СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Уч тараптуу келишим

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Уч тараптуу келишим»

«Б.Мергенов» атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин ___-классынын

2023-2024окуу жылындагы ата-энелер, окуучулар жана класс жетекчиси менен биргеликте түзгөн үч тараптуу келишими


20.09.2023-жыл Кара-токой айылы


1-тарап: ___-классынын класс мугалими – _______________________

2-тарап:___-класстын ата-энеси - ________________________________

3-тарап: ___-класстын окуучусу - ________________________________

Жашаган жери:______________________________________________


Келишимдин мазмуну:


«Б.Мергенов» атындагы орто мектебинин ___-классынын окуучуларына карата биргеликте үч тараптуу келишимди түзүү.

1-тарап – класс жетекчи – ____________________,

2-тарап - ата-эне _____________________,

3-тарап – окуучу______________________ болуп биргеликте келишим түзүп, ата-эне, окуучу жана мугалимдин ортосундагы байланышты күчөтүү жана биргеликте иш алып баруу.

Биринчи тарап:

  • Базистик окуу программасынын негизинде сабактар өтүлөт

  • Дайыма баланыздын (кызыныздын) сабакка келүүсүн көзөмөлдөйм

  • Сабак учурунда созсүз сабактан кечикпей,таза,тыкан келүүсүн карайм

  • Мектептеги коомдук иштерге катыштырам

  • Өзүнөн улууларды жана кичүүлөрдү сыйлоосуна жол көрсөтөм.

  • Сабакта активдуу катышуусун көзөмөлдөйм

  • Сабакта окуучулук милдетти талап кылам

  • Сабакта бири-бирин сыйлоого чакырам

  • Керектүү, жакшы жардам болсо берем

  • Сабакта туура эмес мамиле жасаса, аны жөнгө салууга аракет жасайм

  • Баланыздын (кызыныздын) оюн угуп, ага жараша туура мамиле жасайм жана аларды дайыма ынтымакка чакырам

  • Мугалимди жана айланадагы баардык адамдар менен бирге болууга жана аларды сыйлоого чакырам

  • Окуучулук кодекс менен тааныштырам

  • Жүйөөлүү себеп болсо гана сабактан уруксат берем

  • Туура эмес көрүнүштөрдү жасаса ага тыюу салам

  • Жолдоштору менен биргеликте ойноосуна жана окуусуна шарт түзөм

  • Тазалыгын жана тартибин, ден соолугун күнүгө көзөмөлдөйм

Экинчи тарап:

  • Мектепке дайыма үзгүлтүксүз баламды (кызымды) окууга жөнөтөм

  • Баламдын (кызымдын) үйдөн тапшырма аткаруусун көзөмөлдөйм

  • Жүйөөлүү себептер болсо гана сабактан уруксат сурап калтырам

  • Өзүмдүн көзөмөлүмсүз эч жакка жөнөтпөйм жана мектепке телефон алып баруусуна жол бербейм

  • Өз алдымча туулган күн жана башка кечелерди өткөрбөйм

  • Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамынын

27-беренесинин окуучуларды мектептен сырткары жат көрүнүштөрдөн, кылмыштуулук, уурулук-кескилик, тамеки чегүү, сексуалдык жана суицид,наркомания менен каршы күрөшүүгө жана көчөдө, үйдө, коомдук жайда окуучулук этиканы сактоого жана бири-бирин сыйлоого үйрөтөмүн жана баламдын (кызымдын) жоопкерчилигин өз мойнума аламын.

КР.№67/1 буйругу. 30.01.15.

  • Баламдын өз алдынча автоунаа башкаруусундагы жоопкерчиликти өз мойнума алам

  • Балдардын (кыздардын) арасында ынтымактын сакталышына өбөлгө түзөм, аларга жардам берем

  • Балдарга керектүү жардам берем,коопсуздугун өз мойнума алам

  • Туура эмес сөз сүйлөөгө жана өзүнөн улуу –кичүүгө сыр көрсөтсө, сөзсүз түрдө тартипке чакырам

  • Тазалыгын жана тартибин, ден соолугун күнүгө көзөмөлгө алам.

3-тарап:

  • Дайыма мугалимдин жана ата-энемдин сөзүн угам

  • Мугалимдин берген тапшырмасын так жана туура аткарууга аракет жасайм

  • Сабакка дайыма таза,тыкан жана мектеп формасында барам

  • Сабактан дайыма кечикпейм, тапшырманы так аткарууга аракеттенем

  • Мугалимдин көзөмөлүндө сабак мезгилинде болом жана анын айтканын так аткарам

  • Үйдө сөзсүз ата-энемдин көзөмөлүндө болуп, анын айткандарын аткарам, сыйлайм

  • Сабакты учурунда аткарып, коомдук иштерге сөзсүз катышам

  • Өзүмдү жана классташтарымды, ата-энемди,мугалимди, баардык адамдарды сыйлайм, урматтайм

  • Өзүмдүн коопсуздугумду колго алам

  • Ата-энемди эч качан уятка калтырбайм

  • Окуучулук кодексти сактайм, мектепте коопсуздук эрежесин так аткарам

  • Досторум менен биргеликте өзүмдөн улуу, кичүүлөргө жардамдашам

  • Мектептеги , класстагы ынтымакты сактайм

Биз жогоруда үч тараптуу келишим түзүү менен биргеликте аны аткарууга аракет жасайбыз жана дайыма көзөмөлгө алабыз жана биргеликте жүзөгө ашырабыз. Төмөндө келишим түзүп, кол коюучулар:

1-тарап: ___-классынын класс мугалими – ______________________

2-тарап:___-класстын ата-энеси - ________________________________

3-тарап: ___-класстын окуучусу - ________________________________




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!