Просмотр содержимого документа
«Умай эненин созу»
Сулайман Рысбаев
28 января ·
Сулайман Рысбаев
УМАЙ ЭНЕНИН СӨЗҮ
Энем айткан эзелки бир жомокто,
Байланыштуу ууз наристе балага:
«Ал наристе келеринде дүйнөгө,
Таш жарылып сүйүнөт,- дейт талаада».
А наристе курсагында эненин,
Аста термеп жүрөгүнүн кагышы…
Ошол кезде ыйык эне Умайдын,
Келет экен касиеттүү дабышы.
«Урматы бол атаң менен энеңдин,
Кымбаты бол улуу кыргыз элиндин.
Алсыз болбо кара жаның калкалап,
Сакчысы бол Ала-Тоодой жериңдин!»
Кеткиси жок, жатат балкып бакытта,
Ууз наристе курсагында эненин…
Биле элек, кудай неге жаратты?..
Бул дүнөнүн мынча сырдуу, кенинин…
Дагы айтат кулагына шыбырап,
Касиеттүү Умай эне элеси:
«Кызы болгун энең менен атаңдын,
Бол элиңдин ак элечек энеси».
Дал ошондо жарып тоону-талааны,
Ууз наристе: «Мен келдим!» деп бакырат,
«Оо, адамдар, тосуп ал!» -деп эненин,
Жүрөгүнүн добулбасы чакырат.
«Урматы бол атаң менен энеңдин,
Кымбаты бол улуу көчмөн элиндин,
Алсыз болбо кара жаның калкалап,
Сакчысы бол Ала-Тоодой жериңдин».
Дагы айтат кулагына шыбырап,
Касиеттүү Умай эне элеси:
«Кызы болгун энең менен атаңдын,
Бол кыргыздын ак элечек энеси!».
29-январь,2019-ж.