Балык балдар, же көл жээгиндеги түнкү кум сепилдер
Бул ажайып окуя биздин ыйык көлүбүздүн жээгинде бир чакан айылда кайсы бир жылдарда болуп өтүптүр. Айылдын балдары күндүн ысыгында көл жээгинен чыгышпайт. Кичинекей камыштуу буютканын жумшак кумдуу тайпасы көлгө түшкөнгө эң эле ыңгайлуу, куму да шекердей майда, майлап койгондой жумшак. Күндүн ысыгына кактанып жаткан балдар анын кумунан бирде коргон, бирде тоо жасап, бирде чукуп суусун чыгарып көл жасап ойноп, оюндан кумары канбайт.
Ошол балдардын ичинде, мындай оюндардын башчысы–Кумар эле. Башка балдардын баары анын айтканын орундатуучулары гана.
Бир күнү Кумар көл жээгине эртең менен элден мурда келди. Келди да, көргөн көзүнө ишенбей, көл жээгиндеги кум сепилдерди кызыгып карады. Кечээ өзүлөрү жасаган коргондор менен тоолордон кыйла башкача болгон жаңы кум сепилдерди кимдер жасады экен... Жасаганда да, айлуу түндө келип көлгө түшүшкөн шаардыктардын балдары жасаштыбы?
Ким билсин... Шаардыктар эки-үч күнгө келишет да, бала-чакалары менен ысыкта күнү-түнү көл жээгинен кетишпейт эмеспи.
Ким жасаса да, бул сепилдерди мыкты жасаптыр...
Бирок бул эмне деген сепилдер..? Кыркалекей чоң коргон экен. Адегенде, коргондун дарбазалуу астанасы бар экен. Анын дубалдары бийик, эки катар. Ичинен адам өтчү жолун да унутпашыптыр. Ар кай жеринде чакан-чакан кумпалуу майда сепилдери да кызыктырат. Анан да коргондун ичиндеги чарчы дубалдуу, бийик-бийик үстү кумпалуу сепилдери менен мунараларычы!
Эң сонун экен. Бирок Кумар ар күнү досторунан кыйынсынып, буюра сүйлөп, түрдүү коргондорду, үйлөрдү жасашса да, мындай кооз сепилдерди жасай элек болчу. Эгер жасашса, колунан келет беле, ким билсин?
Кантсе да, көрүп турган көзүнөн кызганып, мындай кооз сепилдерди өзү жасай албагандыгына ичи тарыды. Анан алардын баарын заматта бузуп таштады...
Бузуп таштады да, эми достору келгенде, дал ушунун өзүндөй кооз сепилдерди курууну ойлоду. Оюнда досторуна эң сонун сепилдерди куруучу чоң устадай элестетти өзүн...
Анан достору келди. Кумар оюндагысын аткарууга киришти.
-Балдар, бүгүн биз кум-сепилдерди курабыз.–Мен айткандай кыласың ар...–деп, баягы “шаардыктардын” балдарынын түндө куруп кеткен сепилдеринин ордуна чиймесин чие баштады.
-Жомоктогудай кооз сепилдерди курабызбы?–деп сурады досу Арген.
-Ооба,–деди Кумар,–келгиле, баштайбыз. Балдар Кумардын айтуусу боюнча ичинде жолу, ар кай жеринде кумпалуу чакан сепилдери бар кенен чарчы коргонду курууга киришти. Бирок кумдары бир аздан соң эле күн нуруна кургап, кулап түшө баштады. Андан болбогондон кийин, коргондун ичине кумпалуу чоң сепилдерди курууга киришти. Бирок, алар дагы жанагынтип кулап түшүп жатышты. Түшкө чейин убара болушканына карабай, “жомоктогудай” кум сепилдерди алар кура алышпады.
Карды ачып, чарчагандан кийин гана үй-үйлөрүнө көң үлсүз тарашты. Айрыкча, Кумарга оор болду. Алар баарынан кыйын эмес беле? Кантип эле алыскы борбор шаардан эки-үч күнгө келип-кеткен балдардан кем болсун! Алар эле күн сайын көл жээгиндеги кумда ойноп жүргөн Кумар, Арген сыяктуу балдардан кыйын бекен?..
“Эртең келип, баарын башкача кылып, жомоктогудан да мыкты сепилдерди курабыз”–деп ойлоп баратты Кумар, көл жээгин кылчак-кылчак карап кетип баратып...
