Сабактын темасы: «Ынтымак бакытка жол ачат»
Сабактын максаты:
Балдар куттуу, берекелүү,ырыскылуу деп кандай үй-бүлөнү эсептелерин,алардын коомдогу ордун кандай экенин аныктай алышат.Үй-бүлөнүн коомдук,социалдык жана адеп-ахлахтык мааниси жөнүндө түшүнүк алышат.
Окуучулардын ой жүгүртүү көндүмдөрү өнүктүрүлөт.
Ата –энесин урматтап, сыйлай билүүгө,үй-бүлө курууда жоопкерчиликтүү болууга тарбияланышат.
Сабактын жабдылышы: Учкул сөздөр,макал-лакаптар,түстүу барактар,тоголок жип,сүрөттөр.
Сабактын усулу: интерактивдүү
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу,сабактын максатын окуучуларга түшүндүрүу.
Иш кадамдары:
Мугалим: Үй-бүлөдө болсо ынтымак,
Ырыскы бүткүл чогултат.
Жылмаюу кетпей жүзүңдөн
Бактылуу өмүр курушат
Ынтымактуу болсоңор
Малынасың ырыска
Ырыс ,кетет кут кетет,
Ыркырашып турушса
-деп улуу аалымдарыбыз айткандай, балдар ,биздин бүгүнкү ачык тарбиялык саатыбыз дал ушул «Ынтымак бакытка жол ачат» деген теманын негизинде өтмөкчүбүз.
Кутмандуу күнүңүздөр менен урматтуу биздин ардактуу конокторубуз.Бүгүнкү сабагыбызды ачык деп жарыялоого уруксат этиңиздер.
Хор: «Ынтымак»
Мен бир жакшы сөз биллем, Бөбөгүмө үйрөтөм,
Дайым мээрим угулган. Ынтымак деп сүйлөтөм.
Аны унутпай жүрсөм да, Сиз деп калат энем да,
Андан бакыт чубурган. Өзүм сиз деп сүйлөсөм.
Анын аты ынтымак, Келчи, балдар, биз дагы,
Өзүм менен бир турат. Сыйлашып сый жүрөлү.
Баары мендей болууга, Ырыс алды-ынтымак,
Жолдошторум кун кылат. Ынтымакты сүйөлү.
«Жаркын маанай» оюну.
Окуучулар «Жаркын маанай» оюнун ойношот.Оюндун шарты:1-окуучу 2-окуучуга «Мен бүгүн абдан кубанычтамын,себеби биргебиз» дейт. 2-окуучу рахмат айтып,оюнду улантып кетет.
Мугалим окуучуларга суроо берет.
Балдар, «Ынтымак» дегенди кандай түшүнөсүңөр?
Окуучулар ынтымак жөнүндө өз ойлорун айтышат.
Ооба балдар,ынтымак бул-улууну сыйлоо,кичүүлөрдү ызааттоо,бири-бириңер менен урушуп талашпай,жардам берип,көп окуп,билгендерин билбегендерге айтып берип,башка улуттагыларды да сыйлай билүү керек экен.
Анда эмесе балдар ынтымак жөнүндө макалдардан айтып бергилечи.
Макал айтуу
1. Ынтымагы бар элдин ,адил болот улугу
Ынтымагы жок элдин,ичинен чыгат бузугу.
2. Ынтымактуу биригет,ынтымаксыз бүлүнөт.
3. Ырыскыны жер берет,ынтымакты эл сүйөт.
4. Чылбыр узун болсо ат тоет,ынтымагың душманга ок.
5. Ынтымак бири-бирин сыйлоо
6. Ынтымактан иш бузулбайт
7.Ынтымак болсо элиңде,ырыскы жайнаар төрүңдө.
Туура айтасыңар балдар,мына бүгүнкү күндө Кыргызстанда канча деген башка улуттун өкүлдөрү жашайт жана кандай ынтымакта жашап келе жатышат Бул боюнча кыскача маалымат берип кетели.
«Кыргызстан жалпыбыздын мекенибиз» Улуттар арасындагы биримдик.
