"Урпакка ураан болгон улуу жеңиш"
9-май – ыйык майрам! Ааламды дүр дегизе силкиндирген экинчи дүйнөлүк согуштун касырети менен Улуу Жеништин касиетин, баатыр аталарыбыз менен апаларыбыздын эрдиктерин эч ким, эч качан унутпайт. Жеңиш жеңил эле келе калган жок. Дал ушул күнү да канчалаган азаматтар каза таап, кайгы менен кубанычтын катар келген күнү болгон. Бул маареке ааламды тынчтыкка бөлөгөн бейпилдик менен ынтымак ар дайым бийик турарын, баары бир жеңишке жете тургандыгын далилдеди.
Жетимиш бешинчи ирет Жеңиш туусун желбиреткен күнгө карата салтка айланган саамалык №55 «Достук» мектебибизде онлайн турундо , түрдө белгиленди. Элибиздин бейпилдиги үчүн, Мекендин тынчтыгы үчүн курман болгон эр-азаматтарга урмат көрсөтүү, ата-бабаларыбыздын эрдиктерин эске салуу, өсүп келаткан муунду патриоттук сезимге, сыймыктуу өмүр салтына тарбиялоо, адамгерчиликтин баалуулугун сездирүү бул иш-чаранын негизги максаттарынан болду. Кан майданда эрдик менен каза тапкан жоокерлерге, ооруктагы оор жүктү моюндаган ошондогу кары-жаштарга кандай урмат көрсөтсөк да жарашат. Анткени мекенди коргоого аттанган ар бир азамат бүгүнкү жаркын келечек менен ачык асман үчүн өмүрүн арнады.
Иш-чараны уюштурган мектеп администрациясына жана профсоюзуюмунун торайымына ардактуу ардагерлерибиздин кайратман эрдиктеринин натыйжасында гана жеңишке жеткендигибизди эскерип, куттуктоо сөздөрүн айтышты. Менда коптун катарында мекенди суйуу журогумдун67 торундо жаткандыгын айгинелеп берейин.
“Урматтуу ардагерлерибиз, сиздер менен ар дайым сыймыктанып, сиздердин бекем эркиңиздерге баш ийип таазим кылабыз. Бүгүнкү майрамыңыздар куттуу болсун! Жеңиш жылына 75 жыл толуп, бул бир адамдын тагдырына тете өмүр болуп отурат. Бул мезгил аралыгында бүтүндөй биздин ата-энелерибиз чеккен азап-кайгы арбын эле болду. Мейли согушта, мейли тылда болсун Улуу Жеңишке салым кошкон аталарыбыз, апаларыбызга ыраазычылыгыбызды айтабыз.
Улуу женишти алып келген биздин эр азамат аталарыбызга таазим бекем ден соолук, дөөлөттүү узун өмүр каалайбыз, башыбызды ийип,терең таазим этебиз! -
“Урматтуу согуш жылдарындагы тылдын эмгекчилери, бүгүнкү майрамыңыздар менен куттуктайбыз! Бул деген ушул күнү гана эстеп коюу эмес, ушул тынчтык заманга алып келген тыным билбес түйшүктүү жылдарыңыздардын аркасында биздин муун бүгүнкүдөй бейпил турмуш менен камсыз болуп отурганынын эч качан унутпай, жаштарга жеткирүү негизги милдетибиз болуп саналат!
Кан майдандагы ок менен оттун арасынан аман калып, туулган жерге таманы тийген Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин катары жыл санап азайып баратат..
Анда мен “Жеңиш күнү”, “Катюша” деген ырларды жаңырта ырдап берейин . Ким билет, балким ардагерлердин жан-дүйнөсүн бул ыр бурганактуу дүрбөлөңгө салгандыр, а балким эң жакын адамдарын эске салып, сагынычтын ысык жашына муунткандыр, а балким Жеңишти алып келген сыймыктуу күндөрүнө шүгүр кылып отурушкандыр...
Биз турмушка аталардан кеч келип,
Тээ батышта согуш отун кечпедик.
А аталар, төрөлө элек биз үчүн,
Кала берди танка алдында тепселип…
Ооба, ушул күнү дилибизде жаңырып турган бул ыр кимдерди ыйлатпады дейсиз?! Денени дүркүрөткөн, жүрөктөн өзөккө өткөн бул саптар - кыйылган өмүрлөргө түбөлүк коюлган гүлдесте-ырдай сезилет.
Урпактарга ураан болчу Улуу Жеңиш улам жыл арылаган сайын жаш муундардын жадында унутулбай түбөлүк сакталууга тийиш!
Просмотр содержимого документа
«Урпакка ураан болгон улуу жениш!!!»
"Урпакка ураан болгон улуу жеңиш"
9-май – ыйык майрам! Ааламды дүр дегизе силкиндирген экинчи дүйнөлүк согуштун касырети менен Улуу Жеништин касиетин, баатыр аталарыбыз менен апаларыбыздын эрдиктерин эч ким, эч качан унутпайт. Жеңиш жеңил эле келе калган жок. Дал ушул күнү да канчалаган азаматтар каза таап, кайгы менен кубанычтын катар келген күнү болгон. Бул маареке ааламды тынчтыкка бөлөгөн бейпилдик менен ынтымак ар дайым бийик турарын, баары бир жеңишке жете тургандыгын далилдеди.
Жетимиш бешинчи ирет Жеңиш туусун желбиреткен күнгө карата салтка айланган саамалык №55 «Достук» мектебибизде салтанаттуу түрдө белгиленди. Элибиздин бейпилдиги үчүн, Мекендин тынчтыгы үчүн курман болгон эр-азаматтарга урмат көрсөтүү, ата-бабаларыбыздын эрдиктерин эске салуу, өсүп келаткан муунду патриоттук сезимге, сыймыктуу өмүр салтына тарбиялоо, адамгерчиликтин баалуулугун сездирүү бул иш-чаранын негизги максаттарынан болду. Кан майданда эрдик менен каза тапкан жоокерлерге, ооруктагы оор жүктү моюндаган ошондогу кары-жаштарга кандай урмат көрсөтсөк да жарашат. Анткени мекенди коргоого аттанган ар бир азамат бүгүнкү жаркын келечек менен ачык асман үчүн өмүрүн арнады.