XXX
Кумар эртең менен эрте ойгонду да, досторун күтпөй эле көл жээгин көздөй чуркады. Келип эле көргөн көзүнө ишенбей көпкө карап турду.
Кечээкиден да кооз жомоктогудай кум сепилдер өзү эле курулуп калгансып, көз жоосун алат!
Капырай, бул сепилдерди түнкү айлуу түндө баягы шаардык балдар куруп кетиштиби дагы?
Табышмактуу бул окуяга Кумар эсине келе албай, келсе да, ичи тарып карап турду да, аларды заматта тебелеп-тепсеп кыйратып таштады.
Анан көлгө барды да, балыктай эркин сүзүп, көпкө жүрдү. Бир кезде Арген баш болгон кошуна дос балдары келишти. Алар дагы көлгө түшүп кумары канган соң , жылуу кумга жата кетишти.
Кумардын ою баягы эле “жомоктогудай” кум сепилди куруу болчу. Досторуна ал тууралуу айтты эле, алар дагы каршы болушпады.
Узун коргон, майда сепилдер бат эле курулду, бирок, күнгө кургаган соң кайра кулап түшүп калды. Чарчы чоң кумпалуу сепилдерди куруу андан бетер кыйын болду. “Деги, күндө көргөн табышмактуу кум сепилдерди өзүндөй кылып курууга чын эле мүмкүн эмеспи?! Сыйкырдуу бул окуяны ким жасап жатат..? Эртең дагы ушундай болобу”–деген ой кыйнады Кумарды.
«Жок бүгүн дем алыш эмеспи. Шаардан келгендер бүгүн кечинде үйлөрүнө кетишет. Эртең мындай ич күйгүзгөн окуя болбойт. Бүттү».–деп ойлоп Кумар өзүн тынчтандырды.
Бирок, баары бир Кумар ойлогондой болгон жок. Эртеси эртең менен досторунан мурда шашып эрте келсе, дагы эле баягы жомоктогудай кум сепилдер курулуп туруптур...
Табышмактуу бул окуя Кумардын ичин ого бетер күйгүздү. Эми бүгүн түндө аң дып келип, ким бул сепилдерди кантип куруп жатышканын өз көзүм менен көрдүм–деди да, сепилдердин баарын бузуп таштап, артын карабай үйүнө жөнөдү. Алдынан достору чыкты. Аларды Кумар карагысы келген жок.
-Кумар, жүрү көлгө түшөлү,–деген Аргендин сөзүнө кулак түрбөдү. Кумар ал күнү көл жээгине кайтып келбеди. Кечке ар нерсе кылып, үйдө убакыт өткөрдү. Маанайы чөгүп, кандай да болбосун, бүгүнкү айлуу түндө көл жээгине аң дып барууну ойлоп кеч киргизди.
XXX
Ай бүгүн сүттөй жаркырап, көөлгүп чыкты. Кумарлардын үйү көл жээгиндеги кичинекей дөңсөөдө да. Терезеден көл көрүнүп, жаңыдан көтөрүлүп келаткан алтын Ай көлгө түшүп калгансып, нуру менен көл жээгин миң түргө бөлөп, сулуу да, сырдуу да көрүнөт...
Ай өйдө көтөрүлүп, балбылдаган оттой болуп, же эркин жаткан тоголоктогон сары майдай балкып төгүлүп турду. Ата-энеси уктаган соң, Кумар акырын эшикке чыгып, көлдү көздөй жөнөдү. Дөңдүн түбүндө өскөн камыштардын арасына жашынып алып, «Качан шаардык балдар көлгө келер экен, борбордун балдары кандай балдар болду экен. Алар жомоктогудай кумпалуу кум сепилдерди кантип курушар экен»–деп кыйлага ойлоп отурду. Эч ким келген жок.
«А-а, шаардыктар үйлөрүнө кеткен экен да... Болбосо, момундай сонун сүттөй жарыкта ысык шаарыбызга барганча бирден чумуп алалы,–деп бая эле келмек. Кап, алардын кум сепилди кантип курарын көрбөй каламбы...,»–деп дагы да санаага батты... Көл болсо, үстү анча-мынча тармалданып коюп, мелтиреп жатты, Ай жарыгын жамынып...
Ошол маалда мелтиреген көл бетинин ар кай жеринен балдар-кыздар кулп этип чыгып, бери-карай сүзүп жөнөштү...
«Бир...эки...үч... анан дагы... төрт...беш...алты...»
Булар баятан сүзүп жүрүшкөн «шаардык балдар» беле... Баятан буларды көрбөй каякты карап отурду эле Кумар.
Алар үч кыз, үч бала экен. Бул жердин балдарына түк окшобойт. Алар каткырып күлүшүп ары-бери бир аз куушуп ойношту да, кумга оонап жата кетишти. Күлгөнүнөн башка кобураган сөздөрү угулбайт. Бир маалда алар жапырт турушту да, кум сепилдерди куруп киришти. Адегенде, ортого чоң кумпалуу сепилди, анан кичинерээгин, андан соң дагы бир кичинерээгин, жанына бийик мунараны курушту да, бат эле тегерегиндеги сепилдүү коргонду куруп коюшту. Баарын бат эле бүтүрүштү. Бүтүрүштү да, кол кармашып алып тегеренип ойноп-бийлешти.
Өзүндөй болгон, он-он эки жаштардагы сексегей чачтуу апакай кыздар жана сергек көңүл бу «шаардык» балдар Кумарга аябай жакты. Айрыкча, узун бойлуурак бала менен кубалашып ойногон узун чачтуу апакай жүздүү кыз жакты. Азыр эле барып, алар менен өзү таанышып, ошол узун чачтуу апакай жүздүү кыз менен куушуп ойноп, кумсепилдерди айланып кол кармашып бийлегиси келди... А балким, тиги жанындагы узун бойлуу бала Кумардын аны менен бийлөөсүнө макул болбос...
Кантсе да, бул «шаардык» балдар жана кыздар менен барып таанышкысы келди. Ошол кезде алар экиден кол кармашкан боюнча көлдү көздөй басышты. Көлгө барышты да, бир аз сүзүп барышып, чумуп көрүнбөй калышты. Суудан көпкө чейин чыгышпады...
Кумар деле сууга жакшы сүзөт го балыктай ойкуп-кайкып, көпкө чейин суу ичинде думукпай жүрө алат го. Бирок, бул балдар Кумардан да кыйын белем... Сууга чумуган боюнча көпкө дейре сыртка чыгышпады.
Кумар элейип карап отура берди. Бирок ал балдар суудан кайра чыгышпады. «Алар чын эле балык болуп кетишти белем» же, башка жээктен көрүнбөй чыгып кетиштиби... Түк да билбей калды.
Кумар камыш ичинен чыкты да, тиги балдар жасаган кум сепилдикке келди. Айланта көпкө турду. Кечээкидей бусуп салайын деди, бирок колу барбады. «Карачы, кандай кооз сепилдер»–деп ойлоду ичинен.
Көл жээгинде балдар менен кыздардын жылаң айлак издери быжырайт. Алардын ичинен баягы узун чачтуу ак жуумал кыздын изин издеди. Кайсынысы болду экен, мобу татынакай из ошонуку белем...»–деди оюнда. Анын изи кумда жайнаган бардык издерден көзүнө жылуу сезилди. «А балким, аныкы эместир...»–деди экинчи ою... Анан, өзүнчө эле бушайман болуп, үйүн көздөй тез-тез басып жөнөдү.
Көз алдына ошол узун чачтуу апакай кыз кетпей, көлдү бир карап алды үйүнө жакын барганда.
XXX
Эртеси Кумар досторуна кошулуп ойногон да жок. Кум сепилди да курууга көңүлү чаппады. Баягы түнкү «шаардык балдар-кыздар» куруп кеткен сепилди «Мен курдум, көрдүңөрбү, кандай курупмун»–деп досторуна мактанып таштаган. Алар, негедир, күндүн нуруна кургаганда да кулап түшпөй шашкеге чейин турду. Өзү болсо, көлгө келген жер кайнаган элдердин арасынан баягы узун чачтуу ак жуумал «шаардык кызды» издеп жүрө берди. Ал тургай, кумдагы балдар-кыздардын издеринен да анын изин издеп убара болду...
«Эх, десек, ал ак жуумал узун чачтуу «шаардык кыз» кайда жүрөт болду экен...»
Х Х Х
Ошентип жүрүп кеч киргизди. Көз байланып, караңгы болду. Ай көөлгүп, жай, шашпай, улуу тоолордун койнунан чыга келди. Ай чыкканда түрсүл каккан жүрөгү ээ бербей, түнкү «шаардык кыз-балдар» көлгө түшөр мезгилди күттү.
Кумар кечээки маалда, ата-энеси уйкуга киргенде жылып эшикке чыкты. Арча-кайың дардын арасы менен акырын көл жээгине түшүп келди да, баягы камыштарга барып жашынды...
