Сабактын темасы: Күлкү шаңга бөлөнгөн жаңы жыл.
Сабактын максаты: Жаңы жыл майрамы жөнүндө маалымат алат.
Уюштуруу:
Саламдашуу
Саламатсыздарбы урматтуу ата- энелер, бизге келген коноктор, биздин эже- агайлар жана 3-в классынын окуучулары! Сиздерди келе жаткан 2019 жаңы жылыныздар менен куттуктайбыз! Ошону менен бирге сиздерге чын денсоолук ,узун өмүр, ар бириңиздердин үй-бүлөнүздөргө бакыт- таалай, ачык маанай, албан – албан ийгиликтерди, ал эми менин окуучуларыма ак кардай тазалыкты, бактылуу балалыкты, таттуу көңүл каалап кетмекчимин. Бул өтүп кетип жаткан 2018- жыл “Аймактарды өнүктүрүү” жылыда эн жакшы жылдардан болду десем жаңылышпайм. Эски жылды таарынтпай , ит жылын узатып, жаңы кирип келе жаткан 2019 каман жылын жаркырап жакшы маанай менен тосуп алалы.
Дүнгүрөгөн жаман үн чыгат: эшиктен желмогуз кирип, бир кызды уурдап кетет. Аңгыча эшиктен ит үрүп кирет.
Саламатсынарбы балдар! Мен силерге жаман кабар алып келдим. Силердин Амина деген кызынарды желмогуз уурдап кетти.
Айланайын ит жылы , биздин кызыбызды куткарганга жардам бер. Силер эмне деген шарт койсоңор биз ошого макулбуз.
Андай болсо мен желмогузду көндүрүп , ээрчитип келейин.
Ха, ха, ха мен силердин эң кичинекей, эң сулуу кызыңарды уурдап кеттим. Жылына жаңы жылды жалгыз тосуп жададым. Эми болсо силердин кызынар менен кошо ырдайм, бийлейм.
Мугалим: Биздин кызды жаңы жылда коркутпай , ыйлатпай андан көрө бизге бер.
Жоок бере албайм. Бирок менин шартыма көнсөр берейин.
Кандай болсо да биз макулбуз.
Андай болсо, өзүңөрдүн “Жаңы жылдык” кечеңерге мени кошсоңор, мен силердин талабыңарды аткарам.
Жыл жанырыгы ар адамга жашоонун жаны барагынан кабар салат. Анткени,ар бир адам, ар бир үй-бүлө жаны жылга жаны максаттарды коюшат эмеспи. Анда ошол жакшы тилектердин жарчысы болуп кирип келе жаткан Жаны жылыбыз кут болсун. Жаны жылда эл арасы тынч болуп, Жер-Эне берекеге толсун. Уул үйлөп кубанган аталар аман болсун, кыз узатып сүйүнгөн апалар бар болсун
Эламан: Салам айтам жаны жылда жалпына
Берсин жылым жакшылыгын баарына.
Аман болсун кыргыз элим,
Жылып келген, шашып келген жылымда.
-
Аделина: Салам айтам кирип келген жылыма
Салам айтам жылып келген жылыма
Куттуу болсун жаны жылым ушунда
Кут тартуулап жалпыбызга, журтума
Эламан: Айтпайт деп бизге саламды,
Кирип келген жаны жыл.
Жаман ойдо калбагын,
Оор түйүшүккө салбагын.
Сага салам өзгөчө
Таарынып бизге калбагын.
Аделина: Салам айтам ушул келген жылымда
Баарынарга ак ниеттен, жаркырап.
Келип калды жаны жылым жалтырап
Жакшы маанай, ак үмүттү тартуулап.
Сезим: Ак каар чүмкөп Ала- Тоонун сересин,
Жыл жаңырды берип бакыт элесин.
Жаңы өмүрдүн тык- тык соккон мүнөтү,
Жалындатты ар адамдын денсин- дегендей кезекти балдар хоруна берсек.
“Хор”
Сезим: Сүйүнчү балдар, сүйүнчү,
Мен көрдум биринчи.
Жаңы жылдык белектерин асынып,
Келе жатат Аяз ата шашылып.
(балдар аяз атаны чакырышат)
Аяз атанын каалоо тилектери.
Сезим: Жайкалган аппак сакалы,
Карачы аяз атаны.
Жаңы жыл ала келиптир,
Мактайлы аяз атаны.
Ыр куплеттер:
Айгерим: Жаңы жылда жаңы гүлдөр жайнасын,
Элим көрсүн бул турмуштун пайдасын.
