СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жаратылышты коргоо - мекенди коргоо

Нажмите, чтобы узнать подробности

Жаратылышыбызга аяр мамиле кылсак, мекенди коргоого салым кошкон болобуз.

Просмотр содержимого документа
«Жаратылышты коргоо - мекенди коргоо»

Сабактын темасы: Жаратылышты коргоо – мекенди коргоо

Сабактын максаты:

  1. Окуучулар жаратылышты коргосок, Мекенибизди коргогонубуз

  2. Окуучуларды өз оюн ачык айтууга, ой жүгүртө билүүгө үйрөтүү.

  3. Табиятты сүйүүгө, коргоого тарбиялоо.

Сабактын мөөнөтү:

Сабактын методу: Сүйлөө метод, илимий метод

Сабактын жүрүшү:

  • Уюштуруу моменти: (саламдашуу, окуучулардын сабакка болгон даярдыгын көзөмөлдөө).

  • Макал-лакаптарды чечмелөө, талкуулоо

  • Жаратылыш жөнүндө эссе

  • Жыйынтыктоо



Макал-лакаптар

Адам затты сөз бузат, тоону-ташты сел бузат.

Бийик тоого чыксаң көзүң ачылат, Билимдүү менен сүйлөшсөң көңүлүң ачылат.

Билим - элге,суу - жерге.

Билимди элден изде, алтынды жерден изде.

Жер байлыгы - эл байлыгы.

Жердин көркү-эгин, эрдин көркү- билим.

Жер кишинин акысын жебейт.

Ж аратылыш деген эмне?

Айланаңа көз чаптырып көрчү. Ооба, сен күндү, асманды, булутту, жерди, өсүмдүктөрдү, жаныбарларды көрөсүң. Мына ушулардын баары  жаратылыш. Күн, асман, булут, таштар, суу, жаан, кар  булар жансыз жаратылыш. Өсүмдүктөр, жаныбарлар, адам  булар жандуу жаратылыш. Канаттуулар да, айбандар да, кескелдириктер да, жыландар да, ташбакалар да, бакалар да, балыктар да, курткумурскалар да, курттар да жаныбарлар экенин эсиңен чыгарба. Жаратылыш  биздин эң жакын досубуз. Ал биздин жашоотиричилигибизге керектүү көп нерселерди берет. Ошол себептен адамдар жаратылышты коргошот, анын байлыктарын арттыруу максатында көп эмгектенишет. Абасы таза, жаратылышы кооз жерлерден таланттар көп чыгат дешет. Шаркырап аккан тунук суу, суу түбүндөгү ар кандай балыктар, а р бир дабышты улап жаңырган аска жана ал асканын күчүнө моюн бербей тең ортосун жарып чыккан арча, карагайлар адамдын жан дүйнөсүн кызытып талантына талант кошот. Айта берсе сөз түгөнгүс болгон жаратылыш кооздугун жүрөгү назик адам сезе билет, суктана билет. Айлана-чөйрөсүн аярлап карап, ар бир нерсенин ийне-жибине чейин кылдат баамдаган адам гана жаратылыштын ушул кереметин, сулуулугун жан дүйнөсү менен жүрөгүнө жакын кабыл алат.

Бүгүнкү күндө эң глобалдуу маселе – бул экология көйгөйү болуп эсептелүүдө. Эгерде биз демейки мисалдардан келтире турган болсок, мисалы: «Биз көчөгө чыкканда көп таштандыларды көрөбүз. Совет мезгилинде Фрунзе шаары жашыл шаарлардын бири эле. Азыр биз Бишкек шаарын жашыл деп айта албайбыз. Анткени бактар кыйылып, жаңы имараттар курулуп жатат, машиналар көбөйдү – бул иштелип чыккан газдардын көбөйүшүнө алып келүүдө. Бул газдар атмосферага барат да, жаан жааганда аны булгайт жана жердин күрдүүлүгүн бузат. Ошондуктан экологияны сактоо үчүн биз бардык чараларды көрүүгө тийишпиз. Бул үчүн биз өзүбүздөн баштаганыбыз дурус. Үйдө балдардын ата-энелери жаратылышты сактоо үчүн тарбия берүүгө тийиш жана биздин мугалимдер да окутуп жаткан балдарына түшүндүрүү менен салым кошуулары тийиш. Чындыгында азыркы учурда дүйнө жүзүндө жаратылышка эбегейсиз басым жасалып, адамзаттын кийинки өмүр сүрүшүнө ар кандай экологиялык коркунучтар пайда болуп жатканда, биз дагы жаратылышты коргоого кичире да болсо салымыбызды кошушубуз керек. Жаратылышты коргоо бул - мекенди коргоо, бул жөн эле айтыла калган сөздөр эмес. Ошондуктан мекенибизди көздүн карегиндей аяр сакташыбыз керек.

