СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Устаттык онору - №4

Категория: Истоки

Нажмите, чтобы узнать подробности

Улуу устат Гапыр Мадаминовдун "Устаттык онору " китебинен №4 сабак

Просмотр содержимого документа
«Устаттык онору - №4»

Тема: Активдүү, практикалык сабак жөнүндө

Тема:

Активдүү, практикалык сабак жөнүндө

Айрым көп жыл педагогикалык кесипте иштегендердин сабагына кирсең класс тынч отурат. Эч бир ашыкча кыймыл, сөз, суроо жооп ж.б. класстын билим алуудагы активдүүлүгү сезилет. Сырттан бир караганга бул эң жакшы көрүнөт, мугалим классты «башкара» билет. Окуучулар мугалимден «коркот» же « тартынат», мугалимге бир – эки окуучу жооп берет, баа алат.

Айрым көп жыл педагогикалык кесипте иштегендердин сабагына кирсең класс тынч отурат. Эч бир ашыкча кыймыл, сөз, суроо жооп ж.б. класстын билим алуудагы активдүүлүгү сезилет. Сырттан бир караганга бул эң жакшы көрүнөт, мугалим классты «башкара» билет. Окуучулар мугалимден «коркот» же « тартынат», мугалимге бир – эки окуучу жооп берет, баа алат.

Мугалим түшүндүрөт.Окуучулар тынч отуруп, кыймылсыз, таң калуу менен, суроосуз, шектенүү, шыктануусуз отуруп угат. Үй ташырма берилип, баалап, мугалим класс менен адептүү коштошуп, чыгып кетет. Эгер сырттан бир мейман «комиссия» келсе да мындай сабак көбүнчө «жакшы», «орто» деп бааланат.

Мугалим түшүндүрөт.Окуучулар тынч отуруп, кыймылсыз, таң калуу менен, суроосуз, шектенүү, шыктануусуз отуруп угат. Үй ташырма берилип, баалап, мугалим класс менен адептүү коштошуп, чыгып кетет. Эгер сырттан бир мейман «комиссия» келсе да мындай сабак көбүнчө «жакшы», «орто» деп бааланат.

Көбүнчө мугалимдин сабагына кирип, үй тапшырмасын суроо процессинде, өткөн сабак кандай өткөндүгүн, жаңы теманы түшүндүргөндүгүн көрүп, эмки сабак кандай болоорун билүүгө болот. Анткени Эгер өткөн сабак жогорку илимий методикалык деңгээлде, классты толук өзүнө тартып өткөн болсо, кийинки сабакта мугалим сураганда окуучулардын эч болбоду дегенде 50-60% сабакка даяр болот. Бул абал класстагы окуучулардын маанайынан да байкалат. Ошондой эле жаңы тема да бардык окуучуларды өзүнө тартып, активдүү, жеткиликтүү өтүлсө, эмки сабактын жакшы өтүүсүнө өбөлгө, б.а.улам бир сабактар кийинки сабактын жакшы же начар өтүүсүнө себепчи.

Көбүнчө мугалимдин сабагына кирип, үй тапшырмасын суроо процессинде, өткөн сабак кандай өткөндүгүн, жаңы теманы түшүндүргөндүгүн көрүп, эмки сабак кандай болоорун билүүгө болот.

Анткени Эгер өткөн сабак жогорку илимий методикалык деңгээлде, классты толук өзүнө тартып өткөн болсо, кийинки сабакта мугалим сураганда окуучулардын эч болбоду дегенде 50-60% сабакка даяр болот. Бул абал класстагы окуучулардын маанайынан да байкалат.

Ошондой эле жаңы тема да бардык окуучуларды өзүнө тартып, активдүү, жеткиликтүү өтүлсө, эмки сабактын жакшы өтүүсүнө өбөлгө, б.а.улам бир сабактар кийинки сабактын жакшы же начар өтүүсүнө себепчи.

Бирок: Окуучуларга билим жугумдуу болдубу? Окуучулардын ойлоо сезими ойгондубу? Күмөн саноо, талашуу, тартышуу, өз ара далилдөө болдубу? Көндүм ыкмаларын практикада активдүү жасай алдыбы? Сабак окуучулар үчүн кызыктуу болдубу? Окуучулардын дээрлик көпчүлүгүн кыймылга келтире алдыбы? Же жөн эле тартиптүү түр көрсөтүп, реалдуу, иш жүзүндө сабакка катышпастан, ой кыялы сабактан сырт башка жакта болуп эле эптеп 45 мүнөттү өткөрдүбү?

Бирок:

Окуучуларга билим жугумдуу болдубу?

