СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Заманбап сабак өтүүнүн негизги талаптары

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Заманбап сабак өтүүнүн негизги талаптары»




Заманбап сабак өтүүнүн негизги талаптары
жана сабакты анализдөөнүн
схемасы





САБАКТЫН АНАЛИЗИНИН СХЕМАСЫ

  • Мугалим, мөөнөтү, темасы.

  • Максаты: өз ара катышуу

Сабак боюнча суроолор

  • Сабактын жүрүшү боюнча белгилөө

Мугалимдин сабакка даярдыгы

  • А) жумушчу планынын бардыгы

  • Б) Сабакка кандай ТСО даярдалган

  • В) таратып берүүчү материалдарынын

бардыгы  

САБАКТЫН АНАЛИЗИНИН СХЕМАСЫ

Мугалимдин жаңы материалды баяндап берүүсү

  • А) өтүлө турган темага проблемалык жагдайдын түзүлүшү

  • Б) жаңы теманын өтүлгөн тема менен байланышы

  • В) материалдын илимийлүүлүгүнүн сакталышы

  • Г) өтүлгөн материалдын заманбап учур менен байланышы

  • Д) мугалимдин өтүлгөн материалды билиши

  • Е) өтүлгөн материалга окуучулардан кылган мамилеси

 Сабактагы окуучулар менен болгон ишкердүүлүктүн формасы жана түрлөрү

  • А) мугалим окуучуларга иштин кандай түрлөрүн сунуш кылды

  • Б) берилген тапшырмага окуучулардын кылган мамилеси

  • В) начар окуган балдар кандай иштешти

  • Г) тапшырма кандай текшерилди

  • Д) аткарылган ишти мугалим кандай баалады.

САБАКТЫН АНАЛИЗИНИН СХЕМАСЫ

Сабактын уюштуруу.

  • А) сабак башталаар алдында класстын ичиндеги тазалык, тартип.

  • Б) сабак кандай жана эмнеден башталды,?

  • В) сабактын жабдылышы.

  Сабактын жүрүшүнүн сапатын формасын,

усулдарын текшерүү

  • А) үй тапшырмасын текшерүү усулдары

  • Б) окуучулар материалды кандай билет

  • В) окуучулардын активүүлүгү, практикалык жактан кандай иштешет, сүйлөө речтери

  • Д) жоопторундагы мүнөздүү каталар

  • Е) окуучулардын билимин баалоонун

объективдүүлүгү

 

Рефлексия

Мугалим аныктап алат:

  • коюлган максаттар жана окуу - тарбия маселелери толугу менен аткарылдыбы;

  • ишкердүүлүктүн оптималдуу кабылдоолору жана усулдары пайдаланылдыбы;

  • бардык окуучулар теориясын түшүнүштүбү жана аны колдонууну үйрөнүштүбү;

  • окуучулардын өз алдынча иштөөсү максималдуу активдештирилдиби;

  • үй тапшырмасы текшерилдиби;

  • сабактын бөлүктөрүндө убакыт туура пайдаланылдыбы.

  • Мугалим аныктап алат:

  • коюлган максаттар жана окуу - тарбия маселелери толугу менен аткарылдыбы;

  • ишкердүүлүктүн оптималдуу кабылдоолору жана усулдары пайдаланылдыбы;

  • бардык окуучулар теориясын түшүнүштүбү жана аны колдонууну үйрөнүштүбү;

  • окуучулардын өз алдынча иштөөсү максималдуу активдештирилдиби;

  • үй тапшырмасы текшерилдиби;

  • сабактын бөлүктөрүндө убакыт туура пайдаланылдыбы.







Мугалим уюштуруу ишин 2 этапка бөлсө болот:
1. Даярдануучу
2. Аткаруучу






Даярдануу этабы

Дидактикалык көрсөтмөлөрдү, таркатма материалдарды даярдоо;

Керектүү адабияттар менен таанышуу;

Сабак учурунда бериле турган материалдар менен таанышып чыгуу, тактоо;

Кызыктуу жаш өзгөчөлүгүнө дал келген, программага ылайык кошумча материал издөө





Аткаруу этабы

Мугалимдин сабак учурундагы ишмердүүлүгү менен бирге окуучулардын ишмердүүлүгүн уюштуруу

(активдүү, же пассивдүү).






Сабакты пландоонун этаптары жана мугалимдин даярдыгы

Программанын негизинде билим берүүчү, өнүктүрүүчү, тарбиялоочу максаттарын окуучунун позициясынан аныктоо;

  • Сабактын мазмунун тактоо;

  • Окуучу так билүүсү керек болгон материалды аныктоо;

  • Сабакта аткарылчу мидеттерди белгилөө;

  • Сабактын тибин, түзүлүшун тандоо;

    • Башка предмет менен байланыштыруу;

  • Сабак учурунда аткарылуучу иш аракеттерди ойлоп чыгуу, класстын өзгөчөлүгүн эске алуу (күтүлбөгөн суроого даярдануу);

  • Дидактикалык каражаттарды тандоо (программага дал келүүсү)(тасма, сүрөт, схема, видеоматериал ж.б.)

  • Техникалык каржаттарды текшерүү. Убакытты бөлүштүрүү (доскага жазуу-окуучу, мугалим, дептер менен иштөө ж.б.)

  • Өз алдынча иштөөнүн формасын, көлөмүн тактоо жана окуучунун өнүгүүсүнө таасирин аныктоо;

  • Алган билимди бышыктоонун жолдорун, жалпылоонун формаларын издөө, билимди системалоо;

  • Окуучулардын кабыл алуу деңгээлине жараша тапшырмалардын көлөмүн аныктоо, аткаруу жолун түшүндүрүү;

  • Сабактын жыйынтыгын ойлонуштуруу.

Окутуунун каражаттары:

Окутуунун эң башкы каражаттары окуу программасынын талабына ылайык тандалып алынган окуу материалдары, ар бир сабакка даярдалган таанып билүү маселелери, окуучулардын акыл чөйрөсүндөгү ишмердүүлүктөрүнө жетекчилик кылуу методдору дидактикалык каражаттар жана көрсөтмө куралдар, балдардын окуу эмгегин уюштуруу формалары, окуучулардын билимдерин текшерүү жана

баалоо ыкмалары, методдору.

Алар: китеп,окуу китептери, кошумча материалдар,окуу планы, окуу программасы .



Сабактын структурасы:

  • Сабактын темасы:

  • Сабактын максаты:

а) билим берүүчү

б) өнүктүрүүчүлүк

в)тарбиялоочулук

  • Сабактын тиби:

  • Сабактын жабдылышы:

  • Сабактын методдору:

  • Сабактын предмет аралык байланышы(интеграция):



Сабактын жүрүшү:

  • Уюштуруу

  • Үй тапшырма суроо

  • Жаңы темага өбөлгө түзүү

  • Жаңы теманы түшүндүрүү

  • Бышыктоо

  • Жыйынтыктоо

  • Үйгө тапшырма берүү

  • Баалоо

Сабактын негизги типтери:

  • Аралаш

  • Жаңы билим берүү

  • Билимди бышыктоо

  • Билимди текшерүү

  • Билимди системалап, жалпылоо



Сабакка коюлган талаптар :

  • Сабакта жетүүчү максат мугалимге да, окуучуга да так, даана, ачык коюлат;

  • -Максатка жетүүчү каражаттар, принциптер жана методдор так аныкталат;

  • -Сабактын мазмуну так, даана ачылат;

  • -Максатка жетүү үчүн мугалим менен окуучунун өз ара кызматташуусу жана

  • ишмер аракеттенүүлөрү менен жетүү жолдору табылат;

  • -Сабактын ички логикалык түзүлүшү, этаптары уланмалуу жана ырааттуулукта

  • ишке ашырылат;

  • -Сабактын мазмуну репродуктивдүү түрдө эмес, практикада колдонууга

  • багытталуу менен ишке ашырылат;

  • -Сабактагы окуучунун ишмердүүлүгү коюлган талаптарга жараша бааланат;

  • -Үйгө берилген тапшырма улам кийинки катардагы аткарылуучу иш-аракет эмес, класста үйрөнгөндөрүн өз алдынча колдонууга багытталган логикалык жактан жыйынтыктуу аракет мүнөзүндө берилет.




Өз сабагын өзү талдоодо болжол менен төмөнкү суроолорго жооп берилүүсү зарыл:

  • Окуучулардын алдына кандай проблемалар коюлду, коюлган проблема алардын кызыгуусун жараттыбы?

  • - Сабактын кайсы элементтери ийгиликтүү болду?

  • - Окуучулар сабакка жандуу, активдүү катыштыбы?

  • - Окуучуларга жаңы материалдын өздөштүрүлүүсү оор болдубу, себеби?

  • - Баалоо алардын окуп-үйрөнүү иш-аракетин активдештирүүчү мүнөзгө ээ боло алдыбы ?

  • - Пландалган иш-чаралардын бардыгы аткарылдыбы?

  • - Үйгө берилген тапшырма окуучулар үчүн түшүнүктүү болдубу?



Сабакты өткөрүүнүн техникасын анализдөө:

  • Сабактагы тартип кандай?

  • Сабак кызыксызбы же кызыктуубу?

  • Доскадагы жазуулар иреттүүбү, даанабы?

  • Окуучулар менен байланыш үзгүлтүккө учураган учурлар болдубу?

  • Класс ишке жетишерлик деңгээлде тартылдыбы?

  • Сабактын темпи кандай?



Мугалимдин алдына коюлган милдеттери:

  • Окучууларды кызыктыруу, сыйлоо;

  • Акылы, жүрөгү жана күч аракети менен окуу мүмкүнчүлүгүн ачуу,эмгек

менен эс алууну пландоо;

  • Предметтер аралык байланышты сактоо: күч жана акыл эмгегин бириктирүү;

  • Окуучуларда кызматташууну, баарлашууну, чыгармачылыкты өнүктүрүү;

  • Өз алдынчалыкты, өзүнө жоопкерчиликти ала билүүнү жана окучуулардын

үлгүлүү жүрүм-турумун өнүктүрүү;

  • Жетишкен ийгиликтерине жараша окуучулардын

рефлекциясын ойготуу;

  • Жекече окуу жана эмгектенүүсүнө дем берүү;

  • Бир окуу темасынын алкагында ар түрдүү иш-аракеттерди айкалыштыруу;

  • Окуучулардын максатка умтулуу компентациясын өнүктүрүү.



