СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жолдо, кочодо журуу адеби

Нажмите, чтобы узнать подробности

Жолдо, кочодо журуу адеби

Просмотр содержимого документа
«Жолдо, кочодо журуу адеби»


Сабактын темасы: Жолдо, көчөдө өзүн алып жүрүү адеби

Сабактын максаты:

- Жолдо, автоунаада, мектепте жана көпчүлүк арасында сылыктыкты, этияттыкты сактоого, улууларды урматтоого, кичүүлөрдү ызаттоого үйрөтүү;

- Текст, ырлар, кырдаалдык сүрөттөр аркылуу жолдо жүрүү эрежелерин сактоону түшүндүрүү;

- Сөз байлыгын өстүрүү, өз оюн эркин, так айтып берүүгө көнүктүрүү.

Сабактагы негизги иш аракет:

- Көркөм текст, сүрөттөр аркылуу коомдук жайда адеп сактап жүрүү зарылдыгы тууралуу аңгемелешүү;

- Жүрүш-туруш адеби боюнча суроо-жооп уюштуруу;

- Ыр, аңгеме, сүрөттөр аркылуу жолдо жүрүү эрежелери тууралуу талкуулоо:

- Жүрүм-турум, жолдо жүрүү эрежелерине машыгуу менен окуучуларды эс-тутумунда сактап калуусуна багыт берүү.

Башкы идея:

- Көчө, коомдук жай - сенин сынчың.

- Сенин жүрүш-турушуң, тартибиң – адебиңдин күзгүсү.

Өзөктүү сөздөр: Жолдо жүрүү адеби, сылыктык, этияттык, жолдо жүрүү эрежелери.

Сабактын жабдылышы: Сабактын темасы жазылган плакат, сүрөттөр, кырдаалдык сүрөттөр, жолдо жүрүүдөгү эрежелердин кайсынысы туура деген плакат, макалдар, ырлар.

Сабактын жүрүшү:

Уюштуруу: Класста жагымдуу жагдай түзүү. Окуучулардын көңүлүн текстти угууга буруу.

Жолдо, көчөдө өзүн алып жүрүү адеби

«Үлгүлүү жүрүм-турумга ээ бол»

Балдар адептүүлүк деген сөздү көп угасыңар. Адептүү кыз, адептүү бала деп коюшат. Адептүү бол деп акыл айтышат. Адептүүлүк деген эмне? Ал адамдардын жүрүм-туруму, бири-бирине жасаган мамилеси жөнүндө жалпы эрежелерди билдирет.

Буга сылыктык, сыпайгерчилик, кичипейилдик, элпектик, улууну урматтоо, кичүүнү ызаттоо, ж.б. сапаттар кирет. Адамдагы мындай жакшы сапаттар элдин салтында, үрп-адаттарында калыптанып жана өркүндөп келе жатат. Адам баласы өмүр бою тарбияланып такшалат. Бирок, тарбиянын негизи балалык кезде түзүлөт. Адам адептүүлүк эрежелерин балалык кезден өздөштүрөт. Силер дагы эмитен адептүүлүккө үйрөнгүлө.

Дүйнө жүзүндөгү элдер адептүүлүтү жогору баалашат. Орой, одоно, керсейген, улууну урматтабаган, кичүүнү ызаттабаган элди көзүнө илбей, өз каалаганын жасаган адамды эч ким жактырбайт.

Ошондуктан, ар бир элде өз салтына жараша адептүүлүк эрежелери пайда болгон. Бул эрежелерди биз улуулардан үйрөнөбүз да аны кичүүлөргө жана балдарыбызга үйрөтөбүз.

Ата-бабаларыбыздан калган адептүүлүк эрежелеринен тышкары, эл аралык түшүнүктөр да бар. Мисалы, азыркы күндө этика, этикет, манера дегендер да көп колдонулат. сүйлөө манерасы, кийинүү манерасы, ж.б. ар түрдүү манералар бар. Азыркы күндүн талабы боюнча адам адептүү гана болбостон, айлана чөйрөдөгү адамдарды суктанткан эң сонун жүрүм-туруму эрежелерин өздөштүрүүгө тийиш.

Этика деген эмне?

Этикет француз тилинен алынган сөз. Ал этикетка (карточка) деген сөздөн келип чыккан. Биз буюмга тагылган карточканы этикетка деп жүрөбүз. Кээде кийимдин этикеткасына карап сатып алабыз. Этикетка менен этикеттин кандай байланышы бар? Көрсө, анын келип чыгуу тарыхы мындай экен. Франциянын каролу Людовик XIV нүн сарайына келген конокторго ар дайым жүрүм-турум эрежелери жазылган карточка тапшырылчу экен, этика деген сөздөр мына ошондон калыптыр. Демек, жүрүм-турумуң, тартибиң сенин этикеткаң, жүзүң десек болот.

Ал эми орус падышасы Пётр I нин тушунда мектеп окуучуларына алиппени, эсепти окуткандай эле столго кандай олтуруу керек, бычак, кашык, вилканы кандай кармоо ж.б. ушул сыяктууларды окутуу жөнүндө буйрук чыгарган экен.