Бирге жүрүп бакыт бүткөн эл менен
Эмгектенсин, эч ким артта калбасын
Айбийке: Айланып жыл мезгилдери
Ак бубактуу кыш келди.
Көп узабай жаңы жыл да
Көңүл ача тез келди.
Амина : Жаңы жылым, сенде дем бар ажайып,
Жаркып маанай жакындашып жашайлык.
Эскиртишпей салттуу, аруу достуктун,
Эшиктерин кененирээк ачалык.
Илгиз: Жаны жыл кирип келет жакында,
Жаны бакыт алып келсин баарына.
Баарын жандан эч ким карап олтурба,
Мындай майрам бир кун эле бир жылда.
Мейкин : жаны жылым баарыбызга бакыт берсин ,
Ак карга кошуп бакыт себелесин.
токчулук,молчулуктун жылы болуп,
Ар бир уйго ырыскы алып келсин!
Нагима: Кел, жаны жыл алыс жолду арытып
Кел жаны жыл тозон уруп кар учуп
Жаш бобокту да бир жашка чонойтуп
Карыяны да бир жашка карытып
Бакир : Шаркыраган дарыядай агып кел
Шанга толуп адам затка жагып кел
Баарыбыздын кутконубуз топ келсин
Бак таалайды ар бир жанга алып кел
Айпери : Жаны жылда жылма жылда
Биз ёлканы тосуп алган
Кыргызымдын уул-кызы
Биз жаштарбыз кубанган
Амансыңбы, жаңы жылым, аруу бол!
Сени тостум жетимиш жол, берчи кол!
Эми он эки ай насиптешсиң биз менен
Ата-Журтка берерибиз болсун мол!
Кош бол, эми, энчилешим эски жыл!
Биз чечиштик ачуу-таттуу нечен сыр.
Арча бешик терметтирип чүрпөлүү
Абийир болдуң атпай журттан чыкпай чыр.
Нускасын эски жылдын үзбөй улап,
Айрандай аппак болсун асманыбыз.
Эриш-аркак эмгектен ырыс чубап,
Каймактай таттуу болсун тапканыбыз.
(Нинакан Жүндүбаева)
Аяз ата
Кайырма:
Аппак тондуу Аяз ата
Ал мектепке кош келди.
Куттук айтып жаңы жылдык,
Ырдап, бийлеп берели.
Ар дайым бар колунда (а)
Аса таяк сыйкырдуу.
Ал таягы кызыктырып,
Ага көңүл бөлүндү.
Кайырма:
Аппак жүздүү жылмайып (а)
Аяз ата көңүлдүү.
Ырдап, бийлеп берели биз,
Бийик созуп үндөрдү.
Баштыгында кереметтүү
Бизге деген белеги.
Ал өзүнчө асемдүү да,
Кызыктырган себеби.
Кайырма:
Ар түрдөгү коозкөркөм
Аяз ата белеги.
Жаңы жылдык тартуу кылып,
Ырдап, бийлеп берели.
(Музыкасы, сөзү М. Касейдики)
Жаңы жылда жашыл нур (үзүндү)
Кайда жүрсө жеңиш менен шыктанып,
Катарымдын ийгилигин санайлык.
Ушул жылым уюткулуу, мээрим бол,
Урматташып ынтымакка салган жол.
(Оролбай Бердигулов)
***
Жылуу жомок тартуулап,
Барыбызды кубантат.
Аяз атаны чакырат,
Балатыны жандырат.
Кубанычту зор убара,
Алып келет жаңы жыл.
Балатыны көркөмдөп,
Ыр жаттайбыз баарыбыз.
Ким келатат карачы?,
Бул жаңы жыл жайнаган.
Мына эми башталат,
Түркүн жомок сыйкырлар.
Бүт кыялдар орундалат,
Кубандырат балдарды,
Татынакай балаты.
Аяз ата сыйкырчы,
Белектерди жаадырат.
***
Биз күткөнбүз бул күндү,
Толук бир жыл чыдабай.
Каалоолорду алдын ала,
Каалаганбыз баарына.
***
Амансыңбы балаты,
Амансынбы жомогум.
Бүгүн коркпойм бөрүдөн,
Куйругунан чойгулап.
Жез кемпирди бийлетем,
Кубанычты күчөтөм.
Мышык, чычкан жылмайып,
Кучакташат бири-бирин.
Түлкү ойнойт тоок менен,
Сен да турба суйкайып.
Бүгүн жакшы күн экен.
Жаңы жылды тосчу түн экен.
***
Саламатбы аяз ата,
Саламатбы аяз кыз.
Үшүбөңүз бул күнү,
Жылуу маанай тартуулап.
***
Күтүп калды босогодо,
Тосуп алалы жылыбызды.
Тезирээк кирип келсин ал бизге,
Убактысы болуп калды,
Келип калды кезеги.
***
Аяз ата боорукерсин, айкөлсүн,
Болгум келет мен дагы,
Сиздей мыкты данакер.
Жылы бою эмгек кылдым,
Апакемди таарынтпай.
Жада калса бүгүн дагы,
Балатыны кооздогонго,
Жардамдаштым апама.
***
***
Жаңы жылдык каалоо
Өлөкөм менин бай болсо,
Тунук асман таң болсо.
Шаркыраган шаң менен,
Ак куу, турна мол болсо.
Мылтыктын үнү угулбай,
Сай боюнда тизилип,
Каз, өрдөгү көп болсо.
Аркар кулжа, элигиң,
Аска-зоодо көп болсо.
Ашык болгон аларга,
Аңчыларың жок болсо.
Ар төрүңдүн баарында,
Жан-жаныбар ойносо.
Балыр түктө жойлогон,
Балыктарың көп болсо.
Чөп тамырын чукуган,
Доңуздарың көп болсо.
Күндөп-түндөп пайлаган,
Доңуздарды жайлаган,
Браконьерлер жок болсо.
Элиме калканч көп болсо,
Алтыныңды талатпай,
Арманың такыр жок болсо.
Ыпластык жоголуп,
Байлык, бакыт колдосо.
Кыргыз деген кымбатым,
Өнүп, өскөн эл болсо.
Тегиз тийген күнүндөй,
Улугуң калыс жан болсо.
Болсо такыр түгөнбөйт,
Ишке аша турган ой болсо.
Жолборс жылдын башында,
***
Балатыбыз жылтылдайт,
Токойдо өскөн сулуубуз.
Оюнчуктары кызыктырат,
Белектери астындагы,
Кытыштырат колумду.
***
Орундалсын кыялдар,
Орундалсын жакшы ойлор.
Сыйкырдуу болсун жаңы жыл,
Аз калды келет ал дагы.
***
Тышта кар жаайт бапылдап,
Айлананы ак басты.
Терезенин жарыктары,
Жымыңдашат жылдыздай.
Тышта жатса кар дагы,
Жылуу болуп турат ичимде.
Келип калган турбайбы,
Жаңы жылым, жомогум.
***
Ак сакалчан эски жыл,
Кетип баратат улгайып.
Ассалоуму-алейкум деп,
Жаңы жылды чакырып.
Көп иштеди тынбастан,
Кетүү мезгил келди эми.
Рахмат сага эски жыл.
Натыйжалуу болдун сен.
Жаңы жыл келе жатат алыста,
Мына-мына жетип калды биз жакка.
Жаңы жыл күчтүү, шайыр, таптаза.
Алып кел безге бейкутту.
Коркпо жылым жап-жаңы,
Алабыз тосуп соп-сонун.
Жылды жакшыга айлантуу,
Ар бирибиздин колубузда.
Куттуу болсун жаңы жыл,
Мыкты болсун жаңы жыл.
Куттуктаймын эл-журтум,
Жакшы-тилек ой менен.
Жаңы жыл келе жатат, ышкырбайт,
Асынып алып жомок, сыйкыр баарысын.
Куржунунда оюнчук көп, таттуу көп,
Келечекте жакшысы көп, жаркыны көп.
***
Күндүн баарын бакытка,
Толтурасың жаңы жыл.
Маанайдын баарын кубанычка,
Жык жыясын жаңы жыл.
Сезип жатам караанын,
Жакын калды ал бизге.
Жүрөктөрдүн баарысын,
Толтурат го таалайга.
***
Рахмат сага жаңы жыл,
Кубанычка, шаттыкка.
Бириктирдин сен баарын,
Адамдарды кубанттың.
***
Ах пахтадай ак карым,
Сүрөттөгүдөй кулпунат.
Арасында ак кардын,
Аяз ата карааны,
Чоң куржуну көрүнөт.
Кел жаңы жыл, кел,
Кусалыкты, кайгыны,
Алып кеткин эс жыл.
***
Жомокко ишенсе болот,
Жомокту күтсө болот.
Бири-бирибизди майрам менен
Куттуктайбыз биз эми.
***
Басып кар калды айылды,
Жаңы жыл келет мына эми.
Алып келет белекти,
Аяз ата шаңданып.
***
Кат жазамын аяз атага,
Бардыгы үчүн суранам.
