Сабактын темасы: Жаныбарлар адамга эмне берет?
Сабактын максаттары:
Билим берүүчүлүк: Окуучулар үй жаныбарларынын түрлөрү жана алардын адамдын жашоосундагы маанилүүлүгү (азык-түлүк, кийим-кече, көмөкчү күч) жөнүндө кеңири маалымат алышат.
Өнүктүрүүчүлүк: Жаныбарларды изилдөө аркылуу окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсү, топ менен иштөө жөндөмү жана салыштыруу көндүмдөрү өсөт.
Тарбия берүүчүлүк: Жандуу жаратылышты сүйүүгө, жаныбарларга кам көрүүгө жана жоопкерчиликтүү болууга тарбияланышат.
Көрсөтмө куралдар: Слайддар, фермердин костюму (шляпа, таяк), жаныбарлардын сүрөттөрү, "Алтын эреже" жазылган плакат, ватман, маркерлер, "Акылдуу уй" тапшырма баракчалары, шыктандыруучу карточкалар (жылдызчалар, жаныбарлардын сүрөтү бар стикерлер).
Сабактын жүрүшү (45 мүнөт)
1. Киришүү (Engage) – Кызыктыруу (5 мүнөт)
Мугалимдин иш-аракети:
Фермердин жасалма интеллектин жардамы менен окуучуларга сүйлөйт.
"Саламатсыңарбы, балдарым! Мен бүгүн силерге алыскы жайлоодон, өзүмдүн чарбамдан келдим. Менин короомдо маараган козуларым, мөөрөгөн уйларым, кишенеген аттарым бар. Алар мага абдан жардам беришет. Силер билесиңерби, бул жаныбарлар бизге дагы эмнелерди беришет?, Анда сабакты көңүл коюп угуп отургула.Биз сабакта ушул темада сүйлөшөбүз"
Алтын эреже: Слайддан "Алтын эрежелерди" (кол көтөрүп сүйлөө, бири-бирин угуу, убакытты үнөмдөө) чогуу окуп, талкуулап алышат.
2. Изилдөө (Explore) – Жаңы тема (10 мүнөт)
Мугалим үй жаныбарлары боюнча маалымат берет:
Кой-эчки: Жүн, эт, сүт берет.
Жылкы: Унаа катары кызмат кылат, кымыз, эт берет.
Төө: Жүн, сүт, жүк ташуу.
Тоок: Жумуртка, эти
Топтук иш (Уйду изилдөө): Класс 4 топко бөлүнөт. Ар бир топко "Уй" жөнүндө тапшырма берилет:
1-топ: Уйдун сүтүнөн жасалган азыктарды тизмектейт.
2-топ: Уйдун дене мүчөлөрүн жана анын пайдасын жазат (мүйүзү, териси ж.б.).
3-топ: Уйга кандай кам көрүү керек? (тоют, короо, тазалык).
4-топ: Уй жөнүндө макал-лакап же табышмак айтышат.
3. Түшүндүрүү (Explain) – Мээ чабуулу (10 мүнөт)
Ар бир топ өз изилдөөсүн жактап беришет. Мугалим кошумча маалыматтарды айтып, жаныбарлардын адам баласы үчүн алмаштыргыс экенин слайд аркылуу тереңдетип түшүндүрөт.
4. Эс алуу мүнөтү (3 мүнөт)
Оюн: "Кайсы жаныбардын үнү?" Мугалим жаныбарлардын үнүн чыгарат же аудио коёт. Окуучулар ал кайсы жаныбар экенин таап, анын кыймыл-аракетин туурап беришет.
5. Өнүктүрүү (Elaborate) – Бышыктоо (10 мүнөт)
Кайтарым байланыш тапшырмасы: "Логикалык чынжыр" Окуучуларга карточкалар берилет: (Мисалы: Уй - Сүт - Каймак - Май). Алар жаныбардан алынган продукциянын пайда болуу жолун чийип көрсөтүшү керек.
Суроо: "Эгерде үй жаныбарлары болбосо, биздин жашообуз кандай болмок?" (Окуучулардын пикирин угуу).
6. Баалоо (Evaluate) – Жыйынтыктоо (7 мүнөт)
Сабактын максатына кайрылуу. Окуучулардын билими бааланат.
Шыктандыруучу карточкалар: Сабакта активдүү катышкан, суроолорго так жооп берген окуучуларга "Мыктысың", "Азаматсың", "Сага 5" деген жазуусу бар карточкалар берилет.
Үй тапшырмасы: Өзүң жакшы көргөн үй жаныбарың жөнүндө дил баян жазып келүү.