СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Үй-бүлөдөгү укуктук мамилелер

Категория: Право

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Үй-бүлөдөгү укуктук мамилелер»

Үй-бүлөдөгү укуктук мамилелер

Үй-бүлөлүк мамилелер- никеден, туугандыктан, бала асыроонун же балдарды тарбияга алуунун башка түрлөрүнөн улам келип чыгуучу үй-бүлө укугун ченемдери аркылуу жөнгө салынуучу коомдук мамилелер болуп саналат.

КРнын ҮКси, КРнын Конституциясы менен бирдикте төмөнкүлөр кирет.

· Нике (никеге туруу тартиби жана шарттары, никени токтотуу, никенин жараксыздыгы):

· Жубайлардын, ата-энелер менен балдардын (бала асырап алуучулар жана асыранды балдар) ортосундагы, о.э мыйзамда каралган башка туугандары ортосундагы жеке мүлктүк эмес жана мүлктүк эмес мамилелери;

· Ата-энеси көзөмөлүнөн ажыраган балдарды тарбиялоонун формалары;

Ушул себептен КРнын Үй-бүлө кодекси укуктук жөнгө салынуучу үй-бүлөлүк мамилелерди жеткиликтүү деңгээлде так аныктайт.

Үй-бүлөлүк мамилелерди саноодо шарттуу түрдө кодекстин түзүлүшүнө карай 4топко бөлүүгө боло:

Биринчи топту – никедеги, никеге туруу тартиби жана шарттарындагы, никени токтотуудагы, никенин жараксыздыгындагы мамилелер түзөт. Нике үй-бүлө- жалпы коомчулуктун башкы камкорчу предмети жана мамлекеттин коргоочусу эсептелет.

Экинчи топту- Жубайлардын, ата-энелер менен балдардын (бала асырап алуучулар жана асыранды балдар) ортосундагы о.э. мыйзамда каралган башка туугандары ортосундагы жеке мүлктүк эмес жана мүлктүк мамилелерди түзөт. Мисалы, жубайлардын жалпы мүлктүк каражаттары, алардын мүлкүнө ээлик кылуусу, жумшоо жана колдонуу, бала тарбиялоодо, билим берүүдө, кандайдыр иш менен алектенүүдө, башка жакка барууда жубайлар бирдей укуктарга ээ болуу мамилелерди түзөт.

Үчүнчү топту-Үй-бүлө мүчөлөрүнүн , туугандардын ортосундагы (чоң ата, чоң эне, таята, таене, ага – инилер, эже- сиңдилери, чыныгы багуучу жана багылуучу ж.б.) жеке мүлктүк эмес жана мүлктүк мамилелер түзөт, алар бир гана үй-бүлөлүк укуктук мамилелери аркылуу жөнгө салынышат түзөт.

Төртүнчү топту- ата-энесинин көзөмөлүнөн ажыраган балдарды тарбиялоонун жана үй-бүлөгө жайгаштыруу формалары (ата-энеси көз жумганда , ата-энелик укугунан ажыратылганда, ата-энелик укугунан четтетилгенде ата-энеси аракетке жөндөмсүз деп табылганда, ата-эненин оорулулугу, ата-эненин узак мезгилге жок болушу. ж.б.у.с ата-энелик кароолорду аткара албаганында) түзөт. Бул мамилелер бала асырап алганда, аларга багуучулук милдетти аткаргандар менен байланышат. Ар бир укуктук мамилелердей эле үй-бүлө укугу элементтерден турат .

Үй-бүлөлүк укуктук мамилелердин элементтери болуп: субъекттери, объекттери жана маңызы эсептелет.

Үй-бүлөлүк укуктук мамилелердин субъекттери – үй-бүлөлүк укуктарга жана милдеттерге ээ болгон физикалык жактар эсептелишет. Укуктук мамилелер үй-бүлөнүн мүчөлөрүнө гана тиешелүү болбостон, алар бир канча үй-бүлөнүн мүчөлөрүнө да таасир этиши мүмкүн. Мисалы, ата-энелердин жана бойго жеткен балдардын алименттик милдеттери .

Үй-бүлөлүк укуктук мамилелердин объекттери-кыймыл-аракет жана буюмдар. Көбүн эсе таркалган объект болуп-кыймыл-аракет эсептелет. Ал:

1.Мүмкүн-жубайлардын эмне менен алектенүүсүн, кесипти, аты-жөнүн (фамилияны), балдарды жана үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүн багууда каражатты тандоо.

2.Мүмкүн эмес- ата -энелер балдардын ден-соолугунун, акыл-эсинин өсүшүнө, дене жана психикалык зыян келтирүүчү кыймыл аракеттерди жасоого укугу жок. Асырандылык тууралуу маалыматка ээ жактар асырандылыкты сыр сактоого милдеттүү.

Буюмдар-жубайлардын ортосундагы жана балдарга тиешелүү мүлк боюнча мүлктүк мамилелердин объектиси болуп эсептелет.

Үй-бүлөлүк укуктук мамилелердин маңызын мамилелердин катышуучуларынын укуктары жана милдетти түзөт.