Кыргызстан-көп улуттуу мамлекет.Эгемендүү Кыргыз Республикабызда азыркы күндө 80ден ашык ар улуттардын өкүлдөрү жашайт.Кыргыз жеринин сулуулугу,меймандостугу башка элдердин бул аймактарга отурукташып калышына шарт түзгөн.Кыргызстанда жашаган улуттардын биримдигин жана ынтымагын чыңдоо мамлекетибиздин көңүл борборунда болуп калды.Кыргызстанда улут аралык мамилелерди бекемдөө үчүн 1994-жылы 21-январда Бишкек шаарында 1-курултайы болуп өткөн.Ал курултайда Кыргызстан элинин Ассамблеясы түзүлүп, «Биримдиктин,тынчтыктын жана ынтымактын декларациясы» кабыл алынган.Ошондой эле Бишкекте «Достук үйү»ачылган.
Көрүнүш: (Т.Үмөталиев) «Күч бирдикте»
Автор: Илгери эчак өткөн бир заманда,
Чокусу көк тиреген Тянь-Шанда.
Жашаптыр бир акылман тогуз уулдуу,
Тогузу тогуз азап шордуу жанга.
Карашып тогуз уулу тогуз жакты,
Тоосунан ынтымаксыз суулар акты
Ар күнү үрпөйүшүп үй алдында,
Урушкан тооктордой чукулдашты.
1-баласы: Мен жайгам кечөө күнү козуларды,
Аңырдай ачасыңар оозуңарды.
2-баласы: Түрүңөр итий болгон балага окшош,
Айткыла чыныңарды ,соосуңарбы.
3-баласы: Мен бүгүн отун алып келдим кырдан,
Сен өзүң мышыктайсың сүт аңдыган.
4-баласы: Сен соргок,желп койдуңбу мага койбой,
Канакей кызыл уйдун каймагынан?
5-баласы: Сен неге жабышасың ач кенедей?
Ары тур чоң атадай жемелебей!
6-баласы: Сен өзүң журтта калган чүпүрөксүң,
Жөн отур,колдоруңду серелебей.
Автор: Акылман тегерете тиктеп барын,
Сынады жат кишидей өз балдарын.
Ким билет ойлодубу:акылсыздар
Мушташып,карматат деп адаттарын.
Отургузду тогузун тең кыдырата,
Сүйлөдү балдарына ак чач ата:
Атасы: Жүк баскан төөдөн бетер картайганда,
Дүйнөгө келгениме болдум капа.
Акылдуу чыкпадыңар башкалардай,
Акылды айтып келдим арбай-талбай
Айтканды укпадыңар дүлөйлөрчө,
Ойлодум бир кызык иш аргам калбай…
Таңылган элүү сабо ушул турган,
Боолугун чечпей туруп ортосунан.
Кагайган бир чыбыкты сындыргандай,
Баарын бир ушул бойдон бүт сындырган.
Автор:Көрүштү кармалашып топ ыргайды,
Топ ыргай тоодон бекем күч турбайбы!
Баарынын күчү жетпей сындырууга,
Айтышты:сыйлыкты ойлоо куру кайгы.
Акылман бир жылмайып мурутунан,
Сабоону алды кайра өзү танган.
Боолугун чечип туруп бирден берип,
Суранды таштай каткан балдарынан:
Канеке,сынар экен эми кандай?
Балдары бычыратып чыбыктарды,
Сабоодо көптөн бери өчү бардай.
Атасы:Көрдүңөр:ынтымак деген оңой эмес,
Уксаңар ынтымак үчүн берем кеңеш.
Боолонгон ыргай өңдүү бир турсаңар,
Силерге каршы басып эч ким келбес.
Автор:Ынтымак үйгө кирди андан кийин,
Акылман тоготкон жок болуш-бийин.
Тогузу тогуз жолборс балдарынын,
Душмандар таппай калды кирерге ийин.
Мугалим: Демек балдар, көрдүңөрбү ынтымакта болсок биз бардык нерсени жеңип,бактылуу жашайт экенбиз.
Кана «Манастын 7 осуятынан» айтып бергилечи:
1.Эл-жердин ажырагыс биримдиги жана бир жакадан баш,бир жеңден кол чыгарган.
2.Улуттар аралык ынтымак,достук жана кызматташтык.
3.Улуттук жана атуулдук ар намыс.
4.Арыбас мээнет,арыбас өнөр-билим аркылуу бакыбат дөөлөткө умтулуу.
5.Гумандуулук,айкөлдүк,кечиримдүүлүк.
6.Табият менен таттуу мамиледе болу.
