СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ыкташуу байланышы (5-класс)

Нажмите, чтобы узнать подробности

Ыкташуу байланышы  (5-класс)

Просмотр содержимого документа
«Ыкташуу байланышы (5-класс)»

Сабактын темасы: ЫКТАШУУ БАЙЛАНЫШЫ Сабактын максаты:

Билим берүүчүлүк: окуучулар сөз айкашы боюнча түшүнүктөрүн тереңдетишет. Ыкташуу байланышы боюнча маалымат алышат.

Өнүктүрүүчүлүк: окуучулар сөз айкашынын тутумундагы сөздөрдүн грамматикалык жактан эмес, маанилик жактан байланышарын билишет.

Тарбиялоочулук: топтордо иштөөдө бири-биринин оюн угуп, өз ара сыйлашат. Жогорудагы максаттарга жетти деп эсептейбиз, эгерде окуучу ...

а) сөз айкашы боюнча алган түшүнүктөрүн тереңдетүү менен, ыкташуу байланышын сүйлөмдөрдөн таба алса;

б) сөз айкашынын тутумундагы багындыруучу жана багыныңкы сөз- дөрдүн маанилик жактан байланышарын билсе;

в) топтордо иштөөдө бири-биринин оюн угуп, өз ара сыйлаша алса.

Окуучулар ээ болуучу компетенттүүлүктөр:

Тилдик компетенттүүлүк: - сөз айкашынын тутумундагы сөздөр өз ара маани жана грамматикалык жактан байланышарын үйрөнүшөт;

  • маанилик байланыш болгондо негизги сөз (багындыруучу сөз) багыныңкы сөздөн кийин келип, экөө өз ара маанилик жактан байланышарын билишет.

Кептик компетенттүүлүк: - кеп ишмердүүлүгүндө сөз жана сөз айкаштарын орундуу колдонот;

  • түрдүү чөйрөдө сүйлөшүү ишмердүүлүгүнө ээ;

  • теориялык билимдерди пайдалануусу.

Маданий компетенттүүлүк: - улуттук маданиятты түшүнүү менен, сөз жана сөз айкаштарын ажырата алат;

  • тил аркылуу улуттук сөз өнөрүн үйрөнүү. Сабактын тиби: алган билимди чыңдоо сабагы. Сабактын методу: проблемалуу метод.

Сабактын жабдылышы: дидактикалык карточкалар, таблица, методикалык колдонмолор, ватман, маркер, скотч ж. б.

Сабактын жүрүшү: 1. Уюштуруу. 2. Үйгө берилген тапшырманы кайталоо.

Үйгө берилген тапшырманы кайталоодо окуучулар топторго бөлүнүп, ар бир топко карточкалар таратылат.

  1. топ үчүн: 1. Берилген мисалдардан сөз айкашын өзүнчө, сөздөрдү өзүнчө бөлүп жазгыла жана алардын эмне үчүн андай экендиктерин түшүндүрүп бергиле.

Ала-Тоо, бака жалбырак, темир жол, Ала-Тоонун абасы, темир жолго келүү, тоону көздөй, сууда сүзүү, келечек тууралуу, менин максатым, чын- дык жөнүндө, достук тууралуу сүйлөшүү, беш окуучу, Чолпон-Ата, Ата Мекен, кызыктуу китеп, үлгүлүү окуучу, кызыктуу сабак.

  1. топ үчүн: 1. Сөз жана сөз айкашынын кандай байланышы жана айырмачылыктары бар? Мисалдар менен түшүндүргүлө.

  2. топ үчүн: «Сөз айкашы» деген темага кластер түзгүлө.

Ар бир топтон лидерлер чыгып берилген тапшырманын аткарылышын түшүндүрүп беришет. Кемчиликтери топтун калган мүчөлөрү тара- бынан толукталат.

Жаңы тема:

Айрым сөз айкаштарынын багынычтуу түгөйү негизги сөз менен жөндөмө мүчөлөрдүн жардамы менен эмес, маанилик жактан гана бай- ланышып турат. Мисалы: салкын бөлмө, бийик үй, үлгүлүү окуучу ж. б. Өзүңөр көргөндөй, бул сөз айкаштарынын багыныңкы сөздөрүнө жөндөмө мүчөлөр уланган жок. Алар негизги (багындыруучу) сөз менен орун тартиби боюнча, маанилик жактан гана ыкташа байланышып турат. Байланыштын мындай түрү ыкташуу байланышы деп аталат.

Окуу китебиндеги 96-97-98-көнүгүүлөрдү топторго бөлүп аткаруу менен окуучулар сөз айкашындагы багындыруучу жана багыныңкы түгөйлөрдү, ошондой эле багыныңкы байланыштын кайсыл түрү экенди- гин аныкташат. Ошондой эле берилген сүйлөмдөн ыкташуу байланышын таап, ал эми сөздөрдү маанисине ылайык багынычтуу же негизги сөз катары колдонуп, ыкташуу байланышына мисалдар келтиришет. Ошол эле учурда алардын эмне үчүн ыкташуу байланышы деп аталарын да айтып беришет. 99-көнүгүүдө берилген схема боюнча окуучулар топторго бөлүнүү менен (1-топ зат атооч+зат атооч; 2-топ сын атооч+зат атооч; 3-топ сан атооч+зат атооч), ыкташуу байланышындагы сөз айкашына мисалдар келтиришет. Кайсы топтун көбүрөөк мисал келтирери мугалим тарабынан эске алынат. Сабакты суроо жооп менен бышыктоодо окуучулар төмөнкүдөй суроо-

лорго комментарий беришет:

    1. Багындыруучу жана багыныңкы сөздөр маанилик жактан байланышат дегенди кандай түшүнөсүңөр? Мисалдар менен айтып бергиле.

    2. Багындыруучу жана багыныңкы сөздөр орун тартиби боюнча байланышат дегенди мисалдардын негизинде айтып бергиле.

    3. Жогорудагы эки суроо боюнча мисалдарды келтирүүдө айырмачылыктар барбы? Кандай ойлойсуңар?

    4. Ыкташуу байланышына мисалдарды келтиргиле. Алардын эмне үчүн ыкташуу экендигин түшүндүргүлө.

Окуучулардын билимин баалоо критерийдин негизинде жүргүзүлөт

Окуучунун билим көрсөткүчтөрү аркылуу баалоо:
  • эрежени билип, аны пайдалана алат;

  • сөз, сөз айкашы жана сүйлөмдү бири-биринен айырмалайт;

  • сүйлөмдөгү сөздөрдүн байланышуу жолдору боюнча мисалдарды таап, талдайт;

  • жооптору так жана туура айтат;

  • өзүнүн оюн далилдеп бере алат.

Үй тапшырма: 100-көнүгүү. Мында окуучулар ыкташуу байланышындагы сөз айкаштарына мисал келтирип, багындыруучу жана багыныңкы сөздөрдүн кайсы сөз түркүмүнөн жасалгандыгына байкоо жүргүзүшөт.