Климат – белгилүү бир аймакка мүнөздүү болгон аба ырайынын көп жылдык режими.
Байыркы гректер Жер шарынын климаты негизинен күн нурунун жер бетине кыйгач тийишине байланыштуу экендигин билишкен; мис., ысык алкактарда күн нуру жер бетине тик, мелүүн алкактарда бир кыйла кыйгыч түшөт, ал эми Түндүк жана Түштүк уюлдарда Күн бир нече ай бою көрүнбөй да калат (к. Уюлдук түн макаласын). Ошого байланыштуу «климат» деген түшүнүк пайда болгон (грекче «клима» – жантайуу деген маанини берет).
Климатты пайда кылуучу жалпы процесстерге жылуулук жана нымдуулуктун алмашуусу, атмосфера циркуляциясы жана башка кирет. К лиматтын негизги мүнөзү белгилүү бир жердин аба ырайына көп жылдык байкоо жүргүзүүнүн негизинде аныкталат.
Климаттын ар кандай болушу географиялык шарттарга байланыштуу. Жердин климаты геологиялык доорлордо дайыма өзгөрүп келген. Азыркы учурда жер бетинин климаты географиялык кеңдиктерге ылайык экватордук, 2 субэкватордук, 2 тропиктик, 2 субтропиктик, 2 мелүүн, субарктикалык, субантрактикалык, арктикалык, антарктикалык климаттык алкактарга бөлүнөт. Ээлеген аймагы бооюнча макроклимат, мезоклимат, микроклимат, аба ырайынын мүнөзүнө карай ысык, мелүүн, суук, континенттик, деңиздик, тоо, уюлдук жана башка климаттарга ажыратылат. Климат табияттын бир компоненти болуу менен ал суу режимине, топуракка, өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсүнө, ошондой эле адамдын ден соолугуна, турмуш тиричилигине жана чарбасына таасирин тийгизет.
Кыргызстандын аймагы мелүүн климаттык алкактын чөл зонасынан орун алган; жалпысынан континенттик климат үстөмдүк кылат; Кыргызстан тоолуу болгондуктан ага климаттык бийиктик боюнча өзгөрүүсү да мүнөздүү.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги “2011-2015-жылдардагы климаттын өзгөрүү шартына организимдин ийкемделиши” программасын ишке ашырууну баштады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык профилактика борборунун директору Омор Касымов билдирди.
Анын айтымында долбоор Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (БДССУ) тарабынан каржыланууда.
«Климаттын өзгөрүшү адамдын организимине тийгизген таасири калктын сезимталдыгына, ийкемдүүлүгүнө жараша болот. Кээ бир адамдардын оорулары күндүн катуу ысышынан, суукташынан соң күч алат», - деди ал.
О.Касымов климаттын өзгөрүшү келечекте адамдын организимне түздөн-түз же болбосо кыйыр таасир бериши ыктымал экендигин айтты. Ал аба ырайынын жагымсыз экстремалдык шарттары, экологиянын кыйрашы адамдын ден соолугуна ар кандай жаракат алуу, психикалык жактан, жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын, тамак-аштардан уулануу жана башка түрлөрү аркылуу көрүнүшү мүмкүн экендигин баса белгиледи.
“2011-жылы жайында бизде тропикалык климатта кездешкен инфекция катталды. Бул биздеги климаттын өзгөрүшүнөн кабар берет”, - деп айтты О.Касымов.
 

Климаттын өзгөрүүсүнүн таасири жана ден соолук үчүн тобокелдүүлүк факторлору:

Климаттын өзгөрүүсү ден соолукка түз жана кыйыр түрдө таасир берет. Мисалы,

ысык жүрөктүн функциясына түздөн түз таасир көрсөтөт жана жүрөк кан тамыр

ооруларынан болгон оорулардын жана өлүмдүн көтөрүлүүсүнө алып келет.

Ден соолукка кыйыр түрдө таасир кылуу климаттын өзгөрүүсү ден соолуктун

детерминанттарына кандай таасир кыларына байланыштуу, мисалы: суу ташкындары түшүмгө, үйлөргө, инфраструктурага зыян кылат. Түшүмдүн бүлгүнгө учурашынын натыйжасындагы тамак азыктарынын тартыштыгы жетишсиз тамактанууга алып келет, же суу ташкындарынын натыйжасында үйлөрдүн бузулуусу ден соолуктун психикалык абалын өтө начарлантат жана респираторлук оорулардын санын көбөйтөт. Инфраструктуранын бузулуусу калктын жашоо каражаттарынын деңгээлине таасир берет, кирешени төмөндөтөт жана потенциалдык кыйыр түрдө ден соолукка байланыштуу болгон көптөгөн проблемаларды пайда кылат. Төмөнкү бөлүмдөрдө климаттын өзгөрүүсү жөнүндөгү (2009ж) Экинчи улуттук билдирүүнүн маалыматтарына ылайык, Кыргызстандагы байкоого алынган климаттын өзгөрүүсүнөн ден соолукка болгон түз эмес негизги натыйжасы жана изилденген үй чарбасынын жыйынтыктары (УСК, 2010) келтирилген жана алардын тобокелдүүлүк факторунун сапатына кандай таасир кылары баяндалган.

Сабакты жыйынтыктоо: