СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Үч бурчтуктардын ички бурчтарынын суммасы

Категория: Геометрия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Негизи эле геометрия сабагына окуучуларды көбүрөөк кызыктыруунун бир түру. мындай сабактан кийин окуучулардын сабакка болгон кызыгуусу артып жандана башташат.

Просмотр содержимого документа
«Үч бурчтуктардын ички бурчтарынын суммасы»

SEA- старттык эксперимент Германдык окуу

Жангелдиева Динара Тууганбековна

7-класс Тема: Үч бурчтуктардын ички бурчтарынын суммасы.

Колдонулуучу материалдар:

-Кагаздан кесилген үч бурчтуктардын түрлөрү.

-Кагаздан кесилген төрт бурчтуктардын түрлөрү.

-Кайчы,маркер,фламастер,түстүү кагаз,клей,А-4 кагазы,скотч,картон кагаз,бор, сызгыч, транспортир.

1.Старттык эксперимент.





. 1 2. 3

а)Жактары жана бурчтары ар түрдүү болгон.Үч бурчтук көрсөтүлөт

-Түз сызык жана анда жаткан чекит белгиленет.

б)Ирээти менен үч бурчтуктун бурчтарын айрып,бурчтардын жактары дал келгендей жана

чокулары түз сызыктын бир жагында жаткандайкылып берилген чекитке бириктирилет.

в)Үч бурч биригип жарым айлананы түзөөрүн маркер менен көрсөтүлөт.

2.Байкоолор.

-Үч бурчтук көрсөтүлдү.Үч бурчу ,үч жагы боюнча ар түрдүү.

-Үч бурчтуктун уч бурчун айрып алды ,анын чокулары тегиздикте жүргүзүлгөн түз сызыкка жайгаштырылды.

-Тегиздикте жайгашкан түз сызыктын бир чекитине чокулары дал келгендей кылып бурчтарды бириктиргенде транспортирге окшоп калды.

-Бурчтар айрылып,түз сызыктын берилген чекитине ирээти менен жактары дал келгендей жайгаштырылды.

-Үч бурчтуктун бурчтарын түз сызыктын бир жагында жаткандай кылып бир чекитке бириктиргенде жарым айлана пайда болду.

-Бурчтарды түз сызыкка айрып жабыштырганда жарым тегерекке окшоп калды.

3.Тандалган байкоолор:

-Үч бурчтуктун үч бурчун айрып алды,анын чокулары тегиздикке жүргүзүлгөн түз сызыкка жайгаштырылды.

-Бурчтар айрылып ,түз сызыктын бир чекитин ирээти менен жактары дал келгендей жайгаштырды.

-Үч бурчтуктун бурчтарын түз сызыктын бир жагына жаткандай кылып бир чекитке бириктиргенде жарым айлана пайда болду.

4.Суроо.

-Каалагандай үч бурчтуктар үчүн ички бурчтардын суммасы жарым айлананы береби?

-Каалагандай төрт бурчтуктардын Үч бурчунун суммасын жарым айлананы түзөбү?

-Ал эми төрт бурчунун суммасычы?

5.Божомол.

1-суроо боюнча .

-Үч бурчтуктун ички бурчтарын бир чекитке бириктиргенде дайыма эле жарым айлананы берет.

-Айрым үч бурчтуктарда үч бурчу биригип жарым айлананы түзбөйт.

2-суроо боюнча.

-Бардык төрт бурчтуктардын ички бурчтарынын суммасы жарым айлананы түзбөйт.

-Төрт бурчтуктардын эки ички бурчтары бириккенде жарым айлананы берет,ал эми үч бурчун жана ички төрт бурчун бириктиргенде жарым айлананы бербейт.

6.Эмне изилденет?

-Үч бурчтуктун бардык түрлөрүндө ички бурчтарын бириктиргенде жарым айлананы берерин аныктоо.

-Каалагандай төрт бурчтуктардын ички эки бурчун бириктиргенде жарым айлананы бере тургандыгын үч жана төрт ички бурчтарын бириктиргенде жарым айлана түзүлбөй тургандыгын аныктоо.

7.Верификациялык эксперимент

Окуучулар төрт топто иштешет. №1,№3 топто учүн мүмкүн болгон текшерүүчү тажрыйбалар үч бурчтуктун турлөру менен жүргүзүлөт.№2 №4 топтор төрт бурчтуктун түрлөрү менен текшкрүүчү тажрыйбаларды жүргүзүшөт.

1топ Үч бурчтуктун бардык түрлөрүндө ички бурчтарды транспортирдин жардамы менен ченеп суммасын табышат. №3топ Үч бурчтуктардын бардык түрлөрүн алышып бурчтарын айрып ирээти менен туз сызыктын бир жагына бир чекитке жактарын дал келген дей кылып жайгаштыруу аркылуу жарым айлана чыга тургандыгын көрүшөт.

2 топ транспортирди колдонуп төрт бурчтуктун эки,үч, төрт ички бурчтарынын суммаларын өз өзүнчө табышат.№4топ төрт бурчтуктардын бардык турлөрүнун бурчтарын айрып,түз сызыкка жабыштыруу аркылуу жарым айлана чыга тургандыгын же жарым айлана чыкпай тургандыгын көрүшөт.

8.Текшерилген тажрыйбанын жыйынтыгы.

-Каалагандай үч бурчтуктардын (тең капталдуу,тең жактуу,тик бурчтуу) бурчтарын түз сызыктын бир жагында жаткандай кылып жайгаштырып жарым айлананы (жарым айлана1800ка барабар) берет.

-Үч бурчтуктардын ички бурчтарынын суммасы 1800 барабар.

-Каалагандай төрт бурчтуктардын (тик бурчтук,квадрат,тең капталдуу трапеция, тең капталдуу эмес трапеция,ромб,параллелограм) үч бурчу төрт ички бурчтарын бириктиргенде туз сызыктын бир жагында жаткандай кылып жарым айлананы бербейт.

-Төрт бурчтуктардын төрт ички бурчтарынын суммасы 3600 болот,анда анын жарымы 1800 эки гана бурчтун суммасын берет.

9.Колдонулушу.

Шырдак жасоодо, архитектурада,сүрөттө,курак куроодо,оюм чийимдерде ж.б...