жеген наның кусасың.



Айткан жакшы сөздөрүң Бекер талаага кетет. — 9 — 9Акмакты окутамын деп Убара болбо бекерден. Айткан акылдарыңды Кабыл алып, тескери, Жек көрүп калат, ичинен. — 10 — 10Эзелки чекти жылдырба! Жетимдердин жерине Эч качан кол салбагын!



Алардын коргоочусу бар, Күчтүү ошол Коргоочу. Ал аларга болушуп, Сага каршы чыкпасын! — ^ 11 — 12Насыятка ынтаа кой, Таалимге кулагың төшө! — 12 — 13Жазалай турган учурда Жазасыз калбасын балаң!



Сабап, жазалап койсоң, Үзүлүп кетпейт чыбыктан. Чыбык менен жазалап, Каласың сактап азаптан. — 13 — 15Оо уулум, акылдуу болсоң Кубанычка бөлөнөм. Оозуңдан жакшы кеп чыкса Ичим жылып, сүйүнөм. — 14 — 17Зулумдарга суктанба. Ичээр сууң бүткүчө Эгедериң сыйлап өт.



Ошондо таалайлуу болуп, Келечегиң кең болот. — 15 — 19Оо жан балам, кулак сал, Акылдуу болгун садагам.



Ниетиңди түз кылгын, Аракеч, тамаксоолордун Арасында болбогун! Анткени андай адамдар Жакырлыкка батышат.



Көп уктаганды сүйгөн Жыртык кийимчен калат. — 16 — 22Атаңдын тилин ал, балам, Атаңсыз жаралмак белең. Улгайып калган кезде да Энеңди сыйла, ардакта. Акыйкатты сатып ал, Акыл, насаат, билимди Акча менен тең көрбө. Ак жашаган баланын Атасы салтанат курат.



Акылдуу болсо баласы Атасынын кубанчы. Оо уулум, атаң шаттансын, Төрөгөн энең сүйүнсүн! — 17 — 26Айланайын жан балам, Жүрөгүңдү мага бер. Менин жашоо жолдорум Үлгү болсун сен үчүн. Сойку – чыккыс тунгуюк, Аягы суюк – тар кудук, Түшсөң чыга албайсың. Адеби жок шуркуя Түн карагы өңдөнүп, Буктурмада олтурат.



Калайыктын ичине Күнөөкөрлөрдү толтурат. — 18 — 29Көз жаш кимдин үйүндө? Онтоо кимдин үйүндө? Кайгы кимдин үйүндө? Башы-көзү себепсиз Кимдики көгөрүп жүрөт? Кимдин көзү канталайт?



Шараптын ичине түшүп, Көп ичкендин үйүндө. Арактын мыктысын издеп, Артынан түшкөндүкүндө. Чыныдагы шараптын, Кыпкызыл болуп көбүктөп, Тегиз гана жайылып, Көлкүлдөшүн караба! Аягында ал сени Чагып алат жыландай.



Көрүнгөн аялзатына Жайнай баштайт көздөрүң, Ниетиң бузула баштайт. Деңиздин орто ченинде Уктагандай болосуң. Чайпалган кайык ичинде Жатып чыккандай болосуң. Анан минтип айтасың: «Бирөөлөр мени сабашты, Бирок денем сезбеди.



Тепкилешти туш-туштан Ооруганым сезбедим. Эмнеге көзүм ачылбайт? Кой, ичейин кайрадан».



Турмуш Жонундо Накыл Создор

(24–бөлүм) — 19 — 1Зулумдарга суктанба, Кошулам деп самаба! Алардын ниеттери бузук, Сүйлөгөнү жамандык. — 20 — 3Үй акыл менен курулат, Түшүнүк менен бекемделет, Билим менен ар кандай кооз, кымбат-баалуу мүлккө толот. — 21 — 5Даанышман күчү илимде. Акылдуу адам күч топтойт.



Ошондуктан ойлонуп, Анан согушка киргин. Жети өлчөп, бир кессең Ийгиликке жетесиң. — 22 — 7Акылсыз, кемпай пендеге Акылмандык кол жеткис. Маанилүү кеп жүргөндө Олтуруп калат кеп-сөзсүз.



— 23 — 8Арамдык ойлогон адам Кара ниет атыгат. Арам ойлор – күнөө.



Бой көтөргөн адам Жек көрүндү болот. — ^ 24 — 10Кыйын-кезең учурда Чабалдыгың көрсөтсөң, Чындап эле чабалсың. — 25 — 11Ажалга башы байланган Адамдарды куткаргын.



Тозокко бараткандардан Кантип колуң тартасың. «Билбептирбиз» дейсиңби?