Үй-бүлөлүк укуктук мамилелердин классификациясы ар түрдүү негиздер аркылуу жүргүзүлө:

1.Мамилелер эмне себептен түзүлүүсүнөн көз каранды болуп алар жеке мүлктүк эмес жана мүлктүк укуктук мамилелерге бөлүнөт.

Жеке укуктук мамилелердин объектиси болуп материалдык байлыктар эмес, аты-жөнү , жашоо ордун жана кайда барууну тандоого ээ болуусу, жеке кол тийбестиги жана инсандык ар – намысы, үй-бүлөлүк тарбиясы, жакындары менен мамилелери ж.б. эсептелет .Ошондой эле никеге туруу, никенин токтотулушу, баланын төрөлүшү , балага ат тандоо, аны тарбиялоо, жакын туугандары менен мамилелешүүнү камсыздоо, ата-энелик милдеттерди жана укуктарды чектөө же алып салуу да кирет.

Мүлктүк укуктук мамилелердин объектиси болуп, материалдык байлыктар- мамилелердин катышуучуларына караштуу мүлк, бир укуктук мамилелердин катышуучусу экинчи укуктук мамилелердин катышуучусуна тартуулоочу материалдык мааниге ээ каражаттар эсептелет.

2.Пайда болуунун негизинен жана субъекттик түзүлүштөн көз каранды болуп , үй-бүлөлүк укуктук мамилелер төмөнкү түрлөргө бөлүнөт:

А) Никелик (жубайлык) укуктук мамилелер- негизин нике түзүп катышуучулары болуп жубайлар эсептелет ( о.э мурунку жубайлар)

Б) Ата-энелик укуктук мамилелер – ата – энелер менен балдардын ортосундагы милдеттер;

В) Ата-энелик мамилелерге тең келген укуктук мамилелер (асырап алуучулар менен асыранды балдар ортосундагы мамилелер) же бөлүктөр ( камкорчулар жана жашы жетпеген өспүрүмдөр ортосундагы укуктук мамилелер);

Г) Башка туугандар менен болгон укуктук мамилелер , б.а. эже- сиңдилер , ака-үкөлөр ортосундагы , чоң ата, чоң энелер, менен неберелердин ортосундагы укуктук мамилелер;

Субъективдүү укуктарды коргоо мүнөзү боюнча:

*Абсолюттук коргоо мүнөзүнө тиешелүү (балдарды тарбиялоодо)

*Кээ бир белгилери гана тиешелүү ( мисалы , жубайлардын жалпы мүлкү тууралуу);

*Тиешеси бар, бирок абсолюттук коргоо мүнөзүнө ээ эмес ( мисалы, жубайлардын ортосундагы жеке мүлктүк эмес мамилелер);

Укуктук мамилелердин өзгөчө белгилери:

1. Үй-бүлөлүк укуктук мамилелердин субъекттери болуп, жарандар гана эсептеле алат.

2. Үй-бүлөлүк укуктук мамилелер (жеке мүлктүк эмес жана мүлктүк мамилелер) юридикалык факттардан пайда болот: нике, тууганчылык, энелик, аталык, асыроо, баланы тарбияга алуу.

3. Үй-бүлөлүк укуктук мамилелер жакындардын ортосундагы гана болот (тууган аке-үкөлөр жана эже-сиңдилер , чоң ата, чоң энелер менен неберелер)

4. Үй-бүлөлүк укуктук мамилелердин катышуучуларынын индивидуалдаштыруу. Бул үй-бүлөлүк укук жана милдет сатылбайт, берилбейт, белек кылынбайт, бүтпөйт. Мисалы, алимент төлөөдө алимент төлөөчү көз жумган учурда анын милдети башка жакка берилбейт же мурасталбайт.

5. Үй-Бүлөлүк укуктук мамилелер алгачкы кезде жеке мүлктүк эмес мамилелер болот,андан кийин гана мүлктүк мамилелер каралат.

6. Үй-бүлөлүк укуктук мамиле жеке ишенчүүлүк мүнөзгө ээ.

2.Үй-бүлө укугундагы укукка жөндөмдүүлүк жана аракетке жөндөмдүүлүк.

Үй-бүлөлүк укуктук мамилелер болуп ага катышуучу жактар эсептелет.

Үй-бүлөлүк укукка жөндөмдүүлүк-Бул жаранды үй-бүлөлүк укуктарга жана милдеттерге ээ кылуучу юридикалык мүмкүнчүлүк (никеге туруу укугу, ата-энелердин жашы жетпеген балдарын багуу укугу)

Үй-бүлөлүк укукка жөндөмдүүлүктүн мазмунун үй-бүлөлүк укуктук мамилелердеги укуктарга жана милдеттерге ээ болуу түзөт. Алардын көпчүлүгү Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинде бекитилген. Ошондой эле жарандык укукка тиешелүү укуктар жана алууга укугу жок .

Мыйзамда белгиленген кээ бир учурларда укукка жөндөмдүүлүк чектелүү да болот. Мисалы, ден-соолугу начар жарандар бала асырап алууга укугу жок.

