СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Туура тамактануу - ден-соолукка пайдалуу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Туура тамактануу

Просмотр содержимого документа
«Туура тамактануу - ден-соолукка пайдалуу»

Сабактын темасы: Туура тамактануу – ден соолукка пайдалуу

Caбактын максаты:

1. Окутуу: Окуучуларга тура тамактануунун мааниси жана озгочо оспурум кезинен тура тамактанууга конугуу керектигин тушундуруп , тазалыкка, тамактануунун режимин сактоого тарбиялоо.Рационалдуу тамактануунун принциптери жонундо малымаат беруу.

2. Тарбиялоо: Озунун тамактануусуна жоопкерчиликтуу мамиле тузуу

3. Өстүрүү: Озунун шаарында же айылында экологиялык абалга анализ жургузуу.

Сабактын жабдылышы: Анкета бланктары, ар турдуу аш болумдуу заттары бар тамак аштын суроту тартылган таблица, тема жазылган плакат, макал-лакаптар жазылган плакаттар, гигиена эрежелери тууралуу ырлар жазылган плакат.

Сабактын журушу: 1 Уюштуруу ( жоктоо, сабакка даярдыгын,

плакаттарды илинуусун козомолдоо)

2 Анкета алуу

3 Жаны тема боюнча маек.

4 Гигиенаны сактоо боюнча көрүнүш

5 Эксперимент

6 Сабакты жыйынтыктоо

7 Кийинки сабакта отулуучу теманы айтуу.

Негизги создор: 1 белоктор, 2 вегетарианчылык, 3 витаминдер, 4 гастрит,5 майлар, 6 ичегинин иштеши, 7 углеводдор.

Теманы негиздоо:

Мектеп окуучусу озунун тамактануусун анын составын жана сапатын толугу менен козомолдой албайт. Бул маселени ал учун чондор чечет. Ошондуктан окуучулар рационалдуу тамактануунун озу жашаган жерде мумкунчулугу,ошондой эле традициялуу тамактануунун схемасы жана жаны социалдык-экономикалык шартта тамактануунун гигиенасынын жетишпегендиктери жана баалуулугу жонундогу маалыматка муктаж.

Анкета жургузуу

1 Мен шорпону жаман кором жана ошондуктан аны итимдин тамагына куюп коём.

2 Мен кээ бирде эртен менен тамактанууга жетишпей калам.

3 Мен дайыма уктаардын алдында абдан тоюп алууга аракеттенем.

4 Жашылчаны абдан жаман кором,ошондуктан дайыма тарелкамдан тыкаттык менен сузуп салам.

5 Тамактануунун алдында мен дайыма тамактын калориялуулугун эсептейм.

6 Мен кургак эле нан эмес, боткону да , ал турмак компотту да жакшылап майдалап жеш керек, 33 жолу сааттын стрелкасы менен жана ага каршы ошончо жолу деп эсептейм.

7 Тамак ичип жатканда жаны китепти окуу абдан жакшы.

8 Мен уйго кетип бара жатканда бир нерсе сатып алып жолдо чайнап барганды жакшы кором.

Бул анкетада силер «Ооба» деген жооптун саны канча. Ал бир ооба деген жооп озунордун тамактануунарга жакшырак конул буруунарды корсотот. Албетте, тамактануусу идеалдуу болгон бир да адам жок. Канча адам болсо ошончо тамактануунун стили бар. Бирок талкуулай турган бир нече суроо бар.

Маек

«Туура тамактануу» деген эмне?

«Туура тамактануу»-бул адам озун жакшы, конулу ачык сезе тургандай болуп тамактануу, бирок бул убакта ушул учун эле тамактануу керек экендиги жонундо такыр ойлонбоо керек. Силер озунорду жаман сезип же «эмне жеп алдым экен» деген ойдун курчоосунда калганда гана туура тамактанып жатасынбы деген суроо туулат.

Биздин организм-бул озун жонго салуучу система. Ал кантип жакшы тамактануу боюнча атайын билимге муктаж.

Бирок бул жашаган турмуш-маданияттуу адамдардын турмушу-копчулук убакта биздин организмди жолдон чыгарат. Ошондо ага биртике жардам беруу керек. Бирок качан жана кантип жардам берээрди билуу керек.

