Просмотр содержимого документа
«Ысак Барпиев 90 жашта»
Шаки Тойматов атындагы №7 “Иринжит” жалпы орто билим берүүчү мектеби
Тарбиялык сабактын темасы:
Ысак Барпиев 90 жашта.
Класс жетекчи: Икрамова А.
Сабактын темасы: Ысак Барпиев 90 жашта
Сабактын максаты:
Ысак Барпиевдин өмүр баянын таанышып билишет.
Окуучулардын дүйнө таануусу жана чыгармалары жөнүндө маалымат алышат.
Өз элинин улуу инсандарды көрүп
тарбияланышат.
Сабактын жабдылышы: Ысак Барпиевдин сүрөттөрү,плакат.
Сабактын тиби: Жаңы теманы кененирээк өздөштүрүү.
Уюштуруу:
а) Саламдашуу.
б) Жагымдуу маанай түзүү.
Жаңы тема:
Ысак Барпиев 1934-жылы Аксы районунун Авлетим айылында туулган. 1942- жылы Авлетим орто мектебине кирип, 1953-жылы ийгиликтүү аяктаган.Эмгек жолун ошол эле жылы Авлетим айылдык клубунун башчысы болуп баштаган.1957- жылы Авлетим маданият үйүнүн башчысы болуп дайындалган. 1958-жылы райондун борборундагы Токтогул атындагы парктын директору, андан соң ошол эле жылы райондук маданият үйунун директору болуп иштеген.
1961-64-жылдары Токмок шарындагы маданий агартуу тейникумун, 1973-1978-жылдары Өзбек СССРнин Хамза Хакимзаде атындагы педагогикалык институтунун тарых факультетин бүтүргөн. 1978-жылга чейин райондук партиялык комитеттин чечими менен Тельман атындагы колхоздун жетекчисинин орун басары,жылкы ферманын башчысы,колхоздун профсоюздук комитетинин башчысы болуп иштеген.
Өздүк көркөм чыгармачылык кароо-сынактардын бир нече жолку лауреаты.
“Кыргызстан” жаштар союзунун борбордук комитетинин ардак грамотасы, Кыргыз СССР Жогорку Советинин президиумунун ардак грамотасы, СССР Жогорку Советинин президиумунун “Эмгектеги артыкчылыгы үчүн”
медалы менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын министрлер советинин ардак грамотасы менен сыйланып, 1996-жылы “Эмгек сиңирген артист” наамын алган.
Кезинде айтылуу төкмө акындар
А.Айталиев, Т.Тыныбеков, Э.Турсуналиев,Т.Абдиевдер менен айтышып жүргөн. 1995- жылы Таласта өткөн “Манас-1000” мааракесинде, Токтогул Сатылгановдун 125 жылдык мааракесинде салтанаттуу иш чараларды ачып берген.
Ысак Барпиев айтыштары, лирикалык ырлары, арноолору, куттуктоолору камтылган “Айылдан тапкан ырларым” аттуу ыр жыйнагы жарык көргөн.
“Жерден жарака кетсе, ал акындын жүрөгү аркылуу өтөт” дегендей,айылда жүрсө да акындын жүрөгү: “Эртең кандай заман болот, эл эмне болот” деп толгонот? Бул албетте, мыйзам ченемдүү көрүнүш- ошол үчүн ал акын.Эне сыяктуу эле эл алдында акындын өтөй турган өзүнүн улуу миссиясы бар.Китепке ошондой эле акындын лирикалык ырлары да киргизилген.
Дегеле болбой жанын жеп,
Дүргүтө берсе чагым кеп
Ансайын ичин куйкалап
“Алтындан кымбат чалым” деп
Улган менен “сырт” жагы
Укмуш дей бергин “ич” жагы
Ушагын мейли улантып
Удургуй берсин бүт баары.
Жыйынтыктоо:
Мына балдар, бүгүн биз Ысак Барпиев жөнүндө кеп кылдык.
Үйгө тапшырма:
Макалдардан жаттап келүү.