СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Убакытты туура пайдалануунун жолдору.

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Бул сабакта убакытты кантип туура пайдалануунун убакытты кантип туура пайдалануунун жолдору жонундо маалыматтар камтылган.

Просмотр содержимого документа
«Убакытты туура пайдалануунун жолдору.»

Убакыт .

Убакыт

.

Г. Форд: «Менин байкашыма караганда, ийгилик ээлери – башкалар бошко өткөзгөн убакытты туура колдонуп, ошончолук алдыга озгондор»
  • Г. Форд: «Менин байкашыма караганда, ийгилик ээлери – башкалар бошко өткөзгөн убакытты туура колдонуп, ошончолук алдыга озгондор»
Күндөлүк жашоодо өз ара убакыттын кандай гана тездик менен өтүп жаткандыгын моюнга алгандыгыбыз ошол убакытты толук кандуу колдоно албагандыгыбыздан, бир топ иштерди жасаганга үлгүрбөгөндүгүбүздөн улам келип чыгат.

Учурда «убакыт-акча» термини коомчулукта кеңири колдонулуп, убакытка көңүл бурула баштады. Чындыгында, убакыт акчадан алда канча баалуу жана маанилүү. Адам баласына берилген башка баалуулуктарга салыштырмалуу бүгүнкү бизге берилген убакытты, акча же баалуу буюм сымал, эч качан эртеңки күнгө, кийинкиге сактап коё албайбыз. Убакыт өттүбү – өттү, ал сиздин колуңуздан учат, өтмүштүн энчисине айланат.

Убакыт учкан куш

Убакыт учкан куш

Күндөлүк план түзүп жатканда жасай турган иштерде карама-каршылыктар пайда болсо, “Эгер бул ишти азыр, бүгүн аткарбасам эмне болот?”, “Түпкү максаттарыма кандай таасирин тийгизет?” деген суроолорду өзүңүзгө бериңиз. Эгер жооптор өтө терс болсо, анда ал ишти, болгон күчүңүздү колдонуп болсо да, аткарууңуз керек.

Убакытты рационалдуу колдонуу боюнча адис М. Фортинонун аныктоосуна ылайык, орточо 75 жыл жашаган адамдын күнүгө 8 саат уктагандыгын эске алсак, ал: 25 жылын уктоо менен, 7 жылын ваннада жана туалетте, 6 жылын тамактануу, 5 жылын бир нерселерди, кимдир бирөөлөрдү күтүү, 3 жылын ар кыл чогулуштарга катышып, 1 жылын бир нерселерди иликтеп, 6 айын жол жарыгын күтүп, 120 саатын тишин тазалоо менен өткөрөт экен.

Убакытты рационалдуу колдонуу боюнча адис М. Фортинонун аныктоосуна ылайык, орточо 75 жыл жашаган адамдын күнүгө 8 саат уктагандыгын эске алсак, ал:

25 жылын уктоо менен,

7 жылын ваннада жана туалетте,

6 жылын тамактануу,

5 жылын бир нерселерди, кимдир бирөөлөрдү күтүү,

3 жылын ар кыл чогулуштарга катышып,

1 жылын бир нерселерди иликтеп,

6 айын жол жарыгын күтүп,

120 саатын тишин тазалоо менен өткөрөт экен.

Бүгүнкү күндө адамдар байкап да, байкабай да телевизордун маңдайында эң эле көп убактыларын өткөзүүдө. Учурда ар кыл тармактагы телеканалдардын саны оголе көп. Эгерде сиз өз убактыңызды эмнеге сарптаарыңызды билбесеңиз, алар сиздин бир канча күнүңүздү, керек болсо, айларыңызды толтура тургандай программаларды сунуштай алат. Коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурган, өтө кызыктуудай сезилген музыкалык программалар, ток-шоу, сериалдар ж. б. программалар адамдардын өтө көп убактысын алууда. Албетте, айрым телеберүүлөр сиздин табитиңизге туура келип, руханий жана кесиптик өсүп-өнүгүшүңүзгө оң таасирин тийгизет. Экинчи бир орчундуу тузактардын бири – телефон байланышы.

Күндөлүк жашоодо өз кемчиликтерибизден, бизди артка тарткан көнүмүш адаттардан кутулуу ар кимибиздин колубузда. Канча жашка келгендигибизге карабастан, ар дайым Жараткан тарабынан бизге энчи катары берилген убакытка ээлик кылып, өз убактыбыздын кожоюну болушубуз зарыл. өтмүштөгү кетирилген кемчиликтерди, бошко кеткен убакыттарды эстеп башты мыкчып отура берүүдөн эч майнап чыкпайт.

Албетте, сабак алуу үчүн алар мыкты устат болуп саналат. Эске ала турган жагдай – сиз тажрыйба жасап жаңылып, кетирген кемчиликтерден сабак алып, кайрадан ишти баштоо жолун тандап алсаңыз, ал сизге өтө кымбатка туруп, көп убактыңызды алышы мүмкүн. Буга чейин далай жолу сындан өткөн дагы бир ыкма – сизге чейинкилердин тажрыйбаларынан сабак алып, туура тыянактарды чыгара билсеңиз, ал күчүңүздү, таасирдүүлүгүңүздү алда канча арттырары талашсыз.

Көңүлгө түйө турган нерсе: Убакыт эч качан аздык кылбайт. Биз каалаган бардык нерсеге жетүү үчүн убакыт жетишерлик бар. Сиз, башка адамдар сыяктуу эле, дайыма бир нерселер менен алек болуп жүрөсүзбү? Бирок, сизден да көбүрөөк иштеп, көп нерселерге жеткен адамдар бар. Алардын убактысы сиздикинен көп эмес. Алардын негизги өзгөчөлүгү убакытты туура колдоно алгандыгында. Убакытты туура колдоно билүү – машина айдаганды үЙрөнгөндөй эле жөндөмдүүлүк. Сиз да ошол жөндөмдүүлүктү толук өздөштүрө аласыз.

Убакыттын мааниси

Убакыттын мааниси

Рахмат Бекболотов Болот

Рахмат

Бекболотов Болот