СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Үй-бүлө укугунун ыкмалары

Категория: Право

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Үй-бүлө укугунун ыкмалары»

Үй-бүлө укугунун ыкмалары

Укуктук жонго салуунун ыкмалары предмет катары эле бир укуктун тармагын башка укуктун тармагынан чектөөгө мүмкүнчүлүк берүүчү негизги белги болуп эсептелет .Үй-бүлө укугу өзүнчө укуктун тармагы катары үй-бүлөлүк мамилелерди укуктук жөнгө салуунун ыкмаларына ээ.

Мамлекет көпчүлүк учурда үй-бүлөлүк мамилелердин катышуучуларына өзүнүн жүрүм-турум моделин өзү аныктоону сунуштайт. Ошондуктан үй-бүлө укугунун ыкмалары коомдук мамилелерге таасир этүү маңызы боюнча диспозитивдүү болуп эсептелет.

Үй-бүлө укугунун ыкмасы – жөндөмдөр, каражаттар жана ыктардын жыйындысынын жардамында үй-бүлөлүк мамилелерге укук ченемдеринин таасир этүүсү.

Үй-бүлө укугун жонго салуунун ыкмасын аныктоо ар түрдүү усулнаама аркылуу ишке ашат. Мисалы, В.Ф. Яковлев үй-бүлө укугунун усулу мамилеге таасир этүүнүн маңызын уруксат берүүчү, ал эми формасы боюнча императивдик деп экиге болгон. Ошондуктан баштапкы усулду уруксат берүүчү-императивдик деп атоого болот.

Уруксат берүүчү ыкмасы- үй-бүлөлүк мамилелердин чөйрөсүндө өздөрүнүн кызыкчылыктарын, керектөөлөрүн укуктук каражаттарга жарандардын ээ болушу эсептелет. Мындай укуктук каражаттарга төмөнкүлөрдү киргизүүгө болот: жарандардын укуктук жөндөмдүүлүгү жана жубайлардын, ата-энелердин, балдардын ж.б. үй-бүлө мүчөлөрүнүн конкреттүү субъективдүү укуктары. Ошол эле мезгилде үй-бүлө укугуна милдеттендирилген жана тыюу салынган ченемдери да кирет. Үй-бүлөлүк укуктук мамилелердин субъекттеринин милдеттери субъективдүү укуктардын камсыз болушунан жана ишке ашырылышынан келип чыгат.

Императивдик усул- үй-бүлө укугунун катышуучуларынын кызыкчылыктарын камсыздоонун эн негизги каражаты жана ал тараптардын макулдугу менен мыйзамда жок укуктардын жана милдеттердин түптөлүшүнө жол бербейт.

Мындай ченемдерге никеге туруу шарттарын аныктаган, никени жараксыз деп табууга болгон, негиз, тартип, укуктук жагдай, ошондой эле ата-энелердин укуктары жана милдеттери кирет.

Белгилеп кетүүчү нерсе, Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк чыныгы жашоосунда уруксат берүү ыкма нике келишимин түзүүдө жана алименттик ж.б. макулдашууларда колдонулат, ошол эле мезгилде императивдик ыкмасы да (бала асырап алууда, никеге турууда, никени токтотууда) көбүн эсе колдонулат.

Үй-бүлө мамилелеринин жонго салуунун кеңири тараган жолдору катарына КРнын үй-бүлө мыйзамдуулугунда камтылган тыюу салуулар жана уруксат берүүлөр да бар.

Тыюу салуулар: үй-бүлө мүчөлөрүнө же уй-бүлөлүк мамилелердин катышуучулары болгусу келген жактар учун аныкталган түрдө укуктарынын чектөөлүгү эсептелет.

Тыюу салуулар түз жана кыйыр болуп бөлүнүшөт:

Түз тыюу салуу- бул мыйзамда жазылган укуктарды бузбоо. Мисалы, ата-энелер бала тарбиялоодо балага дене жана психикалык жактан зыян келтирүүгө жана акыл эсинин өнүгүшүнө тоскоолдук кылууга тыюу салынат. КРнын УКнин 70-беренесинде ата-энелик

укуктарды жүзөгө ашырууда ата-эне балдарынын дене жана психикалык жактан дени сак, ыймандуу жетилишине залал келтирүүгө укугу жок. Балдарга тарбия берүүдө кайдыгерлик, зөөкүрлүк, оройлук, инсандык аброюн кемсинтүү, мазактоо же балдарды эзүү усулу болбоого тийиш деп белгиленет.