Көчө - сынчы. Сенин адеп-ыйманыңды, тартибиңди. Маданияттуулугуңду, тыкандыгыңды сындан өткөрүүчү - көчө. Анда эмесе, баба адебинин акыл берметтерине кулак төшө.

Көчөдө жүргөндө этияттык менен жүрүүгө, кийимдерди ыплас нерсеге урунтуп алуудан сактоого аракет кылуу керек. Оозун ачып ар нерсеге элеңдеп карай берүү жакшы сапаттардан эмес. Базарда жана адамдар жыйылган жайларда өтө этияттык менен абайлап жүрүү сунуш кылынат. Басып бара жатып, адамдардын бутун басып кетүү же түртүп өтүү туура эмес. Эгер эки адам сүйлөшүп турган болсо, алардын ортосунан жарып өтүү тарбиясыздык болуп саналат.

Эгерде жолдо карыя адам учурап калса, урмат көрсөтүү үчүн, алардын соңунан гана жүрүү зарыл. Иш зарыл болуп шашып турган адам четирээк басып, карыяны түртүп кетпей акырын алдыга өтүп кетиш керек. Адамдар өтүүчү жолдо сүйлөшүп туруу өтүүчүлөргө жолтоо болуу туура эмес. Четирээк туруп сүйлөшкөн оң. Жолго түкүрүү, ыплас нерселерди ыргытуу тарбиясыздык. Жолдо карыган адам же жаш бала учурап калса аларга жардам берүү керек. Алардын жүктөрү болсо, алардын колунан ала коюп, жардам берген адам өз өмүрүндө эң мээримдүү иш жасаган болот.

Көчөнүн бир четинде дем алып олтурган адам тарбия-адеп эрежелерине моюн сунуп, улууларга урмат кылуусу зарыл. Жолдо өтүп бара жаткандарга тийиштик кылуу адепсиздик. Дем алуу үчүн жанына адам келип олтурса, адептүүлүк менен сүйлөшүп олтурсун. Бирөөлөр тайып жыгылып кеткенин көрсө, тезинен ордунан туруп барып ага жардам берсин.

Кана эмесе балдар, доскадагы илинип турган плакатка – жолдо жүрүү адебине көңүлүбүздү бурабыз.

Менин жолдо жүрүү адебим:

Жолду кесип өтөөрдө жөө жүрүү менен өтөмүн.

Көчөнүн жээги менен жүрөмүн.

Улууларга жол беремин.

Автоунаанын тазалыгын сактаймын.

Таштандыларды атайын челекке саламын.

Жолдогу бак-дарактарга асылбаймын.

Ошондой эле жагы бир плакат: жолдо жүрүүдөгү эрежелердин кайсынысы туура (тест) экендигин таап ٧ белгисин коёбуз.

Кандай бала ыймандуу?

Жалган сүйлөп көнбөгөн

Чынчыл балдар – ыймандуу.

Ата-энесин сыйлаган,

Сыйчыл балдар ыймандуу.


Ушак айтап көнбөгөн,

Эстүү балдар ыймандуу.

Максатынан кайтпаган,

Эрктүү балдар ыймандуу.


«Ыймандуу бала – чынчыл,

Мейман дос бала – сыйчыл»

«Ушакчы кыз - жалганчы,

Жалганчы кыз – алдымчы»


Сөз күзгү оюну

Сөз адамдын ким экендигин билгизип турган күзгү экендигин бардыгыбыз билебиз. Айталы, орой адам күзгүдөн өзүн каардуу, урушчаактыгын, ал эми, жан эриткен жакшы сөздөрдү сүйлөгөн адамдын түшүнүктүү, боорукер, жароокер, берешен, ак көңүл экендигин көрсөтөт.

Азыр эки топко бөлүнүп, биринчи топ мамилеге жакшы, ал эми экинчи топ мамилеге начар балдар болуп иштейбиз.


Эки топтун ортосундагы сөзүн сүйлөгөн калыс окуучу бар.

1-топтогу окуучулар: чагылдыра турган мүнөздөгү адамдар жана алар колдоно турган сөздөр:

Орой – оройлук.

- Эй, жогол, бар ары, турчу нары, келжиребе, айтпадымбы, караба, жок деп жатам ж.б. у.с.сөздөр.

2-топтогу окуучулар:

Сылык – сылыктык.

Саламатсызбы, кечирип коюңуз, келиңиз, өтүңүз, өтүнөм, суранам, кичи пейилдикке айтып коёсузбу, ата, апа, байке, эжеке ж.б. сөздөр.

Сүйлөп жатканда үнүңөр аткарылып жаткан мүнөзгө шайкеш келүүсү керек. Көрүп олтурушкан окуучулар туура талдоого жеңил болот.

1- топ: «Жакшы сөз жан эргитет,

Жаман сөз жан кейитет»

Не деш керек?

Алмаш:

Апаң сенин базардан,

Алма сатып келди.

Эң жакщысын чоңунан,

Сага тандап берди.

- Мындайда не деш керек?

Окуучу:

Рахмат сизге деш керек!