О-о, бир убакта Кумардын көрүп турган өз көзүнө өзү ишенбеген окуя болду. Тынч, үстү тармалданып мемиреп турган көлдүн бетинин ар кай жеринен апакай боор балыктар ай жарыгына чагылыша булт-булт эте чыга-чыга калды да, бат эле балдар-кыздарга айланып, бери сүзүп келатышты... Адегенде, Кумардын дене бою «дүр» этип отурган ордуна катып калды.
Балдар-кыздарга айланган ак боор балыктар жээктин кумуна келип, оонап-оонап алышты. Анан жумшак кумда ары-бери кубалашып ойношту...
Кумардын эки көзү баягы узун чачтуу ак жуумал кызга тигилди. Ал баягы эле узун бойлуу бала менен кубалашып ойноп-жүргөнүн көрүп, ичи тарый берди. Ооба, жомоктон гана укчу окуялар Кумардын көз алдында азыр эле болуп жатканы укмуш болду. «Балык балдар» оюнун токтотушуп, адаттарынча баягы бузулуп калган сепилдердин ордуна жаң ы сепилдерин курууга киришти.
Кечээкидей окуя кайталанып жатты. Балык-балдар сепилдерин оң ой эле, бат эле салып бүтүрүштү да, эки-экиден кол кармашып тегеренип ойноп-бийлөөгө өтүштү...
Ошондо Кумар өзүнөн өзү эле камыш ичинен чыгып, тиги «балык-балдарга» кантип барып калганын билбей калды. «Балык- балдар» оюндарын токтотушуп, элейип Кумарды карап турушту. Айрымдары сестенип, кеткилери келгендей жатыркай карашып, узун бойлуу баланын артына чогула калышты. Кумар аларды көздөй түз эле басып келди да:
-Силер кимсиңер?–деп өктөм унчукту.
Анын өктөмдүгү узун бойлуу балага жакты белем, ал дагы алдыга кадам таштап илгери басты.
-Сен өзүң кимсиң ?–деди ал дагы Кумардан жалтанбай, өктөм унчугуп.
-Мен ушул жерлик болом. Атым-Кумар. Силер кайдан келдиң ер?
-Менин атым-Талгар. А тигилер–менин досторум. Кел, андан көрө, дос бололу...
Бул жердик кебетеленбеген, чачы өскүлөң бул «балык-баланын» чечкиндүүлүгү, баарыдан да, «дос бололу»–деп колун биринчи сунуп отурганы Кумардын көңүлүн жоошутуп койду. Ошенсе да, анын көзү тиги балдардын алдында турган узун чачтуу апакай жүздүү кызга тигиле берди.
-Биз «Алтын калаалыктар» болобуз...–деп Талгар артындагыларды бери келгиле дегендй колун жаңсады,–Бул кыздын аты-Алтынай. Бул балдар: Эрбол менен Улук. А тиги кыздар болсо–Айкыз менен Нуркыз.
-А...а... «Алтын калаа»...–каякта..?–деди анын сөзүн угуп Кумар, ойлуу..,–Алыстабы? Тиги тоонун артындабы?
Талгар сөзүн улады:
-Биздин «Алтын калаа» деген шаарыбыз–бул көлдүн түбүндө. Ал илгери болгон, илгери-илгери... Ал шаар азыр жок...
-А силер... шаарың ар болбосо, кайда жашайсың ар...
-Мен аны сага жай түшүндүрө албайм... Андан көрөкчө, айтчы, күн сайын биздин «Кум сепилибизди» сен бузуп жүрөсүң бү...Чынбы? Айтчы, эмнеге?...
Бул суроо Кумардын жүрөгүнө оор тийди. Уялды. Ошондой кооз кылып мээнеттенип жатып салган сепилдерге ичи тарып, өзү ошондой кылып сала албагандыгы үчүн көрө албай, күндө тебелеп-тепсеп жүргөнүнө аябай сынып калды. Баарынан да момундай адилет сүйлөгөн Талгар, тиги татынакай кыз Алтынайдын алдында уялып, жер карады...
-Ооба, мен болчумун. Кечирип койгула... Эми биз мындан ары дос бололу... дебедикпи... Бирок айткылачы, бул кумпалуу кооз сепилдер силердин «Алтын калаанын» сепилдериби?
-Ооба, алар ошол... биздин калаанын сепилдери болчу...
-Ал аябай коозбу... «Алтын калаа» дегендей, баары эле алтындан болсо керек...