Крнын УКнин 15-беренесинде никеге турууга тоскоолдук кылуучу жагдайлар боюнча:

· Жактардын бирөөсү эле башка жактар менен никеде турса;

· Жакын туугандарга (улуулата жана кичүүлөтө түз тараган туугандарга) ата-энелери менен балдар, чоң атасы, чоң энеси, таятасы, таянеси жана неберелери) бир ата-энеден торолгон жана атасы же энеси бир (эркек-кыз) туугандарга;

· Асырап алуучулар менен асыралып алынгандарга;

Психикалык бузулуулардан бир эле жак сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылса никеге турууга жол берилбейт деп аныкталат.

Ошондой эле КРнын Укнин 153-беренесинде каралгандай жашы жеткен, аракетке жөндөмдүү жактар балдардын камкорчулары (көзөмөлчүлөрү) дайындалат. Ал эми ата-энелик укуктарынан ажыратылган же ата-энелик укуктары чектелген жактар; камкорчунун (көзөмөлчүнүн) милдеттеринен четтетилген жактар; Эгерде алардын күнөөсү боюнча уул асырап алуу (кыз асырап алуу) сот тарабынан жокко чыгарылса, мурдагы бала асырап алуучулар; баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди ден-соолугунун абалы боюнча жүзөгө ашыра албаган жактар; сот тарабынан аракетке жөндөмсүз же аракетке чектелген жөндөмдүү деп табылган жактар; туруктуу жашаган жери жок, ошондой эле белгиленген санитардык жана техникалык талаптарга жооп берген турак жайы жок жактар; бала асырап алуу учурунда жарандын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч келтирген атайылап жасаган кылмышы учун соттолгондугу жоюлбаган (алып салынбаган) жактар; кумар оюндарына патологиялык берилүүнүн кесепетинен өз үй-бүлөсүн материалдык оор абалга кириптер кылган, сот тарабынан аракетке жөндөмдүүлүгүнө чектөө коюлган жактар; өнөкөт аракечтик же баңгилик менен ооруган жана кумар оюндарына патологиялык жактан азгырылган жактар камкорчулар (көзөмөлчүлөр) болуп дайындалбайт.

Кыйыр тыюу салуу- кандайдыр бир иш аракетти жасоого тыюу салат. Мисалы, никени бузууда (ажырашууда) жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнөн никени бузулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу жубайлардын арыздары чогуу тапшырылган күндөн бир ай аралыгында нике бузулгандан кийин берилет. Демек, бул күбөлүк 1 айга чейин берилүүсүнө тыюу салынат.

Уруксат берүү: толук аныкталбаган болуп эсептелет.

Уруксат берүү ыкмасы да түз жана кыйыр болуп бөлүнүшөт:

Түз уруксат берүү ыкмасы- мүмкүнчүлүктүн берилиши. Мисалга, соттук тартипте нике бузууда жубайлар ортосундагы баланын ким менен жашоосун аныкташканын билдирүүгө уруксат берилет. Ал мыйзамда КРнын ҮКнин 24-беренесинде ортодо жашы жетпеген балдары бар жубайлар никени бузууга өз ара макул болуусунда, көрсөтүлгөн жубайларды сот ажырашуунун жүйөөсүн териштирбестен эле никени бузат. Жубайлар соттун кароосуна ушул Кодекстин 25-беренесинин 1-пунктунда каралган балдар жөнүндө макулдашууну берүүгө укуктуу. Мындай макулдашуу жок болсо же эгерде макулдашуу балдардын кызыкчылыгын бузуп жатса, сот ушул Кодекстин 25-беренесинин 2-пунктунда каралган балдардын кызыкчылыктарын коргоо чараларын көрөт. Сот тарабынан көз жумган же дайынсыз жоголгон деп табылган жубайы пайда болгонунда, жубайлардын бирдиктүү арыз таштоосунун негизинде жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнөн никеси жандандырылышы мүмкүн. КРнын ҮКнин 20-27-беренесинде каза тапты деп жарыяланган же дайынсыз жоголду деп табылган жубайы келген учурда, никени калыбына келтирүү боюнча сот тарабынан өлдү деп жарыяланган же сот тарабынан дайынсыз жоголду деп табылган жубайы келген учурда жана тиешелүү сот чечимдери жокко чыгарылганда, нике

жубайлардын биргелешип жазган арызынын негизинде ЖААЖ органдары тарабынан келтирилиши мүмкүн деп аныкталат.