План-конспект

  • Мугалим менен окуучунун сабак учурундагы иш-аракетин так, толук берилиши.

  • Ал сабакка даярданууда өтүлө турган материалды системалайт, логикалык байланышын түзөт, ырааттуулугун тактайт.



Окутуунун принциптери:

  • Илимийлүүлүк

  • Жеткиликтүүлүк

  • Турмуш менен байланыш

  • Системалуулук

  • Сезимталдуулук

  • Билимдин бекемдиги

  • Көрсөтмөлүү

  • Оптималдаштыруу

САБАК ӨТҮҮНҮН ПЛАНЫНЫН СХЕМАСЫ

  • САБАКТЫН НОМЕРИ. 

  • САБАКТЫН ТЕМАСЫ:

  • САБАКТЫН МАКСАТЫ: (билим берүүчүлүк, өнүктүрүүчүлүк, тарбия берүүчүлүк). 

  • САБАКТЫН ТИПТЕРИ:

  • БИЛИМ БЕРҮҮНҮН УСУЛДАРЫ: ( окутуунун усулдары).

  • ЖАБДУУЛАР:

  АКТУАЛДАШТЫРУУ: 1. таяныч билимдери, аракеттин жолдору 2. өз алдынча иш. 3. суроо формалары.

  • ЖАҢЫ ТҮШҮНҮКТҮ КАЛЫПТАНДЫРУУНУН ЖАНА ИШ АРАКЕТТИН ЖОЛДОРУ. 1. Жаңы түшүнүктөр жана аракеттин жолдору.  

  • БИЛГИЧТИКТЕРИН ЖАНА КӨНДҮМДӨРҮН КАЛЫПТАНДЫРУУ

  • 1. өз алдынча иштин типтери.

  • Үй ТАПШЫРМАСЫ.



Сабактын башталышы

  • Сабак сабакты уюштуруудан башталат, бул учурда класста ишкердүүлүккө зарыл болгон шарт түзүлөт.

  • Андан кийин мугалим сабактын темасы, максаты жана сабактагы негизги маселер менен тааныштырат.






Сабактын маселелери:

  • бүгүнкү сабакта эмне окутулат;

  • максаты кандай;

  • окуучулар эмнени үйрөнүшү керек;

  • сабакта кандай конкреттүү маселелер чечилиши керек;

  • сабактагы негизги билим, билгичтиктер жана көндүмдөр кайда колдонулат.



Сабактын тиби:

  • ЖАҢЫ ТЕМАНЫ ОКУП ҮЙРӨНҮҮ;

  • БИЛГЕНДЕРИН, БИЛГИЧТИКТЕРИН ЖАЛПЫЛОО САБАГЫ;

  • БИЛИМДЕРДИ СИСТЕМАЛАШТЫРУУ ЖАНА ЖАЛПЫЛОО САБАГЫ;

  • КОМБИНАЦИЯЛАНГАН САБАК;

  • ТЕКШЕРҮҮ САБАГЫ.



САБАКТЫН ТҮРЛӨРҮ

ЖАҢЫ ТЕМАНЫ ОКУП ҮЙРӨНҮҮ:

  • Лекция - сабагы,

  • Аңгеме - сабак,

  • Кино - сабагы,

  • Аралаш - сабак ( бир нече түрлөрдү

аралаштырып),

  • Теориялык - сабак,

  • Практикалык – сабак ( изилдөө

мүнөзүндөгү).

БИЛГЕНДЕРИН, БИЛГИЧТИКТЕРИН ЖАЛПЫЛОО САБАГЫ:

  • өз алдынча иш,

  • лабораториялык иш,

  • практикалык иш,

  • экскурсия - сабагы,

  • семинар - сабагы.

БИЛИМДЕРДИ СИСТЕМАЛАШТЫРУУ ЖАНА ЖАЛПЫЛОО САБАГЫ:

  • лекция,

  • аңгеме,

  • өз алдынча иш,

  • экскурсия - сабагы,

  • семинар – ж.б.,

б.а. сабактын бардык түрлөрү туура келет.

КОМБИНАЦИЯЛАНГАН САБАК:

  • сабактын бардык түрлөрү туура келет.

ТЕКШЕРҮҮ САБАГЫ:

  • оозеки суроо,

  • зачет,

  • жазуу түрүндө суроо,

  • текшерүү иши,

  • программалаштырылган суроо ж.б.




Сабактын максаты

Сабактын максаты программалык материалдын мазмунунан аныкталат, дифференциалдаштырып жалпы дидактикалык максатын көрсөтсө жакшы болот:

а) билим берүүчүлүк – окуучулардын билимдеринде, билгичтиктеринде жана көндүмдөрүндө кандай өсүш пайда болот;

б) тарбия берүүчүлүк – инсандын кандай сапаттары калыптанат;

в) өнүктүрүүчүлүк – окуучулар кандай логикалык операцияларды жана кандай акыл – эсинин кабылдоосун өздөштүрүшөт.



Билим берүүчүлүк максаты:

  • окуучуларды түздөн-түз мугалимдин жетектөөсү менен иштөөгө үйрөтүү.

  • көндүмдөрдү жана түшүнүктү кабыл алууну камсыз кылуу;

  • билимди чыгармачылык менен колдоно билүү жана системалаштыруу;

  • жаңы ыкмалар менен иштөөгө үйрөтүү;

  • тапшырмаларды үлгү боюнча аткарууга үйрөтүү;

  • окуучулардын билимин бышыктоо;

  • окуучуларды анализдөөгө, жэалпылоого үйрөтүү;

  • окуучулардын жашоосундагы кандайдыр бир тажрыйбаларды пайдаланып, окууучулардын билимин системалаштыруу;

  • окуучуларды жыйынтык чыгарууга алып келүү;

  • окуучулардын билимин иштин кээ бир түрлөрүн аткарууда колдоно билүүгө үйрөтүү;

  • окуучулардын билимин, билгичтиктерин, көндүмдөрүн калыптандыруу жана ага үйрөтүү;

  • окуучулардын билимин бышыктоо;

  • окуучуларды анализдөөгө, жэалпылоого үйрөтүү;

  • окуучулардын жашоосундагы кандайдыр бир тажрыйбаларды пайдаланып, окууучулардын билимин системалаштыруу;

  • окуучуларды жыйынтык чыгарууга алып келүү;

  • окуучулардын билимин иштин кээ бир түрлөрүн аткарууда колдоно билүүгө үйрөтүү;

  • окуучулардын билимин, билгичтиктерин, көндүмдөрүн калыптандыруу жана ага үйрөтүү;

Тарбия берүүчүлүк:

тарбиялоо

  • эмгектенүүгө даярдыгы;

  • патриоттуулукка, улуттар аралык ынтымактуулукка;

  • топто иштөөгө;

  • жоопкерчиликке;

  • таанып билүү муктаждыгына; кесипти сүйүүгө;

  • эстетикалык жактан калыптандыруу;

  • көз-караштарын калыптандыруу;

  • кандайдыр бир иш аракеттерге баа берүүсүн калыптандыруу.

Өнүктүрүүчүлүк максаты:

Өнүктүрүү:

  • өзү-өзүн контролдоону, катансын байкай жана оңдой билүүсүн;

  • бере турган жообун пландаштыра билүүсүн;

  • конспект жазууну жана аны пайдалана билүүсүн;

  • ишти аткарууда чынчыл, так, таза болуусун;

  • мугалимдин тапшырмаларын так аткаруусун Өнүктүрүү:

  • өзү-өзүн контролдоону, катансын байкай жана оңдой билүүсүн;

  • бере турган жообун пландаштыра билүүсүн;

  • конспект жазууну жана аны пайдалана билүүсүн;

  • ишти аткарууда чынчыл, так, таза болуусун;

  • мугалимдин тапшырмаларын так аткаруусун

  • Өнүктүрүү:

  • өзү-өзүн контролдоону, катансын байкай жана оңдой билүүсүн;

  • бере турган жообун пландаштыра билүүсүн;

  • конспект жазууну жана аны пайдалана билүүсүн;

  • ишти аткарууда чынчыл, так, таза болуусун;

  • мугалимдин тапшырмаларын так аткаруусун



Сабактын жабдылышы

  • Жабдыктар сабактын түрлөрүнө, окутуунун усулдарына жараша тандалып алынат.

  • Мугалим ТСОну, көрсөтмө куралдарды, маалыматтын булактарын (китеп, видеофильм, көркөм адабияттарды ж.б.) пландаштырат.





Билимин, билгичтиктерин, көндүмдөрүн актуалдаштыруу

Актуалдаштырууга бөлүнгөн убакыт сабактын тибинен, максатынан

көз каранды болот.

1. Таяныч билимдери.

Мугалим мурда өтүлгөн түшүнүктөрдү жөн эле айтпастан окуучулардын эсине түшүрүүсүн активдештирет, мурдагы сабак менен байланышын, предмет аралык байланышты аныктайт.

2. Мугалим окуучулардын фронталдык (оозеки же жазуу түрүндөгү) өз алдынча иштөөсүн пландаштырат, өзүнүн ишинин ыкмаларын белгилейт. Мурдагы окутулган түшүнүктөргө тереңирээк көңүл коюп, окуучулардын билгичтиктерин, көндүмдөрүн ар кандай учурларда пайдалана билүүсүнө көңүлүн бурат.

3. Окуучулардын мотивинин калыптанышынын ыкмасын көрсөтүү, сабакка болгон кызыгуусун арттыруу, эмоционалдык маанай түзүү маанилүү:

Илимдин тарыхынан кызыктуу фактыларды, окумуштуулардын биографиясын, практикалык маанисин, маданият каражатын, айтып берип, көйгөйлүү кырдаал түзүү.

4. Мугалим иш учурунда текшерүү формасын, окуучулардын өзүн-өзү, бирин-бири текшерүү жолдорун белгилейт.



Жаңы материалды түшүндүрүү.
Сабакта мугалим жаңы материалды жөн эле айтып бербестен, сөзсүз түшүндүрүшү керек.