Алмаш:

Балдар жүрсө көчөдө,

Угулат ызы-чуу, айкай.

Сен да чыгып бирөөнү,

Жөөлөп кеттиң байкабай.

- Мындайда не деш керек?

Окуучу:

-Кечириңиз деш керек!


«Сен деген – сенек сөз,

Сиз деген – сылык сөз.»

Оң колуңду боорго алып,

Салам айткын карыга.

Көмөктөшүп жол бергин,

Улуу-кичүү баарына.

«Жакшы болуу аста-аста,

Жаман болуу бир паста.»

Ар нерсенин турмушта,

Өз адеби бар тура.

Таазим кылып, баш ийем,

Бабалардын салтына.

Ата-энемдин айтканы,

Эсимден эч чыга элек.

Улууларды жөөлөбөй,

Жол бошотуу бул - адеп.


Эртең менен эртелеп,

Мектебиме жүгүрөм.

Улууларга жолуксам,

Салам айтып ийилем.


Салам берип кол сунуу,

Ыймандуулук белгиси.

Ассолому алейкум!

Дейт кыргызда эр киши.


Автобустун ичинде

Эл толтура жыйма жык.

Таягы бар абышка

Тике турат кыйналып.

Анан бир окуучу ордунан туруп, келиңиз олтуруп алыңыз – деди. Карыя ыраазы болуп: ырахмат, бак-таалайлуу бол, көп жаша деп бата берди.

Кайчы жолдо чоң эне

Көрбөй көзү калыптыр.

Билбей кайда барарын

Ал адашып калыптыр.


Жол көрсөтүп койчу?-деп,

Караанынан кагылып.

Жандап өткөн жаштардан

Жардам сурайт жалынып.

Балдар келип, кемпирге жол көрсөтүп, барар жерине жеткиришти. Карыя алкыш айтты.

2-топ:

- Алло, Акылай кыргыз тилинен эмне тапшырма берди эле, айтып койчу?

-Алло ии-иий телевизор көрүп жатам, анан чалчы.

-Сураныч!!!

-Ии-иий, болдучу…


-Эже, апам качан келет?

-Не мешай!!!

-Айтып коюңузчу эми.

-Эххх, барчы ары! Айтканды угасыңбы?


-Кыздар эмне кылып жатасыңар?

-Не твоё дело?

-Айтсаңар сураныч?

-Мы что тебе обьязаны…


Калыс окуучу «Сөз күзгү» оюну ойнолуп бүткөндөн кийин,

орой балага айткан калыс сөздөрдүн үлгүсү:

  1. Кой, бул кылганың жарабайт.

  2. «Айтылган сөз атылган ок», ал адамдын көнүлүн жаралап коёт. Этият болуп сүйлө.

  3. Адамда адамкерчилик деген жакшы сапат бар, андан куру жалак калба.

  4. Жаман кылыктарды оңдош керек.

  5. Жолдошуңдун ар ишине ар дайым көмөк көрсөтүүгө дайым даяр болушуң керек.

Сылык балага айтар калыс сөздөр:

  1. Сен кичипейил жакшы баласың.

  2. Сенден жакшы адам чыгат.

  3. Ар дайым ушул жолуңдан тайба.

Аткарган окуучулар ырдашат. Хор «Адептүүлүк »


Макалды талдоо:

«Жакшы сөз жыланды ийинден чыгарат»

«Жаман атка миң камчы, жакшы атка бир камчы»

«Жакшы болуу аста-аста, жаман болуу бир паста.»

«Жакшы кыз – жакадагы кундуз, жакшы жигит көктө жанган жылдыз»

«Адеби жок жигит - жүгөнү жок атка окшош»

«Адеби жоктун уяты жок»

«Адептүү - алкыш алат, адепсиз - каргыш алат»

«Адептүүлүк – акылдын тышкы сүрөтү»

«Бакылдаган текени суу кечкенде көрөбүз,шакылдаган жеңени үй чечкенде көрөбүз»

Макалдардын маанисин чечмелеп, кандай мүнөздөргө туура келерин айтып бергиле.

Эсиңе түй жана аткар!

  • Аз сүйлөп, көп тыңша.

  • Айтылган сөз, атылган ок.

  • Акылдуу бир сөздөн түшүнөт.

  • Акылман айттырбай билет.

  • Жакшы адам жаман сүйлөбөйт.

  • Эстүүгө эки ооз сөз жетет.

  • Көп сөз - көмүр, аз сөз – алтын.

  • Сөзгө баатыр, ишке бакыр.

  • Сөзү көп, иши жок.

  • Бирөөлөр менен сүйлөшө билүү маданиятын үйрөн.

  • Ар дайым мамилелешүү адебин сакта.


Бышыктоо: «Сөз күзгү» аны ойноп жаткан эки окуучунун ким экендигин көргөздү. Сөз адам баласынын адамкерчилигин көргөзүп турган күзгү деген чын айтылгандыгы айгинеленди.

Жыйынтыктоо: Окуучулардын ой-пикирлерин угуу жана адептүү гана болбостон, үлгүлүү жүрүм- турумга ээ болууга чакыруу.