СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Улак менен кумурска

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Улак менен кумурска»



Улак менен кумурска

? Кипкичинекей кумурска бирөөгө жардам бере алат деп ойлойсуңарбы? Анда эмесе, бул жомокту окугула.

Кой короонун четинде кара улаккулактарын тикчийтип, куйругун чычайтып алып, ары-бери секирип ойноп жүрдү. Чуркап-чуркап барып тик түйүлө секирип кетет, эки арткы бутуна тура калып айланат. Ошентип ал башкаларга эч көңүл бөлбөстөн ойноп жүрдү. Бир кезде араң эле чырылдаган үн угулгансыды:

-Жардам кылгыла, жардам кылгыла! – Улак эки жагын каранды. “Кайдан, кимдин үнү?” Эч нерсе көрө алган жок.Көздөрү чекчеңдеп, кулактарын чунайтып корко баштады. Акыры үнүн бошоң чыгарып сурады:

- Сен кимсиң? Кайдасың?

Баягы үн кайра чыкты:

-Сен көрбөй жатасынбы? Мен мына бул гүлдүн түбүндөмүн, кумурсканы билчү белең, мен ошолмун. Бир бутум сынып калды.

Кара улак кумурсканын ушул сөзүнөн кийин гана аны көрдү. Боору ачып кетти.Бирок кандай жардам берерин билген жок.

-Сага кандай жардам бере алам,мен доктур эмесмин да?- деди улак кумурсканы карап.

-Жардам бере аласың. Мени үйүмө жеткир. Ал жердегилер менин бутумду айыктырып алышат. Менин да жардамым тийип калышы мүмкүн сага,-деп жалооруду кумурска.

Улак жата калды. Кумурска эптеп жатып анын жонуначыкты. Ошентип кумурсканын айтуусу менен аны үйүнө жеткирип койду.

Мындан кийин улак так секирип ойноп, боордо жайылып жүргөн козуларга барды.

  • Эмнеге эдиреңдейсиң? Бир билгениң бар го? – деп ак козу сурады.

  • Мен бирөө менен достоштум.Укмуш, андай досту эч кимиңер

таппайсыңар !-деди улак эдиреңдеп, башын чулгуп секирип тура калды.

-Ал кандай укмуш дос экен, айтчы,- дешти козуларкызыга.- Бизди деле тааныштырып койсоң!

Улак:

-Менин досум кумурска, ал мага өмүр бою жардам берек болду! – деди да тегеренип-тегеренип кетти.

-Ба-а, мэ-мээ! Тапкан экенсиң досту!

-Кумурска менен дос болуптур!

-Кумурска кантип сага жардам берсин? Өзү араң жүрүп, кимге жардам бере алат аның? Аны кимден уктуң?

Козулар ушинтип улакты шылдыңдап күлүп,басып кетишти. Улак кандай далил айтмак эле, ойго батып,үйүн карай жөнөдү.

Күндөрдүн биринде, улак короодо ары боордо ойноп жүргөн. Кайдан-жайдан келген белгисиз, кызыл көз карышкыр улакты көрүп, жата калып жылып жөнөдү.Жаш этти көз алдына элестеткенде шилекейи куюлат. Улак болсо эч нерсени сезген жок, оттой берди.Карышкыр улакка жакындай берди. Жакын эле калды. Мына азырулак карышкырдын оозунда болот.

Жок, дал ушул учурда үйүнөн чыгып карап турган кумурска карышкырды көрүп калды да,жылып келип анын жонуна чыгып, андан кулагынын ичине кирип, күчүнүн барынча тиштеп –тиштеп алды. Карышкыр кулагынын ооруганына чыдабай бакырып жиберди да, кулагын жерге сүргүлөй баштады. Улак качып кетти.

Мына ушундан кийин козулар кумурсканын күчүнө ишенип калышты.