  • Жаңы терминдерге так түшүнүк берилдиби, көрсөтмө курал же демонстрация колдонулдубу, кандай техникалык каражаттар пайдаланылды жана түшүндүрүүнүн туура методдору тандалып алынганбы.

  • Түшүндүрүү илимий жана окуучуларга жеткиликтүү болдубу.

  • Эгер окуучулар жаңы материалды түшүнбөй калышса, себебин аныктоо. Мугалимдин катасы эмнеде жана бул катаны кантип жойсо болот.

  • Мугалим окуучулардын ойлонуусун ойгото, өнүктүрө жана багыттай алдыбы.

  • Маселелердин, көйгөйлөрдүн чечилишин өз алдынча издеп табууга, эрежелерди, формулалардын чыгырылышын, иштин маңызын талдоого жардам бердиби.

  • Окуучулар жаңы материалды түшүнүштүбү, түшүнсө эмненин натыйжасында ишке ашты.

  • Сабакта окутууга тиешелүү жаңы түшүнүктөр тааныштырылат жана аны кабыл алуу ыкмалары көрсөтүлөт.

  • Берилген сабакта окуучулар конкреттүү эмнени билиши же өздөштүрүшү, кандай ыкма менен аткарууну үйрөнүшү белгиленет.


Жаңы теманын өтүлгөн материалдар менен байланышы

  • Мугалим окутула турган материалды кандайдыр обочологон нерсе, же системанын бир бөлүгү катары карадыбы. Сабакта улантмалуулук принциби сакталдыбы, жаңы тема окуучулардын билгичтиктери менен кандай байланышты.


Материалды түшүнгөнүн текшерүү

  • Кээде мугалим материалды айтып берип, түшүнгөнүн текшербей калат.

  • Окуучулар материалды түшүнгөнүн текшерүү төмөндөгүдөй пландаштырышы керек:

  • текст менен иштөө жүргүзүлөт;

  • окуучулардын мурдагы билимдери менен байланышы аныкталат, аларды ойлондура турган текшерүүчү суроолор берилет ж.б

Окуучулардын билгичтиктерин, көндүмдөрүн калыптандыруу.

Кабыл алган таанып билүүлөр, өз алдынча иштердин түрлөрү сабактын планында көрсөтүлөт.

  • А) оозеки (айтып берүү, окууну комментирлөө, тексти түшүндүрүү ж.б.)

  • Б) жазуу жүзүндө (план түзүү, катаны оңдоо, конспект жазуу, терминдердин түшүндүрмөсүн берүү)

  • В) практикалык (зарыл болгон чоңдукту, куралдардын жардамы менен өлчөө).

Сабак өтүү учурунда анын каалаган этабында тескери маалыматты алуунун ыкмалары белгиленет (окуучуларды тандап суроо, чыгарган маселелерин же өз алдынча иштерин текшерүү).


Материалды бышыктоо

Мугалим сабактын маанилүү бөлүгүн пландаштырып жатып, төмөндөгүнү эске алуусу керек :

  • Бул иш кандай уюштурулат?

  • Тапшырманын мазмуну жана мүнөзү

кандай?

  • Анын кыйынчылыгынын даражасы

кандай?

  • Тапшырманы аткаруудагы окуучулардын

өз алдынчалулугунун үлүшү кандай?

ҮЙ ТАПШЫРМАСЫ

Үй тапшырмасы - бул окуучулардын класста иштеген иштеринин уландысы, аны аныктап жатып төмөнкүлөрдү эске алуусу зарыл:

  • Үй тапшырмасы мүнөзү жагынан класста аткарылган иштерге дал келеби?

  • Тапшырманын кыйынчылыгынын даражасы кандай?

  • Үй тапшырмасына кирген көнүгүүнүн түрлөрү ар кандайбы ?

  • Аларды чыгаруунун үлгүсү берилгенби?

  • Окуучулар кандай аткарууну түшүнүштүбү?

Мугалим эске алуусу зарыл:

  • Жалпы тапшырма, сабакта конкреттүү эмнени кайталоо же даярдоо керек;

  • Дифференцирленген, чыгармачыл тапшырмалар.

  • Үй тапшырмасынын көлөмү жан аны аткаруунун убактысы

ойлонуштурулганбы.


Сабактын жыйынтыгын чыгаруу

Бул этапта аныктап алуу керек:

  • Сабактан жыйынтык чыгарылдыбы?

  • Сабакта аткарылган иштин жыйынтыгы кандай?

  • Коюлган маселелер чечилдиби?

  • Бул темада дагы эмненин үстүндө иштөө керек?

Теорияны пайдалануунун
үлгүсү

  • Жаңы материалды түшүндурүп туруп, мугалим үйрөнгөндөрүн кантип практикадада колдонууну көрсөтүп берүүсү зарыл.

  • Мектепте теория билимдин негизи катары окутулгандыктан, ар кандай маселелерди чечүүнүн эң маанилүү базасы б. э.



Салттуу окутуу менен компетенттүүлүккө багыттап окутуунун айырмачылыктары

Салттуу окутуу – билимге

Таянат

Компетенттүүлүккө багыттап окутуу

– билгичтик, ыкмага негизделет

Кайсыл тема окутулса ошол

боюнча билими текшерилип, даяр

үлгүнү кайра кайталоо ишке ашат

Окутуу жана текшерүү стандарттуу эмес түрдө жүрүп, кийинки этаптагы өз алдынча иш аракетке даярдык түзүлөт

Мугалимдин «аткарган» же

«аткарган эмес» деп«5» баллдык

баалоо менен баалоосу стандарттуу эмес тапшырмаларды аткарууга бөгөт болот

«Окуучунун жетишкендигинин

портфолиосунда» окуучунун мектептен тышкары учурда да өзүнүн жетишкендигин көрсөтүүсүнө, өз алдынча чыгармачылыгына жол ачылат

Талап кылуунун педагогикасында мыкты окуучу активдүүлүк менен тил алчаактыкты айкалыштырат

Мүмкүнчүлүктөрдүн педагогикасында инсандын келечекте өнүгүү максаттарына

багыттоочу жана ага ылайыктуу өбөлгөлөр түзүлөт 

 

 

Мугалим жоопкерчиликтүү

жана демилгечи

Мугалим билимдердин баарын өзүндө алып жүрүүчү эмес, уюштургуч катары окуу процессин уюштуруп, багыт берет

Окуучу – баш ийүүчү,

жоопкерчиликсиз, педагогикалык

аракеттин гана обьектиси

Окуучу өзүнүн жекече өнүгүүсүнө өзү жооп берет

Сабак репродуктивдүү түрдө

өтүп, билим жана аракеттер,

ыкмалар окуучуга даяр түрүндө

берилет

Сабак окутуунун бир формасы катары келип, көбүнчө басым сабактан тышкаркы иштердин формаларына – долбоор боюнча

топто иштөөгө, китепканада, компьютердик класста өз алдынча иштөөгө ж.б. жасалат



«Интерактивдүү окутуу» -учурдун талабына жооп бере турган, инсандын таанып-билүү процессинде өз ара социалдык чөйрө менен паритеттүү, тең укуктуу, гумандуу, демократиялуу биргелешкен өнөктөштүк мамилелерине, карым-катнаштарына жана кызматташуу, алака түзүү ишмердигин чагылдырган инновациялык көрүнүш. Ал «жандуу, демилгелүү, жигердүү, белсемдүү, максаттуу окуп-үйрөнгөн, активдүү, маалымат бөлүшүүгө даяр, ишкер адамды тарбиялоо максатын көздөйт. Окуучунун ишмердүүлүгүнүн натыйжасын өлчөө каражаттары менен аныктоонун негизинде аны “демилгелөө”, “алдыга сүрөө”, иштиктүүлүктү күчөтүү, көтөрүү”, “жандандыруу” аркылуу адилеттүү өнөктөштүк ишмердикти уюштурууга багытталган жаны технология. Интерактивдүү методдор менен сабак өтүү убакытты бөлүштүрүүнү талап кылат. Кандайдыр бир жаңы нерсени ойлоп табаар алдында, ушул тема боюнча эмне ойлоп, эмнени аныктоого белгилүү бир убакытты жумшаш керек. Мындан тышкары бул ойлорду өз сөзүң менен айтканда, аларды кандай угаарын тындаганга да убакыт кетет. Класстагы окуучулар өз идеяларын айтып, ага конструктивдүү сунуштарды жооп иретинде алганга да убакыт зарыл.

Ошондуктан интерактивдүү методдор менен иштеген мугалимдер үчүн да убакыт чоң проблема. Сабакты уюштурууда мугалим чыгармачылык менен ар бир убакытты туура, так бөлүштүрүүсү керек.

Демек, окуучулардын сынчыл ойлом жөндөмүн өстүрө турган сабакты

пландаштыруу үч бөлүккө бөлүнөт:

«Сабакка чейин», «Сабак», «Сабактан кийин».


Салттуу  жана интерактивдүү  сабактардын

өзгөчөлүктөрү

 

 

Салттуу  сабак

 

Интерактивдүү  сабак

1

 

Мугалимдер  «билим  булагы»  болуп  эсептелет

 

Мугалимдерге  фасилитатор (багыттоочу)  ролу  берилет

 

 

2

 

 

Мугалимдер  активдүү,  окуучулар пассивдүү  болушат

 

Мугалимдер  пассивдүү,  окуучулар    активдүү болушат

 

3

 

 

Мугалимдин  окуучуга  жардамы

 

Окуучулардын  бири-бирине  жардамы

 

4

 

 

Алдын  ала  түзүлүп бекитилген  окуу 

планы менен  окутуу

 

Окуу  программаларынын ,окуу  китептеринин  жана  колдонмолорунун альтернативдүүлүүгү

 

 

5

 

 

Класстык  бөлмөдөгү    катуу  тартип  жана  эрежелер, сабактын  регламенти

 

Класстык  бөлмө    менен  гана  чектелбеген  окуу, убакыт, темп  жана  орун

 

 

6

 

 

Окуучунун  жекече  иштөөсү

 

Окуучунун  топтордо,  командаларда 

иштөөсү

 

 

7

 

 

Бир  типтүү  окутуу  усулдары

 

Аралаш   типтүү  окутуу  усулдары

 

8

 

 

Пайдалануу  үчүн  атайын 

даярдалуучу  ресурстар

 

Маалыматтык – коммуникациялык 

технология (МКТ)

 


Интерактивдүү методдор

Бул-окуучулар ортосунда, ошондой эле окуучулар менен мугалимдер ортосунда өз ара аракеттешүүнү талап кылган методдор

Сабак берүүнүн интерактивдүү методдору билим алуучунун зор активдүүлүгүн, анын алынган маалыматтарды өзүнүн ой элигинен кайра чыгармачыл түрдө өткөрүп чыгуусун эске алат

Салттуу метод

Интерактивдүү метод











Мугалим салттуу окутууда сабактын мазмунун өзү аркылуу өткөргөн «фильтр» ролун ойнойт







Салттуу окутууда окуучулардын тажрыйба алуу аймагы, мугалими жана бири-бири менен болгон карым-катышы пассивдүү мүнөзгө ээ болот.


И нтерактивдүү окутуу окуучулардын тажрыйба алуу аймагы менен түздөн-түз карым-катышына негизделет, анткени мындай карым-катышта мугалим даяр билимдерди бербейт, тескеринче окуучулардын өз алдынча изденүүсүнө түрткү берет.






Интерактивдүү окутууда окуучулар менен мугалимдин карым-катыштарында өзгөрүүлөр болууга тийиш. Мугалимдин активдүүлүгү окуучулардын активдүүлүгүнө жол берет, анткени анын максаты – алардын демилгесине шарт түзүү.


  • Интерактивдүү усулдар маалымат берүүнүн лекцияга караганда натыйжалуураак жолдорун пайдаланууга шарт түзөт.

  • Интерактивдүү усулдар окуучулар мугалимдин түшүндүрмөлөрүн анча жакшы кабылдабай калган маалда – сабак ортосунда пайдаланууга абдан ылайык келет.

  • Башкаларды үйрөтүп жатып, өз билимиңди бышыктайсың.

Ошентсе да интерактивдүү усулдар башка усулдардан өйдө эмес,алар жөн гана татаал тапшырманы чакан, багыттоого ыңгайлуу бөлүктөргө бөлүү мүмкүнчүлүгүн түзөт. Ошондуктан дагы бир жолу кайталап кетели, усулдар – бул болгону аспап гана. Интерактивдүү усулду өздөштүрүүдө, башка куралдарды пайдаланууну үйрөнгөндөй эле, машыгуу талап кылынат, болбосо мурдагыдан да начар жыйынтыкка келип калышыбыз мүмкүн.



Ар бир окуучунун таланты жана жөндөмү бар. Ошондуктан аларды өөрчүтүүгө мугалим тарабынан жоопту жетекчилик керек. Демек, заманбап мектептерде сөзсүз түрдө чыгармачыл мугалим болуусу абзел. Мугалим-предметник эмес, мугалим алып баруучу, уюштуруучу, көзөмөлдөөчү болуусу керек. Окуучунун талантын өсүрүү үчүн мугалим өзү активист болушу шарт.

Ар бир класста чыгармачыл активдүү окуучу болот. Алар дайыма терең билим алууга, жооп алууга умтулушат. Мугалимдин милдети ошол окуучулардын кругазорун, кызыгууларын өстүрүп, алардын чыгармачылыгынын өсүшүнө шарт түзүү керек. Ар бир окуучу менен сабакта, сабактан тышкаркы убакта жекече иш алып баруу, ийгиликтүү натыйжа берет.

Чыгармачыл көнүгүүлөр, стандарттык эмес сабактар, эврикалык сабак, сүрөттүү штрихтөө, жөнөкөйдөн татаалга, баарлашуу тренги ж.б. Бул сабактар менен окуучунун сүйлөө речин чыгармачыл өнүктүрүү б.с. Проблемалык ситуациялардын болушу, мотивациясынын негизине кирет. Окуучунун билим алуудагы билбестигинин ачыктыгы, окуучунун билим алууда андан ары изденүүсүн ойготот.

Окутуу процессинде илимдин соңку жанылыктарын колдонуу шарт. Билимди бир гана окуу китептен албай, илимий популярдуу журналдарды окууга кызыктыруу, интернет сайттарынын тармактарынан маалымат таба билүүгө үйрөтүү керек

Мугалим илимди мыйзам ченемдүүлүктөрүн үйрөтүүнү даяр аныктамалардан баштабай, алардын өздөрүн бул багытта изилдөө жасап көрүүгө түрткү берип, ал материалдарынын негизинде өздөрүнүн эң алгачкы теориялык моделдерин түзүүнү сунуш кылуу керек

Балдарга жекече ачылыш жасоонун кубанычын тартылоо зарыл. Мейли ал, илимий көйгөйгө карата жеке пикир, кандайдыр бир түшүнүккө карата атаандаш аныктама болсун, изденип даярданган балдардын алдында каралган доклад болсун, эң башкысы аны өзүнүн таандык-чыгармачылык ишмердүүлүгүнө ишендирип шыктандыргандай болсун.

Окуучуларга жетиштүү билим берүү менен гана чектелбестен, ал билимдерди колдонуунун ыкмаларын үйрөтүү. Илимдердин негиздерин үйрөтүү багытындагы практикалык иштерди кеңейтүү. Мисалы лабораториялык жана табигый шарттардагы тажрыйбалык иштер, өлчөө жана эсептөө жумуштары ж.б

Лабораториялык практикумдар-окуучулардын өз алдынча окуусун уюштуруу калыптандыруу. Практикада окуучулар үйрөнгөн билимдерин ишке ашырып пайдаланышат.

Экскурсиялар турмуштук фактыларды көргөзмөлүү түшүнүктөрдү топтоо үчүн, окуучулардагы сезгичтик тажрыйбаларды байытуу үчүн кызмат кылат. Табиятка болгон экскурсия окуучулардын өз аймагына,мекенине болгон сүйүү сезимин өстүрөт, жаратылышка болгон мээримди калыптандырып, эстетикалык сезимди ойготот.

Семинар формасындагы окутуу көбүнчө адабият, тарых, коом таану сабактарында колдонулат. Семинарда окуучулар алган билимин өз оюн кубаттоодо пайдалана билүүгө, сөзүндө же докладында көтөргөн жоболорун далилдөөгө, жолдоштору менен талашып, тартышып, тиричилик турмушун, жаратылыштын кубулуштарын түшүндүрүүгө үйрөнүшөт

Мындан тышкары окуучуларды сабактан тышкары сабакка болгон кызыгуусун өстүрүү максатында ар кандай тапшырмаларды берүү жана аткартуу.




Мисалы: реферат, слайд жасоо өз чыгармачылыгы менен крассворд, ребус, карикатура, македдерди жасоо, топтордо проект түздүрүү, өз деңгээлинде олимпадалык суроолорду түздүрүп, бири-биринин билимин текшертүү.

Окуучуларга ар тараптуу кружокторду уюштуруп берүү, олимпиада жана сынактарга даярдоо.

Чыгармачыл окуучу материалды өз алдынча изилдейт, жыйынтык чыгара билет. Окуучулар билим алуудагы жакшы жетишкендиктерин жыл аягындагы текшерүү иштеринин жыйынтыгы менен көргөзүшөт.

Тынымсыз окуп- изденүү баланын көп кырдуу интеллектуалдык жашоо чөйрөсүнүн бир бөлүгү катары анын эрки менен акыл дараметинин оюнуна айланса, окуп- изденүү ага ааламга көз чаптыра турган терезени ачып берсе, ааламдан бала көп кызыктарды көрсө, өзүн толкундаткан суроолорго жоопту ал китептерден, табияттын өзүнөн жана айлана-чөйрөдөн издесе гана өздөштүргөн билими анын дүйнөгө болгон илимий көз карашын калыптандыруучу факторго айланат.



Максат - мугалим аркылуу алдын   ала пландаштырылган натыйжа же акыркы   каалаган   натыйжа. Ага мугалим гана   жетишпестен, окуучулар да   жетишиши   керек. Максат   коюу баалоонун   ажырагыс   бөлүгү болуп   саналат жана   пландалган ишти   жүзөгө   ашырууга   жардам   берет. Максат   канчалык   анык   белгиленсе, баалоо   ошончолук так болот.

Баалоо — бул окуучунун окуу   жана   таанып   билүү   ишмердүүлүгүнө байкоо жүргүзүү, ошондой эле билим берүүнүн   сапатын жогорулатуу максатында окуучу жөнүндө   маалыматтарды баяндоо, жыйноо, каттоо жана чечмелөө процесси.

Сабактын   максаттары мугалим   аркылууу сабактын башында   айтылышы   керек.Максатты   коюуда биз   бере турган нерсени бала   аткара   ала   тургандай   кылып өлчөп алганыбыз   дурус. Колубуздан келбей турган   нерсени максат кылып койгонго болбойт.

Сабактын   максаты үчкө бөлүнөт:

Билим   берүүчүлүк — билимдердин жыйындысы.

М: билет, билими   тереңдейт, билим алат, ж.б.

Өнүктүрүүчүлүк – багыттардын   жыйындысы, б.а. окуучуну   багыттайбыз.

М: үйрөнөт, талдай алат, түзө алат, айырмалайт, тарта алат, ж.б.

Тарбия берүүчүлүк – мамилелердин жыйындысы.

М: топто иштөөдө тартипти сактайт, кол көтөрүп сүйлөйт, биринин сөзүн бири угат жана компетенттүү боло алат.

Сабактын максатын коюудагы критерийлер:

Максаттарды окуучуларга   түшүнүктүү болгон так жана кыска сөз айкалыштары менен формулировкалоо керек.

М: тема . Арифметикалык амалдар.

Максаты: Окуучулар арифтетикалык амалдарды билишет   жана ал амалдар   менен иштей   алышат.

Бир конкреттүү максат   коюш керек. Окуучуларды сабакта   бир нече максаттар менен   тааныштырып, алардын   көңүлүн алагды   кылбоо маанилүү, мындай жагдай аларды негизги   натыйжага   жетүүдөн алаксытышы   мүмкүн.

М: тема. Жаныбарлар   дүйнөсү.