Кайгы-капа болбосун,
Күлкү-шаңга үй толсун.
***
Декабр айы кандай кооз,
Бүт дарактар күмүштө.
Терезеде оймолор,
Жүрөктүн баары ойгоноор.
***
Тышта баары апапак,
Жолдун барын кар басты.
Жакындады жаңы жыл,
Ак сакалдуу аяз атабыз.
Мен айтамын ырымды,
Ата белегин тартуулайт.
Кышы бою жылуу-жумшак,
Кар жаасын деп суранам.
***
Жылың менен жаңы келген,
Куттуктаймын аяз ата.
Ала келдиңби балдарга,
Белектерден көп, көп, көп.
Аяз кызды чакыралы,
Кар кишини жасайлы.
Жан-жаныбар чакырып,
Чоң майрамды баштайлы.
***
Баарыңарды куттуктайбыз,
Кирип келген жыл менен.
Чакырабыз барынарды,
Шаттуу майрам кечине.
***
Балдар дагы, кыздар дагы,
Жаңы жылды сүйүшөт.
Карышкыр, коен,
Кирпи, аюу,
Баары күтөт бул күндү.
***
Аяз ата алып келди,
Белектерди толтура.
Бирок берүүгө шашылбайт,
Ыр саптарын күтөт бизден.
***
Айлана кандай керемет,
Жалт-жулт эткен жалындар.
Балатылар көпкөмдүү,
Жаңы жылга кооздолгон.
***
Аяз ата, аяз кыз,
Балдар күтөт аларды.
Жаңы жылды тосуу үчүн,
Шаңдуу маанай шат менен.
***
Куттуктаймын жыл менен,
Оливье салат, момпосуй.
Сыналгылар көгүлтүр,
Манту, хашан дүр-дүйүм.
***
Жакшы көрөм жаңы жылды,
Айтып бүткүс жаңылык.
Аман жүрөлү баарыбыз,
Жаңы бакыт төгүлүп.
***
Балатынын астына,
отуруп алам жалпайып.
Ошондо көрөм ким экенин,
Белектерди алып келген.
***
Уйку келип баратат,
Кел жаңы жыл, кел.
Тезирээк кел, жомогум,
Жаным чыгым баратат.
***
Мандаринден жейбиз,
Момпосуйга тоебуз.
Аяз ата белектерин беребер,
Жаңы жылда кубантып.
***
Безип келди жаңы жыл,
Сызып келди жаңы жыл.
Аяз ата, аяз кызды,
Ээрчите келди жаңы жыл.
Ал алып келсин баарына,
Молчулук, бакыт, ден-соолук.
Болсун дайы үй-бүлөөдө,
Тартип жана бейкуттук.
***
Ийгилик келсин баарыбызга,
Жаңы жылдык таң менен.
Куттуктаймын баарынарды,
Ушул келген жыл менен.
***
Муз үстүндө жылтылдаган кыроолор,
Терезеде оймо-чийме сүрөттөр.
Балдар чана тебишип,
Көңүл ачат жыргашып.
Кыш мезгили жыргал ай,
Алып келет шаттыкты.
Жаңы жыл келип кубантып,
Баарыбызды шыктантат.
Жолдун баарын, талааларды,
Кашааларды кар басты.
Аяз ата келсин деп,
Бизге белек берсин деп.
Аяз ата жолго чыкты,
Дайындаймын ырларымды.
Баарына каалап жакшылык,
Момпосуйду аламын.
***
Кандай сонун жаңы жыл,
Кубанычтуу сааттар көп.
Бүт баарысы бактылуу,
Балдар көркөм кийинип.
Баары күтөт аяз атаны,
Балдардын ал жакшы көргөнү.
Кат жазышат баары ага,
Ал жөнүндө китеп окушат.
Кыялдарды орундатат,
Аракет менен эмгек үчүн.
Балдар менен шаттанат,
Балатынын жанында.
***
Коңгуроолор шылдырап,
Балатыбыз жылтылдайт.
Жаңы жыл менен аяз ата,
Чүрпөлөрдү куттуктайт.
***
Сыйкырдуу майрам жалындары,
Күйсүн жарык, жап-жарык.
Балакайга аяз ата,
Белектерди таратсын.
***
Жаңы жыл келе жатат эшик ачып,
Ааламга жаңы, жаңы бакыт чачып.
Адамдардын куунак тартып көңүлдөрү,
Каалашат бири-бирине чоң, чоң бакыт.
Жаңы жыл жаңы максат өчпөс таалай,
Келе бер баарыбызга бакыт каалай.