СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жазма эстеликтери

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Жазма эстеликтери»

Ак ат алтын ээрдүү, көк ат күмүш ээрдүү, тору ат арча ээрдүү (Ак ат алтун эдерлиг, көк ат күмүш эдерлиг, торуг ат артуч эдерлиг).



Бул ыр сыяктуу уйкашкан сап төмөндөгү Алтайда табылган Ябоган жазма эстелигинде жазылган. Аталган эскерткич Алтайда табылган эң көлөмдүү жазма эстелик болуу менен бирге Кыргыз кагандыгы мезгилинде, өзгөчө 840-жылдан кийин кыргыздардын маданияты Евразиянын кеңири аймагына таралганын көрсөткөн баалуу табылга. Анткени бул жазма эстеликтеги "Ак ат алтын ээрдүү (Ак ат алтун эдерлиг)" айтымы Монголиядагы Гурван-Мандал, "Теңридеки теглүк тегин, йердеки йегрен адгыр ат үни, өзи бир (Асмандагы каза болгон ханзаада менен жердеги жээрде айгыр аттын үнү, жаны бир)" деген сүйлөм Чыгыш Түркстандагы Йаргол, Кыргызстандагы Чийин-Таш жазма эстеликтеринде орун алган. Башкача айтканда, ушул аймактарда ат ойноткон, баатыр менен минген атынын жаны бир деп эсептеген байыркы кыргыздардан калган жазма эстеликтер.

Улуттук "Манас" театрынын мүдүрү Азиз Биймырза уулу баштаган үлкөн топ Алтайда жүргөнүн көрүп, Азизден суранып жаңы сүрөттөрүн алдырдым. Себеби бул эстеликти жеринде көрсөм да, тийген жарыктын таасиринен улам ар түрдүү өң алып, жаңыча көрүнө берет.