СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Урок по теме: "Евгений Онегин"

Категория: Литература

Нажмите, чтобы узнать подробности

История жизни из романа в стихах "Евгений Онегин"

Просмотр содержимого документа
«Урок по теме: "Евгений Онегин"»

6-сабак: ММК материалдарын сын көз менен талдоо.

слайддын

слайддын мазмуну

слайддын тексти

Кадр артындагы текст

Слайд 1


ММК материалдарын сын көз менен талдоо.

(ММК материалдарын талдоодо кантип сын көз менен ой жүгүртүүнү пайдалануу керек)

Өткөн сабакта силер сын көз менен ой жүгүртүү деген эмне, ал кантип маалыматты баалоого жардам берет деген суроолорду изилдегенсиңер. Бүгүн болсо сын көз менен ой жүгүртүү жөндөмүн телесюжеттерди баалоого пайдаланып көрөбүз. Алгач муну кантип ишке ашыруу мүмкүн экенин 6 суроо берүү менен көрсөтөбүз. Ал эми көнүгүүлөрдө иш жүзүндө машыгып, өзүңөр эки телематериалга сын коз менен талдоо жүргүзүп көпөсүңөр.



Слайд 2

сюжет

Видеоролик


https://www.youtube.com/watch?v=bJjsQKnW0jM&=&list=PLeACsCPrcY3CfKKo75y98FvsUCvv2FDK9&=&index=2&=&t=3s

Алгач төмөнкү видеосюжетти көргүлө:

“Өспүрүмдөр кылмыштуулугу” видео сюжети (2016-жылдын 22-ноябрында КТРКнын «Ала-Тоо» маалымат программасынын жыйынтыктоочу чыгарылышы),



Слайд 3

суроолор

  • Бул материалды көрүп кандай бүтүмдөргө келүүгө болот?

  • Кыргызстандагы өспүрүмдөрдүн көпчүлүгү кылмыш кылууга жөндөмдүү деген пикир жаралган жокпу?

  • Материалдын башында көрсөтүлгөн оюн клубундагы балдар кандай таасир калтырды?

  • Бул өспүрүмдөр туурасында мындай же тигиндей деп ойлоого эмне түрткү болду?

Ойлонуп көрүп, төмөнкү суроолорго жооп бергиле:

• Бул материалды көрүп кандай бүтүмдөргө келүүгө болот?

• Кыргызстандагы өспүрүмдөрдүн көпчүлүгү кылмыш кылууга жөндөмдүү деген пикир жаралган жокпу?

• Материалдын башында көрсөтүлгөн оюн клубундагы балдар кандай таасир калтырды?

• Бул өспүрүмдөр туурасында мындай же тигиндей деп ойлоого эмне түрткү болду?


Эми болсо келгиле, сюжетке сын көз менен талдоо жүргүзүп көрөлү:

Слайд 4


  1. Материал эмне жөнүндө?

Материалда кайсы окуя жөнүндө сөз болуп жатат? (кандай маалыматтык бүтүм)

- Окуя туурасында толук маалымат берилгенби? “Эмне болду”, “Кайда болду”, “Качан болду”, “Эмне үчүн болду” (кырдаалдын пайда болуу себептери) деген суроолорго жооптор барбы?

Баткенде мектеп окуучулары айдоочуну сабап, аны унаасынын багажнигине салып, машинасын айдап качышкан.

Сюжет бардык суроолорго жооп бербейт. Өспүрүмдөр кылмыштуулугунун себептери так ачыкталган эмес. Өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук өсүү үстүндөбү же азайганы туурасында маалымат берилген эмес. “Эмне үчүн” деген суроого бир гана жооп бар – компьютер оюндарына берилүү. Бирок, бул жоопту психолог эмес, журналисттин сөзүнө караганда буга балдардын ата-энесин күнөөлөп жаткан мугалим берип жатат. Интернет оюндары - өспүрүмдөр кылмыштуулугунун өсүшүнө жалгыз себеп эмес. Өтө көп факторлор болушу мүмкүн. Ал эми журналист тарабынан тандалган фактор негизги болбошу да ыктымал.

Слайд 5


  1. 2. Материалда негизги каармандар кимдер? Материал даярдоодо кимдердин интервьюлары колдонулган? Алар материалда сөз болуп жаткан окуянын түздөн-түз катышуучуларыбы?

Материалда окуянын бир гана катышуучусунун интервьюсу келтирилген - бул ишти алып барган же таанышып чыккан милиция кызматкери. Бирок ал окуяга түздөн-түз катышкан эмес. Мындан тышкары кармалган өспүрүмдү суракка алуу учурунан үзүндү келтирилген. Бирок бул үзүндүдө ал өспүрүм эмне үчүн бул кылмышка барганын түшүндүрбөйт, башкача айтканда өспүрүмдөр кылмыштуулугунун себептери дагы деле ачыкталган жок. Ошондой эле анын кыска интервьюсунда компьютердик оюндарга берилгендиги туурасында да сөз кылынган эмес, ага карабай журналист балдар кылмыштуулугунун негизги себеби катары ушул факторду тандап отурат.

Слайд 6


  1. 3. Окуянын бардык катышуучулары өз позицияларын билдирүүгө мүмкүнчүлүк алышканбы?

Бул материалда башка тараптардын позициялары жетишпейт. Мисалы, мугалим айтып атат, балдар кылмыштуулугуна у-бүлө, ата-энелери күнөөлүү деп, бирок өспүрүмдөдүн ата-энелеринин атынан, маселен билим берүү сапатынын начардыгы, билим берүү жана тарбия системасындагы көйгөйлөр туурасында айткан эч ким жок. Мындан башка факторлор туурасында айтып берген психологдун да интервьюсу да кошулган эмес

Слайд 7


  1. 4. Толук маалымат үчүн дагы кимдин интервьюсун кошсо болмок? Дагы кандай маалыматты кошууга болот эле?

Бул материалда клубдун администрациясынан интервью кошсо болмок, ал бир эле балдар дайыма келип ойноорун тастыктамак. Психологдун интервьюсу жетишпейт, интернет оюндары балдарды кантип агрессига жөндөмдүү кылып коерун айтмак. Өспүрүмдөрдүн психикасына жана өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун өсүшүнө таасир тийгизген дагы башка факторлор туурасында да маселелер көтөрүлгөн эмес. Статистика маалыматтары келтирилген эмес, өспүрүмдөр кылмыштуулугу боюнча кырдаал кандай, өсүп жатабы же азаюудабы?

Слайд 8


  1. 5. Факт менен пикир ажыратылганбы? Факт катары көрсөтүлгөн пикирлер барбы? Мисалдарды көрсөткүлө эгер бар болсо.

Жок, ажыратылган эмес. Журналист өз атынан баа берүүгө жол берип, өзүнүн жеке пикирлерин факт катары берди. “Бул окуучулар ар бир аскердик куралдын аталышын жатка билишет. Китептин ордуна балдар бош убактыларын интернет оюндары менен өткөрүшөт. Компьютер алдындагы жаш балдар өзүлөрүн оюндагы колуна курал көтөргөн кыйын согушкер катары көрүүнү кыялданышат”.

Тексттин бул бөлүгү толугу менен журналистин пикири. Ал тасманын катышуучулары чынында куралдардын атын жатка билишээри, бош убактыларын толук компьютердик клубда өткөрүшөөрү, “кыйын согушкер” болууну кыялданаары чын факт экенин биле албайт. Балким балдардын бири бул жерге биринчи жолу келди, же журналист белгилегендей күнү кечке эмес клубка аптасына бир эле жолу келет.

“Өспүрүмдөр кылмыштарынын мүнөздүү белгилери болуп зомбулук жана ыраймсыздык болуп баратат” – бул журналисттин пикири, ал дагы факт катары келтирилүүдө, анткени эч кандай далилдер менен тастыкталган эмес, статистикалык маалыматтар менен бекитилген эмес. Сюжетте айтылган бирден-бир окуя жалпы өспүрүмдөр кылмыштуулугуна мүнөздөмө бере албайт.

Слайд 9


  1. 6. Журналист тарабынан душмандык маанай же апыртылган эмоционалдык сүрөттөө орун алганбы? Эгер бар болсо мисал келтиргиле, кайсы лексика терс маанайда жана жараксыз?

Негативдүү лексика орун алган. “Бул окуучулар ар бир аскердик куралдын аталышын жатка билишет. Китептин ордуна балдар бош убактыларын интернет оюндары менен өткөрүшөт. Компьютер алдындагы жаш балдар өзүлөрүн оюндагы колуна курал көтөргөн кыйын согушкер катары көрүүнү кыялданышат”.

Слайд 10


Бүтүмдөр:

  1. – толук маалымат берилдиби?

  2. материал объективдүүбү?

  3. Материал тең салмактуубу (бардык тарапта өз оюн айтууга мүмкүнчүлүк болдубу)?

Материал журналисттик стандарттарды одоно бузат. Маалымат объективдүү берилген эмес, маалыматтын негизин фактылар эмес, журналисттин пикири түзөт.

Толук маалымат берилген эмес, материалда тең салмактуулук жок.

Бул учурда сөз манипуляция туурасында эмес, материал даярдоого адискөйлүк менен мамиле кылуу туурасында болуп жатат.

Слайд 11


Өтө маанилүү адам укуктарынын бири – эркин пикирге ээ болуу, пикирин эркин билдирүүгө болгон укугу. Маалымат, ага жеткиликтүүлүк, аны анализдөө мүмкүнчүлүгү, ыкчам түрдө пайдалануу жана таркатуу – заманбап коомдогу адамдын жашоосундагы негизги баалуулук болуп саналат.

Маалыматтын ири агымынан негизгиси бөлүп алуу, алынган маалыматты текшерүү, социалдык малыматтын ар түркүн булактары менен иштей билүү жөндөмүн өнүктүрүү керек. Сын көз менен баалоо, анализдөө, ММКларда берилген маалыматтардын ар түрдүү булактарынсалыштыра билүү абдан маанилүү.


Слайд 12


Бүтүмдөр.

Ар бир ММКнын өзүнүн кызыкчылыгы болушу мүмкүн;

ММК сапаттуу материал менен бирге эле сапатсыз материал да сунушташы мүмкүн.

Бул бир эле массалык маалымат каражатына да тиешелүү болушу мүмкүн, б.а. ошол эле ММК сапаттуу контент да, бир жактуу, сапатсыз материал да бериши мүмкүн.

Манипуляциянын курмандыгына айланбаш үчүн, материалдын мазмунуна суроо берүү зарыл.


Бул сабакта биз эмне үйрөндүк:

    • Ар бир ММКнын өзүнүн кызыкчылыгы болушу мүмкүн;

    • ММК сапаттуу материал менен бирге эле сапатсыз материал да сунушташы мүмкүн.

    • Бул бир эле массалык маалымат каражатына да тиешелүү болушу мүмкүн, б.а. ошол эле ММК сапаттуу контент да, бир жактуу, сапатсыз материал да бериши мүмкүн.

    • Манипуляциянын курмандыгына айланбаш үчүн, материалдын мазмунуна суроо берүү зарыл.