Окуучулардын ойлоо сезими ойгондубу?

Күмөн саноо, талашуу, тартышуу, өз ара далилдөө болдубу?

Көндүм ыкмаларын практикада активдүү жасай алдыбы?

Сабак окуучулар үчүн кызыктуу болдубу?

Окуучулардын дээрлик көпчүлүгүн кыймылга келтире алдыбы?

Же жөн эле тартиптүү түр көрсөтүп, реалдуу, иш жүзүндө сабакка катышпастан, ой кыялы сабактан сырт башка жакта болуп эле эптеп 45 мүнөттү өткөрдүбү?

Педагогикалык ишмердүүлүгүбүздө, сабак өтүүдө биз мына ушул себеп – натыйжа байланышын, чынжырын унутпообуз зарыл. Класста ойлоо сезими, кабылдоосу, иш – аракети пассивдүү болуп бир да окуучу калбоосу жана активдүү – практикалык сабак өтүү үчүн:  Эң алгач класстагы моралдык психологиялык климат эркин, активдүү ойлоп, иш – аракет жасап билим алууга ылайык болуусу керек. Ал үчүн класс жетекчи, предмет мугалимдер, класс окуучулары өздөрү моралдык психологиялык климатты (МПК ны) ушул багытка даярдоо боюнча иш алып баруусу кажет.

Педагогикалык ишмердүүлүгүбүздө, сабак өтүүдө биз мына ушул себеп – натыйжа байланышын, чынжырын унутпообуз зарыл. Класста ойлоо сезими, кабылдоосу, иш – аракети пассивдүү болуп бир да окуучу калбоосу жана активдүү – практикалык сабак өтүү үчүн:

Эң алгач класстагы моралдык психологиялык климат эркин, активдүү ойлоп, иш – аракет жасап билим алууга ылайык болуусу керек.

Ал үчүн класс жетекчи, предмет мугалимдер, класс окуучулары өздөрү моралдык психологиялык климатты (МПК ны) ушул багытка даярдоо боюнча иш алып баруусу кажет.

Активдүү – практикалык сабакты уюштуруу эң биринчи предмет мугалимине жүктөлөт. Андыктан мугалимге төмөнкүлөргө көңүл буруу сунуш кылынат:  Өзү класста ачык, жакшы каалоодогу маанайда болуп сабак өтүүсү керек. О.э. Сабакка алдын ала даярдануу сунуш кылынат. Суроо, тапшырма, кайрылуу, көз караш, сөз менен класстагы бардык окуучуларды жана ар бирини активдүү – практикалык ойлоо, иштөөгө тартып алуу . Сабак учурунда окуучуларга жоопкерчиликтүү эркиндик берүү. Окуучулардын өздөрүнүн катышуусу менен «мозговой штурм» жолуну пайдаланып бардык окуучулар бардык сабактарда амал кылуучу эреже иштеп чыгуу. Аны иштеп чыгууга класстагы МПКга реалдуу таасир кылуучу бардык окуучулар катышууга, алардын ой пикири, сунуштарын, албетте, эреженин айрым пунктары катары киргизүүгө маани берүү зарыл.

Активдүү – практикалык сабакты уюштуруу эң биринчи предмет мугалимине жүктөлөт. Андыктан мугалимге төмөнкүлөргө көңүл буруу сунуш кылынат:

Өзү класста ачык, жакшы каалоодогу маанайда болуп сабак өтүүсү керек. О.э. Сабакка алдын ала даярдануу сунуш кылынат.

Суроо, тапшырма, кайрылуу, көз караш, сөз менен класстагы бардык окуучуларды жана ар бирини активдүү – практикалык ойлоо, иштөөгө тартып алуу .

Сабак учурунда окуучуларга жоопкерчиликтүү эркиндик берүү.

Окуучулардын өздөрүнүн катышуусу менен «мозговой штурм» жолуну пайдаланып бардык окуучулар бардык сабактарда амал кылуучу эреже иштеп чыгуу.

Аны иштеп чыгууга класстагы МПКга реалдуу таасир кылуучу бардык окуучулар катышууга, алардын ой пикири, сунуштарын, албетте, эреженин айрым пунктары катары киргизүүгө маани берүү зарыл.

Бул эрежени иштеп чыгуу менен окуучуларды активдүү, коллективдүү ойлоого, иштөөгө, бири- бирин түшүнүүгө, пайдалуу сунуштарды эске алып, ошого амал кылууда эркин, демократиялуу принцип менен иштөөгө мүмкүнчүлүк берилет.

