СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Заманбап мугалим

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Заманбап мугалим»

Күндү-күн, түндү-түн дебей тынымсыз изденүүнү талап кылган, эх, журналисттик кесип. Бул турмушта кандай гана инсандарга жолуктурбадың. Бир күнү чөнтөк телефонума ; -Арыбаңыз, эже!- деп өзүн тааныштырган кат келди. Ошол күндөн бери сүйлөшүп, ал-акыбал сурашып калдым. Бул аралыкта анын абдан аракетчил экенин байкадым. Анда сөз башынан болсун: Оозунда кеби, жүрөгүндө оргуштаган деми, сүйлөсө сөзү белен, маңдайы ачык, келечеги кенен, 11 бир туугандын кенжеси, үй-бүлөнүн эркеси, учурда үй-бүлөлүү, сүйүктүү жар, мээримдүү эне, чыгармачыл мугалим - Тайыр кызы Нургүл жөнүндө болсун.

Тайыр кызы Нургүл 1990-жылы 1-декабрда Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районундагы Айгыр-Жал айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Ошол эле айылдагы Исмаил уулу Матиш атындагы орто мектебинде билим алган. Нургүлдүн айтуусунда мугалимдик кесипти тандап калышына 3 нерсе себепкер.

Алар:

1 – атасынын кыргыз тили жана адабиятчы экендиги;

2 – үйүндөгү тизилген китептердин көптүгү;

3 – ОшМУнун ректору Исаков Каныбек агайы. Үй-бүлөдө 11 бир тууган болсо да эмнегедир атасы эч кимисин өз каалоосу менен окуткан эмес, же ошол замандын запкысыбы агалары, эжелеринин баары эле техникумдан билим алышкандар. Нургүл болсо атасынын бул мыйзамын бузуп, апасынын жардамы менен Ошто жашаган Улан аттуу таекесинин үйүнө келип, ОГПИге окууга тапшырат, ал убакта окуу жайлар өздөрү тест алчу. Бирок тилекке каршы окууга тапшырып өтпөй калат. Анан эртеси барып өзү белгилеген тестти көрүү үчүн комиссияга арыз менен кайрылат, мына ошондо тагдыр ошол мезгилдеги ОГПИнин ректору Каныбек Исаковго жолуктурат. Агайга болгон окуяны айткандан кийин, “Нургүл” деген сөзгө фонетикалык, “Мен ОГПИнин студенти болгум келет” деген сөзгө синтаксистик талдоо жүргүзүп анан окууга алат. Ошентип, 2014-жылы ОГПИнин Кыргыз-Россия факультетин Артыкчылык диплом жана президенттик “Үмүт” стипендиясы менен аяктап. 2015-жылдан тарта Ош шаарындагы №27 орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты адистиги боюнча мугалим болуп иштей баштайт.

Мугалимдик кесиптин эң биринчи вазийпасы – окуткан окуучуларынын таалим-тарбиялуу, ыйман-ынсаптуу, билимдүү болуш керек экенин жакшы түшүнгөн Нургүл болгон дараметтин жумшап, окуучулары Ош шаарындагы олимпиадада, кандай гана маданий иш-чараларда катышпасын ийгиликтүү жеңиш менен кайтаарын жалпы жамааты кубануу менен айтышат. Чынында мугалимдин ийгилиги анын өткөн сабагынан, окуткан окуучуларынан, сүйлөгөн сөзүнөн эле билинет эмеспи. Нургүл Ош шаарында, региондордо, республикада, дүйнөдөгү түркологтордун арасында өткөн конференцияларга, симпозиумдарга катышып, өзүнүн омоктуу ойлорун айтып, өлкөбүздөгү бир катар проблемаларды көтөрүп, анын чечүү жолдорун көрсөткөнгө да аракет жасаган. Маселен;

  • Кыргыз тилиндеги көйгөйлөрдү “Мекенчилдик эне тилибиздин кепилдиги” деген темада ачып берсе,

  • Өлкөбүздөгү экологиялык проблемаларды жана анын чечүү жолдорун “Бүгүнкү экологиялык проблемалардын бир бутагы айыл жергесинин экологиясы” деген темада ачык, так далилдер менен көрсөтөт,

  • Бүгүнкү жаштарыбыздын өз тарыхын билбей жаткандыгынын себебин “Отту козгоп турбаса коломто өчөт”, “Камчысы катуу болсо кийиз казык жерге кирет” деген макаласында баяндаса,

  • Бүткүл дүйнөлүк VI-VII симпозиумдарда Кыргызстандын атынан катышып, балдарды “Манас” эпосу аркылуу тарбиялоонун жолдорун, адамдыкты сактоонун асыл ойлору Айтматовдун чыгармаларында экендигин бир катар мисалдар менен далилдеп баяндама жасаган.

  • Кийинчерээк өзүнүн окуткан мугалимдерин жана бир топ публицистикалык жана илимий макалаларын топтоштуруп “Орошон ойлор ” деген китеби жарык көрөт.

  • Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата “Мектеп жана Айтматов, 6 бутак 1000 тест” китеби жарык көрдү.

  • Регионалдык жаштар ассоциациясынын “Жаш илимпозу”,

  • “Ыйык Ата Журт Асылзаадасы”,

  • Жогорку Кеңештин депутаты А.М. Нурбаевдин демилгеси менен өткөн “Жаш мугалим 2018” кароо сынагынын баш байгесинин ээси болгон каарманыбыз – ийгиликке жетүүнүн сырлары-көп окуган китептердин натыйжасы деп билет.

Албетте, мындай ийгиликтин артында сөзсүз колдоочу, шыктандыруучу болгондугун баарыбыз эле билсек керек. Нургүлдү кубаттап, ийгиликке жетүүсүнө демилгечи болгон жолдошу Нарматалиев Мирланда өзү информатика мугалими. Мирландын айтуусунда: “Нургүлдүн мындай ийгиликке жетишүүсүнө айтканын кайтпаган, кези келгенде беттегенин бербеген, муундоо менен мурастоону жакшы түшүнгөн абдан өжөр касиети себепкер ” дейт.

Демек Нургүл Тайыр кызынын билим берүү тармагындагы күзгүдөн көрүнгөндөй педагогикалык жүзүн, келечекке болгон кайраттуу чакырык жасаган тунук дымагын, чыныгы мугалимдик дем-күчкө ээ экендигин кубануу менен кабыл алып, Нургүлдүн турмуштук да, жумуштук да бактысы бийиктеп, заманбап педагог катары атпай журтка ак кызмат өтөсүн деген батабыз менен алкагыбыз келет. Мугалимдик чыйыр жолуң байсалдуу, салмактуу, ийгиликтүү болсун!


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!