СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жандуу жана жансыз заттарды сүрөттөө. (5-класс)

Нажмите, чтобы узнать подробности

Жандуу жана жансыз заттарды сүрөттөө.  (5-класс)

Просмотр содержимого документа
«Жандуу жана жансыз заттарды сүрөттөө. (5-класс)»

Сабактын темасы: СҮРӨТТӨӨ ОБЪЕКТИЛЕРИНИН ТҮРЛӨРҮ: ЖАНДУУ ЖАНА ЖАНСЫЗ ЗАТТАРДЫ СҮРӨТТӨӨ

Сабактын максаттары:

Билим берүүчүлүк максаты: окуучулар кептин түрлөрү, анын ичинен сүрөттөө боюнча маалыматтарын тереңдетишет;

Өнүктүрүүчүлүк максаты: жандуу жана жансыз заттарды сүрөттөй алышат;

Тарбия берүүчүлүк максаты: топтордо иштөөдө бири-биринин оюн угуп, өз ара сыйлоого үйрөнүшөт жана берилген тапшырмалардын неги- зинде жаратылышты сүйүүгө тарбияланышат.

Жогорудагы максаттарга жетти деп эсептейбиз, эгерде окуучу ...

а) кептин түрлөрү, анын ичинен сүрөттөө боюнча маалыматтарын тереңдете алышса;

б) жандуу жана жансыз заттарды сүрөттөй алышса;

в) топтордө иштөөдө бирин-биринин оюн угуп, өз ара сыйлаша билсе жана жаратылыштын баалуулугун сезе билсе, аны коргоо керектигин түшүнсө.

Окуучулар ээ болуучу компетенттүүлүктөр:

Тилдик компетенттүүлүк:

  • текстте колдонулган кептин түрлөрүн ажырата билет;

  • сүрөттөөгө өз алдынча текст түзө алат Кептик компетенттүүлүк:

    • жандуу, жансыз заттарды сүрөттөй алат;

    • сүрөттөө түрүндөгү тексттерди тандай билет;

    • жандуу, жансыз заттарды сүрөттөөдө өз оюн эркин жана жеткиликтүү, кенен түшүндүрө алат.

Маданий компетенттүүлүк:

    • орфоэпиянын эрежелери боюнча туура сүйлөөгө калыптанат;

    • топто иштөөдө достору менен маданияттуу сүйлөөгө үйрөнөт.

Сабактын тиби: алган билимди чыңдоо сабагы.

Сабактын жүрүшү: 1. Уюштуруу.

2. Өтүлгөн теманы кайталоо.

    • Кептин кандай түрлөрү бар? Сүрөттөө деген эмне? Мисал келтиргиле.

    • Өзүңөргө жаккан чыгарманы сүрөттөгүлө.

Жаңы тема: ЖАНДУУ ЖАНА ЖАНСЫЗ

ЗАТТАРДЫ СҮРӨТТӨӨ

Сүрөттөөнүн объектиси катары келген ар кандай зат, көрүнүш, окуя, айлана-чөйрө ж. б. тексттин темасы катары келет да, аларды сүрөттөөгө катышкан ар түрдүү белги, касиет, өң-түс, буюм-терим тексттин негизги оюн түзөт. Сүрөттөөдө жандуу жана жансыз заттар сүрөттөлөт. Мисалы: Ыскак тоонун кырына келди. Ал күмүш жалдуу аргымактын тизгинин жыя кармап, алды-артын карап турду. Жаңы өскөн суюк сакалы, кара муруту бар, сурданган бүркүт кабак, тик көз жигит эле.

Мындагы сүрөттөө кебинин объектиси – адам – Ыскак. Ал эми анын суюк сакалы, кара муруту, сурданган бүркүт кабагы, тик көзү – сүрөттөө каражаттары болуп саналат.

Эми төмөнкү текстти карап көрөлү:

Ак мөңгүлүү чокулар кыркалап, коргошундун өңүндөй, чарык жиптей агарып суу агып жатат. Чагылган тийип, кара күйүндү болгон арчанын калдыгы көрүнөт. Топтомолок кызыл четин алыстан дүпүйөт.

Бул мисалдардагы сүрөттөө каражаттары – ак мөңгүлүү чокулар, коргошундун өңүндөй, чарык жиптей, агарып чубалган, кара күйүндү, топтомо- лок кызыл четин. Ал эми сүрөттөө кебинин объектиси – чокулар, арчалар.

Окуу китебиндеги 38–39–40-көнүгүүлөрдү окуучулар топторго бөлүнүү менен аткарууга болот.