Бизге кандай тамак керек?

Бизге керектуу тамак туру-бул бизге жакшы тааныш жана чама келе турган тамактардын туру.

«Бодибилдинг тамагы»( денени куруучу тамак ):озубуздун денебизди куруу учун керектуу болгон тамак азыктары .

Белокко бай тамак азыктары:

1 Осумдуктордон алынган-буурчак сымал(буурчак,тоо буурчак,соя,маш буурчак,арахис-жер жангак)жана кадимки жангак(фундук,грек жангагы)

2 жаныбарлардан алынган-жумуртка,эт,балык,сут

3 козу карын (андат белок эттегидей эле)

Бул топко кирген азыктар темирге (кандагы гемоглобиндин жаны молекулаларын куруу учун организмге керектуу) жана калцийге бай (соокту остуруу учун керектуу).

Элдин тамак-ашындагы белоктун улушу-мамлекеттин байлыгынын корсоткучу.Бай олколордун тамак-ашынын рационунда белок коп,ал эми кедей олконун тургундарынын рационунда ал аз,бирок углевод абдан коп.

Айрыкча суроо: Вегетарианчылык деген эмне?

Бизди олкодо вегетарианство кедейликтин негизинде,мода,жашоо стили жана диндик коз караш сыяктуу жашап келет. Вегетарианчылык озу жакшы да жаман да эмес.Илгертеден эле адамзат этсиз эле жакшы жашап келгендиги белгилуу.Негизгиси тамак азыктарында белоктун жетиштуу олчомдо болушун буурчак жана сут азыктарын тамакка кобуроок кошуу менен камсыз кылуу.Бирок созсуз турдо томонкуну эске алуу керек:

1 Традициялуу вегетарианчылык –ысык олколордун озгочолугу.Ал жакта эн кедей адамдар да ар турдуу жер-жемиш менен камсыз болушкан .

2 Ар кайсы олколордун элдеринин тамактануусун салыштыруу суук жана тоолуу райондордо традициялуу вегетарианчылык жок экендигин корсотту.Туштук олколорунун тургундарына караганда тоолуу жана тундук олколорундо жашоо учун адамдар коп энергияаны сарптоого туура келет.Кыргызстанда-тоолуу олкодо-копчулук элдер традициялуу эт кошулган тамактарды,айрыкча адам куч келтируу же акыл эмгеги менен катуу иштегенде колдонушат.

Эгерде силердин уйбулодо акча жагынан тартыш болуп турса, анда белогу коп болгон арзан тамак азыктарын колдонгула.

Бул майга жана углеводго бай тамак азыктары:

1 Майга бай тамак азыктары:малдын майы,чалган май,осумдук майы.

2 Углеводго бай тамак азыктары: картошка,банан,кумшекер,бал,куруч,жугору жана андан жазалган бардык тамактар.

Бизге кандай майлар керек?

Бул суроого жооп беру,биздин кайда жана кандай турмушта жашаарыбыз байланыштуу болот. Малдын майында органзмди журок-кан оорусуна алып келуучу зат бар экендиги далилденген. Ошондуктан онуккон олколордун тургундары жана айрыкча акыл эмгеги менен иштеген адамдар рациондон малдын майын алып салууга аракет кылышат. Алар анын ордуна осумдук майын же маргарин колдонушатю

Эгерде адамдар оор жумуштарды аткарса,коп кыймылдаса,спорт менен машыкса же жон эле бийик тоодо жашаса ага малдын майы абдан керек.

Таттуу зыянбы?

Бардык таттууда глюкоза бар. Ал универсалдуу энергиянын булагы. Глюкоза-биздин мээни энергия менен камсыз кылуучу жалгыз зат. Ал бат синет жана оозго кирээри менен бир нече муноттон кийин эле иштей баштайт. Глюкоза айрыкча мектеп окуучулары учун абдан керектуу. Андан башка акыркы жылдары глюкозанын конулду котороору белгилуу болду . турмушубузда байкалган жагымдуу сезимдердин 80% биз тамак жео убагында – углеводдун эсебинен алабыз.

