СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жалбыракта газдын алмашышы жана суунун бууланышы

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Биология 

Просмотр содержимого документа
«Жалбыракта газдын алмашышы жана суунун бууланышы»

Биология 6-класс Сабактын темасы: Жалбыракта газдын алмашышы жана суунун бууланышы

Биология 6-класс

Сабактын темасы: Жалбыракта газдын алмашышы жана суунун бууланышы

Сабактын максаты Жалбыракта газдын алмашуу, буулануу процесстери жөнүндө маалымат алышат Фотосинтез жана дем алуу процесстерин салыштырып , ажырата алышат Өсүмдүктүн сууну буулантуу процесси жана анын механизми жөнүндөгү билимдерге ээ болушат

Сабактын максаты

  • Жалбыракта газдын алмашуу, буулануу процесстери жөнүндө маалымат алышат
  • Фотосинтез жана дем алуу процесстерин салыштырып , ажырата алышат
  • Өсүмдүктүн сууну буулантуу процесси жана анын механизми жөнүндөгү билимдерге ээ болушат
Жалбыракта газдын алмашышы  Абада 21% кычкылтек, 0,03–0,032% көмүр кычкыл газы, 78,08% азот жана 0,98% инерттүү газдар болот. Кант менен кычкылтек кошулганда бөлүнүп чыккан энергия кайдан келген? Дем алуу күндүз да, түн ичинде да тынымсыз жүрүп турат. Өсүмдүктүн бүт органдары дем алат. Ал эми фотосинтез күндүз гана жарыкта жүрөт. Демек, жарыкта өсүмдүктө эки карама-каршы процесс жүрөт. Биринчи процесс – фотосинтез, экинчиси – дем алуу.

Жалбыракта газдын алмашышы

Абада 21% кычкылтек, 0,03–0,032% көмүр кычкыл газы, 78,08% азот жана 0,98% инерттүү газдар болот.

  • Кант менен кычкылтек кошулганда бөлүнүп чыккан энергия кайдан келген?
  • Дем алуу күндүз да, түн ичинде да тынымсыз жүрүп турат. Өсүмдүктүн бүт органдары дем алат. Ал эми фотосинтез күндүз гана жарыкта жүрөт.
  • Демек, жарыкта өсүмдүктө эки карама-каршы процесс жүрөт. Биринчи процесс – фотосинтез, экинчиси – дем алуу.
Фотосинтез жана дем алуу Фотосинтез убагында органикалык эмес заттардан органикалык заттар түзүлөт да, күндүн жарык энергиясы пайдаланылат. Ал эми өсүмдүк дем алган убакта кычкылтек органикалык заттарды ажыратат. Андан энергия бөлүнүп чыгат. Мисалы, энергиянын бөлүнүшүн үрөндүн өнгөн учурунда байкасак болот. Ал күндүн энергиясы. Өсүмдүктөр көмүр кычкыл газы менен кошо айланасындагы абадан кычкылтекти да сиңирип алат, ал өсүмдүккө дем алыш үчүн керек.

Фотосинтез жана дем алуу

  • Фотосинтез убагында органикалык эмес заттардан органикалык заттар түзүлөт да, күндүн жарык энергиясы пайдаланылат. Ал эми өсүмдүк дем алган убакта кычкылтек органикалык заттарды ажыратат. Андан энергия бөлүнүп чыгат. Мисалы, энергиянын бөлүнүшүн үрөндүн өнгөн учурунда байкасак болот. Ал күндүн энергиясы. Өсүмдүктөр көмүр кычкыл газы менен кошо айланасындагы абадан кычкылтекти да сиңирип алат, ал өсүмдүккө дем алыш үчүн керек.
Кычкылтек  Көмүр кычкыл газы Кычкылтек  Көмүр кычкыл газы Фотосинтез Дем алуу м далуу

Кычкылтек

Көмүр кычкыл газы

Кычкылтек

Көмүр кычкыл газы

Фотосинтез

Дем алуу м далуу

Өсүмдүктүн сууну буулантышы бул -транспирация  кубулушу  Өсүмдүктүн сууну буулантышын көрсөтүүчү тажрыйбалар

Өсүмдүктүн сууну буулантышы бул -транспирация кубулушу

Өсүмдүктүн сууну буулантышын көрсөтүүчү тажрыйбалар

Буулануунун жүрүшү Ар түрдүү өсүмдүктөр сууну түрдүү өлчөмдө буулантышат. Мисалы, жүгөрү бир суткада 800 г сууну, башкача айтканда, бир литрден анча-мынча гана аз, капуста1 л, кайың 60 л ден көп сууну буулантат. Өсүмдүк шартка жараша сууну да ар кандай өлчөмдө буулантат. Мисалы, күн тийип турган жерге караганда көлөкөдө суу аз бууланат. Аба ырайы мемиреп тургандагыга караганда, кургак шамалда буулануу тез жүрөт .

Буулануунун жүрүшү

  • Ар түрдүү өсүмдүктөр сууну түрдүү өлчөмдө буулантышат. Мисалы, жүгөрү бир суткада 800 г сууну, башкача айтканда, бир литрден анча-мынча гана аз, капуста1 л, кайың 60 л ден көп сууну буулантат. Өсүмдүк шартка жараша сууну да ар кандай өлчөмдө буулантат. Мисалы, күн тийип турган жерге караганда көлөкөдө суу аз бууланат. Аба ырайы мемиреп тургандагыга караганда, кургак шамалда буулануу тез жүрөт .
Буулануунун жүрүшү Анткени айланадагы шарт  үттөрдүн абалына таасир этет. Өсүмдүк суу менен толук камсыз кезде, үттөр күндүз да, түндө да ачык болот. Буулануу тынымсыз жүрүп турат. Суу тартыш болгондо кээ бир өсүмдүктөрдүн үттөрү күндүз да жабылып калат. Натыйжада жалбырактан суунун буусунун абага бөлүнүп чыгышы токтойт. Ыңгайлуу шарт түзүлгөн кезде үттөр кайра ачылат.

Буулануунун жүрүшү

  • Анткени айланадагы шарт үттөрдүн абалына таасир этет. Өсүмдүк суу менен толук камсыз кезде, үттөр күндүз да, түндө да ачык болот. Буулануу тынымсыз жүрүп турат. Суу тартыш болгондо кээ бир өсүмдүктөрдүн үттөрү күндүз да жабылып калат. Натыйжада жалбырактан суунун буусунун абага бөлүнүп чыгышы токтойт. Ыңгайлуу шарт түзүлгөн кезде үттөр кайра ачылат.
Суу жалбырактын үстүнкү бетинен бууланат. Пайда болгон суунун буусу клеткалардын арасындагы боштук боюнча үттөргө жылат да, алар аркылуу сыртка чыгат. Жаш жалбырактар сууну өтө көп буулантат

Суу жалбырактын үстүнкү бетинен бууланат. Пайда болгон суунун буусу клеткалардын арасындагы боштук боюнча үттөргө жылат да, алар аркылуу сыртка чыгат. Жаш жалбырактар сууну өтө көп буулантат

Өсүмдүктөр тиричилигинде суунун бууланышынын мааниси Өсүмдүктөрдүн тиричилигинде буулануунун мааниси өтө чоң. Суу бууланып турса, өсүмдүк куурабай жакшы сакталат. Бууланууда жалбырактар бир аз салкындайт, белгилүү температура сакталат да, өсүмдүк өтө ысып кетпей, фотосинтездин жүрүшү улана берет.

Өсүмдүктөр тиричилигинде суунун бууланышынын мааниси

  • Өсүмдүктөрдүн тиричилигинде буулануунун мааниси өтө чоң. Суу бууланып турса, өсүмдүк куурабай жакшы сакталат. Бууланууда жалбырактар бир аз салкындайт, белгилүү температура сакталат да, өсүмдүк өтө ысып кетпей, фотосинтездин жүрүшү улана берет.
Жалбырактын сууну буулантышы менен тамыр аркылуу суунун сорулушунун кандай байланышы бар? Суунун бууланышы өсүмдүктө суунун өйдө карай жылышына мүмкүндүк берет. Себеби өсүмдүктө суу азайып, тамырдан суу аз жакка сорулат. Суунун агымы менен кошо минералдык заттар, азык заттар жана суу өсүмдүктүн органдарына тарап кете алат. Жалбырак канчалык ири болуп, анын бети канчалык чоң болсо, суу ошончолук көп бууланат. Жалбырактардын сууну буулантышы, суунун тамыр аркылуу келишине жана сабак боюнча жалбырактарга көтөрүлүшүнө мүмкүндүк берет.

Жалбырактын сууну буулантышы менен тамыр аркылуу суунун сорулушунун кандай байланышы бар?

  • Суунун бууланышы өсүмдүктө суунун өйдө карай жылышына мүмкүндүк берет. Себеби өсүмдүктө суу азайып, тамырдан суу аз жакка сорулат. Суунун агымы менен кошо минералдык заттар, азык заттар жана суу өсүмдүктүн органдарына тарап кете алат.
  • Жалбырак канчалык ири болуп, анын бети канчалык чоң болсо, суу ошончолук көп бууланат. Жалбырактардын сууну буулантышы, суунун тамыр аркылуу келишине жана сабак боюнча жалбырактарга көтөрүлүшүнө мүмкүндүк берет.
Бышыктоо Дем алууда кандай процесс жүрөт?  Жалбыракта газ алмашуу кандай жүрөт?  Өсүмдүктүн кайсы клеткаларында суу бууланат?  Аба ырайынын шарты бууланууга кандай таасир этет?  Буулануунун өсүмдүк үчүн кандай мааниси бар?

Бышыктоо

  • Дем алууда кандай процесс жүрөт?
  • Жалбыракта газ алмашуу кандай жүрөт?
  • Өсүмдүктүн кайсы клеткаларында суу бууланат?
  • Аба ырайынын шарты бууланууга кандай таасир этет?
  • Буулануунун өсүмдүк үчүн кандай мааниси бар?
Үй тапшырмасы Фотосинтез жана дем алууну салыштыруу үчүн төмөнкү таблицаны толтургула. Суроолор 1 Сутканын кайсы убагында жүрөт? Фотосинтез 2 Дем алуу Кайсы газ сиңирип алынат? 3 Кандай газ бөлүнүп чыгарылат? 4 Органикалык зат кайсы учурда пайда болот жана кайсы учурда ажырайт?   Окуу китебинин §29. 85-87-беттери

Үй тапшырмасы

Фотосинтез жана дем алууну салыштыруу үчүн төмөнкү таблицаны толтургула.

Суроолор

1

Сутканын кайсы убагында жүрөт?

Фотосинтез

2

Дем алуу

Кайсы газ сиңирип алынат?

3

Кандай газ бөлүнүп чыгарылат?

4

Органикалык зат кайсы учурда пайда болот жана кайсы учурда ажырайт?

  Окуу китебинин §29. 85-87-беттери