Сабактын темасы : Түз сызыктуу бир калыптагы кыймыл.
Сабактагы өтүлүүчү материалдар жана тапшырмалар:
Инерциалдык жана инерциалдык эмес эсептөө системалары;
Жолдун, ылдамдыктын формуласын пайдаланып маселе чыгаргыла;
Сабактын критерийлери:
Инерциалдык жана инерциалдык эмес эсептөө системаларын айырмаласа;
Жолдун, ылдамдыктын формуласын пайдаланып маселе чыгарса;
Биргелешип иштөө менен студенттердин коммуникациялык инсандык сапаттары калыптанса;
Сабакка активдүү катышса;
Кайталоо үчүн жана жаңы темага өбөлгө түзүүчү суроолор:
“Физика” деген сөз эмнени түшүндүрөт ?
“Физика” сабагы эмнени үйрөтөт ?
“Жаратылыштагы кубулуштар” деп эмнени айтабыз, мисалдарды келтиргиле ?
Физика сабагы кандай бөлүмдөрдөн турат ?
Физика илимине салым кошкон окумуштууларды айтып бергиле ?
Физикалык чоңдуктар жана чен бирдик деп эмнени айтабыз ?
Жаңы тема:
Физика механикалык кыймылдарды изилдөөнүн натыйжасында топтолгон билимдердин системасын жалпы түрдө маханика деп атайт.
Механика кинематика, динамика жана статика деген бөлүмдөрдөн турат. Кинематикада телонун ар түрдүү кыймылдары математикалык түрдө жазылат. Мындай кыймылдарды мүнөздөгөн чоңдуктардын ортосундагы байланыштар аныкталат. Бирок, анда “тело эмне үчүн ушундайча кыймылга келет” деген талдалбайт. Бул суроого динамикада каралат. Демек, кинематикада “тело кандайча кыймылдайт” деген суроого жооп табылат. Ал эми статикада телонун кандай шарттарда тең салмактуу абалда болору изилденет.
Убакыттын өтүшү менен нерсенин абалынын башка нерсеге салыштырмалуу өзгөрүшү механикалык кыймыл деп аталаары белгилүү. Механикалык кыймылдардын эң жөнөкөйү – түз сызыктуу бир калыптагы кыймыл болуп эсептелет.
Убакыттын ар кандай барабар аралыгында нерсе бирдей узундуктагы жолду басып өтсө анын кыймылын бир калыптагы кыймыл дейбиз. Эгерде траекториясы түз сызык болсо, анда ал бир калыптагы түз сызыктуу кыймыл болот. Мисалы, Бишкектен Ошко бара жаткан автобус 1 саатта 60км, 2 саатта 120 км, 3 саатта 180км ж.б аралыктарды түз жол менен басып өтсө, алардын кыймылдарын түз сызыктуу бир калыптагы кыймыл деп эсептөөгө болот. Түз сызыктуу бир калыптагы кыймылга мындан башка да мисалдарды келтирүүгө болот.
Ылдамдык. Кыймыл абалын мүнөздөө үчүн кыймылдагы нерсенин ылдамдыгы деп аталган физикалык чоңдук , киргизилет, ал багытка ээ болгондуктан вектордук чоңдук, ошондуктан
тамгасынын үстүнө
белгиси коюлуп жазылат. Ал t убакыт бирдигиндеги нерсенин S басып өткөн жолун мүнөздөйт.
Убакыт бирдигинде нерсенин басып өткөн жолунун ошол жолду өтүүгө кеткен убакытка болгон катышы менен ченелүүчү чоңдук түз сызыктуу бир калыптагы кыймылдын ылдамдыгы деп аталат.
(1)
Ылдамдыктын багыты которулуштун багыты менен дал келет, убакыт скалярдык чоңдук.
Эгер нерсенин ылдамдыгы белгилүү болсо, анда каалагандай t убакыттагы жолду табууга болот, б.а.
S=
t (2)
(2) формула түз сызыктуу бир калыптагы кыймылдын тедемеси деп аталат.
Ылдамдыктын бирдиги (1) формула боюнча СИ де жазсак 1м/с.
(2) формулада
=const болгондуктан өтүлгөн жол, же которулуш убакытка гана көзкаранды. Ошондуктан түз сызыыктуу бир калыптагы кыймыл кезинде өтүлгөн жол, же которулуш убакытка түз пропорциялаш деп окуйбуз.
