Просмотр содержимого документа
«Заттын саны боюнча химиялык теӊдемелер аркылуу маселелерди чыгаруу»
Сабакка чейин
Сабактын темасы: Заттын саны боюнча химиялык теӊдемелер аркылуу маселелерди чыгаруу
Сабактын методу: репродуктивдүү
Сабактын тиби: Аралаш
Сабактын формасы: өз алдынча иштөө
Сабактын максаты | Көрсөткүчтөрү |
А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Заттын саны боюнча химиялык теӊдемелер аркылуу маселелерди чыгарууну окуп үйрөнүшөт. | |
Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук): Зат, заттын саны, теӊдеме, молекула, молекулалык масса боюнча түшүнүгү өнүгөт. Ой жүгүртүүсү өсөт. | |
Күтүлүүчү натыйжа:
Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет): Заттын саны, молдук масса, заттын абсолюттук масса боюнча маселелерди өз алдынча чыгарууга көнүгүшөт.
Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими (мурунку билими)): Зат, заттын саны, молекула, теӊдеме салыштырмалуу атомдук жана молекулалык масса боюнча билими бар.
Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат.
Убакыт: 45 минута
Убакытты бѳлүштүрүү:Чакыруу этабы:6-8мин
Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):22-25 мин
Ойлонуу этабы (сабакты бышыктоо):12-12 мин
Сабак
Сабактын жүрүшү:
Чакыруу этабы:
Сабактын чөйрөсү: Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.
Жагымдуу маанай түзүү: Жарганат тести
Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо:
1) ФОРМУЛА: V=Vm*
а) 0.07моль йоддуу суутек (HI) нормалдуу шартта (н.ш) кандай көлөмдү ээлейт?
б) 15моль кычкылтек (О2) нормалдуу шартта (н.ш) кандай көлөмдү ээлейт?
а) 31г суу буусу (H2О ) нормалдуу шартта (н.ш) кандай көлөмдү ээлейт?
б) 7.8г суутек (Н2) нормалдуу шартта (н.ш) кандай көлөмдү ээлейт?
Түшүнүү этабы(сабактын негизги болүгү):
Заттын саны-моль. Химиялык өз ара аракеттенишүүгө катышкан заттар атомдордон, молекулалардан жана башка бөлүкчөлөрдөн турушу мүмкүн. Моль-бул ошол заттардын бөлүкчөлөрүнүн санын аныктоочу бирдик болуп саналат. Моль менен көрсөтүлгөн заттын саны гректин υ (ню) тамгасы менен белгиленет. Моль химиялык эсептөөлөрдү жүргүзүүгө ыӊгайлуу.
Атомдук масса эмне экендигин эске сала кетели. Ал көмүртектин атомунун массасы менен байланышкан. Ошондуктан, молду аныктоо да көмүртектин атомунун массасы менен тыгыз байланышкан.
Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):
Мугалимдин иш аракети: | Суроо-жооп, аӊгемелешүү менен сабак лекция түрүндө өтүлөт. |
80 г күкүрттө күкүрттүн канча атому бар экендигин аныктагыла? Массасы 8 г болгон күкүрт (IV) кычкылындагы SO2 затынын санын моль түрүндө аныктап, молекуланын санын эсептегиле? 15. 2,5 моль заттагы кайнатма туздун массасы канча? | |
Үйгѳ тапшырма:
Суутектин изотопторунун ар бир изотобунун массаларын аныктагыла?
Алюминий нитратынын 12 молунун массасы канча болот? а) 2485 г; б) 2475 г; в) 2525 г; г) 2556 г ; д) 2575 г 27. 250 г
Баалоо: