СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жалпы мугалимдик ант

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Жалпы мугалимдик ант жана педагогика боюнча иштер.

Просмотр содержимого документа
«Жалпы мугалимдик ант»


Кыргыз Республикасы

Билим берүү жана илим министрлиги


Жалал-Абад облусунун

Ноокен районуна караштуу









Кочкор-Ата колледжи


ПОРТФОЛИО







Математика мугалими

Ибраимова Айзада







Кыргыз Республикасы



Мугалимдердин

портфолиосундагы

иш кагаздары

Мугалимдик ант.



Мен __________________________ Кыргыз Республикасынын Билим Берүү тармагында, мугалимдик кесипти тандоо менен бирге төмөндөгү антты беремин. Берилген антымды туура жана так аткарам.

1.Окуучуларды өз Мекенин сүйүүгө Мекенин коргоого, Мекенине кызмат өтөөгө, Улуулардарды урматтап, кичүүлөрдү ызаттоого, терең билим алып, ар кесиптин ээси болууга даярдаймын.

2.Балдарга туура тарбия берүүгө даярмын.

3.Кесибимди да,баланы да, сүйгөн бала жөнүндө, дайым ойлогон жүрөгү таза мугалим болууга антымды беремин.

4.Келечек патриотторду тарбиялаган, жаштарга жаңы жол тапкан, таза мугалим болууга умтулам.

5.Класс жетекчи болууга даярмын. Окуучулар, ата-энелер менен бирдиктеиш стилин жандандырууга аракетимди көрсөтө аламын.

6.Окуучунун жалпы көз карашын, патриоттук аң сезимин күчөтүүгө тарбиялык системасын алып баруу менин милдетим.

7.Педагогикалык чеберчилик жана мугалимдик этикамды сактаймын.

8.Мугадимдин статусу жөнүндөгү мыйзамга баш ийемин.

9.Өз билимин өркүндөтүү боюнчаматериалдар, көргөзмө куралдар, көркөм адабияттарды, сүрөт тартуу, кино филмдерди көрүү, музыка угуу ж.б. шарттарды түзүүгө көмөктөшөмүн.







Портфолио – окутуунун жалпы баалоо ыкмасы.



Портфолио – мугалим тарабынан курс боюнча жалпы баалоону алуумаксатында жүргүзүлөт.



Портфолио – эркин жана милдеттүү компоненттерден турат. Эркин компоненттерге жеке ийгиликтерин көрсөтүүчү макалалардын тексти болуп келген милдеттүү компоненттерге сынчыл ойломду пайдаланган сабактын иштелмеси анын натыйжасы болуп саналат.



Портфолио – мугалимдин ар тараптуу жетишкендиги, агажумшалган күч аракеттер иштеринин коллекциясы. Өз билимдеринин натыйжасы.



Резюме

Аты жөнү: Ибраимова Айзада

Туулган жылы: 1951-жыл 17-январь

Дареги: Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району Акман айыл өкмөтү, Кош-Коргон айылы

Улуту: кыргыз

Бүтүргөн окуу жайы: КЖПИ

Билими: Жогорку

Жалпы эмгек стажы: 48

Педагогикалык стажы: 48

Кызматы: Мугалим

Адистиги: Математика мугалими

Аттестациядан өткөн жылы: -

Билимин жогорулатуу боюнча

курстан өткөн жылы: 2018

Тил өздөштүрүүсү: кыргыз, орус тили

Сыйлыктары: Билим берүүнүн отличниги, Ардагер мугалим

Үй-бүлөлүк абалы: 6 уул, 2 кыздын жана 12 неберенин энеси

Телефону: 0773-34-27-19



Азыркы учурда жашаган жери: Кош-Коргон айылы, Ж.Токторалиев 18 көчөсү.



Резюме ээси: ________



Кыргыз Республикасынын

Мамлекеттик Герби

Кыргыз Республикасынын

Мамлекеттик Туусу

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик

Гимни

Мамлекеттик Гимн 1992-жылы 18-декабрда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин

токтому менен бекитилген.