Максаты: Окуучулар жаныбарлар жөнүндө билишет   жана   аларды   адамдардан   айырмалай алышат.

Мындан сырткары максатты коюда   корсөткүчтөрдү аныктоо   зарыл, анткени алар мугалимге   жана окуучуга ишке ашкандыгын аныктоого   жардам берет.

М: тема. Менин туулган   жерим.

Максаты: Окуучулар өздөрүнүн туулган жеринин өзгөчөлүктөрү жөнүндө   айтып бере алышат.

Көрсөткүчтөр:

Туулган жер   эмне   зкенин билишет.

Туулган жердеги токойлорду, жайлоолорду айтып беришет.

Өзү туулган жердеги өсүмдүктөрдү, жаныбарларды, маданий очокторду атап   беришет.

Туулган жери   жөнүндө аңгеме түзө алышат. 

Окуучуга натыйжага кантип   жетээрин гана түшүндүрбөстөн, алган билимди турмушта   кантип колдоноорун дагы түшүндүрүш керек.


М: Тема. Осүмдүктөр –аларды кайда колдонобуз?

1. Тамак катары: нан, печенье, салат ж.б.

2. Мебелдерди, ар кандай буюмдарды ж. б.

3. Билим алууда: китеп, дептер, кагаздарды   керектейбиз.

Окуучулардан айтылган тема боюнча сабактын максатын коюуну сурануу.

М: Клетка жөнүндөгү окуу.

Бул учурда теманы   доскага жазып, бул тема   боюнча силер   эмнелерди   билгиңер   келет?- деп   балдардан   суранат.

Окуучулар   ойлонуп   туруп, жооп беришет:

Клетканы   ким ачкан?

Клетка   жөнүндөгү илим эмне деп   аталат?

Клетканын   тузулушу кандай?

Мугалим балдардын   оюн доскага   жазып коет:

Клетканы ким   ачканын, ким   изилдегенин   билем.

Клетка   жөнүндөгү     илимди айта алам.

Клетканын   түзүлүшун тартып айтып   берем.

Мугалим   сабактын аягында анын максаттарына кайрылат. Жооп алынбай калган   суроолорду мугалим үй тапшырмага берет.

Кээде   мугалим сабакта   төмөнкүдөй фразаларды колдонот:

Биз бүгүн дарыяларды өтөбүз, 53 — бетти ачкыла дагы окугула.

Китебиңерди ачып, 15 — сүрөттү тарткыла.

Китептеги § 16ны окуп, дептериңерге жазгыла.

Мындай фразалар окуп-үйрөнүүнүн максатын түшүндүрүүнүн таасирин   азайтат. Мугалимдин мындай мамилеси окуучуну мотивациялабайт, аларга стимул бербейт. Тескерисинче, билим алуу, билгичтиктерди, көндүмдөрдү калыптандыруу процессин начарлатат.

Мугалимдин көз карашына ылайык белгиленген максат салттуу окутууга мүнөздүү, ал эми окуучунун көз карашына ылайык келген максат ишбилгиликке б.а. компетенттүүлүккө багытталган азыркы окутуу   усулдарына туура келет.

Мисал келтирели:

Сабактын максатын мугалимдин көз   карашына ылайык белгилөө.

Окуучуларды өсүмдүктөр менен тааныштыруу.

Осүдүктөрдүн органдарын көрсөтүп, айтып берүү же

Окуучуларга зат атоочту түшүндүрүү.

Зат атоочту   катыштырып сүйлөм түздүрүү.

Ушуну эле окуучунун көз карашына тууралап   жазабыз.




Мугалимдин компетенттүүлүгү деген эмне?

Түйүндүү түшүнүктөр: компетенция, компетенттүүлүк, кесиптик компетенттүүлү, адистик компетенттүүлүк, педагогикалык ишмердүүлүк, окутуу процесси, окуу предмети, класстык коллектив, коммуникабелдүүлүк, окуучулардын үйрөнүү денгээли, психологиялык компетенттүүлүк, ишмердүүлүк, улуттук баалуулук, адамзаттык баалуулук, мугалимдик көндүмдөр.
Мугалимдердин компетентүүлүгү же ишбилгилиги деген эмне? Кандай мугалимди ишбилги дей алабыз? Алардын мугалимдик кесипке компетенттүүлүгү кантип аныкталат? Так аныктоого негиз боло турган стандарт барбы? Жогорку окуу жайларда мугалимдин ишбилгилик сапаттары тууралуу студенттерге маалымат берилеби же бул өңүттө даярдалабы? Мугалимдик кесиптин кайсы адистиги боюнча? Бала бакча тарбиячысыбы, кенже окуучулар мугалимиби?, орто мектептин же жогорку окуу жайдын окутуучусубу? Адистердин кайсысынын компетенттүүлүгү кандай болуш керек? Жөнөкөй мугалим менен жетекчинин ишбилгилик деңгээли кандай аныкталат? Мугалимдин ишбилгилигин текшерип жатып, ал иштеген окуу жайдын абалы, мугалимдин ишинин ийгиликтүү болушуна таасири тууралуу эмнелерди эске алышыбыз керек? ж.б.у.с. суроолорго жооп издейли.
Жалпысынан алганда, мугалимдердин ишбилгилиги кайсы багыттар боюнча бааланышы керек?
Ал багыттар деп төмөнкүлөрдү эсептөөгө болот:
1. Педагогикалык кесиптик ишбилгилик
2. Окутуу-үйрөтүү процессин уюштура билгичтик
3. Инсандык психологияга аяр мамиле жасай билгичтик
4. Билим деңгээлинин жетиштүүлүгү, тармактык билимдин бекемдиги
5. Мугалимдик кесипке берилгендик, педагогдук ишмердүүлүктү аркалоо
6. Окуу программалары боюнча түшүнүк, кабардарлык деңгээли
7. Коммуникабелдүүлүк
8. Билимди, билгичтикти жана көндүмдү баалай алуу, баалоо критерийлерди билүү
9. Башка өзгөчөлүктөр (квалификацияны жогорулатуу, мыйзамдуулукту билүү ж.б.)
Мында мугалим адистерди даярдаган окуу жайларда үйрөтүү керек болгон компетенттүүлүк өзгөчөлүктөр тууралуу сөз болот. Мисалы, жогорку окуу жайдын мугалиминин болочок мугалимдерге үйрөткөн окутуу методдору тууралуу программадагы маалыматтардын тандалышы. Бул мугалимдердин тажрыйбасы, сапаты жана каалоосу, практика өткөрүлө турган мектептин сыпаты, факультеттеги (институттагы) шарттар, колдо болгон материалдар, аларды колдоно билүү, жетекчилик сапат, классты жетектөө, окуучулар менен болгон мамиле кандай болушу керектигин карап көрөлү.

1. Кесиптик-педагогикалык ишбилгилик
А. Кесиптик ишбилгилик
 Темага жана тиешелүү билим тармакка байланыштуу белгилүү бир даражада маалыматы бар экендигин көрсөтүү. Предметти, түшүнүктөрдү, аткара турган иштерди так билүү. Окуу материалына төп келген методду жана окутуу технологиясын, кошумча материалды жана ыкманы колдоно билүү.
 Өзү окуткан окуу предметке байланыштуу эреже, теория, аныктама, принцип, түшүнүктөрдү жатык тилде, төп келтире үйрөтө ала турганын көрсөтүү.

Б. Педагогикалык ишмердүүлүккө даярдык
 Окуучулардын түшүнүктөрдү туура же туура эмес кабыл алгандыгын аныктап, зарыл болгон учурда түзөлтүү.
 Окуучулардын каралган темага байланыштуу суроолоруна жеткиликтүү жооп бере алуу.
 Окуучулардын билимине, үйрөнүүсүнө алардын физиологиялык, психологиялык, сезимталдык жана социалдык жактан өнүгүүсү таасир бере турганын билүү.
 Предметтин окуу планга ылайык үйрөтүлүп жатканын билүү.
 Предметтин өзгөчөлүгүнө, сабакта өтүлө турган материалга шайкеш келген методдорду жана технологияларды тандай билүү.
 Окуу предметке, сабакка шайкеш келген маалыматтык технологияларды пайдалана билүү.
 Сабактын өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу коопсуздук эрежелерин билүү.
 Окуу предметке, сабак өтүүгө байланыштуу квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатып туруу.

2. Окутуу процессин уюштурууга карата ишбилгилик
а) Пландаштыруу
 Сабактын максатын жана анын аягында окуучуларда күтүлүүчү билим, мамиле өзгөчөлүктөрүн так билдирүү.
 Сабактын аягында окуучулардан күткөн өзгөчөлүктөрдү кантип үйрөтөөрүн пландаштыруу, бышыктоочу суроолорду тактоо.
 Өтүлө турган темага кошумча материалдарды тандоо жана даярдоо.
 Окуучулардын жекече, психологиялык, этикалык, социалдык-коомдук жана маданий жактан (кругозорунун) өнүгүүсүнө көмөктөшүүчү иш-аракеттерди (оюн, кроссворд, роль, жекече же топтордо иштөө, көнүгүү ж.б.) пландаштаруу; теманы окуучуларга жеткиликтүү түшүндүрүү, аны так калыптандыруу үчүн зарыл кошумча материалдарды колдонуу.
 Пландаштырууда окуучулардын инсандык жекече өзгөчөлүктөрүнө көңүл буруу.
 Сабактын соңунда окуучулардын кандай өзгөргөндүгүнө, эмнени көрө билгендигине жараша баалоо.