1-топ 38-көнүгүүдөгү берилген тексттеги сүрөттөөнүн объектилерин жана каражаттарын аныктайт;

39-көнүгүүдө 2-топ өздөрүнө жаккан жан-жаныбарлардын, өзгөчө белгилерин эске алып, сүрөттөө менен чакан текст түзүшөт;

3-топ 40-көнүгүүнү иштеп, мектеп, анын айлана-чөйрөсү жөнүндө кептин түрлөрүн колдонуу менен чакан эссе жазышат.

Сабактын кийинки бөлүгүндө ар бир топко түстүү сүрөттөр таратылып, окуучулар андагы көрүнүштү сүрөттөп жазышат. Жооптору төмөнкүдөй болушу мүмкүн: Тоо тараптан кызарып күн чыгып келе жатат. Улам өйдөлөгөн сайын, сандык ачылып, ичинен кундуз чачылып жаткансып, нурун ай- ааламга чачыратат. Анын жарык нурунан көз уялат. Кыбыр эткен жан- дыктын баары ойгонуп, кыймылга келди. Кызыл-тазыл гүлдөр таңкы сы- дырым соккон желге билинер-билинбес дирилдейт. Тээ алыстан мөөрөгөн уйлар, маараган койлор биринен сала бири келе жатышат. Чөптөр суу тартып, баскан сайын шуудурайт (мазмунуна ылайык сүрөт илинет).

Боз үй (сүрөт илинет)

Жолоочу өтө чарчап, чаалыгып, бара жаткан эле. Басып бара жа- тып бет маңдайынан жумурткадай аппак чоң боз үйдү көрдү. Ага жетип барып ичине кирсе: тыкан жыйналып, түндүктөн тийген күн шооласы боз үйдүн ичин жарык кылып турат. Жарпыңды жазып, делебеңди козгоп кызыл-тазыл гүлдөр менен саймаланган туш кийиз илинген. Чыгдан жак- та ак кардуу Ала-Тоону элестеткен, жээктери саймаланган ак калпак турат. Баары өз жайында жайгашкан. Эпчи жакта бир чанач илинип турган экен. Андагы кымыздын буркураган жыты каңылжаарга кирип, шилекейди агызды…

Адамды сүрөттөө (А. Осмоновдун сүрөтү илинет.)

Көлдүн жээги. Анда бир адам турат. Анын үстүндө узун, боз плащ, башында шапке. Ал бирде чайпалып, бирде тынчыган көлгө өзүнүн сырын төккөндөй. Көл да ага жооп бергенсип, бирде муңайгансып, андагы адам- дын кайгысын тең бөлүшкөндөй. Ал адам кээде жумшак кумга отура кетет. Кайра турат да ары-бери басат. Анын көздөрү көптү көрүп, көп кырдуу дүйнөнү катып тургансып ойлуу. Эриндери кыбырагансып, сүйлөгөндөй, бирок эч нерсе угулбайт. Сыдырым соккон таңкы жел анын плащын билинер-билинбес кыймылга келтирет. Айрым учурларда өзүнүн оор басыгы менен көлдүн жээгин аяр баскандай. Басып бара жатып тып токтойт да, кере-кере таңкы таза абадан дем алат. Дем алганда, өзүнө күч алып, жыргап калат. Ал көлгө эчен ирет келген.

Ылайыгына жараша мугалимдин тандоосу менен сабактын кийинки бөлүгүндө окуучуларды эс алдыруу максатында Г. Сатылганованын аткаруусундагы К. Урмамбетовдун сөзүнө жазылган «Асман» деген ыр уктурулат жана анда асмандын кандай сүрөттөлгөнү жалпы класс менен талкууланат.

Төмөнкү суроолор боюнча окуучулар өз ойлорун айтышат:

  • жандуу, жансыз заттарды сүрөттөөдө кандай кыйынчылыктар болду?

  • ал кыйынчылыктарды кантип жеңдиңер?

  • бул сабакта эмнени өзүңөргө ала алдыңар? Силер үчүн эмне өтө баа- луу болду?

Баалоо критерийлери:

  1. Берилген суроолорго так жана түшүнүктүү жооп бериши.

  2. Оюн тартынбай толук жана жеткиликтүү айтып бере алышы.

  3. Сүйлөө кебинде далилдерди пайдалана алышы.

  4. Сүрөттөөнүн кайсы түрү экендигин аныктап, ага мисал келтириши.

Үй тапшырма катары 41-көнүгүү сунушталат.