Сөзү: Ж.Садыков, Ш.Кулуев

Муз: Н.Давлесов, К.Молдобасанов


Ак мөңгүлүү аска-зоолор, талаалар,

Элибиздин жаны менен барабар.

Сансыз кылым Ала-Тоосун мекендеп,

Сактап келди биздин ата-бабалар.


Кайырма: Алгалай бер, кыргыз эл,

Азаттыктын жолунда.

Өркүндөй бер, өсө бер,

Өз тагдырың колуңда.


Аткарылып элдин үмүт-тилеги,

Желбиреди эркиндиктин желеги.

Бизге жеткен ата салтын, мурасы,

Ыйык сактап, урпактарга берели.


Кайырма: Алгалай бер, кыргыз эл,

Азаттыктын жолунда.

Өркүндөй бер, өсө бер,

Өз тагдырың колуңда.

МАНАС ГИМНИ


Кайың барбы кыргыз балта чаппаган,

Кыр-жон барбы кыргыз кыргын таппаган.

Кылымдарга аты калбай өчөөрдө

Кыргыз элин кыраан Манас сактаган.

Кайырма:

Асман менен Жериңдин

Тирөөсүнөн бүткөндөй,

Айың менен Күнүңдүн

Бир өзүнөн бүткөндөй-

Теңир уулу эр Манас.

Белес-белден беш удургуп өткөн эл,

Арстан болуп ай чапчыган көчмөн эл.

Курандылап, куруп бара жатканда

Эр Манасты туу карманып өскөн эл.

Кайырма:

Манас улуу — кыргыз элдин желеги.

Ата-мурас, акыл, ойдун тереңи.

Түбөлүккө ташка тамга баскандай

Кыргыз элдин адамзатка белеги.

Кайырма:

А. Жакыпбеков


Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил гимни

Сөзү: Сейит Алтымышовдуку

Музыкасы: Бакыт Алишеровдуку


Тил жаралып Көкө-Теңир таңынан,

Адамзаттын дөөлөтүнө буйруган.

Адам деген түп сөзүнөн элимдин,

Кыргыз тили ай аалымга жаңырган.


Кайырма

Кыргыз тили - жүрөгүм,

Манас ата туу туткан.

Кыргыз тили - Мекеним,

Менин өлкөм Кыргызстан!


Мекен тили Ата журттун кареги,

Биримдиги, күч-кубаты тиреги.

Мекен тили куттуу кыргыз элимдин,

Көкүрөктө согуп турган жүрөгү.


Кайырма

Кыргыз тили - жүрөгүм,

Манас ата туу туткан.

Кыргыз тили - Мекеним,

Менин өлкөм Кыргызстан!


Мекен тилин ыйык тутуп сактайлы,

Мекен тили бак-таалайдын кутманы.

Мекен тили кан жаныбыз, туубуз,

Ата журттун келечеги, ак таңы.


Кайырма

Кыргыз тили - жүрөгүм,

Манас ата туу туткан.

Кыргыз тили - Мекеним,

Менин өлкөм Кыргызстан!


2006-жылы 25-мартта Кыргыз республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын чечими менен конкурстун негизинде мамлекеттик тил гимни кабыл алынган.


Манастын жети осуяты


Манас атанын жети осуяты - Дүйнөгө белгилүү «Манас» эпосунан алынган акыл-насааттар, идеялар. Манастын жети осуяты Кыргыз Республикасынын мурдагы Президенти А. Акаев жактан иштелип чыгып, Кыргызстандын бүт аймактарына таралган. Алар калктын атуулдук, улуттук ар-намысын ойготуу максатын көздөйт. Ал осуяттар төмөнкүлөр:

  1. Эл-журттун ажырагыс бүтүндүгү жана бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган ички биримдиги.

  2. Улут аралык ынтымак, достук жана кызматташтык

  3. Улуттук ар-намыс жана атуулдук ариет

  4. Арыбас мээнет, алдынкы өнөр-билим аркылуу бакубат дөөлөткө умтулуу

  5. Гуманизм, айкөлдүк, кечиримдүүлүк

  6. Табият менен таттуу мамиледе болуу

  7. Кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңдоо жана аны көздүн карегиндей сактоо.



Чечмелениши, мааниси:

Аз да болсо чечмелеп көрөлү, дароо айтып коелу бул менин жеке оюм боюнча, ар адамдын ою башка эмеспи.

  1. Элдин ынтымагы, бөлүнбөй биргелешип иш кылсак баарын жеңебиз, каалаган кыйынчылыктарга чыдайбыз деген мааниде.

  2. Башка элдер, улуттар менен жакшы мамиледе болуу, кызматташуу, өнөктөшүү

  3. Ар бир жаран патриот болуусу, ата-мекен алдындагы милдетин сезе билүүсү, инсан катары мекенин жана өзүн сыйлоо

  4. Эмгек, акыл-эс, билим аркылуу жакшы жашоо жолунда басуу, жалкоолуктан, жаман адаттардан арылуу

  5. Ички жан-дүйнөнү байытып, акылдуу, адилеттүү, тажрыйбалуу, көптү билген көсөн адам болуу

  6. Жаратылышты коргоо, ага аяр мамиле жасоо, жаратылышка ысыраптык мамиле жасабоо, ар бир өсүмдүк, ар бир жандыктын маанисин билүү

  7. Эркек же аял болобу Мекенибизди өнүктүрүүгө салым кошуу, душмандардан сактоо, ата-журт, кичи-мекен, үй-бүлөө мунун баары Мекенибиз экенин түшүнө билүү.




XXI кылымдын кадрлары


Негизги багыттары


  • Кыргызстандын балдарына, жаштарына билим берүү жана илим, экологиялык, эстетика боюнча эл аралык программаларга киргизүү;

  • Жөндөмдүү таланттуу балдарды, жаштарды чет өлкөлөргө окутуу:

  • Жаңы техника, технологиялар жагынан дүйнөнүн алдыңкы окуу жана илимий борборлорунан адистерди даярдоо;

  • Дүйнөдө эң көп таралган тилдерди теле, радио аркылуу компьютердик сабактарды үйрөтүү;

  • Республикада эл аралык окуу жайларын жана борборлорду өнүктүрүү;

  • Дистанциялык окутуу, компьютердик мультимедия, телекоммуникациялык каражаттары пайдалануу, билим чөйрөсүндө чет өлкөлөр менен маалыматтык жана техникалык каражаттарды өнүктүрүү;

  • Билим берүү жана илим жагынан өтө маанилүү эл аралык долбоорлорду иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;


Жаш мугалимге жардам


Типтери:

  1. Жаңы материалдарды окуп үйрөнүү

  2. Текшерүүчү

  3. Аралаш

  4. Бышыктоочу

  5. Жалпылоочу

Окуунун түрлөрү:

  1. Индивидуалдык

  2. Дифференциалдык

  3. Проблемалык

Метеоддор:

  1. Сөз жүзүндө

  2. Байкоо, чектөө

  3. Көрсөтмөлүүлүк

  4. Проблемалык

  5. Интерактивдүү

  6. Репродуктивдүү

  7. Практикалык

  8. Логикалык




























































Класс жетекчи, окуучу, мугалим, ата-эне биримдик иш стилин жандандыруу.

Окучуулардын жалпы көз карашын, патриоттук аң сезимин күчөтүүчү тарбиялык системасын алып баруу.







Чыныгы педагог кандай?

Өз ишин мыкты билген

Өзүнө дө, өзгөгө да сергек караган

Милдетин да, укугун да айкын түшүнгөн

Жоопкерчилигин сезген

Кесибин да, баланы да сүйгөн

Бала жөнүндө дайым ойлогон

Өзүн-өзү тарбиялап, өркүндөткөн

Эски из менен чектелбеген

Келечек патриотторду тарбиялаган

Жаңтарга жаңыжол тапкан

Өзү дагы, жүрөгү дагы таза адам

Алдыңкы педагогикалык тажрыйба.



