СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жандуу математикадан тест

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

5-класстарга арналган. Жандуу  математика  китебинен алынган  математика  сабагынан тест

Просмотр содержимого документа
«Жандуу математикадан тест»

Төмөнкү суроонун ар бирине ООБА, ЖОК же БИЛБЕЙМ деген

жооптордун бирин бергиле.

1. Мисал туура чыгарылганбы?

а.) 517 + 346 = 863; б.) 589·11 – 715 = 5764; в.) 17 + 3·2 = 40; г.) 42·67 + 72:3 = 2836;

д.) (3467·4592 - 678·997)0 = 23567; е.) (121:11 – 99:11)5 = 10.

2. Төмөнкүдөй айтсак, туурабы?

а.) Сантиметр миллиметрден 10 эсе чоң. б.) Грамм килограммдан 100 эсе кичине.

в.) 6 минутада 340 секунд бар. г.) 4020 метр — бул 4 километр жана дагы 20 метр.

д.) 340 кг — бул 3 тонна жана дагы 40 кг. е.) 121 кг — бул 1 центнер жана дагы 21 кг.

3. Бакчага ар бир катарга 9 түптөн 36 түп малина жана малинага караганда бир катарга

ашык карагат тигишти. Карагаттын ар бир катарына 11 түптөн туура келди.

Төмөнкүдөй айтсак, туурабы? Бардыгы 5 катар карагат тигилген.

а.) Бардыгы 81 түп тигилген.

4. Айдай бир даанасы 15 сом 50 тыйын турган 3 даана бал муздак үчүн дүкөнчүгө 50 сом

берди. Төмөнкүдөй айтсак, туурабы?

а.) Айдай 3 даана бал муздак үчүн 47 сом 50 тыйын төлөдү.

б.) Дүкөнчү Айдайга 3 сом 50 тыйын акча кайрып берди.

5. Төмөнкүдөй айтсак, туурабы?

а.) 7515:5 – 999 = 514.

б.) 7515:5 – 999 = 504 барабардыгында 1503 саны кемүүчү деп аталат.

6. Айша 11 жашта. Ал чоң энесинен 7 эсе кичүү жана энесинен 29 жаш кичүү. Төмөнкү

айтылыш туурабы?

а.) Чоң энеси 77 жашта.

б.) Чоң энеси энесинен 35 жаш улуу.

7. Дүкөнгө 120 кактус жана роза алып келишти. Розалардын саны кактустардын санынан

эки эсе көп болгон. Төмөнкүдөй айтсак, туурабы?

а.) Кактустар дүкөнгө алынып келинген өсүмдүктөрдүн үчтөн бир бөлүгүн түзөт.

б.) Дүкөнгө 90 роза алып келишти.

8. Себетте алма, алмурут жана шабдаалы болуп, бардыгы 55 мөмө-жемиш бар. Алмурут

шабдаалыга караганда 7ге көп, ал эми алма алмурут менен шабдаалыны кошконго караганда

3кө аз. Төмөнкүдөй айтсак, туурабы?

а.) Себетте 20 алмурут бар. б.) Алма шабдаалыга караганда 2 эсе көп.

9. Бассейндин түбү жактары 5 м жана 10 м болгон тик бурчтук. Бассейндин түбүнө

жактары 50 см болгон квадрат формасындагы плиткалар төшөлгөн.

Төмөнкүдөй айтсак, туурабы?

а.) Эгер бассейндин тереңдиги 2 м болсо, анда анын көлөмү100 м 3 барабар.

б.) Бассейндин түбүнө 200 плитка сарпталган.

10. Гүлзина n калем жана 25 дептер сатып алган. 1 калемдин баасы 15 сом, 1 дептердики

— 5 сом. Төмөнкүдөй айтсак, туурабы?

а.) Эгер Гүлзина дүкөнчүгө калемдер үчүн 200 сом берсе жана арткан акчаны кайрып алса,

анда ал 14 калемден аз сатып алган болот.

б.) Бардык калем жана дептерлер 15n + 5·25 сом турат.