Тема: Укуктун формалары
Укуктун формасынын түшүнүгү
Укуктун формасы – бул укуктун мазмунунун сырткы көрүнүшү, мамлекеттин эркин чагылдыруунун ченемдик формасы. Башкача айтканда мамлекет, кандайдыр бир ченемди кайсы ыкма менен кайсы түрдө жаратуусунун сырткы көрүнүшү.
Укуктун булагын аныктоо менен төмөнкүлөргө жетишебиз:
- Мамлекет кайсыл укуктук үй бүлөгө таандык экенин аныктайбыз. Мисалы, Кыргызстанда негизги укуктун булагы болуп нормативдик актылар эсептелет, андыктан романо-германдык укуктук үй бүлөгө кошулат.
- Кандай типтеги мамлекет экенин аныктайбыз. Мисалы: динге болгон мамилесине карата мамлекеттер лайык, теократиялык, клерикалдык болуп бөлүнөт. Кыргызстанда укук булагы болуп шариат эсептелбейт ошондуктан лайык мамлекет, ошол эле учурда Иранда шариат негизги укук булагы, демек теократиялык мамлекет.
- Мамлекеттин саясий режимин, экономикалык, социалдык деңгээлин аныктоого болот. Өнүккөн Европа мамлекети менен, артта калган Африка мамлекетинин укук булактары эч качан бирдей болбойт. Бир мамлекетте жаны укуктук базасы алдыда жүргөн болсо, бирисинде укуктук база жокко эсе.
Укуктун булагынын (формасынын) түрлөрү
Негизинен төмөнкү түрлөргө бөлүнөт:
Укуктук адат
Юридикалык прецедент
Укуктук доктрина
Нормативтик мазмундагы келишимдер
Ченемдик укуктук акт
- Укуктук адат – ар дайым кайталанып олтуруп, көнүмүшкө айланган мамлекет тарабынан санкцияланган жүрүм турум эрежеси.
Тарыхтагы алгачкы укук булагы болуп эсептелинет. Бир нерсени тактап коюу зарыл, эгер мамлекет тарабынан санкцияланбаса ал укуктук адат эмес каада салт бойдон калат, ошондуктан мамлекеттин макулдугу алдында гана укук булагы боло алат.
Укуктук адаттын өзгөчөлүктөрү:
- Локалдык мүнөзгө ээ. Кичинекей масштабта колдонулат. Адамдардын аз тобунда колдонулушу мүмкүн.
- Дин менен тыгыз байланышта. Каада салттардын ар кандай сырткы күчтөр менен байланышуусу.
- Консервативтик мүнөзгө ээ. Кандай гана салт болбосун эскичиликти колдогону анык. Жаны түшүнүктөгү эрежелер салт эмес.
Бүгүнкү күндө каада салттар укуктун булагы катары көптөгөн мамлекеттерде дээрлик каралбайт. Бирок кээ бир мамлекеттерде (Африка, Азия) ушул күндө негизги укук булагы болуп эсептелинет. Акылга сыярлык болбосо дагы (Тайландда ажырашуу учурунда, жубайлар шам жагышат, кимдики биринчи күйүп бүтсө ал үйдү бошотот).
- Юридикалык прецедент – атайын мамлекеттик орган же кызмат адамы тарабынан кандайдыр бир иш боюнча чечими, ал чечимдин окшош болгон кийинки иштерде колдонулушу.
Бул конкреттүү административтик же соттук иштер боюнча окшош чечим, негизинен англосаксондук укуктук үй бүлөдө укук булагы катары каралат.
Прецедентти, мамлекеттик кызмат адамдарынын укук чыгармачылыгы катары дагы түшүнүүгө болот.
Юридикалык прецедент экиге бөлүнөт:
Соттук прецедент – соттун чечиминин кийинки окшош иштер үчүн колдонулушу.
Административтик прецедент– мамлекеттик административтик орган же кызмат адамынын окшош иштерде колдонулган чечими.
- Укуктук доктрина- укук таанучулардын, ойчулдардын укук жана адилеттүүлүк жөнүндөгү идея, трактаттарын укук нормасына айландыруу, жүрүм турум эрежеси катары колдонуу (мамлекет тарабынан санкциялоо).
Буга чейинки көптөгөн учурларда колдонулуп келинген. Байыркы Рим, Грек окумуштууларынын концепциялары көптөгөн нормаларда өнүктүрүлгөн вариантта колдонулган. Англо-саксондук системада укуктук доктриналарга шилтеме жасоо көп учурайт. Учурда Мусульмандык укуктук доктриналар (Иджма) укуктун булагы катары араб өлкөлөрүндө колдонулат.
