СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жол жээгинде сатылган дарбыздар зыян.

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Жай мезгилинде дарбыздар бардык жерде сатылат жада калса жол жээкте да ошонун зыяндуулугу жөнүндө сөз кылабыз.

Просмотр содержимого документа
«Жол жээгинде сатылган дарбыздар зыян.»



Сабактын темасы: Жол жээгинде сатылган дарбыздар зыян.

Сабактын максаты:
1. Жол жээгинде сатылган дарбыздардын кантип уулуу, зыяндуу болуп калаары жонундо маалымат алат.
2. Озунун жана жакындарынын ден соолугу жонундо кам коруу зарылдыгын тушунот.
3. Оз оюн эркин айтууга жана бироонун пикирин уга билууго конугот.


Сабактын жабдылышы:  Суроттор: дарбыз сатылган жерлерден алынган ж.б.

Сабактын журушу:

I. Уюштуруу.
Теманын максатын тушундуруу.

II. Киришуу учун суроолор:
  - Дарбызды кайсы жерден сатып алып жейсинер?
  - Дарбыз жегенден кийин ооруп калган учурунар болгонбу?
  -  Дарбыз сатылган жерлерди суроттоп бергиле.

III. Жаны теманы тушундуруу.
Мугалим: «Адамдын организми жеген тамагынан турат» дегендей, жеген тамагыбыз жонундо толук маалымат билигенибиз озубуздун ден соолугубуз учун кам коргонубуз болуп эсептелет. Дарбызды баарыбыз эле жакшы коробуз жана ден соолукка эн пайдалуу деп билебиз. Бирок анын кайсы жерде сатылып жатканына конул буруу керек экендигине бугун ишенебиз деп ойлойм. Анда балдар, томонку суроо боюнча оз оюнарды айтып коргуло:
   - Жол жээгинде сатылган дарбыздардан ден соолукка кандай зыян келиши мумкун?  (Окуучулардын ойлорун угуу керек)
  Мугалим: Жол боюнда сатылып жаткан дарбыздар жонундо санитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалыматы менен таанышалы.
  - Жол боюнда сатылып жаткан дарбыздар, биринчиден, чанга болонот. Экинчиден, бир канча сатта эле автомашиналардан чыккан уулуу заттарды озуно синирип алат. Эреже боюнча, дарбыздар жерге тогулбостон, сатууга уруксат берилген жайларда бийигирээк текчелерге коюлуп сатылышы зарыл жана кун тийбегендей болуп тосулушу кажет. Жерге ыргытылып коюлган дарбыздардын билинбеген жаракалары аркылуу чан менен кошо микробдор да кирип кетиши мумкун. Анын устуно сатуучулар талаа-туздо колун жууп-жуубай дарбыздарды кармашып, анда микробдордун кобойушун ого бетер шартташат. Микроб менен чандар ичеги-карын ооруларын шарттап, тамак-аштан ууланууну жаратса, кээ биринде аллергияны чакырат.
   Кийинки кездерде ичеги карын оорулары, аллергиялар жана рак мына ушуга окшош уулуу тамак-аштын эсебинен кобойуп баратат.


IV. Топтордо иштоо.
Жол боюнда сатылуучу дарбыздарга синип калуучу кочодон нары-бери откон машиналардан чыккан эн зыяндуу заттар томонкулор:
1. Азоттун оксиди
2. Комур суутеги
3. Альдегиддер
4. Коргошун
5. Бром
6. Хлор
7. Ыш
8. Бензпирен