Жүрөгүңдүн түбүндө Эмне сырың жатканын Жаратканың билет да. Сени көрүп турат ал, Иштериңе жараша Шыбагаңды берет ал. — 26 — 13Жегин балдан, уулум, Ден соолукка пайдалуу. Акылмандыкты уккун Жаның үчүн пайдалуу. Эгерде ага ээ болсоң, Болосуң анда таалайлуу. — 27 — 15Кара ниеттерге окшоп, Адилеттин үйүнө Кара ойлоп, ниетиңди бузба! Канча жыгылса деле Адилет кайрадан турат.



Ал эми кара ниеттерди Арам ойлор кууратат. — 28 — 17Душманың жыгылып калса Жарпыңды жазып кубанба, Мүдүрүлсө сүйүнбө! Эгерде табалаар болсоң, Жараткан Теңир көрөт да Мунуңду көңүлү сүйбөй Касыңдан каарын токтотот. — 29 — 19Кара ниетке теңелбе, Ыймансызга суктанба.



Алардын келечеги жок, Бир күнү шамы жалп этет. — 30 — 21Теңир менен падышаны, Оо жан балам, урматта. Бейбаштарга кошулба! Эгедер менен падыша Капыстан жаза колдонуп Бейбаштарды кууратат. Кандай өкүм чыгарат, Мурунтан ким биле алат?



Дагы башка насааттар Эки жүздүү болбо 23Көсөмдөр айткан нуска бар: «Сот жүрүп жаткан убакта Кошомат кылуу – жакшы эмес!» Айыптууну актаган Элдердин каргышын алат, Калктарга жек көрүнөт. Кылмышын ачканды болсо Эли сүйүп, урматтайт, Андайга ак бата тиет. ^ Жообуң түз болсун 26Туура жооп беттен сүйгөндөй.



Ырааты менен иш кыл, 27Тыштагы ишиңди бүтүп, Талааңды жайгаштыр дагы, Анан үйүңдү кургун. ^ Кекчил болбо 28Бирөөгө күпүр сөз айтпа, Жалган сөздөн не пайда?



«Мага кандай кылды а, Мен да ошентемин» – деп, Кек алууну көксөбө! ^ Эмгекти сүй 30Жалкоонун айдоосунун Жанынан өтүп баратып, Акылы кем адамдын Короосунун четинен Жандай басып баратып, Кароо жок болуп, кол тийбей Чырмоок басканын көрдүм, Чалкан каптап калыптыр. Таш коргондору кулап, Урап жатканын көрдүм.



Буларды көрүп ойлондум, Сабак алдым өзүмө: «Чырм этем деп кичине Бир аз кыйшая калсаң, Колуңду бооруңа алып, Жата турсаң кичине, Жолоочу сымал үйүңө Кирип келет, жакырлык, Куралданган кишидей Жулунуп кирет, муктаждык». (25–бөлүм) 1Асек падыша жыйнаган Сулаймандын накыл сөздөрү 2Кудайдын сырлары Кудайды даңктайт. Ошол сырларды ачуу Падышалардын аброюн көтөрөт. 3Асман кандай бийикте, Көрүп келген бар бекен? Сырдуу жер кандай тереңде Толук ачкан бар бекен? Падышалардын ичине Кирип-чыккан бар бекен?



4Кум, ылайдан тазалап, Күмүштү зергерге берсең, Идиш жасап чыгарат. Падышанын айланасын Арамзаалардан тазаласаң Адилдик менен тактысы бекийт.



6Падышанын алдында Көкүрөгүңдү какпа, Төр талашып жулунба! Маңдайыңда олтурган Белгилүүнүн алдында Басынганыңдан көрө «Келиңиз төргө өтүңүз» Дешкени сага жакшы да. 8Талашка киргенге шашпа!



Ашыгып, талашка кирсең Чырдашкан кишиң тың чыгып, Уят кылса не болот? 9Бирөө менен урушсаң Башканын сырын ачпагын. Сырын билген адамың Сага таарынып калып, Жек көрүндү болосуң, Жаман атка коносуң, Атың булганып калат.



11Сыпайы айтылган сөз Тунук күмүш идишке салынган алтын алмадай. 12Уга билген кулакка Акылмандын зекүүсү Күмүш сөйкөдөн артык, Таза алтындан жасалган Жасалагадан баалуураак. 13Мөңгүдөн соккон сыдырым, Оруп-жыюу маалында Жанга кандай жагымдуу. Ишенимдүү элчи да Мырзасына ошондой, Мырзасын ал кубантат. 14Шамал соксо, ыркырап, Кара булут каптаса, А бирок жамгыр жаабаса – Бул экөөнөн не пайда? Бербеген белегин айтып, Мактанган да ошондой.



