Просмотр содержимого документа
«Залкар манасчы Саякбай Каралаевдин 125 жылдыгына карата»
Алп манасчы - Саякбай
Алп манасчы - Саякбай
Саякбай Карала уулуна 12 5 жыл
Сабактын максаты:
- Билим берүүчүлүк: Алп манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгына карата манасчынын өрнөктүү өмүрү, манасчылык өнөрдүн касиети жөнүндө окуучулар кеңири маалымат алышат.
- Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулардын сынчыл ойлоосу калыптанат. Адамдын нарк-насилин, талантын баалоо менен чыгармачылык жөндөмү өнүгөт.
- Тарбиялык: Сабакты сахналаштыруунун негизинде окуучулардын рухий байлыгы өсөт, эстетикалык табити ойгонот. Инсандык сапаты калыптанат.
Манасчынын манасы –
Саякбай
« Манас баатыр жөнүндөгү улама кептин уңгусу жылжыган булак суусундай болуп ой бойлобос, акыл чендебес атам замандагы доорлордо башталган. Бара – бара анын нук жээги кеңейип бууракандаган дарыяга айланып, акырында кыргыз жергесинде элдик поэзиянын чалкыган деңизин пайда кылган. Саякбай Каралаев эпостун дал ушинтип кемелине келип, толкуп – ташып турган чагында анын таалайына туш болуп ажарын ачты … Эгер менден өз элиңдин кандай улуу адамдарын билесиң деп сурашса, арийне, алды менен озунуп Саякбай Каралаевди айтаар элем …»
Чыңгыз Айтматов
Саякбай манасчы, өткөн-кеткенди, тээ качанкы бир заманды көз алдыңа элестеткен санжырачы.
« Сакеңдин өзүн карасаң
Сакадай киши кичине
Айкөл Манас бүт баткан
Алмадай баштын ичине »
Байдылда Сарногоев
Улуу манасчы жөнүндө кандай маалыматты билесиңер?
Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Уралиев Турсун.
Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери Балыкчы шаарынын ардактуу атуулу Жумагулов Жапарбек.
« Саякбай » музыкалуу драмасынан (үзүндү)
Түш көрүп, аян алып манас айтып калган кайсы манасчылар бар?
Саякбайдын устаты ким?
Саякбайдын урпактары жөнүндө эмне билесиңер?
Жолун жолдогон айылыбыздан чыккан манасчылар барбы?
Ысык-Көл манасчылар мекени
Ысык-Көлдөн чыккан манасчылар кимдер?
Көлүбүздө кайсы манасчылардын мааракеси белгиленди?
Саякбайдын образын искусство тармагында кимдер, кайсы эмгектерин калтырышты? Мисалы: (кино,сүрөт, жазуучу, акындар)
Чаңдуу жерде чым жараткан Саякбай,
Чөлдүү жерде көл жараткан Саякбай.
Манас бар жерде Саякбай жашайт!
Түбөлүк жаша Саякбай!
Түбөлүк жаша, Айкөл Манас Руху!