7.Кыргыз мамлекетин чыңдоо жана анны көздүн карегиндей сактоо.
Ал эми « бакыт» деген сөздү кандай түшүнөсүңөр?-деп «Желе оюнун» баштайбыз.
Оюндун шарты:жипти сөөмөйгө салып «бакыт» дегенди кандай түшүнөсүңөр деп окуучуларга тоголотот
Окуучулар ойлорун айтышат да,өздөрү бири-бирине «бакыт» жөнүндө суроо берип желедей болуп чырмалышып калышат.
Мугалим:Көрдүңөрбү балдар биз бири-бирибиз менен желедей болуп чырмалышып калдык,эгерде бирөөбүз артка чегинсек анда эмне болмок элекпиз.Демек,жогоруда өзүңөр айткандай болсок биз бактылуу жанан ынтымакта болот экенбиз.
Көркөм айтуу:
Ынтымак.
Ынтымагы бар элдин
Калага карды ток болот
Душманга тиер ок болот Ынтымагы бар элдин
Адил болот улугу
Ынтымагы жок элдин
Ичинен чыгат бузугу
Ынтымагы бар элдин
Адил болот улугу
Ынтымагы жок элдин
Ичинен чыгат бузугу
Ынтымаксыз эл болсо
Дыркырап качып жок болот
Ынтымактуу биригет
Ынтымаксыз бөлүнөт
Ынтымак элдин баркы бар
Ынтымактуу эл болсо
Бири –бирине баркы бар.
Ынтымагы жок элдин
Бирине бири октолот
Макал айтуу:
1.Бактыңды баалай бил,баркын сыйлай бил.
«Театр форум». Тема: «Бир күн чыр чыккан үйдөн,кырк күн кут кетет»,деп жазылган плакаты доскага илем.
Окуучулар макал боюнча образ жаратат,сценарий түзөт:
Балдардын апасы уулу менен кызына жомок айтып берип отурган болот.Аңгыча атасы масс болуп келип калат,аялы жини келип: «Өлүгүңдү көрөйүн,дагы ичип келдиңби,балекет,мээнет ичкир!Балдарыңдын бут кийими жок,жээрге наны жок отурса,ичкениңди койбодуң сен!»-деп аялы күйөөсүн каргайт.
-Сен мени каргай турган болдуңбу,энеңди…-деп сөгүнүп,аялынын чачынан сүйрөп ура турган болгондо,балдары чыркырап ызы-чуу көтөрөт.Аялы «ажырашам»деп албууттанып,кетүүгө кам көрөт.
Ушул жерден окуучулар: «Стоп!»-деп өздөрү актерлордун ордуна келип башка образдарды жаратып көрсөтүп берет.
Мугалим: Демек.уруш-жаңжалдын көп болуп,үй-бүлөнү бактысыздыкка алып келген негизги себеп бул-ЫНТЫМАКСЫЗДЫК. Ынтымак болсо, үй-бүлөдө кут,береке,ырыскы болот.Мамлекет кубаттуу,бекем болушу үчүн ар бир адам жана үй-бүлө ынтымакта жашашы керек.Ошондо гана биз бакытка карай жол ача алабыз.Ынтымак ар бир үй-бүлөгө аба менен суудай зарыл.
Жыйынтыктоо:Сабакты улуу аалымдардын насаат сөздөрүн,кеңештерин окуп берүү менен жыйынтыктайм.
Атаныкы үй-бүлө тактысы,
Эне деген үй-бүлө бактысы.
Чогултат ынтымак менен ырыскы,
Бирдикте болсо баарысы.
Урушуп калса эки жар,
Кепке келип тынышсын.
Керек тынчтык дайыма
Кени болот ырыстын
(Молдо Багыш)
Өлбөй тирүү калбайсың,
Жан аманат, ойлоп бак.
Ыркырашпа тирүүңдө,
Ырыс алды-ынтымак. (Токтогул)
Чырга жакын адамдан
Чычая качып бак кетет.
Чырга жакын улуктан
Чытырап сынып так кетет
Ырыс алды ынтымак,
Ынтымагың жок болсо,
Алдыңдан таяр алтын так.
Туш болорсуң бөлүмгө,
Учураарсың өлүмгө. (Алдаш Белек уулу)
Үйгө тапшырма: «Биз ынтымактуу балдарбыз»-деген темада сүрөт тартып келүү.