б) Окутуу процесси
 Окуучулардын социалдык, психологиялык, тил, сезим, туюм, маданий жактан өнүгүү өзгөчөлүктөрүн көрө билүү.
 Ар бир окуучунун эмнеге кызыгаарын, ага эмне керек экендигин билүү.
 Окуучулардын жекече өзгөчөлүктөрүн эске алып, анын жөндөмүн, кызыгуусун, үйрөнүү өзгөчөлүгүн билип, урмат менен мамиле кылуу.
 Окуучуларды багыттап, кеп-кеңеш бере билүү.
 Жаңы теманы мурда өтүлгөн жана кезектеги сабакта өтүлө турган темаларга байланыштыруу.
 Окуучулардын кызыгууларына, ишмердүүлүктөрүнө жана даярдыктарына жараша теманы түшүндүрүү.
 Окуучулардын жаш курактарына, буга чейинки билимдерине, жөндөмдүүлүктөрүнө жараша метод жана технология колдонуу.
 Сабактын планында уланмалуулук жана баскычтуулук принциптерине ылайык, темаларды өз ара байланыштыруу.
 Түрдүү методдорду ийкемдүү колдоно билүү.
 Убакытты бөлүштүрүп, туура пайдалана билүү.
 Сабактын темасына (максатына) ылайык, кошумча материалдарды пайдалана билүү.
 Сабактардын мазмунун окуучулардын күнүмдүк турмушу менен байланыштыра билүү.
 Ар бир окуучу менен иштөө, алардын ишмердүүлүктөрүн багыттоо.
 Тиешелүү окуу материалдарын жана көрсөтмө куралдарды колдоно билүү.
 Бир да окуучуну көз жаздымдан чыгарбай, аларга багыт берүү.
 Окуучуларды сабакка кызыктыруу үчүн түрдүү иш аракеттер (жеке, түгөй, топтук тапшырма берүү, көрсөтмөлүүлүк, практикалык иштер - экскурсия, эксперимент, байкоо, ж.б.), тиешелүү окутуу технологияларын колдоно билүү.
 Окуучулар сабакта үйрөнгөндөрүн турмушта колдонууга мүмкүнчүлүк түзүү.
 Окуучулардын жаш курактарына ылайык, алардын көңүлүн бурган, ойлонууга, изденүүгө түрткү берген суроолорду тандай билүү.
 Окуучулардын өз алдынча үйрөнүү өзгөчөлүктөрүн эске алып, аларга түрдүү тапшырмаларды берүү.
 Өтүлө турган материалдагы терминдерди иреттүү үйрөтүү үчүн мисалдарды туура тандай билүү.
 Сабактын соңунда окуучулардын алган билимин жана эмгегин объективдүү баалоо.
 Окуучулардын жоопторуна талдоонун гана негизинде пикир билдирүү.
 Окуучулардын эмгегин баалоодо колдонула турган ыкмаларды, тесттерди, суроолорду мурдатан тактоо.
 Баалоодон кийинки натыйжага карап, окуу-тарбиялоону мындан ары натыйжалуу улантуу боюнча иш-чараларды пландаштыруу.

в) Өз предметин жана тиешелүү окуу программаларды билүү
 Өлкөнүн билим берүү мыйзамында аныкталган максатты, милдеттерди, принциптерди билүү жана аларды ишке ашыруу үчүн аракет жасоо.
 Өз предмети боюнча окуу программаны, окутуу методдорун, технологиясын, принциптерин, колдонулуучу материалдарды жана кошумча булактарды пайдалануу жана окуучуларга багыт берүү.
 Программаны өздөштүрүү деңгээлине жана билим берүү боюнча мамлекеттик стандартта коюлган талаптарга жараша окуучулардын билиминин деңгээлин аныктоо жана баалоо.

г) Классты башкаруу
 Ар бир окуучуга класста өз оюн так, толук айта ала турган мүмкүнчүлүк түзүү.
 Сабакты максатына ылайык өтүү.
 Сабакта тоскоол боло турган нерселерди азайтуу.
 Окуучулардын сабактагы көңүл буруусунун туруктуулугуна жетишүү.
 Окуучулардын позитивдүү мамилелерин, жүрүм-турумдарын колдоого алуу, мактоо.
 Мактоону, сыйлыктарды туура жана таасирдүү колдонуу.
 Сабактын жана теманын өзгөчөлүгүнө жараша жеке же топтук иштерди аткартуу, ар бир окуучуга өз билимин өркүндөтүүгө көмөк бере турган демократиялык шарт түзүү.

д) Коммуникабелдүүлүк
 Бир нерсени так, туура, түшүнүктүү жатык тилде айтып берүү, багыттоо.
 Класстын ичинде таасирдүү байланыш түзүү (окуучу-мугалим, окуучу-окуучу, мугалим-окуучу мамилелери).
 Мектеп жетекчилери, кесиптештери, башка кызматкерлер, ата-энелер жана кызматташ окуу жайлар, мектептер, мектептен тышкаркы уюмдар менен өнөктөштүк.
 Үндү таасирдүү пайдалануу.
 Суроону өз убагында, туура койо билүү, суроо берүүдө үндүн тонун окуучунун жаш өзгөчөлүгүнө карап өзгөртүү
 Оозеки пикир алмашууда үндү жана жесттерди таасирдүү колдонуу (келбет, көз караш, колдор, мимика ж.б.)

е) Окуучулардын үйрөнүү даражаларын байкоо, жазуу, баалоо
 Окуучулардын маалыматтарды, жаңылыктарды бат үйрөнүп, жасаган нерселерин, тапшырмаларын, эмгектерин баалап, натыйжада аларды өнүктүрө турган кеңеш берүү менен бирге, бааларды жарыя угузуу, андан ары үйрөнүүгө түрткү берүү.
 Жасалган иштерди (сынак, тапшырма, байкоо) жана ийгиликти жазуу, жыйынтыктарды окуучуга үзгүлтүксүз билдирип туруу.
 Окуучулардын үйрөнгөндөрүн баалоодо дайыма уланмалуулуктун маанилүүлүгүн билүү.  Ийгиликсиз окуучунун проблемаларын чечүүдө тажрыйбалуу мугалимдердин кеңештерин пайдалануу, психолог менен кызматташуу.
 Окуучунун академиялык ийгилигин улуттук баалоо стандарттарына таянып баалоо.

Инсандык психология боюнча компетенттүүлүк
Мугалимдин инсандын психологиялык багыты боюнча кесипке даярдыгы келечек муундарды тарбиялоодо өтө маанилүү экени талашсыз. Мугалим окуучуну инсан катары көрүп, ага ошондой мамиле кылат. Окуучулардын социалдык, маданий, жеке өзгөчөлүктөрүн эске алып, эң жогорку денггээлде ага багыт жана жардам берүүгө аракеттенет. Окуучуларга өз мамилеси, жүрүш-турушу аркылуу үлгү болот. Башка мугалимдердин, жетекчилердин алгылыктуу тажрыйбаларын үйрөнөт, өзүн-өзү аңдап, дайыма өнүгүп туруу үчүн аракет жасайт. Жаңыны билгиси келет, өзү иштеген жердин да алдыда болушуна салым кошот. Кесибине тиешелүү нормативдүү документтерди изилдеп, эч кимдин укугуна зыян келтирбей тургандай мамиле кылат.
Мугалимдин предметтик адистиги кандай болсо да анын компотенттүүлүгүнүн негизин төмөнкүлөр түзөт.

А. окуучулардын ойлоруна маани берип, аларга урмат менен мамиле кылуу.
Бул эмнени түшүндүрөт:
- окуучуларга теориялык, практикалык жактан керек болгон билим, маалымат жана тажрыйбаларды көрсөтөт;
- окуучулардын бири-бири менен сый мамиледе болушуна маани берип, тапшырма бергенде алардын жеке өзгөчөлүктөрүнө жана жөндөмдөрүнө да карайт;
- окуучулар берген жооптордо камтылган ой-пикирлерге маани берет;
- класстык же класстан тышкаркы иштерде балдардын жекече каалоосуна, керектөөсүнө, мүмкүнчүлүгүнө жана жөндөмүнө карайт;
- окуучулардын үй-бүлөлүк социалдык-экономикалык абалына карабастан бирдей мамиле кылат.

Б. Окуучулардын үйрөнө алаарына ишенүү
Бул эмнени билдирет:
- мугалим окуучулардын дайыма жаңы нерселерди үйрөнүп туруусуна жардам берип, өзү ар дайым изденүү үстүндө болуусу, окуучуларга өздөрүнө, үйрөнө алаарына ишенгенди үйрөтүүсү керек;
- үйрөнүүгө тоскоол болгон нерсе же абалды изилдеп, окуучуларга ал тоскоолдуктарды жеңүүгө түрткү берүү;
- үйрөнүү, билим алуу, ийгиликке жетүүнүн түрдүү жолдору бар экенин айтуу;
- ар кандай деңгээлдеги окуучуларды окууга, үйрөнүүгө, изилдөөгө мотивациялоо;
- окуучулардын ийгиликтерин дайыма айтып, аларга көмөк көрсөтүү.

В. улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктарга маани берүү
Мугалим балдардын адамдык укугу, инсандык укугу, өлкөнүн негизги мыйзамы жана демократия принциптерин өздөштүрүп, ар бир коомдун өзүнө тиешелүү маданий структурасы, баалуулуктары болооруна түшүнүү менен мамиле кылуу, жалпы адамзаттын жана элдин баалуулуктарына маани берип, эл аралык мамилелердин өнүгүшүнө таасир этээрин билүү, ортоктошуп иштөөгө, эл аралык биримдикти, достукту чыңдоого өз салымын кошуу менен бирге, окуучулардын да буларды үйрөнүшүнө шарт түзүү.

Г. Өзүн-өзү баалоо, сындоо.
Мугалим класстын ичинде жана класстан тышкаркы иштеринде сын көз караш менен карап, анализдөө, жаңы билим, маалымат жана ойлорго ачык болуу.

Д. Жеке билим денгээлин үзгүлтүксүз көтөрүү.
Мугалимдик кесипке байланыштуу жана башка милдеттерди өз каалоосу менен кабыл алышы, сабырдуулугу, кубаттуулугу, тырышчаактыгы, аракетчилдиги, чыгармачылык менен мамиле кылууусу маанилүү. Ар кандай окуяларга жана процесстерге сын көз менен карап, проблеманы чечүү жана коммуникативдик көндүмдөргө ээ болуу үчүн аракеттенүүсү зарыл.

Е. Кесипке байланыштуу жаңылыктардан артта калбай, ага кошумча киргизүү.
Өз кесибинде жетишпеген жактарын байкап, кесибин өркүндөтүү үчүн курстарга, чогулуштарга, семинарларга, тренингдерге катышып, кесипке байланыштуу мезгилдик басма сөз каражаттарын, китептерди окуу, өз тажрыйбасын башкаларга жайылтуу зарыл.