Бул эрежени иштеп чыгуу менен окуучуларды активдүү, коллективдүү ойлоого, иштөөгө, бири- бирин түшүнүүгө, пайдалуу сунуштарды эске алып, ошого амал кылууда эркин, демократиялуу принцип менен иштөөгө мүмкүнчүлүк берилет.

Ал эреже болжолдуу төмңкүдөй болуусу мүмкүн: Класста, сабакта өз – ара жакшы каалоо Өз ой – пикир, сунушун айткан окуучуну урматтоо, колдоо; Сабакта бири – бирин шылдыңдоо, маскарлоо ж.б.жол бербөө; Сабак учуру сабакка арналат; Суроо, жооп берип, сүйлөгөндү урматтап угуу; Бир эле тема, проблема боюнча ар кимдин өз пикири болуусу мүмкүн; Туура жооп, ойду да да бардыгы, ар бири табышы мүмкүн; Эң мыкты, күчтүү окуучулар да адашып, ката кылышы мүмкүн; Билимдүүлөр эле эмес, билим алууга, үйрөнүүгө аракеттенгендер да бааланат; Ар бир сабактан ар бир окуучу тема жөнүндө түшүнүк, көндүм, ыкмасы менен (өздөштүрүп алган) чыгат  Ушул сыяктуу сунуштарды окуучулар өздөрү айтып, өзгөртүп, толуктап, кабыл алуусу эң маанилүү. Өздөрү иштеп чыкканы алар үчүн эң кымбат.

Ал эреже болжолдуу төмңкүдөй болуусу мүмкүн:

  • Класста, сабакта өз – ара жакшы каалоо
  • Өз ой – пикир, сунушун айткан окуучуну урматтоо, колдоо;
  • Сабакта бири – бирин шылдыңдоо, маскарлоо ж.б.жол бербөө;
  • Сабак учуру сабакка арналат;
  • Суроо, жооп берип, сүйлөгөндү урматтап угуу;
  • Бир эле тема, проблема боюнча ар кимдин өз пикири болуусу мүмкүн;
  • Туура жооп, ойду да да бардыгы, ар бири табышы мүмкүн;
  • Эң мыкты, күчтүү окуучулар да адашып, ката кылышы мүмкүн;
  • Билимдүүлөр эле эмес, билим алууга, үйрөнүүгө аракеттенгендер да бааланат;
  • Ар бир сабактан ар бир окуучу тема жөнүндө түшүнүк, көндүм, ыкмасы менен (өздөштүрүп алган) чыгат

Ушул сыяктуу сунуштарды окуучулар өздөрү айтып, өзгөртүп, толуктап, кабыл алуусу эң маанилүү. Өздөрү иштеп чыкканы алар үчүн эң кымбат.

Мүмкүн болсо бул эрежени иштетүү механизмин да түзүп коюу керек. Мисалы: аткарылышын контролдоо, коомдук айыптоо, жоопкерчилик ж.б.

Мүмкүн болсо бул эрежени иштетүү механизмин да түзүп коюу керек. Мисалы: аткарылышын контролдоо, коомдук айыптоо, жоопкерчилик ж.б.

Мугалим да, окуучу да бул эрежеге амал кылуусу шарт. Биз активдүү – практикалык сабак өтүүгө жагдай, МПК түзүү жөнүндө бир аз гана айттык. Эскерте кетүүчү маселе, мындай сабак өтүү зарыл шарттарга зарыл окуу каражаттарынын болуусун да талап кылат. Мумкүн болушунча буларды толуктап табуу керек. Бирок аларсыз активдүү практикалык сабак өтүү мүмкүн эмес деп да айтуу туура эмес.

Мугалим да, окуучу да бул эрежеге амал кылуусу шарт. Биз активдүү – практикалык сабак өтүүгө жагдай, МПК түзүү жөнүндө бир аз гана айттык. Эскерте кетүүчү маселе, мындай сабак өтүү зарыл шарттарга зарыл окуу каражаттарынын болуусун да талап кылат. Мумкүн болушунча буларды толуктап табуу керек. Бирок аларсыз активдүү практикалык сабак өтүү мүмкүн эмес деп да айтуу туура эмес.

Активдүү – практикалык сабак үчүн эң зарыл шарт : Мугалимдин билими Чеберчилиги Кызыгуусу Каалоосу Тапкычтыгы  Эгер мугалим кааласа сабакта бардыгына жол тапса болот.

Активдүү – практикалык сабак үчүн эң зарыл шарт :

  • Мугалимдин билими
  • Чеберчилиги
  • Кызыгуусу
  • Каалоосу
  • Тапкычтыгы

Эгер мугалим кааласа сабакта бардыгына жол тапса болот.