Просмотр содержимого документа
«Жогорку жана мектепке даярдоо тайпасынын балдарын календарь менен тааныштыруу»
Окутуучу: Полотова А.З.- ЖАК
Тема: Жогорку жана мектепке даярдоо тайпасынын балдарын календарь менен тааныштыруу
1. Календарь – убакыттын аралыгынын узактыгын эсептөө системасы.
2. Календарь модели
3. Жогорку жана даярдоо тайпаларынын балдарын календарь менен тааныштыруу.
Календарь – убакыттын аралыгынын узактыгын эсептөө системасы. Убакыт аралыктары сутка, жума, ай, жыл жана кылым болуп бөлүнүшөт.
Балдарды календарь менен тааныштыруу – бала бакчадагы жашоо тартиби, эрежелери жуманын күндөрү менен байланышкан анык бир пландын негизинде жүргүзүлгөндүктөн, алардын чөйрөдө багыт алуусун жеңилдетет. Балдар кайсыл күндөрү кандай сабак болоорун алдын ала билишип, аларга психологиялык жактан даярданышат.
Календардын жардамында балдардын кызыгууларын арттыруучу майрамдардын убакыттары аныкталат. Календарь менен таанышуу – балдар үйрөнүүчү, убакыттын өзгөрүүсү менен тыгыз байланышкан жыл мезгилдеринин удаалаштыгын билүүгө жардам берет.
Жогорку тайпанын балдарынын убакыт түшүнүгүнүн түрдүү өзгөчөлүктөрүнө болгон кызыгуу жөндөмдүүлүктөрү өнүгөт.
6-7 жаштагы баланы тигил же бул кубулуштардын узактыгы, убакытты өлчөөнүн сандык мүнөздөөчүлөрү, убакытты өлчөө приборлору өтө кызыктырат. Балдарды календарь менен тааныштыруу, аларды мектепке даярдоодо эң зарыл болуп эсептелет. Себеби, мектептеги окуу тартиби жуманын күндөрүнө, ал эми сабактар саатка карата жүргүзүлөт. Эгерде балдарды убакыт жана аны өлчөө жолдору менен тааныштыруу системалуу жүргүзүлбөсө, анда жогорку тайпанын балдарында календарь түшүнүгу так эмес элестетилип калышы мүмкүн. Балдардын жуманын күндөрүнүн жана айлардын аталыштарын бир калыпта эмес кабыл алуусу, алардын кыймыл аракетинин түрдүү мазмундарына жараша болот.
Айлардын, жуманын күндөрүнүн аталыштарын үйрөтүү формалдуу мүнөзо ээ, ал убакыттын өлчөмү, узактыгы, кайра артка кайтпастыгы, мезгилдүүлүгу жөнүндөгү негизги түшүнүктөрдүн калыптануусу менен байланышпайт. Календарь жөнүндөгү билимге ээ болуу үчүн бир катар жөндөмдүүлүктөр керек:
Прибордун жардамында убакытты өлчөй билүү;
Убакыт эталонун, алардын сандык мүнөздөөчүлөрүн, узактыгын билүү;
Убакыт эталондорунун татаал системасынын арасындагы көз карандылыкты таанып билүү.
Балдарды календарь менен тааныштыруу жогорку тайпада башталат, себеби бул жаштагы балдар убакыттын сандык түзүлүштөру менен тааныш, сутканын узактыгын билишет. Сутка, баладарды жума жана айлар менен тааныштырууда негиз болуп саналат. Жогорку тайпадагы балдарга жума жана айлар жөнүндо комплексттүү билим берүү керек. Ал эми даярдоо тайпасында бул ишти улантып, жыл календары менен тааныштыруу керек.
Балдар убакыт бирдиктерин так таанып билүүсу үчүн календардын модели менен тааныштыруу керек. Календардын модели – убакыт аралыктарынын узактыгын: жуманы, айды, жылды көрсөтмөлүү таануусу үчүн жардам берет. Украин педагогу Ф.Н.Блехер (1892-1977) жазган, “календарды айрып салууда күндөр өтөт, окуя жакындайт, ай өттү – жаңы ай келди деген айтылыштар үчүн көрсөтмөлүү көрүнүш болот”. Бала убакыттын өтүүсүн сезет. Балдарды мектепке даярдоодо, календарды айрып салуу убакытты өлчөөнүн көрсөтмөлүү прибору деп эсептеген. Барак – бул күн, аны айрып салуу үчүн бир сутка күтүү керектигин балдар түшүнүшөт. Ф.Н. Блехер календарды 9х6 өлчөмүндө жасап, айрууга жеңил болгондой кылып дубалга илип коюукерек деп көрсөтмө берген. Ар бир барактын бетинде число, күндүн жана айдын аталыштары жазылуусу керек. Жогорку тайпадагы балдардын баары эле окуганды биле бербейт, ошондуктан жети күндү тиешелүү жети түрдүү боёок менен сызып койсо, балдар түстөр аркылуу күндөрдү эстеп калып аташат.
Жогорку жана даярдоо тайпаларынын балдарын керектүү болгон убакыттын эталондору жана календарь менен тааныштырууга төрт сабак берилет. Бул убакыт балдардын календарь менен таанышуусу үчүн жетиштүү. Балдардын алган билимдерин бекемдөө өз алдынча календардын модели менен тааныштырууда жүргүзүлөт.