Ж. Мектептин өнүгүшүнө салым кошуу.
Мугалим билим берүүдө мектепти, окуучуларды, мугалимдерди бирдиктүү бир бүтүндүк катары карап, мектептин өнүгүшү үчүн башка тараптар менен мамиле түзө алышы маанилүү.
Мектептин өнүгүшүндө ар түрдү ийрим же башка иштерге катышып, активдүү позицияны ээлеши керек.

З. Мугалимдик кесиптин өзгөчөлүгүн жана жоопкерчилигин толук түшүнүп, башкаларга жардамдашуу.
Мугалимдин укугу жана жоопкерчилиги тууралуу нормативдик документтерди окуу жана ага карата мамиле кылуу.

И. Мектеп, үй-бүлө жана коомдун байланышы.
Мектеп жайгашкан чөйрөнүн социалдык-экономикалык өзгөчөлүгүн билүү, анын айланасында жайгашкан ар түрдүү мекеме, ишкана, кафе-бар, фабрика, ж.б. өндүрүштүк ишканалардын балдардын өнүгүшүнө таасир тийгизерин билип, ага жараша камкордук көрүү.
Ал үчүн:
- чөйрөнүн мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланып, жамааттын ар мүчөсүн мектептин өнүгүшүнө салым кошууга чакыруу;
- мектептин айлана-чөйрөдөгү ишканалардан, мекемелерден ишмердүүлүгү боюнча өзгөчөлүгүн, т.а. мектептин иши - билим берүү экендигин, ал адамды тарбиялоо боюнча маанилүү жер экенин белгилөө;
- үй-бүлөнү таануу, ага тишелүү түрдүү иш аракеттерди уюштуруп, балдардын өнүгүүсүнө жана ийгилигине салым кошуу үчүн бирдикте иштөөгө чакыруу, пландар түзүү;
- мектепте уюшулган түрдүү тарбиялык иштерге ата-энелерди да тартуу.

К. Дидактикалык материалдарды даярдоо.
Мугалим бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, сабагына керектүү кошумча материал даярдоодо сабактын темасына байланышын билип, окуучулардын билиминин өнүгүшүнө таасир тийгизээрин эске алуусу зарыл.

Ошондуктан ал:
- карточкаларды, суроо кагаздарын даярдоодо окуучулардын жекече өзгөчөлүктөрүн эске алат;
- материал колдонууда компьтердик технологияны колдонот;
- материалдардын даярдалуусунда окуучулардын ой пикирин эске алат;
- материалдын теманы түшүндүрүүдө жардам бере турганына жана кайрадан колдонууга ыңгайлуулугуна карайт.

Л. Класстан тышкаркы иштерди уюштуруу.
Ал үчүн мугалим:
- билим берүү, тарбиялоо иш аркеттеринин пайдалуулугун жогорулатуу жана бүтүндүгү үчүн класстан тышкаркы иштерди активдүү түрдө уюштурат. Музейлерге, театрга, парктарга, экскурсияга, фабрикаларга, өндүрүшкө баруу, айлана- чөйрө менен байланыш түзүү, ар түрдүү жарыш, мелдеш, конкурс, майрам аземдерин өткөрүү, окуучуларды жөндөмү жана каалоосуна жараша катыштырууга аракеттенет.
- ал иштерге керектүү материал, техникаларды даярдайт.

М. Убакытты туура колдонуу.
Мугалим өзүнө бөлүнгөн убакытты рационалдуу пайдалануу үчүн аны так бөлүштүрүп алат. Мисалы, убактысын сабакты түшүндүрүү, кайталоо, көнүгүү жасатуу, жаңы нерсени үйрөнүү ж.б. үчүн бөлүштүрөт.

Н. Кесиптик компетенттүүлүккө байланыштуу башка нерселер.
Алар:
- мугалимдик кесипке тиешелүү буйрук, жардык жана көрсөтмөлөрдөгү өзгөрүүлөрдөн кабардар болуп туруу;
- сын-пикир, түзөтүү жана сунуштарга көңүл буруп, өзүн кесиптик жактан өнүктүүдө пайдалануу;
- өзүн-өзү өнүктүрүү аракетинде болуу;
- мектептин чогулуштарына, коомдук иштерине, ж.б. иш аракеттерине жигердүү катышуу;
- өз иш жана укугун жакшы билүү;
- кесибиндеги кээ бир маселелерди чече билүү;
- кесиптештери менен жакын мамиледе болуу, урмат менен мамиле кылуу;
- өз кесиби боюнча чеберчилигин жогорулатуу үчүн курстарга катышуу;
- иштеринде, кесиптештери, башка кызматкерлер жана окуучуларга ар дайым үлгү

болуу;
- жакшы байкоочу болуу, ишинде колдонуу;
- мугалимдик кесиби менен сыймыктануу, окуучуларды билим алууга үйрөнүүгө салым кошууга багыт берет;
- билим берүү жана тарбиялоо үчүн ыңгайлуу шарттар түзөт, материалды колдонууда коргонуу коопсуздук (безопасность) шарттарын эске алат;
- класстын тазалыгы, жарыктыгы, жылуулук, кенендик ж.б. өзгөчөлүгүнө көңүл бурат;
- технологияны колдонууда башкаларга үлгү болот.
Жогоруда айтылгандарга кошумча иретинде мугалимдин иш билгилиги же жеткиликтүүлүгү туурасында баяндалган критерийлерге кошумча буларды айтууга болот.
Мугалимдин когнитивдик иш билгилигин анын дидактикалык-методикалык иш билгилигинен айырмалап жатып, мугалимдин өз ишин окутуу-тарбиялоо процессин ийгиликтүү жүзөгө ашуруу үчүн керек болгон кесиптик билим системасын тактоо, аныктоо зарылчылыгы туулат. Дидактикалык-методикалык иш билгилиги анын окутуу–тарбиялоо процессинде оперативдик жана мазмундук, теория жана практиканы бирдей алып кетүүсүн түшүндүрөт.
Кесиптик, дидактикалык-методикалык жеткиликтүүлүк, педагогикалык технология мугалимдин негизги иш билгилик сапатын аныктайт. Мугалимдин иш билгилиги анын бир теманын мазмуну талап кылган өзгөчөлүгүнө, максатына, принциптерине ылайык педагогикалык технологияны тандап, колдоно билүү көндүмү, машыккандыгы аркылуу аныкталат.
Мугалимдин дидактикалык-методикалык компетенттүүлүгү анын ишти так аткаруучулук кесипкөйлүгүнө байланыштуу аныкталат. Профессионализм - иш билгиликтин негизин түзөт.
Студенттердин пикирине караганда, мугалимдин иш билгилиги анын педагогикалык ишмердүүлүгүнө тиешелүү баалуулуктарды, анын ичинде педагогикалык баалуулуктарды “Мен- профессионалмын” түшүнүгүн, кесиптик ишмердүүлүгүндө жаңылануу компоненттерин өнүктүрүүгө аракеттенүүсү, кесиптик идеалга умтулуусу зарыл. Бул аныктама аркылуу, мугалимдин окутуу тарбиялоо ишин жүргүзүүдө билим берүүнүн кандай максат, принцип, баалуулук, идеалдарга карап иштетилгенин байкоого болот. Ага жараша иштин өзгөчөлүгү, ийгилиги, мугалимдин кайсы педагогикалык технологияны колдоно алуусу анын дидактикалык-методикалык компоненттүүлүгүн аныктайт. Мугалимдин дидактаклык-методикалык жактан ишбилгилиги кээ бир педагогикалык маселелерди чече билүсүнө байланыштуу бааланышы ыктымал.
Негизинен мугалимдин иш билгилиги тууралуу төмөнкүлөрдү айтууга болот:
- окутуп жаткан предмети тууралуу терең билимге ээ болуусу, анын тигил же бул окутуу технологиясында камтылган принциптерин, концептуалдык идеясын билиши;
- мектепте окутуу-тарбиялоо иштерин уюштуруу болюнча жана предметти окутууда түрдүү методдорду, үйрөтүү жолдорун билип, долбоорлордо колдоно билүү;
- окутуу методдорун сабактын темасына карап тандоодо, логикалык ырааттуулуктун сакталышын билүү, ар бир окуучунун жеке мүнөзүнө, айырмачылыгына карап педагогикалык технологияларды тандай алышы;
- тигил же бул педтехнологияны колдонууда ага тиешелүү өзгөртүүлөрдү киригизе алышы.
Өлкөбүздө мугалимдин компетенттүүлүгү тууралуу кеңири изилдөө жүргүзүлбөгөнүнөн бул изилдөөнүн зарылдыгын айтууга толук негиз бар. Мугалимдин кесиптик ишбилгилигин жогорулатууда билим өркүндөтүүчү курстардын мааниси өтө зор. Мугалимдин кесиптик иш билгилиги азыр өтө курч маселе болуп жаш муундарды базар экономикасы шарттарында коомго даярдоодо өтө маанилүү, анткени балдардын жашоосунда өзгөрүшү татаал болгон кээ бир сапаттар орун алат. Ошону менен катар педагогикалык иш билгликти мугалим өзү өнүктүрүүсү, билим берүү ишмердигин жогорулатуусу деп айтууга болот. Ал аркылуу мугалим кесиптик денгээлин жогорулата алат.


Глоссарий

Адабий окуу предметинин стандарты – башталгыч класстардагы адабий окуунун мазмундук багыттарын, билим берүүнүн минимумун, окуучуларды даярдоо сапатын коюлуучу базалык талаптарды жана окуу жүктөмүн аныктоочу ченемдер менен эрежелердин жыйындысынан турган мамлекеттик документ.

Аң сезимдүү окуу – окуганын, автордун оюн түшүнүү, ал ойду берип турган көркөм сөз каражаттарын жана окуганга карата өз мамилесин аңдап түшүнүү.

 Баа коюу – Баалоо процессинин натыйжасы, баанын сандык туюнтулушу. Баалоо боюнча процесс, иш же иш-аракет, кайра байланыштын сапаттуу маалыматы.