Бирок томонкулорду эске туюу керек.1 Пирожныйлардын жардамы менен дайыма конулдуу которуу аракети семирууго эле алып келет. Эгерде силердин конулунор чогунку болсо анда таттуу жеп алып ойлонуп коргуло . Конулсуздуктун себебин тапкандан кийин аны четтету керек.Ушудан кийин конфетсиз эле конул которулот.

2 Таттуу кариекске жол ачат,(кичинекей талкалоочу булагы болгон тиштин оорусу. Ал бара бара чоноё берип,акыры тишти толугу менен бузуп бутот.Дарыгер тишти тазалап туруп пломба коёт)ошондуктан оозду дайыма чайкагыла. Муну ар бир тамак жегенден кийиин жасаш керек(чийки сабиз жана алманы жегенде тишти тазалабаи деле койсо болот)

3 Керектуу глюкозаны кант менен конфетадан алганча бал жана жер жемиштен алган дурус .

Коргоочу тамак”: биздин организмди ар кандай оорулардан сактап турууга жардам беруучу азык .

Бул азыктар витаминдерге бай:

1 бардык жер жемиштер

2 копчулук жашылчалар

Кочкул жашыл тустогу жашылчалар сары жана кызыл тустогу жашылчаларга караганда пайдалуурак.

Витаминдер- бул организмге керектуу жумушту аткарууга жардам беруучу майда молекулалар. Ал татаал белокторго «ачкыч» катары кызмат кылат.

Эмне учун жашылчаларды чийки жеш керек?

Копко кайнатканда витаминдер жок болуп кетээрин эсине туй: жашылчаларды салат турундо же жогорку температурада бир аз кармап туруп колдонуу керек. Эгерде бардыгын туура жана конулдонуп жасаса албетте даамду болот.

Чийки жашылчада-сабиз, капуста, турп жана башкаларда витаминдерден сырткары целлюлозанын узун молекулалары да бар. Ал анча деле баалуу зат болуп эсептелбейт, бирок ичегикарындын иштешине абдан керек. Чала бышкан суюк тамакты ичеги карын аркылуу жиберуу тиш пастаны пластикалык трубадан откоргонго эле барабар. Ал эми клеткача болсо буларды жасаганга жардам берет (перистальтика- ичегинин бети аркылуу толкун сыяктуу отуу). Ошентип ал бизди ич каткандан сактап калат. Иштетилген клеткача бул касиетке анча ээ эмес. Гигиена тууралуу окуучулардан корунуш: Чымын айланып таштандыга конду. Анда бир нерсе таап жемекчи болду. Бир кезде былжыраган бир сасык нерсе тапты. Ал акыр- чикирдин ортосунда жатты. « Корчу, жагымсыз жытты, мунун канылжаарды жарат. Бирок, айла канча, кантсе да бул- тамак!»- деди. Ошентти да сасыктыгына карабай жеди. Карды жарылганча тойду. Анан канатын керип – чойду. Тойгон сон учпай коюш эппи. Дынылдап аран эле ашкананын оозуна жетти. Мен-Кир чымынмын, мен силерге озумдун жыргал турмушум тууралуу айтып берейин. Озумдун досторум жана туугандарым-чымындар менен жакшы уйдо бейкапар жашайм. Бул уйдун тургундары биздин адаттарыбызды билишет жана бизге жардам берет. Алар тамак-ашты ачык ташташат, даараткананы жаппайт, уйдун тегерегин таштандыга толтурушат. – Мына, даамдуу жыт!Мен энсеген тамак ушу!- деп, тойгонун билбеген акоз чымын дасторкондогу бети ачык калган тамакка барып конду. Ошол маалда сабактан ушул уйдун баласы келди. Колун жуубастан дасторкондун устундогу тамакка козу тушту.

- Ооо! Даяр тамак бар турбайбы. Ай, колду жуубай эле коеюнчу, эртен менен эле жуубадыь беле! Бала бети ачык туруп калган тамакты жеп, ошондой эле бети ачык калган сууну ичип, ичеги-карын оорусуна тап болот. Ооругандыгына байланыштуу сабакка да барбайт. Бир куну классташ кыздар балдары келишет. Алар баланын ал акыбалын сурап, оорунун себебин да табышат. Классташ балдар кыздары ага тура тамактанууну, тамак-ашты таза кармоону айтышып, тегеректеги акыр-чикирлерди тазалап, чымындарды жок кылышат да, баардык окуучуларга томонкулорду айтып берет.

