Просмотр содержимого документа
«Ыйык Куран 9- класс»
Тема:Ыйык куран Мусулмандардын китеби
План
- Куран деген сөз эмне деген маанини түшүндүрөт?
- Куран жин, шайтандан сактануу үчүн гана үйдүн төрүнө илип койуучу китеппи?
- Куран же орууларга дем салуу үчүн гана колдонулуучу нерсеби?
- Куран же бир гана молдолор гана окуй турган китеппи?
- Куран кооз үн (кыраат) менен гана окуп элдерди таң калтыруучу нерсеби?
- Куран эскилердин жомогубу?
- Куран же катардагы жазуучулардын китебиндей эле китеппи?
Куран – араб тилинде «Кара’а» сөзүнөн алынып, «Оку!» же «Окула турган ыйык китеп» деген маанини түшүндүрөт.Куран Аллах Тааланын кереметтүү сөзү. Ал Аллах Тааланын эң акыркы китеби. Аллах Таала башка кээ бир пайгамбарларга китеп түшүргөндөй эле Мухаммадга (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) жана анын үммөтүнө Куранды түшүргөн.
Пайгамбарыбыз Мухаммаддын (С.А.В.) пайгамбарлык милдети 23 жыл болсо, Куран да 23 жыл ичинде Жабраил (Ага Аллахтын саламы болсун) периште аркылуу ар кандай окуяларга, абалдарга, ж.б. себептерге байланыштуу түшүп турган.
- Куран Пайгамбарыбыздын доорунда азыркыдай бир китеп болуп тартиптештирилген эмес. Себеби, Ага мүмкүнчүлүк болгон эмес. Куран толук түшүп бүтө элек болчу. Ага зарылдыкта да жок болчу. Анткени сахабаларга Кураандан бир нерсе түшүнүксүз болсо, пайгамбарыбыздан сурашат эле.
Куран Пайгамбарыбыздын доорунда азыркыдай бир китеп болуп тартиптештирилген эмес. Себеби, Ага мүмкүнчүлүк болгон эмес. Куран толук түшүп бүтө элек болчу. Ага зарылдыкта да жок болчу. Анткени сахабаларга Курандан бир нерсе түшүнүксүз болсо, пайгамбарыбыздан сурашат эле.
Өтө кылдаттык менен иштелип иретке келтирилген Куран баракчаларынын бардыгын комиссия башчысы Зайд халифа Азирети Абу Бакирге тапшырган. Азирети Абу Бакир бул ыйык аманатты тирүү кезинде өзүнөн кийин халифалыкка келе турган Азирети Умарга тапшырган.
Куран негизинен 3 бөлүктөн турат. 1-Тавхит (ишеним) жөнүндө. Мисалы : Аллах, Бейиш, Тозок, Эсеп кысап, ж.б.у.с. нерселер байандалат. 2.(Мыйзамдар) жөнүндө Намаз, зекет, уурулак, зынакорлок, нике, талак ж.б.у.с. нерселер байандалат. 3-Окуялар (Куранда 25 пайгамбардын аты аталып кээбиринин окуйалары кыскача байандалган). Мисалы: Адам, Муса, Иса, Ибрахим, Юсуф, Сулайман, Нух, Лут (Аларга Аллахтын саламы болсун) ж.б.у. с.
Куранда 114 сүрө, 6220 айат бар.Сүрөөлөр ар кандай аталышта. Маселен: Бакара, Ниса, Жума, Йусуф, ж.б.Сүрөөлөр негизинен 2 ге бөлүнөт: Маккий жана Маданий болуп. Меккеде түшкөн сүрөөлөр Маккий деп аталып алардын саны 86 болгон. Ал эми Мадинада түшкөн сүрөөлөр Маданий деп аталып алардын саны 28 болгон.
Курандын усулундай (методикасындай) дүйнө жүзүндө методика жок.Куран чындыгын да Аллах Тааланын сөзү экендигинде көптөгөн далилдер бар.Өткөн ар бир коомдо, ар бир доордо бир нерсе өнүккөн.Маселен Мусанын (А.С.) доорунда сыйкырчылык, Иса (А.С.) доорунда медицина ал эми Мухаммаддын (С.А.В.) доорунда Балага (кызыл тилдүүлүк) илими аябай өнүккөн болчу.
Курандын көптөгөн аттары (сыпаттары) бар. Алар:Куран Фуркан Китааб Танзиил Зикир ж.б.
- Мусулмандардын куран китебинин ичиндеги жазуулар мурда кандай болсо азыр да өзгөрүүсүз түрдө сакталып келүүдө. М: куранда кумурскалар сынат-деп жазылган. Ал эми илимде окумуштуулар жакында гана изилдеп, чындыгында эле кумурскалар сынаарын айтышкан.
Көңүл бурганыңыздарга рахмат!