Просмотр содержимого документа
«Улуттук музыкалык аспаптар»
Кыргыздын элдик музыкалык аспаптары
Jump to navigationJump to search
Кыргыздын элдик музыкалык аспаптары - Кыргыз деген ат менен кошо жаралып, муундан-муунга мурас болуп келе жаткан ар түрдүү музыкалык аспаптарда кыргыз элинин ар кандай турмуштарын, кубанычтарын, кайгы-капаларын, махабаттарын, эрдиктерин, теңдиктерин ж. б. жактарын күүгө салуу, ырга кошуу менен өздөрүнүн кулк-мүнөздөрүнө айкалышкан улуттук ладдарын, ритмдерин, обондорун, күүлөрүн изилдеп чыгышкан.
Кыргыздын элдик музыкалык аспаптарынын ар биринин өзүнө таандык үнү, аткаруу ыкмалары, кайталангыс өзгөчөлүктөрү бар. Алар жөнүндө маалыматтар, оозеки элдик ырларда, уламыштарда жана дастандарда айтылат. Б, з. ч. 3- 5-8- жана 11-12-кылымдагы орус жана чет элдик саякатчылар менен илимпоздордун эмгектеринен да кездештирүүгө болот. Алгач аспаптарды жыгачтан, түрдүү өсүмдүктөрдөн, малдын териси менен сөөгүнөн, мүйүзү менен кылынан жасаган. Музыкалык аспаптарга обондорду чыгаруу менен бирге аларды жар чакырууда, жоокерлерди чогултууда, жоого аттанууда, улуу жеңиштерди даңктоодо, кабарлоодо, белги берүүдө, анды үркүткөндө, куш салууда ж. б. пайдаланган.
Кыргыздын элдик музыкалык аспаптары үйлөмө (чоор түрлөрү-чопо чоор, ышкырык чоор, чогойно чоор, балтыркан чоор), сыбызгы, сурнай, керней, жалбырак, чыңырткы, зуулдак, барылдак, ышкырык, чымылдак, какма (темир ооз комуз, жыгач ооз комуз), дилдирек, аса-муса, шалдырак, коңгуроо, жылаажын, жекесан, кылдуу чертме (комуз), тартма (кыл кыяк), урма (добулбас, добулбаш, доол, кабак, «каныш», «тарак») болуп бөлүнөт.