Сабактын темасы: Үй-бүлө куту ынтымакта.
Сабактын максаты: Куттуу , берекелүү, ырыскылуу үй-бүлөө деп кандай үй-бүлөө деп кандай үй-бүлөө эсептелээрин , алардын коомдогу ордун аныктай алышат. Үй-бүлөөнүн коомдук , социалдык жана адеп-ахлактык мааниси жөнүндө түшүнүк алышат.
Окуучулардын ой жүгүртүүсү , алардын топтордо иштей билүү көндүмдөрү өнүктүрүлөт.
Үй-бүлөлүк биримдикте, ынтымакта , ата-энесин урматтап, сыйлай билүүгө , үй-бүлө курууда жоопкерчиликтүү болууга тарбияланышат.
Сабактын жабдылышы: ураандар,макал-лакаптар, плакаттар.
Сабактын усулу: интерактивдүү
Сабакетын жүрүшу: Уюштуруу, окуучулардын катышуусун текшерүү. Числону, сабактын темасын доскага жазуу, сабактын максатын түшүндүрүп, окуучуларды топторго бөлүү.
1-топ”Театр”
2-топ”Изилдөөчүлөр”
3-топ “Аксакалдар соту”
Жаңы темага өбөлгө түзүүчү макалды плакатка жазып илем. “Бир күн чыр чыккан үйдөн, кырк күн кут, береке качат”.
“Театр” тобу макал боюнча образ жаратат,с ценарий түзөт.
-Балдардын апасы уулу менен кызына жомок айтып берип отурган болот. Аңгыча атасы мас болуп келип калат, аялы мастыгына жини келип: “Дагы ичип келдиңби, балакет мээнет ичкир, балдардын бут кийими жок, жээрге наны жок отурса, ичкениңди койбодуң сен”-деп аялы куйөөсүн каргайт.
-Сен мени каргай турган болдуңбу, энеңди...деп сөгүнүп, аялын ура турган болгондо, балдары чыркырап ажыратууга келишет. Аңгыча кошуналар да ажыратканы келип калышат. Аялы ажырашам деп албууттанып, кетүүгө кам көрөт. Ушул жерден режисёр СТОП деп талкууга “Изилдөөчүлөрдү” жана “Аксакалдар сотун” үй-бүлөнү сактап калуу максатында жардамга чакырат.
Кезек “Изилдөөчүлөргө” берилет.
Күнүгө болсо уруш-талаш,
Үй-бүлө нугу бузулат.
Экөө тең болсо акылсыз
Ал уруш көпкө созулат.
Эркекти угуш аялдын иши
Келсе дагы эркектин жини
Эмнеге деп сен таң калба
Эркек деген Үйдүн пири
Эркек дагы сыйлаш керек аялды
Ачуусу келип түйүлсө да какбагы
Аялы жок эркекти карасаң
Жалбырагы жок дарактай эле сабагы
Изилдөөчүлөр күнөөлүүнү изилдешет, уруш-жаңжалдын акыры эмнеге алып келе тургандыгын талкуулашат.
-Күйөөсү ичпесе, аялы каргабайт эле.
-Аялы каргабаса, күйөсүү урбайт эле.
Аялдын укугу тебеленди.
-Балдардын укугу корголбоду .
-Үйдө уруш-талаш көп болгондуктан, балдар үйдөн качышат.
- Жумушсуздуктун кесепетинен арак ичип кетүүдө.
-Аялы балдарын багуу максатында кыйынчылыктарга карабай, айласыздан базарга чыгат.
-Балдар кароосуз калып,араба суйроп,отук тазалап,тилемчилик кылып, акча табуу менен алек ж.б.
- Изилдоочулор талкуусун аяктап,созду Аксакалдар сотуна беришет.
- Уй-булону бактысыздыкка алып келген себептер аныкталган сон, уй-було ээлерине сурак жургузулөт :
-Экөөң сүйүшүп , эки тараптын макулдугу менен баш коштуңар беле же ала качып алгансыңбы?
- Ар кимиң өз укугуңду жана милдетиңерди билесиңерби?
-Балдардын келечеги ойлондурабы?-деген суроолорго жооп алынат.
“Аксакалдар соту” төмөндөгудөй жыйынтык чыгарат:
Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө Кодексинде айтылгандай, “Ар бир үй-бүлө мамлекет тарабынан коргоого алынат”, “Нике эки тараптан макулдугу болгондо гана ишке ашырылат”, “Балдардын келечегине ата-эне тоглук жоопкерчиликтүү”...
...Уруш –жаңжалдын көп болуп, үй-бүлөнү бактысыздыкка алып келген негизги себеп бул-ЫНТЫМАКСЫЗДЫК. Ынтымак болсо, үй-бүлөдө кут береке, ырыскы болот. “Ынтымак болсо, элиңде ырыскы жайнаар көлүңдө”-деп улуу аалымдар бекеринен айтпаса керек. Үй-бүлө –бул кичине мамлекет, ар бир кичине мамлекеттен бүтүндөй бир чоң кыргыз мамлекети түзүлүп олтурат. Демек мамлекет кубаттуу, бекем болуш үчүн ар бир кичине мамлекет ынтымакта жашашы керек. Ынтымак ар бир үй-бүлөөгө аба менен суудай зарыл. Биздин максат: үй-бүлө ээлерин соттоп каматуу эмес, туура кеңеш берип, үй-бүлөнүн бүтүндүгүн сактап калуу деп аксакалдар соту сөзүн жыйынтыктайт.
Бышыктоо иретинде окуучуларга суроолор берилет:
-Үй-бүлөлүк мамилелердин жакшырышы кимге байланыштуу?
-Үй-бүлө куруу үчүн кайсыл курак ыңгайлуу?
-Үй-бүлөлүк ажырашуулардын көбөйүүсүнө эмнелер себепкер?
-Учурдагы үй-бүлөлүк мамилелердин деңгээлин кандай баа бересиң?
-Аракты , тамакени рекламалоого сенин көз карашың ж.б.?
Сабакты улуу аалымдардын насаатын сөздөрүн, кеңештерин окуп берүү менен жыйынтыктайм.
Атаныкы үй-бүлө тактысы
Эне деген үй-бүлө бактысы.
Чогултат ынтымак менен ырыскы
Бирдикте болсо баарысы
Уй-бүлөдө болсо ынтымак
Ырыскы бүткүл чогултат
Жылмаюу кетпей жүзүңдөн
Бактылуу өмүр курушат.
Урушуп калса эки жар
Кепке келип тынышсын
Керек тынчтык дайыма
Кени болот ырыстын
Ынтымактуу болсоңор
Малынасың ырыска
Ырыс кетет, кут кетет
Ыркырашып турушса
(Молдо Багыш)
Өлбөй тирүү калбайсың
Жан аманат, ойлоп бак
Ыркырашпа тирүүңдө
Ырыс алды –ынтымак
(Токтогул)
Чырга жакын адамдан
Чычая качып бак кетет
Чырга жакын улуктан
Чытырап сынып так кетет
Ырыс алды ынтымак
Ынтымагың жок болсо
Алдыңдан таяр алтын так
Туш болоорсуң бөлүмгө
Учураарсың өлүмгө
(Алдаш Белек уулу)
Үйгө тапшырма : “кандай үй-бүлөөнү үлгүлүү үй-бүлө деп эсептейсиң”-
деген темада эссе жазуу