Талгар унчукпай калды да, улутунуп алып, сөзүн улантты:
-Кумар, «Алтын калаа» жана Кумпалуу сепилдердин бардыгы узун жомок... Мен аны сага айтып бүткүчө таң атат... Эртең ден баштап келбейбиз. Ар бир жылдын баш оона айынын жаң ырган айы толгон күндүн ары жак-бери жагында төрт-беш күн гана келебиз. Калган күндөрдө суунун түбүндө жашайбыз...
-Кантип...
-Анткени биз «балык балдарбыз» да...
Талгардын кийинки сөзүн Кумар каяктан угуп жатканын билбей, же тээ байыркы өтүп кеткен ата-бабалардан бирөө келип айтып жаткан жомоктой болуп, мунарыктап, алыстан угулуп жаткансыды. Мүмкүн, уккан сөзүнө, көргөн көзүнө ишенбей турган Кумардын башы айланып, көң үлү айнып кеттиби... Белгисиз... Бирок, ал балдар-кыздар жайдын ысык табы алиге кете элек кумда Кумарды тегертей отуруп, биринен өтүп экинчиси толуктап, байыркы бир болуп өткөн кайгылуу окуяны айтып жатканы гана эсинде калды.
XXX
О-а, андан бери далай кылымдар өтүптүр. Кыргыздар күчтүү душмандардын баскынчыл согуштарынан жаң ы кутулган жылдар экен. Анда кыргыздар башчысы бир, баатыры миң болуп, байлыгын эч кимге талатпай, бат эле күчтүү, эрктүү мамлекетти куруп, узак жылдар бою бактылуу жашаптыр.
Борборун чылк алтын менен кооздоп, «Алтын калаа» аташат экен. Калаанын четин эки кабат бекем сепилдүү дубал менен курчашат. Калаанын бир борборуна кумпалуу чоң , орто жана кичине сепилдерди жана кооз мунараларды куруп, кумпаларын жалаң алтын жалатып жасашкан экен.
Эл бактылуу турмушка жетип, арык семирип, жетим жетилип, баягы оор күндөрү унутулат. Эсиргендер көбөйүп, «тай туйлап такка чыгам» деп калат. Аялдары эркектерден эрк талашып, жаштар карыялардан сөз талашып, карыялар жаштардан жол талашат. Баатырлар даңк талашып, вазирлер так талашат: Эл-журт тапкан байлыгын «сеники-меники» дешип, экиге бөлүнөт... Ошентип, бул талаш күчөп, бир күнү эл ыдырап, кашыктап жыйган ырыскысын өзү чөмүчтөп чачып алаар күн келет экен. Талашканы– бир эле нерсе экен–ал–атагы алыска кеткен алтын кумпалуу чоң сепилдеги алтын такты, андагы алтын таажыны жалгыз ээлөө–эле.
Так талашкан эки эрдин ырыскысы карга-кузгунга жем болорун билбей, эки жаат элдин ортосунда чоң уруш башталат. Уруштун акыры– ичи тар, көрө албастырдын «Алтын калаанын» сепилдерине өрт коюусу менен бүтөт. Калааны жапырт өрт каптап, аны өчүрүүгө мүмкүн болбойт. Экиге бөлүнгөн элди Теңир өзү жазалаганы–ушул болчу. Ушул эле эмес, боздогон энелердин, сыздаган кары-картаң дардын, чыркыраган жаш балдардын ыйына чыдабаган Жер-Эне зор силкинип, чарт жарылат экен да, астынан зор суу атып чыгат экен... Жалын каптап, кара күлгө айланган шаарды эл-жери менен кошо жер алдынан чыккан түбү жок зор суу заматта каптап, биротоло жер астына жутуп кетет экен...
Ошондо эртең менен эрте тоого кеткен үч кыз бала менен үч эркек бала жана да жер кесип келаткан бир кары дербиш гана аман калыптыр...
