СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ыктымалдуулукка киришуу

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Ыктымалдуулукка киришуу»



Текшерилди:___________ ОББ: _________________________________

Күнү:_____________

Математика 7-г класс 5 Е методу



Тема: Ыктымалдуулукка киришүү

Сабактын максаты: Окуучуларга окуянын ыктымалдуулугу түшүнүгүн берүү жана аны P(A) = формуласы менен эсептөөнү үйрөтүү.

1. Engage (Кызыктыруу)

  • Иш-аракет: Мугалим класска момпосуй салынган куржунду көрсөтөт.

  • Суроо: "Балдар бул куржунда эки түрдүү конфет бар.Эгерде ким куржундун ичинен snikers алса досуна берет, ал эми albeni алса өзү жейт.Кана ким баштайт?

  • 1,2,3,4,5,6,7,8,9,10.....

  • Мугалим: Балдар эми силерге суроо:

  • 1. Эмне үчүн snikers көп чыкты?

  • 2. Эмне үчүн albeni аз чыкты?

  • 3. А эмне үчүн twix чыккан жок?

  • Максат: Окуучуларды "мүмкүн", "мүмкүн эмес", "кокустук" деген түшүнүктөр боюнча талкууга тартуу.



2. Explore (Изилдөө)

  • Иш-аракет: Окуучулар 4 топко бөлүнөт. Ар бир топко бирден тапшырма берилет.

  • Тапшырма: Тыйынды 10 жолу ыргытып, канча жолу "герб" жана канча жолу "сан" жагы түшкөнүн жазып алышат.

  • Талкуу: "Эгер биз тыйынды 100 же 1000 жолу ыргытсак, жыйынтык кандай болушу мүмкүн? Алдын ала айта алабызбы?"



3. Explain (Түшүндүрүү)

  • Иш-аракет: Мугалим изилдөөнүн жыйынтыгын илимий тилге айлантат.

  • Негизги түшүнүктөр:

    • Окуя – бул тажрыйбанын жыйынтыгы.

    • Ыктымалдуулук – бул окуянын ишке ашуу мүмкүнчүлүгүнүн сандык мүнөздөмөсү.

  • Формула: P (A) = Мында: m — биз каалаган (жагымдуу) учурлардын саны. n — бардык мүмкүн болгон учурлардын саны.Мисал: Кубикти ыргытканда 3 санынын түшүү ыктымалдуулугу: P =

Ыктымалдуулуктун тарыхы тууралуу маалымат:

Ыктымалдуулук теориясынын тарыхы абдан кызыктуу. Ал кумар оюндарынан башталып, кийинчерээк олуттуу илимге, ал тургай азыркы жасалма интеллекттин негизине айланган.

1. Алгачкы кадамдар (Орто кылымдар)

Ыктымалдуулук жөнүндөгү алгачкы ойлор кумар оюндарына (сөөк ыргытуу) байланыштуу пайда болгон.

  • Джероламо Кардано (1501–1576): Ал "Оюн сөөктөрү жөнүндө китеп" деген эмгегинде биринчилерден болуп ыктымалдуулукту математикалык талдоого аракет кылган. Ал "эгерде сөөктү ыргытсак, белгилүү бир сандын түшүү мүмкүнчүлүгү кандай?" деген суроого жооп издеген.

2. Илимий негиздин түптөлүшү (XVII кылым)

Бул илимдин "туулган күнү" катары 1654-жыл эсептелет. Бардыгы кумар оюнчусу Шевалье де Меренин Блез Паскалга берген суроосунан башталган. Ал: "Эгерде оюн бүтпөй калса, акчаны оюнчулардын утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө жараша кантип калыс бөлүш керек?" деп сураган.

  • Паскаль жана Ферма: Блез Паскаль менен Пьер Ферма кат алышуу аркылуу бул маселени чечишкен. Бул каттар ыктымалдуулук теориясынын пайдубалын түзгөн.

  • Христиан Гюйгенс: 1657-жылы ыктымалдуулук боюнча биринчи басылып чыккан эмгекти ("Кумар оюндарындагы эсептөөлөр жөнүндө") жазган.

3. Классикалык доор (XVIII – XIX кылымдар)

Бул учурда ыктымалдуулук оюндарынан чыгып, демографияга, камсыздандырууга жана астрономияга жайыла баштаган.

  • Якоб Бернулли: "Чоң сандар мыйзамын" далилдеген. Бул мыйзам боюнча, тажрыйба канчалык көп кайталанса, жыйынтык ошончолук туруктуу жана алдын ала айтууга мүмкүн болот.

  • Абрахам де Муавр: "Нормалдуу бөлүштүрүү" (коңгуроо сымал ийри сызык) түшүнүгүн киргизген.

  • Пьер-Симон Лаплас: 1812-жылы "Ыктымалдуулуктун аналитикалык теориясы" деген фундаменталдуу эмгегин жазган. Ал ыктымалдуулуктун классикалык аныктамасын (Р= ) берген.

Бүгүнкү күндө ыктымалдуулук теориясысыз төмөнкүлөр мүмкүн эмес:

  • Аба ырайын алдын ала айтуу (мисалы: "Жамгыр жаашынын ыктымалдуулугу 70%");

  • Камсыздандыруу жана банк иши;

  • Кванттык физика;

  • Жасалма интеллект (AI): Нейрондук тармактар маалыматты ыктымалдуулукка таянып иштеп чыгышат.

4. Elaborate (Тереңдетүү)

  • Иш-аракет: Турмуштук кырдаалдарды чечүү.

  • Маселе: 4 топко ар бирине өзүнчө карточкада даярдалган тапшырмалар берилет.

  • 1-топ:

  • 2-топ:

  • 3-топ:

  • 4-топ:

  • Талкуу: Ыктымалдуулук эмне үчүн 0дөн кичине же 1ден чоң боло албасын түшүндүрүү (0 — мүмкүн эмес окуя, 1 — анык окуя).

  • Оюн (кайсы команда мергенчи)

5. Evaluate (Баалоо)

  • Иш-аракет: "Ыктымалдуулук шкаласы" оюну.

  • Тапшырма: Мугалим бир нече окуяны айтат, окуучулар анын ыктымалдуулугун 0дөн 1ге чейинки шкалада белгилешет:

    1. "Эртең күн чыгат" (Анык - 1).

    2. "Сиздин туулган күнүңүз 32-августта болот" (Мүмкүн эмес - 0).

    3. "Тыйын ыргытканда 'сан' жагы түшөт" (Теңме-тең - 0.5).