СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жети атасын билбеген жетесиздик

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тарбиялык саат

Просмотр содержимого документа
«Жети атасын билбеген жетесиздик»

ЖЕТИ АТАСЫН БИЛБЕГЕН – ЖЕТЕСИЗДИК

Сабактын максаты:

Окуучулар санжыра жөнүндө маалымат алышып, жети атасын билишет.

Сабактын жабдылышы:

Мугалимдин баяндамасы, залкар ойлор жазылган ватмандар ж.б.

Сабактын жүрүшү:

1-кадам: Мугалимдин баяндамасы.

Кыргыз элинде “Тегиңди бил, ыйманыңды сакта, ата салтын унутпа”, “Жети атаңды унутканың, тарыхыңды курутканың” деген нуска сѳздѳр айтылып жүрѳт. Окуучум, сен жети атаңды билесиңби? Жети атаңдын тарыхын кантип үйрѳнѳсүң?

Санжыра –ата тарыхы. Муну жатка билүү зарыл. Бул кыргыз элине да тиешелүү. Санжыра кыргыздардын оор тагдырына күбѳ тарых. Алар эки миңден ашык жылдын ичинде бир нече ирет эл катары жок болуп кетүү коркунучун башынан ѳткѳрдү. Мунун кѳпчүлүгү жортуулчулук мезгилде болду. Кыргыз эли бир да басып алуучуга узак убакыт башын ийип турган эмес. Жер үчүн, Мекен үчүн болгон согуш кѳпчүлүк учурда жеңилиш менен аяктаган. Миңден ондогон эр-улан калган күндѳр да болгон. Мындай учурда асылуу казан, тигилген үй, жайытта мал калып эл качкан. Адегенде түздѳн тоого, андан кийик жүргѳн зоого,ал сактабаса чек бузуп коңшу элге кирип кутулган. Калганы туткун болгон, боштондук сүйгѳн, эр жүрѳк эл мындай учурларда мал-мүлкүнѳн, эр кѳккүрѳк адамдарынан гана ажырабастан, жазуусун, чиймесин жоготкон. Тек шамал айдаган булуттай тарап кеткен. Байлыкты душман талаган. Ушундай шартта тирүү калгандардын милдети ѳткѳндү тѳкпѳй чачпай сактоо, аны укумдан-тукумга калтыруу эле. Мына ошентип уламыш чыккан. Урук, уруу, эл жѳнүндѳгү уламыш сѳздѳр бара-бара санжырага айланган. Тирүү калгандар; жаш ѳспүрүмдѳр, туткунга түшүп кеткендер ѳзүлѳрүнүн жана ата-бабаларынын ким экенин унутпай эсине тутушуп, укумдан-тукумга берилүү зарыл болгон. Мунун ѳзү журтчулуктун чечими менен качандыр бир мезгилде бекемделген, кийин адат-салтка айландырылган. Анын божомолдуу мазмуну ар бир эркек бала жети жашка чейин ѳзүнүн жети атасынын ысымын билүүгѳ тийиш болгон. Жети атасын билбегендерди “Кул” деп аташкан. Анын мааниси тексиз, уруксуз же законсуз дегенди түшүндүргѳн. Жети ата демекчи, бул цифра менен кѳп нерселерди айтып бере алат. Жети атанын мааниси мында. Ар бир курактын орто ѳмүрү 25 жыл делинет. Бул ѳзгѳчѳ ѳткѳн кылымдарга тиешелүү. Ошол боюнча жети атанын 25 жаш менен кѳбѳйтсѳк 175 жыл келип чыгат. Мына ошентип 7-10 жаштагы эркек бала биринчи эле учураган адамга жети атаны айтуусу менен анын жетинчи атасы мындан 175 жыл мурда жашагандыгын айгинелейт. Бул анын “Кул” эмес, коомдун закондуу мүчѳсү экендигин далилдеген. Жер-суу бѳлгѳндѳ “жетиатаңдын мүрсѳсүн кѳрсѳт” деген сѳз бекеринен чыкпаган. Айыл коомунун мүчѳлѳрү үчүн жети атасын билүү жетиштүү болгон. Ал эми айыл аксакалдары андан да кѳп билген.