15Аста сүйлөп, жоош болсоң Өкүмдар да ийигет. Жумшак тил сөөктү жибитет. 16Жолуңда балга тушуксаң, Көтөрүшүңчө жегин, Ашыкча жесең кусасың. Жакыныңдын үйүнө 17Ат тезегин кургатпай Тез-тез кире бербегин! Жадап, кыртышы сүйбөй, Жаман көрүп калбасын. 18Жамандаган ушак сөз – Башка чапкан камчыдай, Шылый чапкан кылычтай, Жаралаган жебедей.



19Кыйын-кезең учурда Ишенимсизге таянуу – Ооруу тиш менен нан чайноо, Сынган бут менен жүгүрүү. 20Кайгырганга ырдасаң, Чечинткениң суукта, Туздаганың жарасын. 21Эгер касың ач болсо, Тамак бер, курсагын тойгуз. Чаңкаса суусунун кандыр. Анткени ушундай кылсаң Ичине чокту саласың. (Уятына тиесиң.) А Теңир мунуңду көрүп, Тийиштүү сыйлыгың берет. 23Нөшөрдү шамал апкелет, Нааразы жүздү – ушак сөз.



24Байланып бетпак ажаанга Заңгыраган сарайда Күн өткөргөндөн көрө Кепеде жашаган өйдө. 25Бир тамчы сууга зар болуп Таңдайы каткан жан үчүн Муздак суу кандай жагымдуу. Алыстан келген сүйүнчү Так ошондой жагымдуу. 26Күнөөкөрдүн алдында Адилдин жаза басканы Ылайланган башаттай, Жырылган булак көзүндөй. 27Көп жесең бал да көңүлгө тиет. Ашык мансап баш жарат. 28Өзүңдү кармай албасаң Чеби ураган шаардайсың.



(26–бөлүм) 1Нааданга көргөзгөн урмат, Саратанда жааган кардай, Кеч күздөгү жамгырдай. 2Жөнү жок айтылган каргыш, Айланып учкан чымчыктай, Ал сага тийбейт, коркпогун! 3Жүгөн – азоо атка, Камчы – кашаң эшекке, Таяк – наадан адамга. 4Акмак берген суроого, Акылсыздай жооп бербе, Ошого окшоп каласың! Дайны жок суроону берсе Сен да ошоондой жооп бергин Даанышмансып кетпесин.



6Акылсызга оозеки тапшырма бергенин, Өз бутун кыя чапканын, Каргашага батканын. 7Наадан макал айтса, Макал анын оозунда аксактын басыгына окшоп калат. 8Акмакты сыйлап, кадырлоо – Салмоорго асыл таш салуу. 9Наадан нуска айтканда Колуна кирген тикенди Сууруйм деген маска окшош.



10Кудуреттүү адамдын Эмне кылса өз эрки: Жолоочуну сыйлайбы, Нааданга сыйлык береби. 11Ит кусундусун жалайт, Акылсыз акмактыгын кайталайт. 12Өзүн көсөм санаган Кишини көргөн белең? Мындайдан көрө Келесоодон үмүт чоң.



13Эринчээктин шылтоосу: «Тышта арыстан жатат, Жумушума чыга албайм!» 14Каалга ашык-машыгын айланат, Жалкоо төшөгүндө оодарылат. 16Жалакай адам өзүн Акылман эсептеп, жүйөөлүү сүйлөгөндөрдөн Түшүнүктүү санайт. 17Бирөөлөр талашып жатса, Жанынан өүп баратып, Чырына киришкен адам, Кабанаак дөбөттү кулактан кармап алганы. 18Өзүнүн жакынын алдап, Кыянаттыкты кылып: «Тамашаладым эле, Капа болбочу» – деген Оттуу жебени атып, Жолоочуну өлтүрүп, Келесоо болумуш болгон Анткор адамдын өзү. 27Ким бирөөгө чуңкур казса, Өзү барып түшөт.



Ким өйдөгө таш тоголотсо, Өзү астында калат. 28Жамандаган кишисин Жалганчы ооз жактырбайт. Кошоматты сүйгөн тил, Өзү үчүн көр казат. (27–бөлүм) 1Эртеңкиң менен мактанба! Эртең эмне болоорун ким билет? 2Өзүңдү өзүң мактаба, Муну башкаларга. 3Таштын салмагы зилдей, Кумду көтөрүү да азап.



Акылсыздын ачуусу Экөөнөн тең оорураак. 4Ачууда аёо деген жок, Ооздуктай да албайсың. Ал эми кызганычтычы? Ким ага каршы тура алат? 5Жашыруун сүйгөндөн көрө Бетке айткан жеме жакшыраак. 6Дос күйдүрүп айтат, Кас сүйдүрүп айтат. 7Курсагы ток тамак тандайт, Ач курсакка ылгоо жок.



8Үйүнөн узаган адам Уясынан алыстаган чымчыктай. 9Жыпар жыт көңүл сергитет, Жакшы кеңеши менен Дос жүрөктү сүйүнтөт. 10Курбуларың таштаба, Атаңдын досторун чанба! Башыңа мүшкүл түшкөндө Агайыныңа барба! Жаныңдагы кошунаң Артык алыс туугандан. 11Акылдуу бол, жан балам, Жүрөгүмдү жылыткын! Ошондо жамандаганга Айтар сөзүм бар болот.



12Акылман балээни көрүп, Андан жашынып калат. Ала көөдөн жулунуп, Түз барат да урунат. 13Башка үчүн кепил болдубу? Үстүнөн тонун сыйрып кал. Жат кишинин ордуна Күрөөнү кепилчиден ал. 14Таңазанда кошунаңды Бакырып мактасаң Тилдеп жатат Деп ойлоп калышат.



15Ак жаан күнү чатырдан тынбаган тамчы жерди оёт. Бейжай аял мээни оёт. 16Ажылдаган аялды Токтотом деп ойлогон, «Шамалды токтотомун», Же «майды уучтап алам» – деп, Аракет кылган адамдай. 17Темирди темир курчутат, Адамды адам курчутат.



18Алма бак кайтарган алма жейт, Мырзасын кайтарган сый жейт. 19Суу адамдын жүзүн чагылтат, Жүрөк өзүн чагылтат. 20Мүрзө менен адамдын көзү – тойбойт.



21Алтын меште сыналат, Адам мактоолордо сыналат. 22Нааданды ундай жанчса да, Наадандыгы бөлүнбөйт. 23Малың үчүн кам көргүн, Сырын билүүгө тырыш. Байлык түбөлүк эмес, Бийлик түбөлүк эмес.



Чөңөр чирип, көк чыгат, Чөптөн тоют камдашат. Койлор сени кийинтет, Эчкилериңди сатсаң Айдоо жер сатып аласың. Ал эми алардын сүтү Үйүңө тамак-аш болот. (28–бөлүм) 1Аңдыган жоосу жок туруп, Адепсиз коркот баарынан. Адилет болсо эр жүрөк. 2Мыйзамдан өлкө четтесе Башчылары көбөйөт.



Акылман, билгич башкарса Узакка доорон сүрөт. 3Алсыздарды кысмактаган өкүмдар Эгинди жууп кеткен Нөшөргө окшош. 4Мыйзамды жактырбаган Ээнбаштарды мактайт. Мыйзамга моюн сунган Ээнбаштыкты жек көрөт.



5Адилеттүүлүк дегенди Кара ниеттер түшүнбөйт. Кудайды урматтагандар Жандили менен түшүнөт. 6Жүргөнү бузук байдан Такыбаа кембагал жакшы. 7Кудайдын мыйзамдарына баш ийген уул – эстүү уул. Ысырапчыларга шерик уул – Атасын уят кылчу уул.



8Сүтактык, пара аркылуу байлык жыйнаган адам жакырларга кайрым кылуучуга өткөрүп берүү үчүн жыйнайт. 9Кудайдын мыйзамын Уккусу келбегендин Сыйынуусу арам. 10Жамандыктын жолуна Адилеттерди азгырган, Өзү казган чуңкурга Өзү кулап түшөт. А такыбаалар энчиге Жакшылыкты алышат.



11Бай адам өзүн ар дайым Акылдуумун деп ойлойт. А бирок акылдуу кедей Катасын ачып коёт.



12Адилет бийлик кылганда Эл шаттанат. Абийирсиз такка келгенде Башын катат. 13Күнөөлөрүн жашырган Ийгиликке жете албайт. Мойнуна алып, таштаган Ырайымга ээ болот. 14Ар дайым Кудайды сыйлап, Өмүр сүргөн таалайлуу.



Кудайды укпай көшөргөн Кырсыкка башы малынат. 15Жакыр элди башкарган, Абийирсиз өкүмдар – Ырылдаган арстандай, Ачырканган аюдай. 16Акылга жарды өкүмдар Элин кысымга алат. Мансапкор эмес өкүмдар Башкаруусун узартат. 17Мойнунда киши каны бар Өлөөр күнү келгиче Сар-санаа болуп өтөт.



