Жаӊы жылды белгилөө биздин доорго чейинки (б.з.ч) IV кылымда Месопотамияда пайда болгон (азыркы Ирак, Сирия, Түркия, Иран мамлекеттерин камтыган аймак). Бирок алар аны март айында белгилешчү. Анткени бул айда талаа иштери башталат, жылдын башы деп билишчү. Кийин биздин доорго чейинки 46-жылы Рим императору Юлий Цезарь жаӊы жыл 1-январда башталат деген буйрук чыгарган. Аталган майрам Орусияга 1700-жылы жеткен. Ошол убактагы император Пётр I жаӊы жылды майрамдоо демилгесин көтөрүп чыккан.
Алгачкы балаты 1513-жылы Германияда немис реформатору Мартин Лютердин үйүндө жасалгаланган.
.Кыргызстанда алгачкы коомдук балаты 1895-жылы 28-декабрда Бишкек шаарында (Пишпек) жасалгаланган. Кийинчерээк Ленин «балаты жасалгалоо – буржуаздык өнөр» деп бул нерсеге тыюу салат. Жаӊы жылдык балатыга экинчи өмүрдү 1930-1935-жылдары Иосиф Сталин «Балдарга жомокту кайтарып берүү керек» деген ураан менен кайтарып берген. 1947-жылдан тарта 1-январь расмий түрдө календардагы кызыл күнгө айланган.
Фейерверк
Көпчүлүк салют менен фейерверкти бир нерсе деп билишет. Бирок экөө эки башка. * Салют бул – артиллериялык куралдан куру дүрмөт менен салтанаттуу аттыруу.
Фейерверктин мекени – Кытай, ал биздин доордун XII кылымында жаралган. Орустарга бул нерсе 1675-жылдары жеткен. Ошол эле учурда Пётр I эски жылдын акыркы күнү фейерверктерди аттырып майрамдоону элге таратат.
Бенгаль шамы
Алгачкы бенгаль шамы Индиянын Бенгалия провинциясында коопсуздукту сактоо иретинде күйгүзүлүүчү белги катары колдонулган. Аталышы дагы ошол жердин атынан.
Оливье салаты
Аталган даамды франциялык ашпозчу Люсьен Оливье ойлоп тапкан. Анын рецебинде салатка колбаса кошулган эмес. Бул орустардын кошумчасы. Чындыгында, салаттын жаӊы жылга тиешеси жок, жөн гана убакыттын өтүшү менен кенен жайылып, салтка айланып калган.
Испания
Мында туугандар бири-биринин үйлөрүн кыдырышат. Алар сөзсүз ичинде бир шампан жана таттуу болгон себет белек кылышат. Саат туура 12ни көрсөткөн маалда ар бир испан 12 даана жүзүмдү жегенге шашылат. Жүзүмдүн данектери жаңы тилектин орундалышына алып келет. Жүзүмдүн ордуна куурулган жумуртка же кургатылган өрүк жесе болот. Себеби, мунун баары алтын тыйындарга окшош.
Жапония
айырмаланып, Бекеринен Жапонияны күн чыгыштын өлкөсү деп аташпаса керек. Башка өлкөлөрдөн Жапонияда Жаңы Жылды түнкү саат 12де эмес, таң атып келе жатканда тосушат. Таң атканда жапондуктар бири-бирин куттуктап, “такара бунэ” деп аталган белек тапшырышат. Бул – ичинде күрүч толтурулган кеме түрүндөгү идиш.
Португалия
Бул өлкөдө эски жылды узатуу салты бар. Түнкү 12ге аз калганда (өзгөчө жер үйлөрдө) үйдөгү эң улуу кишинин колуна кум саатты, карагайдын сабактарын карматып, эски жылды узатып жаткандай үйдүн арткы эшигин ачып коё беришет. Ал эми саат 12ни урганда алдыңкы эшик ачылып, үйбүлөнүн эң кичинекей мүчөсү Жаңы Жыл болуп кирип келет.
Ар кайсы өлкөнүн өзүнүн Аяз Атасы бар.
Дүйнөдөгү эң бийик балаты.
нөдөгү эң бийик же 45 метрлик Жаңы жылдык балаты Германиянын Дортмунд шаарында орнотулду. Конструкция 48 миң
майрамдык шам менен кооздолду. Бул туурасында 28-ноябрда “Deutsche Welle” басылмасы жазды. Дүй
Майрамдык балаты анча чоң эмес 1700 балатыдан куралды. Булар жергиликтүү токой чарбасында атайын өстүрүлгөн.
Германияда майрамдык буюмдар сатылган үч миңдей Жаңы жылдык жарманке ачылды.
Борбор шаарыбыздагы балаты.
Бул жылы балатынын узундугу 25 метр болсо, диаметри 12 метрди түзүп, каркаска 2 миң 400 ийне жалбырактуу бутак, 350 оюнчук, узундугу 4900 погондук метр дюралайттан жасалган оюу-чиймелер 240 метр светодиоддук гирлянда жана 240 метр мишура илинип кооздолот.
1кабарчыга интервью берсе да жазуучунун автомобиль башкарып жүргөнүн көрбөдүк, ал машина айдаган эмес. Бирок Роза Айтматованын бизге берген маалыматына таянсак, бир жолу Ысык-Көлдөн келе жатып айдоочусунан суранып кызматтык машинасын айдап да көрүптүр. Чамасы жакпай калганбы, же айдай албай койгонбу, айтор ошол боюнча рулга отурбаптыр. Бала чактан ат үстүндө жүргөнгөбү, ат мингенди сагынып турган.
Коңурук тарткан адамдын жанында жата алчу эмес. Бөлмөдө кимдир бирөө коңурук тартса, уктай албай жүрө берчү экен. Ошон үчүн ошондой адаты бар адамдарды мен уктап калгандан кийин келип жаткыла дечү дешет.
Кагаз чаңына аллергиясы болгон. Эски гезит барактарын, эски кагаздарды барактоодон аябай кыйналчу. Эгер барактарда чаң болсо, колдорунун манжалары кызарып, кычышып кетчү. Айтылгандарга караганда мындай нерсеге "Жамийла" повестинин Жазуучулар союзунда катуу сындалганынан кийин тушуккан экен.
Алты жашында интервью берген. 1934-жылы "Ленинчил жаш" гезитинин ал кездеги жаш кабарчысы Райкан Шүкүрбеков бала бакчага келип, балдар менен сүйлөшүп, алардын ичинен Чыңгыздан интервью алат. Жаш бала келечекте шофёр болом дейт, ал материал аталган гезитке ошол жылы эле "Чыңгыз шофёр болом дейт" деген ат менен жарыяланган.
Дүйнө жүзүндөгү эң узун жасалма балаты Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында орнотулган. Анын бийиктиги 76 метр болчу.
1895-жылы алгачкы электр гирляндасы менен американын Ак үйүнүн алдындагы балаты кооздолгон.