Класстык саат
Бишкек шаарындагы А.Осмонов атындагы
№68 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси
ТЕКШЕРИЛДИ: ____________________________
Классы: _____________________________________
Мөөнөтү: __________________________________
Класс жетекчи:_____________________________
Начало формы
Конец формы
Начало формы
Конец формы
Сабактын темасы: Жаңы жыл-жаңылыктын жарчысы.
Сабактын максаты:
1.Окуучуларга жаңы жыл майрамын кайсы жерде, кандай тосо тургандыгын, анын майрамдоо тарыхы жөнүндө айтып берүү;
2.Жаңы жыл жаңылыктын жарчысы экендигине жана бүткүл дүйнөдөгү элдердин, өзгөчө балдардын сүйүктүү майрамына айланып калгандыгына окуучуларды ынандыруу.
Сабактын жабдылышы: Жаңы жыл жөнүндөгү сүрөттөр, Иллюстрациялар.
Сабактын жүрүшү:
1.Уюштуруу. Мугалимдин балдар менен ким кайсы майрамды жакшы көрө тургандыгы жөнүндө аңгемелешүүсү.
2.Жаңы темага киришүү: Жаңы жылдын тарыхына кайрылып көрөлү:
Жаӊы жыл-дүйнөнүн көптөгөн элдери белгилеген майрам. Жаӊы жылды майрамдоо Месопотамияда 3-миӊ жылдыкта эле пайда болгон. 1-январдан (Үчтүн айынын биринен) баштап жылдын башталышы деп Рим башкаруучусу Юлий Цезарь тарабынан б.ч.з 46-жылы киргизилген. Бул күн башталган ай Байыркы Римде Янус (Тандоонун, баардык башталыштын кудайы) кудайына арналып январь деп аталган. Янус кудайынын эки бети болгон, бирөө-алдың, экинчиси-артын карап турган.
Кыргызстанда Жаңы жылды жалган куран (март) айынын 21де күн менен түндүн теңдешүүсүндө майрамдашат.
Ал эми 1-январда Жаңы жылды белгилөөнү кыргыздар Кыргызстанга орустар басып келгенден баштап (өзгөчө совет доорунан тартып) майрамдап калышкан.
3.Жаны жылды ким кандай тосот?
Жаңы жылды тосуу-бардык дүйнө элдеринде салт болуп калган майрам. Майрамды тосуп алуу салттары, календардык датасы айырмаланганы менен бириктирип турган нерсе өсүмдүк экендигинде. Мисалы, Японияда жаңы жыл түнүндө үйгө кире бериш жерде өзгөчө икебан коюшат.Икебанада карагайдын, розанын бутактары, бамбуктун жалбырагы, кара өрүктун гүлү, япон өрүгү, кыскасы түбөлүк жаштыктын узун өмүрдүн символу болгон дарактар колдонулат. Ал эми жашыл кооз жыттуу арча дарагы илгертен эле өзгөчө дарак болуп эсептелген.
Байыркы германдыктар арчада токойдун духу жашайт жана ал бардык өсүмдүктөрдү айбанаттарды, канаттууларды сактайт деп ойлошкон. Ошондуктан арчага уруулардын эң каардуу аскер башчылары келип каалоо-тилектерин айтышып, даракты кооздошкон.
Голландиялыктар жана англичандарелкага түбөлүк жашоонун, түбөлүк жаштыктын жана күч түн символу катары карашкан.
Россияда Жаңы жылды Петр Биринчи атайын указ менен киргизген. Ал 1700-жылдын 1-январында бардык үйлөрдү арча дарагынын бутактары менен кооздоого жана көңүл ачуунун белгиси катары бири-бирин Жаңы жыл менен куттуктоо буйрук берген. Ошол күнү Москвада пушкадан атышып, фейервертерди уюштурушкан.Мына ошондон баштап бир дагы жаңы жылдык майрам арчасыз өтпөйт.
Колумбияда жаны жылдык карнавалдын негизги баатыры – эски жыл. Ал эл арасында бийик таякчалар менен басып, балдарга кулкулуу окуяларды айтып берет.
Кубада балдардын жаны жылдык майрамы королдордун куну деп аталат. Балдарга белек алып келуучу сыйкырдуу-королдогу Бальтасар Гаспар жана Мельчор деп аташат. Жаңы жыл алдында балдар аларга өздөрүнүн тилектери жазылган каттарын жөнөтүшөт. Кубалыктар үйлөрүндөгү идиштерди таза суу менен толтурушуп, 12де терезелерден суу төгүшөт. Бул Эркиндик аралыгында жашоочулардын жаны жыл суудай таза болсун деген тилектери жана ар бир кубалык саат 12ге аз калганда 12 тоголок жүзүм жесе, бул жылдын аягына чейин аны жакшылык. Ийгилик коштоп жүрөт дешет.
4.Өтүлүп жаткан тема боюнча окуучулар менен маек.
Балдар, Жаңы жылдын символдору кайсылар экен?
Силер Жаңы жылды кандай тососуңар?
Аяз Атанын Жаңы жылдын түнүндө келишине ишенесиңерби?
Жаңы жылга карата белек алгансыңарбы?
Мектепте өткөн елка майрамы силерге жагабы?
Аяз Атанын мекени кайсы жер деп эсептелинет?
Англичандар Аяз Атаны кандай деп аташат?
Аяз Атанын тонунун түсү кандай?
Аяз Кыздын тонунун түсү кандай?
Аяз Ата Жаңы жыл түнү эмне менен келет?
5.Үй тапшырмасы. Жаңы жыл жөнүндө сүрөт тартып, ыр жаттоо.