Үй-бүлөлүк аракетке жөндөмдүүлүк-өзүнүн аракети менен үй-бүлө укугуна ээ болуп жана аны аткаруу мүмкүнчүлүгү, о.э. өзүнү үй-бүлөлүк милдеттерди пайда кылуу жана аларды аткаруу болуп саналат. Үй-бүлөлүк аракетке жөндөмдүүлүгү жарандар 18 жашка толгондо пайда болот. Бирок кээ бир учурларда аракетке жөндөмдүүлүк эрте жашта да каралат. Мисалы, никеге турууга жашы жетпеген жарандар тууралуу КРнын ҮКнин 14-беренесинде, нике курагы он сегиз жаш деп белгиленет. Жүйөлүү себептер болгондо, никеге турууну каалаган жактардын жашаган жери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдары бул жактардын өтүнүчүнүн негизинде балдарды колдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрдүн комиссиялык корутундусунун негизинде эркектер жана аялдар үчүн нике курагын бир жылдан ашырбастан төмөндөтүүгө укуктуу.

Ошондой эле 10жашка толгон баланын багып алууга макулдугу боюнча, КРнын ҮКнин 138-беренесине ылайык, асыралып жаткан баланын асырап алууга макулдугунда, он жашка чыккан баланы асырап алуу үчүн анын макулдугу зарыл. Эгерде, бала асырап алуу жөнүндө арыз берилгенге чейин бала асырап алуучунун үй-бүлөсүндө жашап жана аны өз ата-энем деп эсептесе, асырап алуу адаттан тышкары катары асырап алынуучу баланын макулдугусуз жасалышы мүмкүндүгү каралган.

Жарандарды аракетке жөндөмсүз деп табылуусу-психикасынын бузулуусунун негизинде өзүнүн кылып жаткан аракетин түшүнбөгөн, акыл эсин башкара албаган , сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган, ага тиешелүү үй-бүлөлүк укуктарынан жана милдеттеринен ажырабаган, бирок алардын көбүн өзү ишке ашыра албаган жаран аталат.

Аракетке жөндөмсүз жактын мыйзамдуу камкорчусу анын атынан үй-бүлөлүк мамилелерге макулдук берүүгө укугу жок (мисалы, никеге турууда же бала асыроого макулдук берүүгө)

Үй-бүлөлүк укукка жана аракетке жөндөмдүүлүк үй-бүлөлүк мамилелерге катышуучу субъект күз жумганда гана токтойт.

3. Үй-бүлө укугундагы юридикалык факттар

Үй-бүлөлүк укуктук мамилелердин пайда болушу, өзгөрүшү, же токтотулушу башка укуктук мамилелер сыяктуу эле, юридикалык факттарга маани берүүчү жашоо кырдаалын мыйзам менен байланыштырат.

Үй-бүлө укугундагы юридикалык факттар деп, үй-бүлөлүк укуктук мамилелердин келип чыгуусуна, өзгөрүүсүнө, жана токтоосуна негиз болгон жашоо кырдаалынын мыйзамда каралышы эсептелет.

Юридикалык факттар эрктик белгилери боюнча аракет жана окуя деп экиге бөлүнөт:

Аракет-жактардын акыл эстүү ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы болгон жашоо факты. Аракетти өз учурунда да укуктук чара-укуктук ченемдерде жазылгандарга таянуу (мисалы, аталыкты аныктоо) жана укуктук эмес чара-мыйзамга каршы келген аракет (никеге турган жак менен никеге туруу) болуп экиге бөлүнөт. Укуктук чара анык үй-бүлөлүк-укуктук натыйжаларга багытталган юридикалык актыларга (никеге турууга арыз) жана кандайдыр бир жактын калоосунан көз каранды болбогон укуктук натыйжа- юридикалык кылык-жорук (өгөй баласын багууга өгөй энеси алимент алууга укуктуу) болуп эсептелет.

Окуя- жактардын эркинен көз каранды болбогон юридикалык мааниге ээ кырдаал. Окуялар төмөнкүдөй болушат.

· Абсолюттуу -жактардын эркинен такыр көз каранды эмес (жубайынын өлүмү үй-бүлөлүк укуктук мамиленин токтотулушунун негизи болушу);

· Тиешелүү-жактардын эркинен пайда болуп, андан ары өнүгүүсүндө жактан көз каранды болбогон (тууганчылы):

· Юридикалык факттар жашоо мөөнөтү боюнча төмөнкүдөй бөлүнөт:

· Кыска мөөнөттүү-баланын төрөлүүсү4

· Абал – аракеттин же окуянын мүнөзүн чагылдыруу (боюнда болуу, нике, туугандык, зарылчылык):

Юридикалык натыйжалуулугу боюнча юридикалык факттарды 5 түргө бөлүүгө болот:

· Укукту пайда кылуучу юридикалык факттар- өзүнүн үй-бүлөлүк укуктук мамилелердин пайда болуусуна алып келүүсү (баланын төрөлүүсү.)

· Укукту өзгөртүүчү юридикалык факттар-үй-бүлөлүк мамилелерди мыйзам чегинде өзгөртүлүшү (никеге турганда фамилиянын өзгөрүлүүсү).