Гигиена тууралуу балдар эмнени билуу зарыл?

Балдар буларды жакшы билиши керек: Оорулардын кобунун кесепети гигиена эрежелерин сактабоо болуп саналарын. Бул эрежелерди сактабаганда организмдин ичине зыяндуу микробдор кирет. Колду тамактын алдында жана кирлерди кармагандан кийин самындап жууп, коптогон ооруларды алдын алса болот; Даараткананын эмнеге колдонот жана аны тазалыкта кантип кармоо керектигин билу керек; Балдардын заны абдан коркунучтуу экендигин билун зарыл; Кирлерди кантип жок кылуу коопсуздугун; Кичинекей балага кантип тазалыкты уйротуу керек; Таза суу жана ичууго коркунучсуз болгон суну кантип сактоо, аны кантип, кайсы жерден табу жана колдонуу туралуу;

Тамакты коркунучсуз болуш учун кантип даярдоо жана сактоо керектигин;

Тамактын бардык калдыктарын жок кылуу учун идишти кантип жуушту;

Чымындар микробду таратарын, чымындар кайсы жерде кобойорун, анын санын азайтуу учун эмне кылуу керек экендигин;

Ичеги-карын оору коркунучун азайтуу учун тиричилик калдыктарына кандай мамиле кылуу керек экендигин билуунун зарылдыгы.

Окуучулар: Ичеги-мите курттарынан сактангыла!

Жуубай колду жүрсөнөр,

Арыктан суу ичсенер,

Жемишти жуубай жесенер

Бизге болот майрам-той

Ичиңерде “сойломой”.

Бышырбай этти жесеңер,

Кол жууганды унутуп,

Тамакты шашып ичсеңер:

Ошондо биз “жүгүрүп”

Толобуз ичке “сүйүнүп”.

Көчө толо көп тамак,

Балдар алып жеп калат.

Тез тамактын зыянын,

Ооруганды байкабайт.

Тазалыкты сактабайт,

Тамак жасап сатышат.

Акча болуп максаты,

Адамдарды аябайт.

Эмне кылып жуурат,

Камырын да билбейбиз.

Ичиндеги даамын,

Тез даярдайт не дейбиз.

Айтор алып жебе деп,

Айткандарын эстейбиз.

Тамактануунун гигиенасы жөнүндө эмне билесиңер?

Биз жашаш учун тамак жейбиз, бирок тамак жеш учун жашабайбыз.

Изилдоочу иштер

Мугалимдин созу:Биз ичип жаткан суу, жеп жаткан тамак сыяктуу эле организм учун маанилуу. Суунун сапатын баалаш учун, биз чакан издоочу иштерди жургузобуз.

Сууну кайдан алабыз!

Тапшырма: Силердин айылдын элдери сууну кайсы булактан алаарын, булактын кандай жайгпашанын, суунун сапаты кандай экенин ким жана кандай максат менен колдонорун тактагыла.

Дааратканалар суу булактарын кантип булганаарын корсоткон эксперимент жана аны корсотуу.

Балдарга чон идиш тапканга жана аны кум менен толтурууга комоктошкуло. Идиштин тубуно суу жер алдында топтолгондой болуп «жер астындагы бассейнди» пайда кылат. «Кудук». Тубу жок цилиндрди кумга анын кыры суунун денгелинен ылдый болчудай кылып орноткулаюю. (пластик ботолкосу усту жана тубу жок кылып пайдаланса болот). Цилиндрди кумдан тазалап койгула. Цилиндр «кудукту» элестетет. Цилиндрде суу пайда болот. « Даараткана». Кумга колому кичинекей цилиндрди жайгаштыргыла. Бул «даараткана» . Боелгон суну мисалы: сыяны «дааратканага» куйгула. Бул кир калдыктарды элестет. Сыя «жер алдындагы бассейнге» отот да, суну боеп салат. «Кудуктагы» суу да боелуп калат.

Балдардан томонкулорду сурайм:

Экспериментти тартып аны тушундуруп берсин;

Бул экспериментти башка класста откозушсун.

Сабакты жыйынтыктоо учун суроо-жооп.