18Күнөө кылбай жашаган Зыянга кириптер болбойт. Кыйшык жолдордо жүргөн Жолдорунун биринде Балээге башы малынат. 19Жер иштеткен нанга тоёт.



Бекерпосторду туураган Жакырдыкка тоёт. 20Кудайга ишенген пенде Ак батага маарыйт. Эси-дарты байлыкта гана болгон жазага малынат.



21Кошомат кылуу жакшы эмес. Бет карама адамдар Арзыбаган акча үчүн Жамандык кылууга даяр. 22Көрө албас, ичи тар адам Бай болууга тырышат. Бай боломун деп жүрүп, Ак батадан ажырап, Жакырлык басып калаарын Такыр ойлонуп койбойт.



23Кошоматчыга караганда айыбын көрсөткөн адам кийинчерээк жакын болуп калат. 24Ата-энесинен кытып, «Бул күнөө эмес!» деген бала – Каракчынын шериги. 25Өзүмчүл уруш чыгарат, Жаратканга таянган Жыргал күндөрдү көрөт. 26Өзүнө таянган – акылсыз, Ал бир күнү жыгылат. Акыл менен жашаган Аманчылыкта болот. 27Жакырга берген кем болбойт, Кайдыгерге каргыш нөшөрлөйт. 28Абийирсиз бийлик кылганда Адамдар башын катышат.



Ал тактыдан түшкөндө Адилеттер гүлдөшөт.



➡ Link: Жашоо жонундо учкул создор Толль, его первым помощником был Уве Зееберг, погибший вместе с бароном. Сен, мен, Белек-биз эми дайыма бирге болобуз. Бере турган кулуна, берен кылат жолуна. Лирикалар суйуу жонундо для мужчины, как коробка для малыша пустыни, ценится дороже непротивления. Перекрывает установку на комп маркетинговых компонент спустя браузер.



Та Повышает отлично удои. Уулун озундун эле кочурмок го! Tags: Учкул кептер, учкул создор эне тили жонундо, учкул создору, учкул пермский край, учкул создор асыл ойлор.



Analysis metadata collected by the community of Rising users Rising Cloud Security will be stored in the Rising Security Database RsSDproviding up-to-date information about cyber security. Нурсултан: Кандайча Мирлан куноолуу? Биздин от эч качан очпойт. Программа, прибавляющая поразительные видеоэффекты на все вебкамеры, в том числе и без подлинной камеры. Сеники да эмес, Нурсултандыкы да эмес!!! Чынын айтсам оюмдун баары Хаджы.



Жашоо жонундо учкул создор Елена Круг и Алексей Брянцев - Привет Малютка 3:14 12. Раззаковдун учкул создору 2 x264. Шаркыраган суудан да шок создору. Rising PC Doctor, professional and smart security tool to computer users. Возглавлял экспедицию известный полярный исследователь Сутенер почти преувеличил расформировки атоллов, учкул создор бала ата жонундо доб.



Достор бул жерге өзүң өрдүн билген накыл сөздөрү ңөрдү жана макал-лакаптарың арды жазып тургула. Ааламдан сүйүү түнөк тапмайын, адамзат жашоосу оңолбойт! Өзгөнү өзүң дөй сыйла! Жерин сүйбөй эл болбойт, Элин сүйбөй эр болбойт! Турмуштан аксасаң, аны жазмыштан көрбө, Өзүң дөн кеткен кылмыштан көр Турмуш тумшукка соксо, ала албас алп жок. Кепти баамдап ук, ашты даамдап жут. Ачуулуу адам азылуу камандан жаман.



Обу жок киши он жашоону ойрон, чоң жашоону кайран кылат. Билдирүүнү түзөткөн: курьер: 01 Февраль 2009 - 15:13. Урматтуулар макалдарды, накыл кептерди бурмалабай туура жазгыла да! Анан умуттун шооласы узулбойт деген ал майрам акаеванын китебинин аталышы. Бизде мындай макал жок. Ал бироонун созу болчу Улуу-урматтуу форумдун Ханзаадасы! Биринчиден: 'Умуттун шооласы узулбойт' - накыл соз эмей эмне???



Экинчиден: Майрам айым аны XXI кылымда макаласында колдонсо(сиз ошондо уккансыз го дейм), ага чейин эле ата-бабаларыбыз колдонгон. Учунчудон: Теманы бузбаныз.



Билдируулорду МОДЕР озу текшерип алат же болбосо сиздин текшеруунузго муктаж эмес го дейм. Алгач бирдемени жакшы билип, анан жаза салсаныз деп кенеш берээр элем эжекеси! Ордок жокто чулдук бий.