-Ошол үч кыз бала менен үч эркек бала биз болчубуз,–деген Талгардын сөзү түн ортосу болсо да, түгөнбөй уланып жатты,–Биз ошол күнү тоого бүлдүркөн терип жегени чыгып кеткенбиз. Ойноп жүрө берип, кеч кайттык. Калаанын үстүндөгү дөбөгө келсек, «Алтын калаабыздын» сепилдери кызыл жалынга оронуп туруптур. Үйүбүз кайсы жеринде калганын, ата-энелерибиздин, бир туугандарыбыздын эмне болгонун билбей, буркурап ыйлап дөңдө түн киргенче отурдук. Биз түбөлүккө «Алтын калаабыз» менен кошулуп ыйлап жаттык... Анан жер катуу силкинип кирди. Биз отурган ордубуздан кулап, тоолордон таш көчүп, оттоп жүргөн жылкылар кишенеп, уйлар мөөрөп, иттер улуп, алаамат башталды. Жер алдындагы шагыл таштар жарылып, жердин тамырлары чыртылдап үзүлүп жатты. Бир кезде «та-арс!» этип жер тең экиге бөлүнүп кеткендей болду. Жер алдынан зор суу капкара ажыдаардан болуп атып чыгып, чала күйгөн «Алтын калааны» заматта жер астына жутуп көрүнбөй калды... Ай сүттөй жарык болчу... Асмандан аянычтуу балбылдап күйүп жылдыздар жайнап карап турушкан. Бир кезде жер жайнаган жылдыз көлү бизди көздөй каптап келатты. Биз качып тоону көздөй чуркадык...
Ошондо алдыбыздан карт дербиш чыкты да, ыйлап туруп минтти:
–Балдарым,–деди ал,–элдин түбүнө эрегиш жетти. Эрегиш элди жеп кетти. Эми мындан ары биздин «Алтын калаабыз» болбойт. Ал өрттөнүп, күлү калды. Тең ир жазалап, жер жарылып, суу менен каптатты. Эми баарыбыз суу астында калабыз...
Эми бул жердин баарын кылымдар бою каптап жаткан көл болот. Силер балык болуп кеткиле, балдарым. Бул алааматты урпактарга билдирер эми–силер гана болосуң ар. Ошондо ар бир жылдын ушул күндөрүндө баш оонанын ай толгон түнүндө балдарга айланып, көл жээгиндеги кумга ушул алтын сепилди куруп, урпактарбызга–ушундай сепилибиз, «Алтын калаабыз» болгонун айта жүргүлө...
Дербиш ата бул сөздөрдү айтып жатканда, биз турган жерди мелмилдеген зор жылдыздуу көл каптап келаткан. Биз андан качып кутула албадык. Дербиш ата «Кошкула, балдарым!»–деди да, ошол боюнча көл алдына кетти... Биз болсок, балыкка айланып сүзүп кеттик...
Бул сөздөрдү угуп отурган Кумардын эки көзүнөн көлдөй ысык жаш агып жатканын билген жок. Ал Талгарга, анын жанында ыйлап отурган Алтынай, Эрбол, Улук, Айкыз жана Нуркызга эмне деп айтарын билбей ыйлап берди... Аларды аяп ыйлады, эми алар кайрадан балык болуп караң ы көл түбүнө кирип кетерин, эми алар кайрадан бала болуп өзү менен ойноп жүрө албастыгын ойлоп, ыйлады... Айрыкча, айдай сулуу, узун чачтуу апакай кыз Алтынайды аяп ыйлады...
-А, силерге биз жакта калууга болбойбу..?–деп тактап сурады бир маалда, Кумар эс алып.
-Жок,–деди алар жабыла,–Биз эми кетебиз. Таң атайын деп калды. Кош, Кумар...
Баары Кумар менен кучакташып кош айтышты. Чынында эле, булар балыр жыттанган татынакай сулуу балык балдар экен...
-Эмки жылдан баш оона айынын ай толгон түндөрүнө чейин кош бол!...–деген сөзүн айтып, балык балдар кыйылып көлдү көздөй басышты.
-Талгар, Алтынай, мен силердин кум сепилиңерди кантип курууну үйрөнүп алдым. Мен аны эртең балдардын барына үйрөтөм...–деди Кумар ый аралаш, тигилерге кол булгалап.
Балдар буттарын көлгө салганда эле майда-майда апакай балыктарга айланышты да, көлгө кирип, кантип, каякка сүзүп кетишкени билинбей калды...
Мемиреген, тынч, тармал толкундуу көл гана калды Кумар менен...
-Э-эй! «Балык балдар»! Менин досторум! Мен көл жээгине сөзсүз «Алтын шаардын» алтын кумпалуу сепилдерин дал өзүндөй кылып курам! Ушундай «Алтын калаабыз», алтын кумпалуу сепилдерибиз болгонун досторум, курбуларым, элдин баары көрсүн, билсин! Кошкула! Мен силерди күтөм!- деп кыйкырды Кумар тигилердин артынан үнүнүн бардыгынча...