- Нормативтик мазмундагы келишимдер – тараптардын укуктарды алып жүрүү жана юридикалык милдеттерди аткаруу боюнча макулдашуунун негизинде биргелешип түзүлгөн акт.
Негизинен келишимдер эл аралык мааниде колдонулат. Тарыхтан бир мисал менен түшүндүрүүгө болот. 1922-ж. 30-декабрь СССРди түзүү жөнүндөгү келишим. Мамлекет ичинде дагы келишимди укук булагы катары кароого болот, эгер мааниге ээ болсо. Ассосация менен эмгек кошууну келишим түзсө ал укук булагы катары каралат.
Ченемдик укуктук акт - малекеттик орган же кызмат адамы тарабынан кабыл алынган, укук нормасын орнотуучу, өзгөртүүчү, жокко чыгаруучу документ.
Атайын көрүнүшкө жана документалдык формага ээ болгон, мамлекет тарабынан кабыл алынган жүрүм турум эрежесин орнотуучу акт. Романно-германдык укуктук үй бүлөдө негизги укук булагы болуп эсептелинет.
Ченемдик укуктук актылар жалпысынан экиге бөлүнөт:
Мыйзам
Мыйзам алдындагы акт
- Мыйзам – бул мыйзам чыгаруу органы (парламент) тарабынан кабыл алынган жогорку юридикалык күчкө ээ ченемдик акт.
- Мыйзам алдындагы актылар – мыйзамдын негизинде кабыл алынган актылыр, мыйзамга баш ийип турушат. Буларга указ, буйрук, токтом, чечим, көрсөтмө ж.б. кирет.
- Референдум актылары – жалпы элдик добуш берүүнүн негизинде пайда болгон акт. Демократиялык коомдо укуктун булагы катары кароого болот. Жогорку мамлекеттик маанидеги маселени чечүүдө, праламенттик чечүү мүмкүн болбогон учурда, жалпы элдик добуш берүү аркылуу акт (конституция, мыйзам, макул же каршылыкты талап кылган чечим ж.б. ) кабыл алуу.
- Плебисцит – элдик сурамжылоо өткөрүү. Кээ бир батыш өлкөлөрүндө (Франция) референдум сыяктуу өткөрүлүп, плебисцит актылары укук булагы боло алат.
Ченемдик актылардын аракеттенүүсү.
1) Убакыт боюнча аракеттенүүсү - кабыл алган орган же кызмат адамы мөөнөтүн көрсөткөн күндөн баштап ишке кирет. Мыйзамдар парламент тарабынан мөөнөтү көрсөтүлгөн күндөн же кабыл алынгандан баштап 10 күндөн кийин күчүнө кирет.
Төмөнкү учурларда күчүн жоготот.
- Мөөнөтү бүткөндө. (ченемдик акт кабыл алган тараптан чектөө коюлган болсо).
- Аны алмаштыруучу же жокко чыгаруучу жаны акт кабыл алынган болсо. (убакыт өтүшү менен жаны шартта башка мыйзам кабыл алынса)
- Жагдайдын өзгөрүшү менен ченемдик акт учурдун талаптарына жооп бербей калса. (СССРдин таркап кетишин айтууга болот, көп мыйзамдар күчүн жоготкон).
2) Мейкиндик боюнча аракеттенүүсү - мамлекеттик чек арасы же административтик бөлүктөрдүн чеги менен аныкталат. Кээ бири кандайдыр бир аймака гана тиешелүү болушу мүмкүн. Мамлекеттин аймагынанан сырткары, мамлекеттин дениз кемелеринде, аба учактарында, космос станцияларында ченемдик актылары аракеттенет.
Эл аралык келишимдер ратификациядан өткөн болсо мамлекеттин актыларынан салыштырмалуу жогорку юридикалык күчкө ээ.
3) Жактардын арасында аркеттенүүсү - кандай гана ченемдик акт болбосун адамга багытталган болот. Ошол эле учурда бир ченемдик акт менен баардык адамдардын катмарларына (аял-эркек, жаш-кары, пенсионер, жашы жете электер ж.б.) таасир этүү мүмкүн эмес. Ошондуктан кээ бир катмарларга атайын ченемдер менен таасир этүү мүмкүн. Мисалы амнистия актысын алайлы анын таасири кичинекей гана чөйрөдө болот.