Жети атанын тарыхын билүү тукум куучулукту да шарттайт. Бир атанын балдары эле “кыз алышкан тууган” чыгып, турмуш курууга караганда башка уруулардын бүлѳсү оңтойлуу, генетикалык сапаттуу касиеттерге ээ болот. “Ак бата жаңыртабыз, кызыбызды алыс жибербейбиз” - деген максатта ага-инин балдары үйлѳнүп жатышы, албетте, тукум куучулуктун жакшырышына ѳбѳлгѳ эмес. Демек, жаштарыбыз ата санжыраларын билип-туюп, алыс-жакынды иргей алып, турмуш курушса уруктар, уруулар арасындагы ич ара байланыш мындан да жакшырат.

Урматтуу ата уулу, жаш жеткинчек. Жогорудагы кептер дилиңде дайым бек сакталсын. Эч качан жети атаңдын тарыхын унутпа. Керек болсо ар бир атаңдын басып ѳткѳн жолун жазып, улам кийинки урпактарга белек катары бер, эстерине сал. Бул сенин атуулдук парызың. Жети атабыз тѳмѳндѳгүдѳй тартипте аталат:

  1. Ата

  2. Чоң ата

  3. Баба

  4. Буба

  5. Куба

  6. Жото

  7. Жете

2-кадам: Окуучулар текстти окуп, талкуулашат.



Жети атамды билбегендиктен…

Мен айылда чоңойуп ѳстүм. Мектепти аяктаган соң шаарда окуп, айылга аз келчүмүн. Ошентип, илим-билим алып, үйлѳнүп-жайланып шаарда жашап калдым.

Бир күнү алыскы айылдагы бир досум той кылып чакырып калды. Үй-бүлѳмдү алып бардым. Кыргыз эли меймандос калк болот эмеспи. Бизди конок кылып бир үйгѳ жайгаштырды. Ал үйдѳ кѳптү кѳргѳн нускалуу, аксакал карыя бар экен.

Жайланышып олтурган соң карыя:

-Кайсы элденсиң? –деп сурады.

-Карасуудан болом, - деп жооп берсем.

-Уулум, уругуңду сурап жатам, - деди.

Ошондо эмне кылаар айламды таппайкалдым. Буга чейин атамдан кайсыл уруудан, уруктан экенимди, жети атамды сурабаптырмын. Же атам ѳзү айтбаптыр.

-Билбейм, - деп жооп бердим.

Карыянын ѳңү ѳзгѳрѳ түштү да:

-Балам, жети атасын билбегенди кыргызда кул деп коет. Мен андай тегин билбеген адамды мейман кылбайм,- деди да туруп кетти. Мен болсо кирерге жер таппай алдастап калдым.

Намысымдын күчүнѳн кайра айылыма келип атамдан уруумду, жети адамдын тарыхын сурап билип бардым. Карыя аябай ыраазы болуп:

-Уулум, мына эми сени ата уулу десе болот.Бул башка кеп, -деп кой союуга уруксат берди.



Суроолор:

  1. Санжыра дегенди кандайча түшүндүң?

  2. Жети атанын тарыхын билүүнүн кандай мааниси бар экен?

  3. Сен жети атаңды билесиңби?

  4. Карыя эмне үчүн ал жигитти мейман кылбай койду?

3-кадам: Залкар ойлорду талкуулашат.



Залкар ойлорЖетесиз эл, эл болбойт.



Тегиң –сенин тарыхың.



Тектүү жер –намыстуу эл.



Ата алаканы –алтын уя.



Ата конушу –ардак ,Ата салты –ыйык.



Атадан жакшы уул туулса, элдин туусу болот,Жаман уул туулса, элдин чуусу болот.

Элден

Үйгө тапшырмалар:

  1. Урууңдун аталыш тарыхын изилдегиле.

  2. Жети атаңдын санжырасын түзгүлѳ.

  3. Залкар ойлорду талкуулагыла.