СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жергиликтүү химия өнөр жайлары

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Азыркы учурдун талабын канааттандыруу үчүн бир нече химия өнөр жайлары иштейт: Кадамжай сурьма комбинатында сурьма, Айдаркен сымап комбинатында сымап, Кумтөр, Макмал ж. б. алтын-кен комбинаттарында алтын, Кыргыз тоо-кен комбинатында сейрек кездешүүчү металлдар, Сары-Жазда калай, коргошун, Кочкор-Атада нефть продуктулары, химфарм заводдордо дары-дармектер, жер семирткичтер, гербицид, пестициддер көп өлчөмдө өндүрүлөт.

Просмотр содержимого документа
«Жергиликтүү химия өнөр жайлары»

Сабакка чейин

Сабактын темасы: Жергиликтүү химия өнөр жайлары

Сабактын методу: Айтып берүү

Сабактын тиби: Аралаш

Сабактын формасы: Жаңы теманы түшүндүрүү

Сабактын максаты

Көрсөткүчтөрү

А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Жергиликтүү химия өнөр жайлары, жергиликтүү кен байлыктарды иштетүү боюнча окуп үйрөнүшөт.

  • Жергиликтүү химия өнөр жайлары;

  • жергиликтүү кен байлыктарды иштетүүнүн маанисин айтып бере алышса.

Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук):

Зат, заттын көп түрдүүлүгү, затты өндүрүп аны пайдалануу, экологиялык проблемалар жана аны алдын алуу жолдору, айрым уулуу заттар таш көмүр, газдар, коргошун ж.б. боюнча түшүнүгү өнүгөт. Экологияны, айлана-чөйрөнү коргоого тарбияланышат.

  • Зат;

  • заттын көп түрдүүлүгү;

  • затты өндүрүп аны пайдалануу;

  • экологиялык проблемалар жана аны алдын алуу жолдору;

  • айрым уулуу заттар: таш көмүр;газдар, коргошун ж.б. боюнча түшүнүгүн айтып бере алышса;

  • Экологияны, айлана-чөйрөнү коргоо жолдорун айтып бере алышса.

Күтүлүүчү натыйжа:

  • Жергиликтүү химия өнөр жайлары;

  • жергиликтүү кен байлыктарды иштетүүнүн маанисин;.

  • затты өндүрүп аны пайдалануу;

  • экологиялык проблемалар жана аны алдын алуу жолдору;

  • айрым уулуу заттар: таш көмүр;газдар, коргошун ж.б.;

  • Экологияны, айлана-чөйрөнү коргоо жолдорун билишет.

Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет): Жергиликтүү химия өнөр жайлары, жергиликтүү кен байлыктарды иштетүү, келечекте жаны технологиядагы химиялык өндүрүштөрдү түзүү боюнча маалымат алышат.

Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими (мурунку билими)): химия илиминин адамдын жашоо тиричилигиндеги орду, Кыргызстандагы айрым химия өнөр жайлары, экологиянын бузулушу жана алдын алуу жолдорун билишет.

Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат.

Убакыт: 45 минута

Убакытты бѳлүштүрүү:Чакыруу этабы:6-8мин

Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):22-25 мин

Ойлонуу этабы (сабакты бышыктоо):12-12 мин

Сабак

Сабактын жүрүшү:

Чакыруу этабы:

Сабактын чөйрөсү: Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.

Жагымдуу маанай түзүү:

Жаратылыш кубулуштары оюну. Жандын жаашын кол менен жасоо

Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо:

Химия илиминин мааниси боюнча эссе жазуу

Суроолорго жооп берүү:

1. Жаратылыш, материя, жөнөкөй жана татаал затты кандай түшүнөсүңөр?

2. Химия предмети, анын маанисин айтып бергиле.

Түшүнүү этабы(сабактын негизги болүгү):

Жергиликтүү жер байлыктарынан элге керектүү болгон материалдарды алуу, келечекте жаны технологиядагы химиялык өндүрүштөрдү түзүү окуучулардын химия илимине болгон кызыкчылыгын жогорулатуу менен жетишилет.

Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнүгүшүнүн бирден-бир ири багыты – жергиликтүү кен байлыктарды, металлургиялык комбинаттарды (алтын, сурьма, сымап, сейрек кездешүүчү металлдар, коргошун, калай ж. б.) химия өнөр жайларын ж. б. жандандырып иштетүү болуп эсептелет.

Азыркы учурдун талабын канааттандыруу үчүн бир нече химия өнөр жайлары иштейт: Кадамжай сурьма комбинатында сурьма, Айдаркен сымап комбинатында сымап, Кумтөр, Макмал ж. б. алтын-кен комбинаттарында алтын, Кыргыз тоо-кен комбинатында сейрек кездешүүчү металлдар, Сары-Жазда калай, коргошун, Кочкор-Атада нефть продуктулары, химфарм заводдордо дары-дармектер, жер семирткичтер, гербицид, пестициддер көп өлчөмдө өндүрүлөт.

Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):

Мугалимдин иш аракети:

Суроо-жооп, аӊгемелешүү менен сабак лекция түрүндө өтүлөт.

1. КРдеги кандай химиялык өнөр жайларды билесиңер?

2. Жергиликтүү кен байлыктарды иштетүүдө кандай экологиялык проблемалар бар.

3. Келечекте жаны технологиядагы химиялык өндүрүштөрдү түзүү үчүн кандай иш аракеттерди жүргүзүү керек?


Үйгѳ тапшырма:

Жергиликтүү химия өнөр жайлары жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча маалымат таап келүү

Баалоо: