СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Убадага бек болгун! (Адеп)

Нажмите, чтобы узнать подробности

Убадага бек болгун! (Адеп)

Просмотр содержимого документа
«Убадага бек болгун! (Адеп)»



У БАДАГА БЕК БОЛГУН~ Мусулмандын негизги милдеттеринин бири, берген убадасын так аткаруу болуп эсептелет. Убадага бек болуу, өзүн- өзү урматтап-сыйлоонун жана сүйүктүү элчинин сүннөтүнө амал кылуунун белгиси. Аллах Таала: «Убадаңарды аткаргыла. Акыйкатта убадаңарды аткарганыңар тууралуу жооп бересиңер» – деп айткан. (Исра: 34). Ошондой эле: «…Ким өз убадасын аткарса, Аллахтан корксо… Чындыгында, Аллах такыбаларды сүйөт” – деген. (Алу Имран: 67). Абу Хурайра риваят кылган хадисте, Пайгамбар: (саллаллоху ъалайхи ва саллям ) – «Мунафыктын белгиси үчөө. Сүйлөсө жалган сүйлөйт, убада берсе аткарбайт, эгер аманат берилсе ага кыянат кы- лат» – деп айткан. (Муслим). Абу Хусна риваят кылган хадисинде мындай дейт: «Пайгамбар (саллаллоху ъалайхи ва саллям ) пайгамбар боло электе аны менен жолугушу- уга убадалашып, анан убадамды yнyтyп коюпмун. Үч күндөн кийин убадалашкан жерден өтүп баратып, Пайгамбардын (саллаллоху ъалайхи ва саллям ) мени күтүп отурганын көрдүм. Ал мага карап: – «Оо, жаш жигит! Мени кыйнадың го, сени үч күндөн бери күтүп олтурам» – деди. (Абу Дауд). Эй, бир тyyганым! Убаданы аткаруу – жакшы адептүүлүктүн белгиси. Бул кандай жакшы сыпат. Бирок, Аллахтын сөзүн унутуп, бул сыпатка ээ болбогон адамдар да кездешет. Аллахтын жек көрүүсүнө жана азабына ким чы- дай алат? Ушундай эскертүүлөрдөн кийин да “саат жетиде келем” деп убада берип, анан эч нерсе болбогондой саат сегизде келген адамдар бар. Ал байкуш канчалык зыян тартып жатканын кайдан билсин. Убаданы аткарбоо көп көйгөйлөргө себеп болот. Карызды өз убагында кайтарбай, убадалашкан келишимди бузуп коюу менен ортодо келишпестиктер пайда болот. Жумуштан кайткан кезде баласына жакшы көргөн нерсесин алып келем деп убада берип, убадасын аткарбаган адам жөнүндө оюң кандай? Бирөө досуна айтат имиш: Саат жетиде мени күтүп тур, эгер саат сегизде келбесем саат ондо кете бер. Кесиптештер менен жакшы мамиледе бол. Кээ бирөө бузулган буюмун оңдотуу үчүн уста досуна алып барат. Оңдоп бергендиги үчүн акы төлөөгө келген- де кечиктирет. Ушунун айынан эки достун мамилеси бузулат. Ошондуктан досторубузга айтарыбыз, эң биринчи досуң менен баасын келишип ал. Эгер келишим жакпай калса, экөөңөрдүн мамилеңер бузулуп калбоосу үчүн башка бирөөгө алып бар. Себеби, бул анын акысын кечиктирүүдөн жакшыраак. “Эсептүү дос айрылбайт” –деп бекеринен айтылган эмес. "ЖАШООҢДУ ӨЗГӨРТ" китеби.