S(м) S(м)
О
t(c) О
t(c)
1-сүрөт 2-сүрөт
Инерциялдык жана инерциялдык эмес эсептөө системалары:
Биз бир нерсенин кыймылын караган кезде сөзсүз башка бир тынч турат деп эсептелген нерсеге салыштырмалуу алабыз.
Кыймылы каралып жаткан нерсеге салыштырмалуу тынч турган, же түз сызыктуу бир калыптагы кыймылга келген системалар инерциялдуу эсептөө системалары деп аталат.
Ушул эле атыктаманы төмөндөгүчө айтса болот: инерциялдуу системага салыштырмалуу тынч тургаан, же түз сызыктуу бир калыптагы кыймылга келген системалардын бардыгы инерциялдуу системалар деп аталышат, инерция закону аткарылган бардык эсептөө системалары деп аталат.
Мисалы, Галилейдин тажрыйбалары – Жердин инерциялдык эсептөө системасы экенин далилдейт. Бирок Жер жалгыз эле инерциялдык система эмес.
Инерциялдык эсептөө системалары эсепсиз көп. Мисалы, турактуу ылдамдык менен түз жол боюнча кетип бара жаткан поезд, машине, ж.б. да инерциялдуу эсептөө системасы болуп эсептелет.
Эгер кандайдыр бир эсептөө системасы инерциялдуу эсептөө системасына салыштырмалуу ылдамдануу кыймылга келсе, мындай системалар инерциялдуу эмес системасы болуп эсептелет.
Мисалы, Жерге салыштырмалуу тынч абалдагы нерсе (мисалы, дарактар) тормоздолгон поездге же жолдун бурулушунда кетип бараткан поездге же машинеге салыштырмалуу ылдамдануу алат.
Бышыктоо: Маселе иштөө
1. Жөргөмүш 0.2 м/с турактуу ылдамдык менен түз сызык боюнча жөрмөлөп, 10с да канча жолду өтөт.
Берилди: формула: чыгаруу.
=0.2 м/с
=
S=0.2
10= 2 м
t = 10c S=
t
S=? Жообу: S=2 м.
2. Байкоочудан 1700 км аралыктагы чагылгандын күркүрөгөн үнүн байкоочу 5 с дан кийин укту. Күркүрөөнүн ылдамдыгы качага созулат?
Берилди: формула: чыгаруу.
S=1700км
=
=
= 340000м/с
t=5c
=? Жообу:
=340000м/с
3. Як- 40 самолету Оштон Бишкекке 40 мүн убакытта келип жетет. Эгерде Ош – Бишкек аба жолунун узундугу 462 км болсо, Як- 40 тын ылдамдыгы канчалык?
Берилди: формула: чыгаруу
t= 40мүн
=
=
= 192.5 м/с
S=462км
=? Жообу:
= 192.5 м/с
Жыйынтыктоо:
1. Кандай кыймылды түз сызыктуу бир калыптагы кыймыл дейбиз?
2. Ылдамдык деп кандай физикалык чоңдукту айтабыз?
3. Жол менен которулуштун окшоштугу жана айырмасы эмнеде?
4. Түз сызыктуу бир калыптагы кыймылдын техдемеси кандай, аны кантип
окуйбуз? Графиги кандай сызык.
Үйгө тапшырма берүү:
1.Эки поезд бири-бирин көздөй 36 км/саат жана 54 км/саат ылдамдык менен келе жатышат. Биринчи поезддеги жүргүнчү, анын жанынан экинчи поезддин 6с ичинде өткөнүн байкады. Экинчи поезддин узундугу канча?
Берилди: Формула: Чыгаруу:
= 36 км/саат = 10 м/с
-
= 15 м/с – 10 м/с = 5 м/с
= 54 км/саат = 15 м/с Ѕ =
· t Ѕ = 6 с · 5 м/с = 30 м
t = 6с Жообу: Ѕ = 30 м
Ѕ = ?
2. 0,8 м/с ылдамдануу менен бара жаткан машине канча убакыттан кийин өзүнүн ылдамдыгын 24 м/с дан 40 м/с га чоңойтот?
Берилди: Формула: Чыгаруу:
а = 0,8 м/
а =
t = = 20 с
= 24 м/с t =
Жообу: t = 20 с
= 40 м/с
Баалоо: Окуучулар баалоо критерийлеринин негизинде бааланат