№ 1 Республикалык усулдук кызмат жана колдоо көрсөтүү мекемелери1:
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги(КРдин ББИМ)
мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүнө, педагогдорду колдоого байланышкан жалпы саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат:
- педагогикалык билим берүүнүн стандарттарын өркүндөтөт;
педагогдун кесиптик стандартын, аттестациялоо түзүмүн иштеп чыгат жана ишке ашырат;
инварианттык/милдетүү кесиптик чеберчиликти жогорулатуу курстары үчүн педагогдордун кесиптик өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктайт;
кесиптик чеберчиликти жогорулатуунун 72 сааттык курсун каржылоону камсыздайт;
билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгүн, педагогдордун жана жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун баалоо боюнча компонентти камтыган билим берүүнүн сапатын баалоонун түзүмүн түзөт.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту (КР ББИМ жана ББИМинин алдындагы ПКЧЖжКДРИ) педагогдордун кесиптик чеберчилигин жогорулатуу боюнча саясатты ишке ашырат жана кесиптик чеберчиликти жогорулатуу системасын координациялоону камсыздайт:
кесиптик чеберчилигин жогорулатуу боюнча мамлекеттик буйрутмага ылайык инварианттык программаларды жана педагогдор менен жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилери үчүн окутуу муктаждыктарына ылайык вариативдүү программаларды иштеп чыгат;
педагогдордун жана жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу боюнча иштелип чыккан программаларды ишке ашырат;
областтык институттар жана борборлор тарабынан кесиптик чеберчиликти жогорулатуу боюнча көрсөтүлгөн кызматтарга мониторинг жүргүзөт;
кесиптик чеберчиликти жогорулатуу боюнча программаларга баалоо жүргүзөт;
мектеп, райондук/шаардык БББдөрүнүн жана окуу-усулдук кабинеттердин базасында ҮКӨнү камсыздоо үчүн колдонмолорду, усулдук материалдарды иштеп чыгат;
кесиптик чеберчиликти жогорулатуу боюнча программаларды, модулдарды иштеп чыгат жана кесиптик чеберчиликти жогорулатуу курстарынан өткөн педагогдордун маалымат базасын эсепке алат;
жыл сайын кесиптик чеберчиликти жогорулатуу боюнча программалардын ишке ашуу процессине талдоо жүргүзөт, кесиптик чеберчиликти жогорулатуунун, бүтүндөй ҮКӨнүн формаларын, моделдерин жакшыртуу сунуштарын иштеп чыгат.
№ 2. Областтык усулдук кызмат жана колдоо көрсөтүү мекемелери, усулдук борборлор:
- педагогдордун жана мектеп жетекчилеринин үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсү үчүн институционалдык шарттарды түзөт;
ҮКӨнүн алкагында сапаттуу кызмат көрсөтүү үчүн педагогдордун окутууга болгон муктаждыктарын аныктайт;
мугалимдердин жана жалпы билим берүү жетекчилигинин кесиптик чеберчиликтерин жогорулатуу программалары (модулдары) боюнча сапаттуу кызматтарды көрсөтөт;
кесиптик чеберчиликти жогорулатуу курстарынын сапатына жана алардын педагогдор тарабынан практикалык колдонуу деңгээлинин натыйжалуулугуна системалуу мониторинг жүргүзөт;
райондук/шаардык БББдөрү менен бирдикте окутуу пландарын координациялайт;
кесиптик чеберчиликти жогорулатуунун дистанттык, көчмө жана башка формаларын иштеп чыгат жана ишке ашырат.
№ 3. Райондук/шаардык окуу-методикалык кабинеттер:
кесиптик өнүгүүдөгү муктаждыктарга баалоо жана талдоо жүргүзүп, ПКЧЖжКДРИ, областтык институттар, усулдук борборлор жана кесиптик чеберчиликти жогорулатуу боюнча кызмат көрсөткөн башка провайдерлер үчүн кесиптик чеберчиликти жогорулатуу боюнча буйрутмаларды түзөт;
жыл сайын, август айында мугалимдердин саны, кесиптик чеберчиликти жогорулатуу боюнча сааттардын саны жана программалардын түрлөрү боюнча областтык усулдук борборлорго же институттарга отчёт берет;
педагогдор жана мектеп жетекчилери үчүн кыска мөөнөттүк усулдук, долбоордук семинарларды жана конференцияларды уюштурат;
педагогдордун кесиптик өнүгүүсүнө усулдук колдоо жана коштоо көрсөтөт;
мектеп жетекчилери, педагогдор, рай/шаардык БББдөрүнүн жетекчилери үчүн провайдерлер (анын ичинде инновациялык мектептердин да) тарабынан ишке ашырылган программаларга мониторинг жүргүзөт.
№ 4. Мектеп жетекчилиги (педагогикалык кеңеш, усулдук кеңеш):
насаатчылык институтунун жана бардык жаш адистер үчүн кесипке киришүү программасынын ишмердүүлүгүн уюштурат;
педагогдордун усулдук, долбоордук жана изилдөөчүлүк иштери аркылуу мектеп ичиндеги кесиптик чеберчиликти жогорулатуу системасын уюштурат;
кызматташтык жана корпоративдик окутуу үчүн шарттарды түзөт;
билим берүү программаларынын реестринде болгон кесиптик өнүгүү программаларына жеткиликтүүлүктү публикациялар, шилтемелер педагогикалык кеңештердин жана МУБ жыйындарында маалыматтарды берүү аркылуу камсыздайт;
дистанттык окутуунун шарты катары педагогдордун МКТга жеткиликтүүлүгүн камсыздайт;
педагогдордун кесиптик өнүгүү пландарын бекитүү менен ал пландарды ишке ашырууга колдоо көрсөтөт жана байкоо (көзөмөл) жүргүзөт;
жалпы билим берүү мекемесинин дем берүүчү фондун, аттестациялоо механизмин жана моралдык колдоо көрсөтүү механизмдерин пайдалануу менен педагогдордун
туруктуу өнүгүүсүнө дем берет;
педагогдордун кесиптик өнүгүүсүнө мониторинг жүргүзөт жана жалпы эле мектептин бул багыттагы ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугуна баалоо жүргүзөт.
№ 5. Мектептин усулдук бирикмеси( МУБ):
Тутумдун түзүүчү бөлүктөрүнүн милдеттери жана жоопкерчиликтери бул жерде көрсөтүлгөндөн кененирээк. Милдеттер жана жоопкерчиликтер колдонмонун темасына, максатына ылайык гана тандалып алынды.
- усулдук бирикмедеги педагогдордун чеберчилигин жана квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле жаш педагогдордун кесиптик өнүгүүсүн колдоо (насаатчылык);
- билим берүү чөйрөсүндөгү окутуунун сапатына, предметтер боюнча окутуунун максаттарына жана натыйжаларына бирдиктүү талапты камсыз кылуу;
- бирдиктүү билим берүү жана тарбиялоо чөйрөсүн, инсандын өнүгүүсүн жана калыптануусун камсыз кылууда мугалимдердин чыгармачылык иши үчүн шарттарды түзүү.
- мугалимдердин педагогикалык ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун баалоо;
- семинардык сабак, тренингдер, ачык сабактар ж.б. иш-чараларды өткөрүү менен мектеп ичиндеги системада квалификацияны жогорулатууну уюштуруу;
- предметтер боюнча класстан тышкаркы иштерди иштеп чыгуу.
1 (КРнын ББИМ жана ББИМинин алдындагы ПКЧЖжКДРИ)
3