Баалоо– окуучулардын окуу жана таанып билүү ишмердигине байкоо жүргүзүү, ошондой эле билим берүүнүн сапатын жакшыртуу максатында окуучу жөнүндө маалыматтарды баяндоо, жыйноо, каттоо жана чечмелөө процесси;

Диагноздоочу баалоо– бул окуучунун билимдерин, билгичтиктерин, көндүмдөрүн жана иш билгилигинин (компетенттүүлүгүн) алгачкы калыптануу деңгээлин аныктоо.

Диалог– эки же андан ашуун адамдын ортосундагы сүйлөшүү.

Жыйынтыктоочу (суммативдик) баалоо– Белгилүү убакыт аралыгында окуучулардын билимдерди өздөштүрүү, билгичтиктеринин, көндүмдөрүнүн калыптануу деңгээлин белгилөө жана алынган натыйжаларын стандарт талаптарына шайкештигин аныктоо; Теманы, бөлүмдү окуп-үйрөнүүнүн соңунда же, убакыттын так аныкталган мезгилинде (чейрек, жыл аягында) билимдердин, билгичтиктердин жана окуу көндүмдөрүнүн калыптаныш деңгээлин аныктай турган баалоо;

Окуу процессинин бул же тигил этабында пайдалануучу бааларды жалпылоо (жыйынтыктоо).

Индикатор/көрсөткүч– Бул бир нерсенин абалын чагылдыруучу же көрсөтүүчү чен «өлчөгүч прибор». Окуп үйрөнүү натыйжаларынын көрсөткүчү (индикатор) – окуучунун жүрүм-турумунан байкалуучу, болжолдонгон натыйжага жетишкендигин далилдөөчү конкреттүү белгилер; Баалануучу кубулуштун абалын билүү үчүн көмөк көрсөтүүчү конкреттүү мүнөздөмөлөр, сандык маалыматтар, көрсөткүчтөр, өлчөгүчтөр («кантип, эмненин жардамы менен өлчөөлөрдү жүргүзүүгө болот?» деген суроого жооп берет).

Инсан– адамдын социалдык табиятын чагылдыруу, аны социомаданий турмуштун субъекти катары кароо үчүн иштелип чыккан түшүнүк.

Инсанга багытталган окутуу– борборунда баланын инсаны турган окутуу.

Интерактив– (англ. Inter - өз ара, act - иш аракет) кимдир бирөө менен иштүү, аңгемелешүү, диалог жүргүзүү кырдаалы. Интерактивдүү усулдар окуучулардын мугалим менен эле эмес, өз ара кыйла кеңири иштешүүсүнө, окуу процессинде окуучулардын демилгелүү болушуна ылайыкталат. Интерактивдүү сабактарда мугалим окуу максатына жетүү үчүн окуучулардын ишмердигин багыттап гана турат.

Интервью (маек)– оозеки сурамжылоо аркылуу психологиялык маалыма алуу ыкмасы. Анткета толтурганга салыштырмалуу мында суралуучу жоопторун кыйла эркин, толук айта алат.

Кайтарым байланыш– Иш-аракеттер, кырдаалдар, талаш маселелер жана максатка эң жакшы жл менен жетишүүгө өбөлгө түзүүчү конкреттүү иш-аракеттер жөнүндө түшүндүрмөлөрдү (сын пикирлерди) кабарлоо жана алуу процесси;

Окутуу процессинде алынуучу, мугалимге окуучунун жетишүүсүн формалдуу эмес баалоо мүмкүндүгүн бере турган маалымат. Кайтарым байланыш окуучунун да билимдеги өз кемчиликтерин көрүшүнө жана аларды четтетишине өбөлгө түзөт;

Конкреттүү аракеттер, кырдаалдар, талаш маселелер тууралуу комментарийлерди (пикирлерди) алуу процесси.

Калыптандыруучу (формативдик) баалоо– Бул окуучунун окуусуна үзгүлтүксүз, максаттуу байкоо жүргүзүүчү процесс;

Мугалимге окуучунун жетишүүсүнө формалдуу эмес баа берүүчү, окуу процессинде алынуучу маалымат. Кайтарым байланыш окуучуга өзүнүн билим алуусундагы кемчиликтерди көрүп, оңдоосуна да өбөлгө түзөт;

Окуучунун окуусуна өзгөлтүксүз, максаттуу багытталган байкоо жүргүзүү процесси. Калыптандыруучу баалоо формалдуу эмес (көп учурда баа коюлбаган) баалоо болуп саналат.

Коммуникация– карым-катыш, баарлашуу, маалымат алышуу. Мунун төмөнкүдөй компоненттери бар:

  • Адресант – коммуникациянын субъекти;

  • Адресант – билдирүүнү ала турган адам;

  • Билдирүү – берилүүчү маалыматтын мазмуну;

  • Код – билдирүүнү берүү каражаты;

  • Байланыш каналы;

  • Натыйжа – коммуникациянын жыйынтыгында жетишилүүчү максат.

Компетенттүүлүк – адамдын ар түрдүү билимдерин, билгичтиктердин элементтерин жана иш-аракеттериныкмаларын бир кырдаалда (оку, инсандык, кесиптик) өз алдынча колдонууга болгон интерактивдик жөндөмдүүлүгү.

Компетенция – (лат. Competentio – жасайм, туура келем) юридикалык жактан аныкталган укуктарды, ыйгарым укуктардын милдеттердин жыйындысы.

Критерийлер – бир нерсени баалоо, аныктоого же классификациялоого негиз болуучу белги. Талкуу предметинин так, даана иштелип чыккан мүнөздөмөлөрү.

Куррикулум – коомдун социалдык заказына шайкеш келген окуу процессин уюштурууга багытталган жөнгө салуучу жана багыт берип туруучу документтердин системасы, топтому.

Максат – Акыркы көздөлгөн натыйжа; Ишмердүүлүктүн натыйжасын алдын-ала элестетүү. Окутуунун максаты – окуучулар когнитивдик (таанып-билүүчүлүк), аффективдик (эмоциялык-баалуулук) жана психомотордук жактан жетишүүчү окутуп-үйрөтүүнүн кезектеги жана акыркы натыйжалары.

Мониторинг – адамдын ишмердүүлүгүнө байкоо жүргүзүү, баа коюу жана божомолдоо.

Мотивация/ички каалоо – (лат. Movere – кыймылга келтирүү, түртүү)

Инсандын аң сезимдүү түшүнгөн, кыймыл-аракеттерди жана жасай турган жумуштарды тандоосуна негиз болгон себеп;

Талдоонун негизинде тынымсыз жүрүп туруучу тандоо менен чечим кабыл алуу процесси;

Окууга болгон каалоо, иш-аракетке умтулуу; Адамдын жүрүм-турумуна, анын жигердүүлүгүнө таасир этүүчү жагдайлардын, анын муктаждыктарынын, умтулууларынын жыйындысы.

Натыйжалар (билим берүүдөгү) – билим алуучулардын инсандык, жарандык жана кесиптик жактан өзүн өзү аныктоосун ишке ашыруу үчүн зарыл жана жетишүү болгон жекече компетенттүүлүктөрүнүн топтому.

Окуй алуу (декодирование) – тамгаларды кошуп окуу. Кээде бала ал сөздүн билбеши да мүмкүн. Бирок ал сөздөгү тамгаларды кошуп окуй алат.

Окуу – Жазылган символдорду оозеки (сүйлөшүү) тилге которуу; Жазылган текстти окуп түшүнүү жана ой жүгүртүү;

Окуучунун сүйлөө, айтуу, угуу, жазуу, окуп түшүнүү компетенттүүлүктөрүнө ээ болуусу; Сөздүн көркөмдүүлүгүн, образдуулугун түшүнө билүү.

Портфолио – Окуучунун бир же бир нече предмет боюнча иштерди аткаруудагы аракетин, өсүшүн, жетишүүсүн чагылдырган, максаттуу түрдө чогултуучу материалдар топтому.

  • Жетишкендиктер папкасы;

  • Окуучунун жетишкендиктерин чагылдырган материалдар, топтому;

  • Окуучунун иш аткаруу учурундагы аракетин, бир же бир нече предмет боюнча өсүшүн, жетишкендиктерин көрсөтүүчү, максаттуу түрдө чогултулган иштери.

Рефлексия– (лат.reflexio – артка кайрылуу) Субъектин ички психикалык абалына өзүнүн көңүлүн буруу жана аны түшүнүү процесси. Окуу процессинин негизги максаты ар бир маалыматка карата окуучуда өзүнүн объективдүү мамилесинин жаралуусуна өбөлгө түзүү; Окуу процесси жана негизги билимдер менен көндүмдөрү өзү кандай түшүнөрүн иликтөө боюнча окуучунун ой жүгүртөрүн көрсөткөн далилдер болушу зарыл.

Тез окуу– текстти табигый темпте, мүнөтүнө тиешелүү сандагы сөздөрдү окуу, б.а. курагына жана билим деңгээлине туура келген окуу ылдамдыгы.

Текст– (лат.tektus – «ткань, токуу, байланыш, айкалыштыруу») – сөздөрдүн бир бүтүн мааниге ээ болуу менен өз ара тыгыз байланышы жана ырааттуулугу.

Тыбыштык (фонематикалык ) кабыл алуу – кесиптик сигналдарды кайра иштеп чыгуу процесси, ага баштапкы угуп талдоо, акустикалык белгилерди аныктоо, тыбыштарды туура айтуу, текстти тыбыштык жактан талдоо кирет.

Элестетүү – мурдагы кабылдоолордун, билимдердин жана тажрыйбалардын негизинде жаңы, мурда көрбөгөн, жолукпаган бир нерсенин үлгүсүн-элесин түзүү, жаңыдан түзүлө турган нерсенин көрсөтмөлүү үлгүсүн жаратуу. Даяр баяндалышына, схемасына жана сүрөтүнө таянбастан эле жаңы үлгүнү түзүү чыгармачыл элестетүү деп аталат.

Эссе – (лат. «таразалоо») адабий жанр, анча чоң эмес көлөмдөгү, эркин композициядагы прозалык дил баян. Эссе конкреттүү маселе же предмет боюнча автордун жеке пикирин, ойлорун билдирет. Эссенин тили образдуу, жандуу болот.


28

28

28

28

28

28

28

28

28

28

28

28

28

28