СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Уильям Бетсон жөнүндө маалымат

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Уильям Бетсон жөнүндө маалымат

Просмотр содержимого документа
«Уильям Бетсон жөнүндө маалымат»

Уильям Бетсон



Уильям Бэтсон 1861-жылы 8-августта Уитбиде төрөлгөн. Анын атасы Уильям Генри Бэтсон байыркы филология боюнча адис болгон жана 1857-жылдан 1881-жылга чейин Кембридждеги Сент-Джон колледжин жетектеген.[9]



1884-1886-жылдары хордалуулардын филогениясын изилдеген. Кембридж университетин бүтүргөндөн кийин, 1908-1910-ж. ошол эле университеттин профессору болуп калды.



1905-жылы тирүү организмдерде жаңы белгилердин пайда болушун ингибитордук факторлордун жоголушу менен түшүндүрүп, «бар болуу-жок болуу» теориясын сунуш кылган.



1910-жылы өзүнүн шакирти Р.Паннетт менен бирге Англияда генетикага арналган Journal of Genetics журналын негиздеген[4]. 1910-жылдан тартып Мертондогу бакча өсүмдүктөрү институтунун директору болгон.



Ал алынган мүнөздөмөлөрдү тукум кууруу мүмкүн эместиги, организмдердин үзгүлтүктүү өзгөрмөлүүлүгү жана гаметалардын тазалыгы жөнүндөгү доктринаны жактаган.



1920-жылы окумуштуу Лондон королдук коомунун королдук медалы менен сыйланган[10].



Уильям Бэтсон 1926-жылы 8-февралда Лондондун Мертон шаарында каза болгон.