Алдыңкы педагогикалык тажрыйба - таалим-тарбия чөйрөсүндөгү өздөштүрүлгөн билимдин жана методикалык ыкмалардын жыйындысы. Алдыңкы педагогикалык тажрыйбанын жардамы менен үлгүлүү натыйжаларга жетишип, жаңы, прогрессивдүү өнүгүүгө негиз түзүлөт. Алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны кеңири колдонуу таалим-тарбия ишин терең илимий негизде иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга шарт түзөт. Аны ар тараптан талдоо, жалпылоо жана кеңири жайылтуу социалдык жана педагогикалык орчундуу милдеттерди чечүүгө негиз болот. Топтолгон алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны терең окуп-үйрөнүү, анын табылгаларын айкындоо менен таалим-тарбиялык иштин жогорку таасирдүүлүгүнө жетүү жолдорун аныктоо, аны чыгармачылык менен колдонууга киргизүү маанилүү талаптардан болуп саналат. Алдыңкы педагогикалык тажрыйбага ээ болгон коллективдин жана адамдардын иши атайын маалымат булактары, илимий иликтөөлөр, жаңычыл педагогикалык идеялардын көргөзмөсү жана лекторийлери өз ара тажрыйба алмашуу ж.б. аркылуу кеңири жайылтылат.

АДАМДЫН САПАТТАРЫ


Жакшы сапаттары



Жаман сапаттары

  • ак көңүлдүк;

  • жайдары;

  • жан аябастык;

  • ишенимдүүлүгү;

  • Сылыктык;

  • Сабырдуулук;

  • Ай көлдүк

  • Акылмандуулук;

  • Ыймандуулук;

  • Эмгекчилдик;

  • Тазалык;

  • Калыстык;

  • Акыйкатчыл;

  • Чечкиндүүлүк;

  • Максаттуулук;

  • Жоопкерчилик;


  • көрө албастык;

  • өзүмчүлдүк;

  • Кекчилдик;

  • Акылсыздык;

  • адилетсиздик;

  • Ичи тардык;

  • жалкоолук;

  • ачуулуулук;

  • зулумдугу;

  • ач көздүк;

  • Арамзалык;

  • Ушак айтуу;

  • Түнттүк;

  • Оройлук;

  • Куру кыялдык;

  • Кайдыгерлик;


Жакшы болуу аста-аста

Жаман болуу бир паста





Кыргыз теңири жараткан

Байлыгы сөз –

Канаты Мекени –

Байрагы –

Аздеги –

Улугу –

Урааны –

Батасы –

Алкоосу –

Кайраты –

Каргышы –

Урматы –

Ызаты –

Парзы –

Сырдашы –

Сынчысы –

Медери –

Кумары –

Тазасы –

Таттуусу –

Ачуусу –


“Эне-тили”

“Ата-журту”

“Кызыл-Туу”

“Ат-ысым”

“Кан”

“Манас”

“Өмүрлүү”

“Кем болбо”

“Арбак колдоо”

“Тукумуң куру”

“Улуулук”

“Кичүүлүк”

“Көз көрсөтүү”

“Дос”

“Эл”

“Бала”

“Куш”

“Суу”

“Жан”

“Өлүм”



Окутуунун методдору

1.Сөз методу

а)суроо жооп

б)баарлашуу

в)айтып берүү

г)лекция

д)семинар

ж)түшүндүрүү



Көрсөтмөлүк куралдар

а) Көрсөтмө куралдар

б) Дидактикалык материалдар

в) Техникалык каражаттар

г) Сүрөттөр

д) Иллюстрациялар



Практикалык метод

а) Лабораториялык иш

б) Практикалык иш

в) Экскурциялар

Окутуунун принциптери



    1. Илимге негизделиши (илимдин жетишкендиктерине токтолуу)

    2. Окутуунун турмуш менен байланышы (теориянын практика менен байланышы)

    3. Окутуунун тарбиялык мааниси (тартиптүүлүк нравалык тарбия)