Жубайлардын жалпы мүлкүн бөлүштүрүү нике мезгилинде да, нике бузулгандан кийин да жубайлардын ар биринин талабы боюнча, ошондой эле жаза чараны жубайлардын жалпы мүлкүн бөлүштүрүү жөнүндө кредитор тарабынан билдирүү жасалган учурда жүргүзүлүшү мүмкүндүгү, КРнын ҮКнин 39-беренесинде аныкталып, жубайлардын жалпы мүлкү алардын макулдугу боюнча жубайлардын ортосунда бөлүштүрүлүшү мүмкүн. Жалпы мүлктү бөлүштүрүү жөнүндө жубайлардын макулдашуусу алардын каалоосу боюнча нотариалдык жактан ырасталышы мүмкүн. Ошондой эле жубайлардын жалпы мүлкүн бөлүштүрүүдө, жубайлардын үлүштөрүн аныктоодо талаш-тартыш келип чыкса, ал сот тартибинде чечилет. Жубайлардын жалпы мүлкүн бөлүштүрүүдө сот жубайлардын талабы боюнча кайсы мүлк жубайлардын кимисине бериле тургандыгын аныктайт. Эгерде жубайлардын бирине берилип жаткан мүлктүн наркы ага тиешелүү үлүштүн наркынан ашып кеткен учурда, экинчи жубайына тиешелүү өлчөмдөгү акчалай же башка компенсация ыйгарылышы мүмкүн. Ушул берененин төртүнчү пунктунда сот үй-бүлө мамилелери токтотулган учурда жубайлардын ар бири өз алдынча жашаган мезгилде арттырган мүлкүн алардын ар биринин жеке мүнөзү катары тааный алуусу, бешинчи пунктунда жашы жетпеген балдардын муктаждыгын канааттандыруу үчүн гана сатып алынган буюмдар (кийим-кече, бут кийим, мектеп жана спорт шаймандары, музыкалык аспаптар, балдар китепканасы ж.б.) бөлүштүрүлбөйт жана балдар жубайлардын кимиси менен жашаса, ошого компенсациясыз берилери аныкталат. Алтынчы пунктунда никени мезгилиндеги жубайлардын жалпы мүлкүн бөлүштүрүүдө жубайлардын бөлүштүрүлө элек жалпы мүлкүнүн бир бөлүгү, ошондой эле никенин мезгилиндеги жубайлар арттырган мүлк андан ары алардын ортосундагы же жалпы мүлктү түзөт деп берилген. Ал эми жетинчи пунктта никеси бузулган жубайлардын жалпы мүлкүн бөлүштүрүү жөнүндө жубайлардын талаптарына карата никени токтотуу катталган учурдан тартып доонун эскиришинин 3 жылдык мөөнөтү колдонулат деп берилет.

Кыйыр уруксат берүү ыкмасы- укуктук ченемде “мүмкүн” деген сөз колдонууга жатпайт. Мисалы, жубайлардын жалпы мүлкүнө ээлик кылуу, тескөө жана пайдалануу жубайлардын өз ара макулдугу менен жүзөгө ашырылат. Ошондой эле жубайлардын жалпы мүлкүн тескөө боюнча жубайлардын бирөөсү тарабынан жасалган бүтүм экинчи жубайынын макулдук берген жүйөсү болбогону боюнча жана анын талабы боюнча гана жана эгерде бүтүм жасаган башка тарап экинчи жубайынын бүтүмдү жасоого макул эмес экендигин алдын ала билгендиги, же макул эмес экендигин алдын ала билип туруп жасагандыгы далилденген учурларда сот тарабынан жараксыз деп табылышы мүмкүн. Жубайлардын бири нотариалдык жактан ырастоону жана (же) мыйзамда белгиленген тартипте каттоону талап кылган кыймылсыз мүлктү тескөө боюнча бүтүм жасаш үчүн анын бүтүм жасоого жана каттоого катышуусун кошпогондо жубайынын нотариалдык жактан ырасталган макулдугун алышы керек.

Аталган бүтүмдү жасоого нотариалдык жактан ырасталган макулдугу алынбаган жубайы, бүтүмдүн жасалгандыгын билген же билүүгө тийиш болгон күндөн тартып үч жыл ичинде сот тартибинде бүтүмдү жараксыз деп табылышына талап коюуга укуктуу. Жубайлардын фамилия тандап алуу укугу боюнча КРнын ҮКнин 33-беренесинин 01-пунктунда аныкталгандай, жубайлар никеге турган өз каалоосу боюнча биринин фамилиясын жалпы фамилия катары тандап алышат, болбосо жубайлардын ар бири никеге чейинки өздөрүнүн фамилияларын сактап калышат же өзүнүн фамилиясына жубайынын фамилиясын кошуп алат. Эгерде жубайлардын биринин никеге чейинки фамилиясы кош фамилия болсо, фамилияларды бириктирүүгө жол берилбейт. Сотто никени бузуу жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо үчүн белгиленген тартипте милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш. Сот никени бузуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу

күчүнө кирген күндөн тартып үч күндүн ичинде соттун бул чечиминин көчүрмөсүн никеге турууну мамлекеттик каттоодон өткөргөн жер боюнча ЖААЖ органына жиберүүгө милдеттүү. Тыюу салуулар жана уруксат берүүлөр менен кошо үй-бүлө укугунун ченемдери аныкталган кыймыл аракеттердин жүргүзүлүүсү да камтылган. КРнын ҮКнин 26-беренесинде белгиленгендей ЖААЖ органдарында никенин бузулушу жарандык абалдын актыларын жазуу китебинде мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып токтотулат, ал эми нике сотто бузулганда–соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып токтотулат.

3- Суроого жооп. Үй-бүлө укугунун принциптери.

Үй-бүлө укугунун укуктук тармак катары кароодо үй-бүлө укугунун маанисиндей эле, үй-бүлө укугунун принциптери да чоң ролду аткарат.

Үй-бүлө укугунун принциптери – берилген укуктун тармагынын маңызын жана жалпыга милдеттүү укуктун бекемдүүлүгүн аныктоо.

Үй-бүлө укугунун башкы принциптери мамлекетибиздин негизги конституциялык түзүлүшүн жана жарандардын эркиндиктери менен негизги укуктарын аныктаган КРнын Конституциясына негизделет.

Үй-бүлө укугунун олуттуу принциптери КРнын ҮКнин 1-беренесинин 3- пунктунда белгиленип, үй-бүлө мамилелерин жөнгө салуу ыктыярдуу негизде жана никелешкен жактардын өз ара макулдугунун, жубайлардын үй-бүлөдөгү укуктарынын теңдигине, үй-бүлөнүн ички маселелерин үз ара макулдашып чечишине, баланын эң жакшы кызыкчылыктарын камсыз кылууга, балдарды уй-бүлөдө тарбиялоого артыкчылык берүүгө, алардын бейпилдигине жана өсүп-жетилишине камкордук кылууга, үй-бүлөнүн жашы жетпеген жана эмгекке жарамсыз мүчөлөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу принциптерине ылайык жүзөгө ашырылат.

ЖААЖ органдарында катталган никени гана тануу

Никелик мамилени укуктук жөнгө салуу биздин өлкөдө мамлекет тарабынан гана ишке ашырылат. Мамлекеттин мындан көздөгөн кызыкчылыгы-нике үй-бүлөнүн негизин түзгөндө. КРнын УКнин 11-беренесине ылайык, никеге туруу ЖААЖ органдарында, ал эми мыйзамда каралган учурларда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, Кыргыз Республикасынын чет мамлекетин аймагында жайгашкан дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде жүргүзүлөт. Жубайлардын укуктары менен милдеттери түзүлгөн нике мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып пайда болот.

Диний жана салттык никеге туруу жана чыныгы никелик мамилелер укуктук мааниге ээ эмес болуп, жубайлык өз ара укуктарын, милдеттерин жүктөй албайт. Жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында каттоодон өтпөгөн, аял менен эркектин көп убакыттар бою бирге жашоосу нике деп таанылбайт .Ошентсе да Кыргыз Республикасынын “Диний ишенимдердин эркиндүүлүгү жөнүндө “ мыйзамынын 15-беренесине ылайык, жеке жактарга мыйзам диний каада салтта никеге турууга тыюу салбайт деп берилет (16-декабрь 1991-ж.). Бирок, ЖААЖ органдарында катталуусу зарыл, анткени мамлекет жана коомчулук тарабынан үй-бүлө катары таанылат жана мыйзамда белгиленген коргоого ээ болот.