Бул заттар боюнча изилдеп уйронуп келуу тапшырмасы уйго берилген. Бул тапшырманы кандай аткарып келгенинерди азыр топтордо иштоо менен корсотосунор. Класс окуучулары ирээти менен 1,2 деп айтышат, 1 дегендер 1-топ, 2 дегендер 2-топ болушат. Жогоруда аталган заттар карточкаларга жазылып коюлган. Ар бир командадан бирден окуучу келип, карточканы алып анда жазылган зат боюнча айтып берет. Жооптор томондогудой болушу керек:
Азоттун оксиди. Ал адамдын нервин дуулуктурот, медицинада наркоз учун анча кучсуз каражат катары колдонулат.
Комур суутеги. Алынуучу булагы болуп нефть, жаратылыш газы, таш комур эсептелгендиктен, ал организмге киргенде ооруну пайда кылаары анык.
Альдегиддер (суутектен арылтылган спирт). Уулуу, организмде топтоло беруучу жондомго ээ. Нерв клеткаларын ууландырат. Организмге киргенден тартып нервти дуулуктуруп, кыжырды келтирип, адам ачуулуу боло баштайт. Нерв ооруларынын турлору жаралат.
Коргошун. Организмге киргенден кийин сооктордо топтолуп аны бузат. Оруларды алып келет.
Бром. Дем алуу жолдоруна киргенде былжыр челдерди дуулуктурот, мурундан кан агууну жана баш айланууну жаратат. Организмге коп кирип кеткенде аба жетпей, муунууну жаратып, ал тургай олумго жеткириши мумкун.
Хлор. Уулуу, муунтчу газ. Опкого коп олчомдо киргенде опконун куйугун жаратып, муунтат. Ушул касиети учун Биринчи дуйнолук согушта Германия ууландыруучу газ катары колдонгон.
Ыш. Коо-опкого ото зыяндуу зат. Автоунаалардан чыккан ыш, коо дамамат ичке кирип турса, ракты жаратат.
Бензпирен. Изилдоочулор бензпирендин жаныбарларга тийгизген терс таасирин изилдеп корушкон. Окумуштуулар аталган уулуу зат жаныбарлардын организмине тери, дем алуу органдары жана тамак-аш аркылуу кирип, акырында аларда рак жаралганын аныкташкан.
V. Талкуулоо .
1-топко талкуулоо учун суроо:
   -  Зыяны жок болушу учун дарбызды кайсы жерден алуу керек ?
2-топко такуулоо учун суроо:
  -  Дарбызды адам организмине зыянсыз болушу учун кандай сатат эленер?
Ар бир топ оз ара талкуулап, жыйынтык чыгарып жазып, анан бир окуучу чыгып окуп берет. Экинчи топ аларга суроо берсе болот.

VI. Жыйынтыктоо.
   Ден соолугуна кам коруу учун ар бир адам озу аракет кылуусу керек. Эн алгач туура тамактануу, санитардык эрежелерди, тазалыкты сактоо. Ошондой эле жеген тамагын жонундо толук маалымат билип, зыянсыз гана азыктарды жегенге аракет кылуу керек. Биз соз кылган кооптуу дарбыздар адегенде эле жаш балдар менен кары-картандарга, оорукчандарга маселе жаратаары анык. Бугун кооптуу дегенге конул кош карап, кол шилтеп койгонубуз менен, эртен ден соолук озубузго эле керек. Андыктан азабын тартып жургучо, оорунун алдын алып, таза жерде сатылган эле дарбыздан жегенибиз он.

БИР АДАМ БИР КҮНДӨ КООПТУУ ДАРБЫЗДЫН КАНЧАСЫН САТАТ?
Бүбүжан Арыкбаевадан маалымат алгандан кийин ден соолукка кооптуу дарбыздан бир адам бир күндө канчасын сатарын байкап көрмөк болдук. Бишкектин Шабдан баатыр-Жибек Жолу көчөлөрүнөн түндүктү көздөй жүргөнүбүздө эле кыркалай тизилген дарбыз үймөктөрү көзгө урунду. Жерде, картондун үстүнө эле тизилип, түтүн, ыш, чаңга бөлөнгөн коон-дарбыздар... Жолдон түтүнүн уюлгутуп өткөн оор да, жеңил да машиналардын аягы көрүнбөйт. Дарбыз-коон четинде үргүлөп жаткан итти да, мышыкты да, керебеттерде уйпаланган жууркан-төшөктү да көрдүк. Мына ушундай жерде, ушундай абада сатылып жаткан дарбыздар да ээсин таап, өтүп жатат.
Сатуучулар менен сүйлөшсөк, алардын ар бири бир күндө 400 килограммдын тегерегинде, күн абдан ысыган күндөрү айрымдары 700-800 килограммга чейин сатышарын айтышты.
Айланып өтүүчү чоң жолго (объездной) барганыбызда да дал ушундай эле көрүнүшкө туш болуп, ушундай эле маалымат уктук. Ошондо Бишкектин тегерегиндеги жол жээктерде 1 сатуучу 1 күндө 400 килограммдан сатты дегенде эле 100 адам 40 тонна (же 40 000 килограмм) ден соолукка кооптуу дарбыз сатат. Ал эми Бишкек боюнча 1 күндө 100дөн да көп адам дарбыз сатары турган кеп.
Кызыгы, айланып өтчү жолдон 1 мүнөттө канча машина өтөрүн эсептеп көрсөк, 25и өттү (кээде мындан аз же көп болушу мүмкүн). Ал эми бир күндө мынча машинанын канчасы өтөт дейсиз! Ошончо машинанын түтүнүнөн чыккан уулуу газ тиги коон-дарбыздарга жабышып, анан сиңе баштайт. Дарбыздар толук өтпөсө, калганы эртеңкиге же бүрсүгүнкүгө калат. Демек, уулуу заттардын жабышканы ого бетер көбөйөт. Аларды ар ким сатып алат. Анан жеп, жогоруда айтылган уулуу заттарды кошо жутабыз. Мына, боордошум, өзүбүздүн ден соолугубузга көргөн «камкордугубуз