    4. Өнүктүрүүчү, өстүрүүчү (таанып билүү жөндөмдүүлүгүн өстүрүү)

    5. Билимди аң сезимдүү кабыл алуу (билимди түшүнүү, анализдөө)

    6. Билимдин терең жана бекемдиги (окучуунун билимди жаттап эмес эстеп калуусу)

    7. Окутуунун системалуулугу (билим үзгүлтүксүз системалуу болушу)

    8. Окутуунун жеткиликтүүлүгү (жеңилден – оорго, жөнөкөйдөн – татаалга)

    9. Көргөмөлүүлүк (конкреттүү нерседен – абстрактуулуккка)

















Жаш мугалимге кеңеш:

  • Жаш мугалим тажрыйбалуу болуу педагогтордун сабактарына системалуу түрдө тынбай катышуусу зарыл.

  • Сабакта интерактивдүү (өз ара аракеттенүү) ыкмаларды колдонууга аракет кылуусу тийиш.

  • Өз билиминин үстүнөн тынбай иштөөсү (адабият, методикалык колдонмолорду) окуп туруусу керек.

  • Ар бир сабакты стимулдаштырууга (суроого жооп, баалоого) жетишүүсү абзел.

  • Мугалим сабак мезгилинде педагогикалык тактыны сактоого тийиш.













Мугалимдин милдеттери жана жоопкерчилиги

- ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө түздөн-түз окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басарына баш иет;

- класста окуу жана тарбиялоо иштерин жүргүзөт;

- окуучулардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргойт;

- кесиптештери жана окуучулары менен бирдикте педагогикалык этиканын негизинде мамилешет;

- мектептин өнүгүүсүнүн негизги багыттарына активдүү катышат;

- мектептин иш кагаздарын өз убагында жана туура толтурат;

- педагогикалык кеңештердин заседаниелерине, педагогикалык консилиумдарга, усулдук кеңештин, кафедранын заседаниелерине, усулдук семинарларга катышат;

- окуу планындагы мектеп компонентине ажыратылган сааттарды аныктоого жана аларды ишке ашырууга катышат;

- мамлекеттик стандарттагы билим берүү программаларын, окуу пландарын ишке ашырат, окуучулардын окуу материалдарынын сапаттуу өздөштүрүүсүн камсыз кылат;

- окутуунун жаңы технологияларын жайылтуунун ишке ашырат;

- окуучулардын алдын-ала жана жыйынтык атесстацияларын жүргүзөт;

- ата-энелер (алардын ордун басуучулар) менен байланыш түзөт;

-жогорку кесиптик деңгээлде сабактарды өтөт жана сабагынан жетишпеген, артта калган окуучулар үчүн консультацияларды уюштурат;

- окуучуларды олимпиадаларга жана конкурстарга катыштырууга даярдайт;

- класстардагы педагогикалык-психологиялык климаттын жакшырышына өбөлгө түзөт жана класс жетекчилерге педагогикалык жагдайдын жүрүшү боюнча кабарлайт;

- өзүнүн классынын жекече-педагогикалык өзгөчөлүктөрүн изилдейт жана класстагы окуучулардын тартибине, жүрүш-турушуна, жетишүүсүнө, катышуусуна көзөмөл жүргүзөт;

- өз билимин өркүндөтүү курстарынан өтөт жана мектептин аттестациялык комиссиясына өзүнүн кесиптик квалификациялык категориясын тастыктоо үчүн аттестациялоого катышат;

- балдарды коргоонун талаптарынын сакталышын жана жашы жетпегендердин укуктарын, кызыкчылыктарынын корголушун камсыз кылат;

- билим берүү мекемесинин материалдык-техникалык базасынын, техникалык коопсуздук эрежелеринин, санитардык гигиеналык режимдердин талаптарынын сакталышын камсыз кылат жана окуучулардын эмгегин коргоого жооп берет;

- окуучулардын окуу жана окуу-методикалык адабияттар менен камсыз болуусун, алардын сарамжалдуу колдонуусун көзөмөлдөйт;

- билим берүү мекемесиндеги окуу процессинде жана класстан тышкаркы иштерди өткөрүү мезгилдеринде бекитилген окуучулардын ден-соолугуна, өмүр коопсуздугуна тикеден-тике жекече жооп берет.

Билим алуу укугу

Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар бир жарандын билим алууга укуктуу экендигин белгилеген. Окууга жашы жеткен ар бир бала улутуна, ата-энесинин кайда иштегенине же алардын бар же жок экендигине карабастан мектепке кирүүгө укуктуу.































Өз билимин өркүндөтүү боюнча иш планы

  1. Окуу-тарбиялоо процессинин усулдары.

  2. Педагогикалык жана психология боюнча билимдердин негиздери.

  3. Педагогикалык чеберчилик жана мугалимдин этикасы.

  4. Мугалимдин саясий кругозору.

  5. Окуу-тарбия процессиндеги инновациялык усулдардын теориясы жана практикасы.

  6. Хобби (көркөм адабияттарды оку, сүрөт тартуу, кинофильмдерди көрүү, музыка угуу).

  7. Өз-ара сабактарга катышуу.

  8. Педагогикалык сөздүк.

































Окуутунун шарттарын жакшыртуу


Негизги жана (же) орто жалпы билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмундагы башкаруунун натыйжалуулугуна жана билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясатына критерийлер:


1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы № 403 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандартына (мындан ары - Мамлекеттик стандарт) жана кызыкдар тараптардын аныкталган керектөөлөрүнө ылайык билим берүүчү уюмдун ишин жөнгө салуучу бекитилген ички актылардын болушу;


2) кызыкдар тараптардын муктаждыктарын жана күткөн натыйжаларын эске алуу менен билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясатына ылайык билим берүү уюмунун бекитилген миссиясы, стратегиялык жана учурдагы пландары, иштелип чыгып жана кабыл алынган билим берүү максаттарынын болушу;


3) кызыкдар тараптарды кошо тартуу менен натыйжалуу башкарууга мүмкүндүк берүүчү туура маалыматтын негизинде туура чечимдерди кабыл алуунун жана аларга оңдоолорду киргизүү механизминин болушу (камкордук кеңеш, ата-энелер комитети, бюджеттик угуулар, тышкы баалоо, инвестициялар, социалдык кызматтар);


4) стратегиялык жана учурдагы пландардын, билим берүүнүн максаттарынын аткарылганын, окутуунун натыйжаларын жана билим берүүчү программаны өркүндөтүүнүн маалыматтарын чогултуу, баалоо жана талдоо боюнча механизмдин болушу;


5) педагогикалык жамааттын, окуучулардын жана кызыкдар тараптардын билим берүүнү ишке ашырууга, анын сапатын контролдоого жана кайра кароого катышуу механизминин болушу (кызыкдар тараптар менен аркы-терки байланыш);


6) билим берүүнүн сапатын камсыздоо системасын киргизүү жана окутуучу уюмда билим берүүнүн сапатынын киргизилиши үчүн жооптуу адамдардын болушу;


7) билим берүүчү уюмда персоналдын, окугандардын, социалдык өнөктөрдүн жүрүм-турумунун бекитилген этикалык ченемдеринин болушу.











Программаны ишке ашыруу жана саясатты колдоо


Компонеттердин максаты – балдарды мектепке даярдоонун программасын ийгиликтүү ишке ашыруусуна көмөк көрсөтүү, ишке ашыруучу программаны жакшыртуу максатында саясий жана практикалык чөйрөдө көйгөйлөрдү ачып чыгаруу. Балдарды мектепке даярдоонун программасынын алкагында маалыматтык каражаттар менен камсыздоо жана наасатчылык программанын жана мугалимдерди насаатчылыкка окутууну уюштуруунун негизинде шаардык, райондук жана областтык деңгээлде аймактык билим берүү бөлүмдөрүнүн адистерин даярдоо.

Райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн наасатчылык программасын андан ары колдоо үчүн керектүү педагогикалык материалдар жана жабдуулар менен камсыздоо.